Бири чатыраш менен чатышып, Эчтеме менен иши жок, Барбы жокпу деп айтып, Жооп берген киши жок. Көп чогулуп Көбөштү, Бий кылыптыр босого, Күркүрөгөн айбанга, Адам жакпайт ошого. Эшикте турган балага, Абыке барбы деп айтты, Бакай мындай кеп айтты. Күлүп бала кирди эле, Бала кирип күлгөндө, Эмне үчүн күлдүң деп, Көпчүлүк айтып ийди эле, Бала анда кеп айтты: “Аттуу туруп бир кары, Абыке барбы бул жерде, Чакыр бери деп айтты, Аттуу туруп чакырган, Ал карыга күлөмүн”. Акылга дыкан Абыке, Айтканда аны билди эле. Аттуу мени чакырган, Башка эмес, Бакай деп, Эшикти көздөй жүрдү эле, Эшикке чыгып Абыке, Бакайга салам берди эле. Бакайдын үнүн угуптур, Көбөш баатыр туйуптур. Бакай эмне келди деп, Көр Көбөшү күүлөнүп, Эшикке басып чыгыптыр, Абыке чыгып кеп айтат: “Аксакал аба деп айтат, Айланайын абаке, Бир жактан кабар алдыңбы, Ал үчүн келип калдыңбы? Аксакал Бакай карыйа, Аман-эсен барсыңбы?” Анда Бакай кеп айтат: “Абыке, Көбөш хансыңбы, Аман-эсен барсыңбы? Семетей келди сени издеп, Сүйүнгөнүң барсыңбы? Эрте өлгөн бала келди деп, Күйүнгөнүң барсыңбы? Саар кетип кеч келди, Сагынганың барсыңбы? Сайышаар бала келди деп, Камынганың барсыңбы? Манастан калган туйак деп, Тутка кылчуң барсыңбы?” Бакай айтты бул кепти, Көр Көбөшү күүлөнүп, Салмак болду дүмөктү. Көбөш баатыр күүлөнүп, Көрсөтөм деп сүйлөнүп: “Карыганыңда сен Бакай, Калыпты таап келесиң, Азыр бирди көрөсүң, Семетейди келди деп, Кандай айтып келесиң? Карыганыңда тим жүрбөй, Бизди сынап көрөсүң. Семетей деген ким эле, Нечактан бери жоголсо. Келди деп айтып сен Бакай, Тийишесиң тим эле”. Деп жулунуп көркө бөш, Бакан алып жүгүрүп, Бакайды башка салганы, Бакайдын башы жарылып, Атынан түшүп калганы. Куйка тери салаңдап, Эки көзү алаңдап, Бир кудайга сыйынып, Олтура калды Бакайың. Ал аңгыча болбоду, Абыке келди алкылдап, Бакайдын башын көргөндө, Көбөшкө карап баркылдап: “Көзүр Көбүш сүйлөйсүң, Көзүң чыкса билбейсиң, Акмак Көбөш сүйлөйсүң, Арың кетсе билбейсиң, Арам чунак айбан ит, Айткан сөзгө кирбейсиң. Айланайын, абаке, Баарыбыз бирге тууганбыз, Кудай урсун Көбөштү, Ынтымак кылса абаке, Кудай берет дөөлөттү. Акмактын кылган ишине, Албагын аба көөнүңө, Башым тартуу абаке, Байкасаң сенин өзүңө, Баш айрылса абаке, Бөрк ичинде болуучу, Колу сынса абаке, Жең ичинде болуучу”. Абыке айтып жай сөздү, Абакеси Бакайды, Үйгө алып барып киргизди. Башынын канын жуудуруп, Бакайдын башын тазалап, Ак даки менен буудуруп. Чай кайнатып бал берди, Баарын тегиз май берди. Тамактын баарын май кылып, Бакайдын көөнүн жай кылып, Чайды ичип болгондо, Бакай майга тойгондо, Абыке айтты бул сөздү, Акылдан чыккан куу сөздү: “Акылман тууган Каныкей, Алтымыш арып бул билген, Алты уруу инсан тил билген, Арибина салгандыр, Өлдү деген Семетей, Тирүү келип калгандыр. Келди дедиң Семетей, Келсе келип калгандыр. Бастыргын аба, турбагын, Семетейди алып кел, Жалгыздан калган туйакты, Тууган кылып алалы, Душманга бирге туралы, Алтымыш бээни сойойун, Алты сан аргын ногойго, Хан көтөрүп койойун, Акылдан кайгы жойулуп, Алып келгин баланы, Жалгыз эси чыгат деп, Айланайын абаке. Элдер укса уйат деп. Балама жакшы сөз айт деп, Ичинде кайгы болбосун, Жандатып койсоң куу сөздү, Имерилбей койбосун. Как ушуну укканда. Бакай анда кеп айтат: “Абыке, балам деп айтат, Көрүнүштө карааны. Атасынча бар экен, Анткен менен, Абыке, Күйпүл өскөн бала экен, Ичинде турат зардабы, Жетим өскөн иниңдин, Көп жогураак дарманы. Иниңдин жайы ал экен, Жүргүнүң десем болбоду, Жүрөгү тайкы жан экен”. Бакай атын минип бургутуп, Көкчолок менен оргутуп, Арт жакта калган Семеңе, Салып жетип барды эле, Анда Семей муну айтат, Агартып тишин кылайтат: “Кагылайын абаке, Эрте кетип кеч келдиң, Эриккени бар бекен, Эрте өлгөн бала келди деп, Демиккени бар бекен? Саар кетип кеч келдиң, Сагынганы бар бекен? Сайышаар бала келди деп, Камынганы бар бекен, Илгертен бери булардын, Ойлогону арамдык”. Анда Бакай кеп айтат, Наалып туруп муң айтат: “Арстаным Манас барында, Ошол кезде өлбөдүм, Акыретти көрбөдүм, Жетим келер бекен деп, Дегдеп тосуп жүргөнмүн, Көр Көбөштөн мен өзүм, Өзүнчө кордук көргөнүм, Абыке сөзүн жайлады, Байкушта арман калбады, Абыке угуп сүйүндү, Көбөш угуп күйүндү, Көбөш сөзүн байлады, Карып калган абаңды, Кол бакан менен жайлады. Анда барып мен айттым, Семетей келди деп айттым. Кечигип калган ишим бул, Таап келген сөзүм бул. Айланайын кулунум, Айткан сөздү уккунуң, Анткен менен Абыке, Астыман шашып жүгүрдү. Азыраак гана иш үчүн, Алдыма келип бүгүлдү, Арстандык кылып Семетей, Абыке менен Көбөшкө, Астили сырың айтпагын, Балалык кылып шашпагын, Балтыр эти толсун деп, Балам, сени сактадым”. Семетей минди атына, Бакай кирди алдына, Бакай менен Семетей, Бир бастырып жанашып, Барып түштү ордого. Абыке менен Көбөштүн, Эл чогулган короого, Абыке келип алынып. Айланайын жалгыз деп. Семетейге жалынып, Атынан жулуп алышып, Алдына килем салышып, Баары дүрбөп барышып, Бала менен көрүшүп, Семетейдин бетинен, Бирден-бирден өбүшүп, Абыке менен Көбөшкө. Арстандын уулу Семетей, Көрүшкөн жери мына ушу. Семетейди көргөндө, Көр Көбөштүн жүрөгү, Чыгып кете жаздады, Эскиси түшүп эсине, Көбөш көзүн жаштады. Каныкейге кылган дат, Как ошол жерде көрүндү, Көзүнүн жашы төгүлдү, Кайгырып кылган ишине, Көкүрөк сөөгү бөлүндү, Абыке сөзгө кирди эми: “Айланайын, Семей, — деп, Азыр кайгы жебе, — деп, Сак-саламат келдиңби, Санааңа бизди алдыңбы, Эсен-аман келдиңби, Эсиңе бизди алдыңбы, Издеп келип калдыңбы? Ырахмат, Семей өзүңө, Ыраазы болдук биз сенин, Издеп келген өзүңө. Кечээ кирип жатыпсың, Семетей бала түшүмө”. Көбөш менен Абыке, Көрүнө кылды жарамат, Өлтүрдүк деген Семетей, Келип калды саламат. Семетей турду серпилип, Абыке менен Көбөшкө, Алайа карап тиктелип, Ал кайратын көргөндө, Абыке, Көбөш апкаарып, Корккондугу билинип, Кол куушуруп ийилип, Анда Семең кеп айтат: “Абаке, Көбөш деп айтат, Алда сенин азабың, Энеме салган казабың. Энемди сабап сыздатып, Буркуратып ыйлатып, Кылбаган ишиң калдыбы, Тууганмын десең өзүң бил, Душманмын десең кошуун жый, Атышаар болсоң атка мин, Анте албасаң өзүң бил”. Анда Абыке бүгүлдү, Семетейдин астына, Кол куушуруп жүгүндү: “Айланайын, Семейим, Азапты минтип жебейин, Жалган айтсам оңбойун, Жаза сөз өтсө мен жактан, Жаннаттын жүзүн көрбөйүн. Арамдык кылсам өлөйүн, Алланын жүзүн көрбөйүн, Таза шумкар баласы, Карды тойо жем жебейт, Хан зааданын баласы, Кандай жумуш болсо да, Капа болуп кирдебейт. Ак шумкардын баласы, Ашөпкө тойуп жем жебейт, Арстан эрдин баласы. Аркандай ишти көрсө да, Анча эле көөнү кирдебейт. Арстаным Семе ат тартуу, Абыке агаң баш тартуу, Атаңдан калган ордону, Жасатайын жаңыдан, Айланайын жалгызым, Сөзүмдү укчу абыдан, Устаны жыйып алдырып, Сарайыңды салдырып, Кызыл гүлдү жайнатып, Булбул кушту сайратып, Ар бир түрдүү гүл салып, Адам көрсүн таң калып. Айланайын семетей, Асылдык кылсаң кечерсиң, Асылдык кылбай сен койсоң, Агаңдын башын кесерсиң, Туйгундук кылсаң кечерсиң, Туйгундук кылбай сен койсоң. Тууганың башын кесерсиң. Кудай жалгыз,куран чын, Кулунум Семей өзүң бил”. Анда Семең муну айтат: “Абыке, Көбөш сен экөөң, Сарайды жакшы салдырчы, Устаңды жыйып алдырчы, Жаңырып чыксын күн тартып. Жашыл гүлдөн сыр тартып, Кызыл гүлдү жайнат, — деп, Булбул кушту сайрат, — деп. Бир айда бүтүп болсун, — деп, Эки айда көчүп келем, — деп, Аппак көөнүң бар болсо, Туугандыгың билем, — деп, Душмандыгың бар болсо, Маани жайың көрөм», — деп. Семетей айтты мындай кеп, Анда Абыке кеп айтып: “Арстаным Семей, — деп айтып, Макул Семе сөзүңө, Сарайды жакшы салдырам, Устаны жыйып алдырам, Теректи такыр кыйдырам, Устаны койбой жыйдырам, Кызыл сыр менен сырдатып, Нечен түрдүү кырдатып, Тышын аппак бордотуп, Сарайды жакшы салайын. Көз уйалып жаткыдай, Көргөн элдин баарысы. Даңаза кылып кайткындай, Семетей чунак көчүп кел, Манас турган жер ушул”. Ушуну айтып Абыке, Семетейдей чунакты, Ээрчитип алып жүргөнү, Ак сарайга киргизип, Көрпө, килем салды эми, Дастарконун жайдырып, Кант, мейизин койдуруп, Самоордон чайды куйдуруп, Ак чайнекке демдетип, Суусунуна чунактын, Кымыз алып келди эми, Бакай менен Семеңге, Конок кылып бермекке, Кысырдан кармап сойдуруп, Кемегесин ойдуруп, Казы, учаны бышыртып, Ачуу туздан чык кылып, Астына алып койду эми, Бакай менен Семетей, Этти жешип болгондо. Бата дуба кылышып, Дасторконду жыйышып, Аттарды отко койушуп, Жатып уктап калды эми. Муну мындай таштайлы, Семетейдин туурга, Конушунан баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей». Элдик эпос. Басмага даярдаган М. Эрги. Булак: bizdin.kg.