«Айланайын атаке, Жетимди кудай уруптур. Же бир жактан кабар угуптур. Үч күн болду атынан, Үйгө келип түшкөлү. Күнү-түнү алты күн, Тамак берсем ичпеди. Мунайым тартып күлгөн жок, Муңдуу болуп уйку жок. Жетимдин көөнү ачылбайт, Үшкүрүгү басылбайт». Каныкей айтып ийди эле, Кара ханга ушул сөз, Катуу барып тийди эле. Эс кирип калган балам деп, Ичинде билип калды эле. Капа болгон баланы, Тайатасы билди эле. Каракан туруп кеп айтат, Канышым уккун деп айтат: Кысыр эмди сойдуруп, Кыз-келинди көп жыйып. Баланы жалгыз койдургун, Үч күндөн бери баладан, Өзүң минтип жадасаң, Үй кыздарга кошуп кой. Балаң ачар бекен кабагын, Үй шыкаалап карагын». Каракан мындай айтканы, Каныкей үйгө кайтканы. Кысыр эмди сойдуруп. Кыз сулуусун жыйдырып, Келиндин баарын келтирип. Дүрбөгөндү тыйдырып. Көөкөргө арак куйдуруп, Тегерек тартып кыз-келин, Семетейге сундуруп. Чогулуп турган кыз-келин, Семетейге карашып. Көөнү ачылды бекен деп, Шыкаалап үйдү карашып. Кыз арак сунса албады. Кызга көзүн салбады. Каныкейге Семетей, Катуу үнү чыгып кеп айтып, “ Буудай кууруп майлап бер, Ошону жеймин деп айтып. Жеткилең тууган Каныкей Жетимдин көөнүн ачаарга. Буудай кууруп казанга, Уучтап эже бергин деп, Колун сунуп калды эле. Ошончо куур эже деп, Сунуп калды кол тосуп. Айла менен турады, Алдап буудай сурады. Колума салчы эже деп, Колун сунуп турганы. Буластаган Каныкей, Казанга колун салыптыр. Уучтап алып буудайды, Жетимге сунуп калыптыр. Колун ысык буудайга, Капшыра кармап кеп айтып. «Эже калкым кайда», — деп айтып, Энесинин колун бек кармап. «Элим кайда», — деп кармап. Канча кепти тийгизип, Калкымды айтып бергин деп, Буудайга колун күйгүзүп. Энесинен кеп сурап, Элим кайда деп сурап. Семетей анда күлдү эле, Кабар уккан экен деп, Каныкей анда билди эле. Ысык буудай табы өтүп, Кабарып колу күйдү эле. Чыдай албай Каныкей, Чымырканып кеп айтып. «Чунак жетим» деп айтып. Койо бер чунак колумду, Ачсын кудай жолуңду. Жериң Кеңкол чоң Талас, Атаң баатыр эр Манас. Талас деген жериң бар. Абыке, Көбөш агаң бар. Элиңден сени тентиткен, Эки жесир энең бар. Элди бузуп тараткан, Эки уулума тийбейт деп, Энеңди уруп сабаткан, Жакып хан деген атаң бар. Чоң атаң Жакып жоо болуп, Элиңди бузган талкалап. Семетей сенин айыңдан Жалгыз жаның калкалап. Төркүнгө келдим аркалап. Кайненемди ээрчитип, Кара күчкө талашып, Күң баласын өлтүрттүм. Айтайын атаң өлгөнүн, Абайлап уккун кулунум. Абыке, Көбөш арамдын, Азабынан келгенмин. Кудайдан тилеп жаныңды, Медер кылып жүргөмүн. Айтканымдан кайтпадым, Арка мойнуң каткынча. Ата жытың айтпадым. Атаң Манас өлгөндө, Түзөрүм качып, түн катып, Унаа минбей жөө басып. Эмгегин тарттым далайын, Бурумун артык салганым. Жолборс атаң сарайын, Чоң Ополдун бойунда, Кеңкол ата ойунда. Алмалуу булак шумкар таш, Ашып түшчү жолунда. Токсон миң эркеч майына, Кыш бышыртып бек салдым. Тогуз кылым өткөнчө, Козголбосун деп салдым. Атаң Манас канкордун, Мөөрүн тамга бастырдым. Миң жамбы менен бүттү деп, Молдолорго жаздырдым. Атаңдан калган ак ордо, Алты жүз киши киргенде, Тар келбеген чак ордо. Үй маанисин менден ук, Бекем байкап бейлеп ук. Төтөгөсүн карасаң, Төрт эли кундуз жээктүү. Босогонун баштары, Сомдогон алтын тээктүү. Токсон төөнүн таруусу, Тогуз күнгө жетчү эмес. Сексен төөнүн күрүчү, Сегиз күнгө жетчү эмес. Эшигинин алдынан, Эл жыйылып кетчү эмес. Бечел адам кыйкырса, Төр жагына жетчү эмес. Төрөсү менен Каныкей, Төр жагынан кетчү эмес. Ырасын айтам учурбай, Үй чоңдугу ушундай. Ортосунда көп ногой, Ордо салып атычу. Эр жагында кырк чоро, Ат-тону менен жатычу. Эпчи жакта Тазбаймат, Казан асып жатычу. Болуш бий бир жакта, Ойун ойлоп жатычу Манас менен Каныкей, Тамашага батычу. Үй тигилүү туручу, Кең Таластын жолунда, Кербен үйүн бу күндө, Абыкеңдин колунда. Ар ким бизге чоң болгон. Арстандын көзү жогунда, Чамгарагы чылк калай, Санжыргасы бир далай. Салтанаттуу чоң сарай. Жел боосу жез чынжырдан. Бастыргычы дайылдан, Башкы боосу манаттан. Айта берсем кеми жок, Сарамжалы санаттан. Тышын аппак бордогон, Ичин кызыл сырдаган. Манастын үйү башка деп, Жамакчылар ырдаган. Чийин жибек чырмаган, Энең сенин Каныкей, Үйдү мындай кармаган. Керегесин көктөбөй, Сары жез менен тээктеп, Ак этегин үйүңдүн, Кундуз менен жээктеп. Тигилсе үйүң дөбөдөй, Эшигин тосуп туруучу, Он эки желдет бир малай. Эркинче басып кирчүэмес, жылкычы, койчу кем таалай. Найза, кылыч, мылтыктар, Атаңдан калган жабдыктар, Көр Көбөштүн колунда. Баарысын айтам сайманын, Ак олпок менен куржунду, Колуңа кошо кармагын. Баарын койбой алып кел, Анык кыргын салып кел». Ак тамагын кылайтып, Асыл тууган Каныкей, Семетейге муну айтып. Эски арманы козголуп, Ич күйгөндөн жаш ооруп Каныкейдин кордугун, Укканда Семең жал ооруп, «Каныкей менен Чыйырды, Кантип көнгөн зордукка, Кара жанды кашайтты. Иттердин кылган кордугу». Ушуну ойлоп эр Семең, Мындай деди эр немең,, Андай болсо эки эне, Тай сойуп бата алайын. Тайатама барайын, Ушул кепти мен угуп, Кантип чыдап турайын. Берер бекен тайатам Кара олпок тонун сурайын. Туулбай туура чөгөйүн, Тумшугу жок мен жалгыз, Бу көрөктү өлөйүн. Абыке, Көбөш эки агам, Эрдигин барып көрөйүн. Көбөштүн көзүн тешпесем. Көк ала сакал Жакыптын Көрүнө башын кеспесем. Асты арманым арылбайт, Элимди алып тынбасам. Сөөгүмдү какшатты Кебиңди байкап сындасам. Эки арам сенден өлбөсөм, Тирүүлөй сени көмбөсөм. Карыган Жакып какбаш чал, Кайратыңды көрбөсөм. Какбаш көзүң ойбосом, Каныңды ичип тойбосом. Жилигиңди чакпасам, Жыпжылма түптүз чаппасам. Элиңе бүлүк салбасам. Адам болбой өлөйүн, Эки энем өчүн албасам, Ашыкпай жолго салбасам. Сөөгүмдү какшатты, Өткөн сөздү сындасам. Атамдан калган жабдыкты, Алып колго кармасам». Он экиде чунактын, Тиктесе көзү чачырап. Сен деп оозун кармаса, Азуулары качырап. Эки энесин ээрчитип, Семетей басып калганы. Касийеттүү атасы, Караканга барганы. Бала туруп Семетей, Бары жумушка жараган. Падышадан кем эмес, Тайатасы Кара хан. Тайбынбаган Семетей, “Тайатаке” — деп айтып, Телмирип бала кеп айтып, Тыңшап уккун деп айтып: «Айланайын тайата, Түбү бирге кошулат. Учу бирге жазылат. Эмгекке жазган эки энем, Көргөн экен кордукту, Көөнүм кайдан ачылат. Азабын угуп олтуруп, Абдан ичим ачышат. Элимди издеп барбасам, Арманым кайдан жазылат. Жетим өскөн баламын. Эл четине барамын. Эгем таала эп көрсө, Энемдин кегин аламын. Эки жесир катындын, Кайгысын угуп отуруп, Капасына каламын. Жоого кийсе ок өтпөс, Отко түшсө чок өтпөс, Кара олпок тонуң сурадым!» Жоодурап жетим кеп айтып, Жообун берчи деп айтып. Бербеймин деп айталбай, Перзенттин көөнүн кайтарбай, Кантер айла табалбай. Тышта акыл ойлошуп, Кара хан чыгып эшикте, Катыны менен кеңешип, «Кара олпок жайын билүчү элем, Өлүп кетсем сөөгүмө, Жаптырсам деп жүрчү элем». Катыны ханга кеп айтып, «Кана, өлгөнүң деп айтып. Башта Манас сурап бербедиң, Же ошондон бери өлбөдүң. Өлөмүн деп жүрөсүң,, Өлүп көрдү көрбөдүм, Олпокту бергин балага, Өчөшкөн жоосун жеңүүгө. Кийип алып жөнөсүн».
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей». Элдик эпос. Басмага даярдаган М. Эрги. Булак: bizdin.kg.