Кызыталак ант ургур, Каныкейдин сүтү ургур! Калың ногой тузу ургур! Кандай кастык кыласьң, Кара нээт Канчоро, Эмчектешкен эгизиң, Тууганың турса Гулчоро?! Чачыкей албай куруп кал, Кара жүз сени көрбөйүн, Кара жолдо улуп кал!» — Деп, ошентип эңдекей, Туруп калды Семетей. Желип кетти Канчоро, Суркойон алда шалкылдап, Сырнайза колдо жаркылдап, Аккелте жондо жалтылдап. Ашпай турат жедигер, Ач кайкыдан жол чубап. Хан Кыйаздын алдынан, Канчоро желип дал чыгат: «Кабылан Кыйаз, барсыңбы, Калк башкарган хансыңбы? Кулак салып угуп тур, Өзүңө кылган арзымды. Өгүнгү кылган убада, Ошол сөздө барсыңбы? Айтканымды мен кылдым, Азелде кайрат сен кылдың. Мен ыраазы, хан Кыйаз, Белиме туура бел кылдым, Ажыратып ат, тондон, Семетей менен чоросун, Баары жактан кем кылдым! Семетей калды эндекей, Олпоктон башка кийни жок, Ок атарга келте жок. Оңдоп чабар балта жок, Сундуруп кирер найза жок. Суудай каны төгүлүп, Акпай турган айла жок. Аты менен жарагын, Алдап алдым каруу жок!» Канчоро айтса мындай кеп, Канчоро айтса мындай кеп, Хан Кыйаз анда мындай дейт: “Эр Канчоро, жолборсум, Ишиңди кудай оңдосун. Кыйыгына тийбейли, Кыраан Семең жолборстун. Беттешип теги кирбейли, Белсенишип жүрбөйлү, Атасы айкөл Манастын Арбагына калбайлы, Тил алсаң баатыр барбайлы Биз астына баралы, Жайа салып, кеп айтып, Жарашып алып, жаналы! Атасы Манас шер эле, Ага кишикатылса, Жакшы болбойт — деди эле Жиберип киши кат жаздың, Сенин сөзүң кыйалбай, Айдап кошун, мен тарттым Убара болсом мен болдум, Кой Канчоро жолборсум! Өэү өткүр неме эле, Кашкайа туулган эр эле Кара кыргыз, казакка, Кайда болсо бел эле Калың элге катышпай, Семетейден корккондон, Калмактар жүрчү кеп эле. Аркасында Семеңдин, Жыргап жаткан эл эле! Туулган адам өлбөйбү, Акыретти көрбөйбү? Ар кандай ажал жазылса, Как ошондой өлбөйбү? Атам Толтой үйдө өлбөй, Арстангакатышып, Өлсө, чоро өлгөндүр. Бешэнеде бүткөнүн, Өз кезинде көргөндүр Барбайлы, баатыр, тил алсаң, Жакшы сыйлап, сөз кылып, Жарашалы кеп уксаң. Биз тууган болуп Семеңе, Баатыр туулган немеңе. Жанышалы тил алсаң, Мен барбаймын дегеле, Мейлиң, баатыр, сен барсаң! Кылычты кармап чаппаймын, Кыраан баатыр Семетей, Атасы айкел Манастын, Арбагынан жазгандым! Бакай абам карыбыз, Ал кишиге балабыз, Ушу турган баарыбыз! Сары хан сардар карыйа, Калыстык кылды баарыга. Ал абалды айталы, Жашырбастан аларга. Же болбосо Канчоро, Сунуп барган мойунду, Сууруган кылыч кесчү эмес. Өзүбүз түшүп баралы, Өткүр эрдин алдына!» Кыйаздын кебин укканда, Жедигер эли чуркурап: «Баракелди, баатырга, Бек куралган акылга. Бели катуу эр эле, Бизге тийген капырга. Чын айтасың, хан Кыйаз, Семетейге катылба! Көпчүлүк болуп баралы, Көөнүн анын алалы! Канчоро ката кылды — деп, Хан Семетей баатырдан, Канын сурап алалы! Баракелди, хан Кыйаз, Баатыр, кебин жарады. Барбайлы», — деп баарысы, — Бата кылып ийишке, Кол көтөрүп калышты. Каарданып Канчоро, Ошондо кетип намысы: «Атаңдын көрү, ит Кыйаз, Адам болбой, кет Кыйаз! Бул кебиңди, ит уксун, Ит укпаса, ким уксун?! Карарган кара түн уксун, Кайнаган кек, ант урсун. Семетейди көргөндө, Айбатынан коркупсуң! Мындай келбейт кыйамы, Башынан тартып Семетей, Баарыга салган зыйанды! Тартынбастан баралы, Кылычтап башын алалы! Канына анын агылган, Кара жерди жуурултуп, Канып кумар жаналы! Өлүп калган Манастын, Арбагынан коркосуң. Азыр турган жаныңда, Менден кандай коркпойсуң?! Хан Кыйаз, сени баш кылып, Жедигерди кырбасын. Жетисуу толгон элиңди, Кырып салып тынбасын. Өзүң алгын антыңды, Ок өбүшкөн шартыңды!» — Деп, ошентип Канчоро, Ачууланып айкырып, Ызырынып, шашылып. Ирмеп көзү ачылып, Ичи куйуп ачынып. Кылычын кармап жалаңдап, Кырмакчы болду качырып: «Кырып ийип, баарыңды, Суудай төгүп каныңды. Мойнуңдан байлап барбасам. Ойногон экен мени — деп, Ойлонтуп аны салбасам, Адам болбой кетейин, Айтканыма жетейин! А көрөкту, хан Кыйаз, Айдап колуң баштагын. Абданыраак акыл го, Семетейди жастагын! Кайратың качып не болдуң Намысың кайда жоготтуң?! Хан болдуң араң бир жылы, Касиет конуп оңолдуң!” — Деп, ошентип күркүрөп, Канчорону көргөндө, Жедигер эли дүркүрөп. Кылычтап баарьн айдады, Хан Кыйаз болуп жардамчы. Белестен ашып алганы, Берен туулган Семеңдин, Үстүнө басып барганы. Ачуусу келип арбайып, Ант ичкендей саргарып. Ичи ачынып Семетей, Арча тору бууданга, Ыргып минип албайып. Камчысы бар колунда, Жарагы жок бойунда. Жараксыз өзү турса да, Жалтаныш жок ойунда. Качырып барып Канчоро, Капталга найза салганы. Канкоруң кармап калаарда Кайра тартып алганы. Жандап өтө берерде, Этегинен кармарда. Колу жетпей калганы, Арча тору бууданы, Баспай туруп алганы. Кыйа тартып өтөрдө, Камчы менен бир салды. Кара нээт Канчоро, Суркойондон жыгылып, Түшүп кала тас калды. Ал аңгыча эр Кыйаз, Айбалтаны бек кармап, Качырып барып Семеңди Каңк эттире бир салды. Илгери карай теминсе, Баспай турат бууданы. Аттын жайын көргөндө, Семетей арман кылганы: «Аргымак жыйдым, ат жыйдым, Арча тору, сендейди, Анык тулпар — деп — жыйдым, Тай буурулча болбодуң. Азамат жыйдым, эр жыйдым, Ар кайдан жигит, мен жыйдым, Гулчорочо болбодуң! Башка ажал жеткенби, Сыймыгым камып кеткенби? Ээн талаада өлүгүм, Кала турган кептенди! Кар болбогон кайран баш, Канчорого тепселдим. Канчоронун айынан, Тай буурулду мен бердим. Суркойонду алдагы, Түшүп бүгүн нээ бердим?! Сурады — деп, — саткынга, Калтырбай жарак бут бердим. Кем-керчи жок бут кылып, Канчорого куч бердим. Куп болду бул иш мага — деп, Өз башыма мейли эле, Мени — деп, — жүрүп бул өлсө, Гүлчорого убал» — деп. — Өзүн койуп Семетей, Гүлүстөнгө кайгы жеп. Күңгүрөнүп турганда, Күүлөнүп алган Канчоро, Күжүлдөп дагы ал келет. Эси оогандай эндиреп, Алмамбет уулу Гүлчоро, Сөзүн таппай темтиреп: «Э, кагылайын, Канчоро, Кайраты толук, эр чоро, Экөөбүз бирге тууштук, Жылкыны бирге кууштук. Жакшы, жаман ар иште, Белди бекем бууштук. Чалгынды чалсак, бир чалдык, Чалышкан жоого бир бардык. Адалды жесек, бир жедик, Арамды жесек, тек жедик. Семетейдин артынан, Бала кезден сенделдик. Семетей багып, алпештеп, Сен экөөбүз эр жеттик. Жакшылык менен жамандык, Баарысына тең жеттик. Куру калган жериң жок, Катардан калып Канчоро, Хан болуп элге тең келдик!» — Гүлчоро турат кеп сүйлөп, Башаламан кеп сүйлөп. Айтарын билбей темтиреп, «Баарыбызда тең, жазык, Мен байкушта не жазык? Биз, тууган элек бирге өскөн Жетимдикте тең өскөн. Сен экөөбүз өңдөнүп, Жерде барбы бир өскөн?! Өзүңдү өзүң зордобо, Өз сөөгүңдү кордобо. Семетейге теңелтип, Койбогун мени сенделтип. Жат душманга теделтип, Таштап мени тепселтип. Кар кылбагын, Канчоро, Калган элге эңкейтип!» — Деп, ошентип Гүлчоро, Сөөнүп сөзүн айтканда, Ачуусу келип Канчоро: «Укпаймын, Гүлүс, сөзүңдү, Көрбөймүн сенин жүзүңдү. Сойомун сенин өзүңдү, Сойомун сенин көзүңдү! Кандай кылсам эрким бар, Бүгүн бийлик өзүмкү!» — Бура тарта бергенде, «Ант ургур айтсам болбодуң, Жарагым жок, атым жок, Капилет өлүп сойлодум! Качантан бери туйгузбай, Кар кылууну болжодуң?! Асили сени, тугөнгүр, Аман тирүү койбоймун!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей». Элдик эпос. Басмага даярдаган М. Эрги. Булак: bizdin.kg.