Семетейден кутулуп, Жүрөр күнүн, болорбу? Жедигердин жети хан, Билер күнүм, болорбу? Гүлчорону өлтүрүп, Күлөр күнүм, болорбу? Тууруна атамдын, Конор күнүм, болорбу?» — Күңгүрөнүп хан Кыйаз, Көңүлү жашып турганда, Канчоро анда кеп айтат, Кеп айтканда деп айтат: «Кабылан Кыйаз, эр десем, Карапайым, сен белең? Канкордон сени куткарбай, Кантип мында мен келем. Төрө Кыйаз, сен десем, Төбөңдөн урган, сен белең? Төрөдөн сени куткарбай, Түгөнгөн мен не келем?! Тартып берем атыңды, Алып берем дартыңды. Тийгиземин багыңды, Мингиземин тагыңды! Бекем байла белиңди, Бышык кылгын кебиңди. Болжолдуу күнү барбасаң, Бузуп, чабам элиңди! Кош, аман бол» — деп айтты; — Суркойон минип аттанды. Хан Кыйаз менен бирлешип, Канчоро көөнү шаттанды. Күнү-түнү дем албай, Күндөп, түндөп жол журуп, Сууп калган тулпарды, Айабастан жол жүрүп, Түк кишиге көрүнбөй, Жан адамга билинбей, Түн ичинде келди эми. Атын байлап алыска, Ары жок туулган түгөнгүр, Жарагансып намыска, Чачыкейдин үйүнө, Басып келди бул эми. Жанына барып, жай алып, Анда жатып жайланып, Барып келген жолунан, Баштан айак кеп салып: «Он беши күнү бул айдын, Падышаң сенин Семеңди, Кең Таласка күмбөзгө, Алып барамын — деп — салып. Унутуп калбай Чачыкей, Жүргүнүң сен камданып. Катыгүн, болуп калбайлы, Катындык кылып, кеп салып!” — Таңга жакын болгондо, Чыгып кетти, Канчоро. Айылына жолобой, Жүрүп кетти, Канчоро. Күн козу түш болгондо, Суркойон менен шалкылдап, Кирип келди, Канчоро. Кара күчкө каткырып, Күлүп келди, Канчоро. Арамдыкты көөнүнө, Түйүп келди, Канчоро. Ак жери жок кылайган, Арамзада, ал чоро. Карыган Бакай, Сары хан, «Жакшы кызмат кылды» — деп — Ыраазы болду ошого. Бара калып кеп салып: «Бардым чекке жол чалып. Самаркандын чегинен, Кең Ташкендин белинен, Дүрбү салып жол чалдым. Адам эмес айбан жок, Жериң ээн калыптыр, Ошол ишке таң калдым. Намангендин астында, Кең Кокондун үстүндө, Таш чокуга мен бардым, Кашкар жаккы белдерге, Калмак, кытай элдерге, Дүрбү салып карасам, Каргасы учуп келбеген, Калбаган экен бизге дейм, Каш кайтарар бендеден. Каркып жайлоо толуптур, Камданып журтуң, болуптур. Той берүчү, аш берчү, Маалы элдин болуптур. Саргарып эгин бышыптыр, Алманын шагы ийилип, Кыргыек учар табы экен. Шашылып калат күн өтсө, Эл камыңар чагы экен. Эп келсе, аба, өзүнө, Кулак сал менин сөзүмө. Жаз жаркырап келгели, Күзгө жакын болголу, Тайыбадык күмбөздү. Он беши жакын болуптур, Ортосу айдын толуптур. Сайрап жатып, так чарчап, Күкүктөрү солуптур. Күмбөздү тайыр мезгили, Байкасам анык болуптур. Ак боз бээни алалы, Атакемдин ак үйгө, Биздер жетип баралы. Ай тамактап чалалы, Куран окуп жаналы. Эки, үч күндө барбасак, Капташабыз аш, тойго. Мийзам учуп, кыш түшүп, Окубай куран калабыз, Эл кыштоого конгончо». Деп, ошентип Канчоро, Семетейге айтты эле, Канчоро кебин укту, дейт, Кубаттап аны тутту, дейт. «Ак боз бээни тапкын — деп, Ырас экен ушул кеп. Элебепмин мурун» — деп, Камынып Семең барарда, Каныкей кабар алды эми. Семетейдин айлына, Серпилип басып келди эми. Семетейге карата, Каныкейдин дегени: «Койгун, балам, тил алгын, Сөзгө кулак сен салгын. Жайлоонун көрүп ыраатын, Күзгөчө балам тынч алгын! Түшүмдө көрдүм шумдукту, Үйүңдөн чыкчу күн эмес, Талаада калды токумуң. Суркойон атың токулбай, Ак кураның, үйүңдө, Ачылбай калды окулбай. Аккелте ичи дат болду, Сырнайзаң сынып бүктөлдү. Ак күбө тонуң чечилди, Айбалтаң мизи кетилди. Алыстан келип көп душман» Кармап алды түшүмдө, Сага окшогон жетимди! Күмбөзгө барар кез эмес, Көргөнүм төгүн түш эмес. Кой, кулунум, барба — деп, Каныкей турду кан какшап!» Кандуу жаш көздөн чубуруп, Өңүрү ылдый куйулуп. Ал аңгыча Айчүрөк, Басып чыкты эшикке: «Кулак сал, деп кекешке. Энекем тилин алгының Бул пейлиңен жангының Он, он беш күндө эл көчөт, Эл күздөөгө түшкөндө, Элге кабар салгының Түлөө чырак өткөзүп, Көпчүлүк менен баргының. Баарыбыз тегиз баралы, Атакемдин арбагын, Баарыбыз сыйлап жаналы». Деп, ошентип айтты эле, Барбас болуп күмбөзгө, Семетей көөнү кайтты эле. Канчоро анда кеп айтат, Кеп айтканда бек айтат: «Кагылайын, абаке, Аттанып кайра жанганың. Айынкуштап калганың, Башынан бери калбады, Эркектин кылган ишине, Айчүрөк кирип алганың. Айагансып тосоттоп, Абакемдин бир малын. Өзүң билип эл бийлеп, Аз эмес сенин жыргалың. Жүрү, абаке, бастыргын, Катынга карап калбагын!» — Деп, ошентип Канчоро, Атын сайга салды эле, Бура тартып алды эле. Атка минген Семетей, Кайра түшүп калалбай, Бастырмак болуп калды эле. Каныкей туруп кеп айтат: «Кулунум, уккун — деп айтат. Катындын тилин албадың, Кайрылып кайра жанбадың, Эми энеңдин сөзүн танбагын! Оолуккан чунак баласың, Көп кечикпей жакында, Кеңколго көчүп барасың, Эмне мынча шашасың?! Ак боз бээни баш кылып, Көбүрөөк кылсаң түлөөнү, Кечирет кудай күнөөнү. Алдында айттым өзүңө, Ишенбедиң түшүмө. Үйдөн чыкчу жакшы эмес, Алсаң, балам, тилимди. Бүгүн жылдыз каршы экен, Сенин атаң Манастан, Калган, балам, шарт экен. Ай менен күндү эсептеп, Жылдызга каршы күндөрдө, Серпилип атка минчү эмес, Үйдөн карыш жылчу эмес. Ата кылбас иш кылса, Бала жакшы болчу эмес! Аттанар болсо бир жакка, Төлгө ташка барчу эле. Аккула менен далбайып, Арыштап чуркап калчу эле. Көнөктөй кара төлгө таш, Көтөрүп көрчү ошону. Алмадай алып ыргытса, Айылга келбей кетүүчү, Ала салбай таш койсо, Аста келип жатуучу. Атаңдан калган иш ушул, Эч болбосо чунагым, Төлгө ташка баргының! Төлгө ташты алып көр, Төлгөңдү жакшы салып көр. Төлгө таштан сыр көрсөң, Кайта үйүңө жана көр! Ажал жакын адамга, Каш, кабактын арасы, Алды-артына карачы!» Канчоро анда күүлөнүп, Каныкейге сүйлөнүп: «Карыганча какжаңдап, Калбады сенин дүмөгүң! Ажал келип турганын, Ачык аны көрдүңбү? Жебирейип келгенин, Же көрдүңбү, билдиңби? Гүлчоро турса жанында, Канчоро турса артында. Кадамы катат эмеспи, Кандай адам катылса? Бастырбай тосуп алдыңар, Бүгүн абам аттанса! Карып калган окшойсуң, Кайсоолойсуң көп сүйлөп. Карылыгың эмеспи, Ажал турат — деп сүйлөп. Эми, энеке, ылгагын, Сүтүңдү берип сен баксан, Күчүн берген, абакем. Жакшы, жаман күн болсо, Жан айабай кошулуп, Ээрчиген чоро биз элек. Күмөн албас кеп кылып, Абакемди тостуңар. Каныкей менен Айчүрөк, Бул кебиңди ит уксун! Ит укпаса ким уксуң?! Козголбостон көтөргөн, Тепсеген кара жер уксун! Жүрү, абаке, бастырчы, Буларды карап ким турсун!» — Деп, айтканда Канчоро, Каныкей айтат ошондо: «Айланайын, балам, — деп, Айтайын сөзүм саган — деп, Кан чыккан эмчек, сүт чыкпай, Саа салганда, балам, — деп. Ошондо бойум чыйрыккан, Кастык кылат белем — деп. Бастыргын — деп, — шаштырып, Тынч жаткалы койбодуң, Бул эмине кастыгың? Бир жакты көздөй бастырсаң, Тил албоочу шаштыгың,!» — Каныкей андай дегенде, Ачуусу келип Канчоро, Тең, сүйлөшүп, бирге өскөн, Бели катуу эр чоро: «Буурул атты минбедим, Буулум тоңду кийбедим, Ар качандан бир качан, Абам менен Каныкей, Гулчорочо көрбөдүң! Тайуучу арбак сеники, Арбак тайып келгенге, Эмне мынча тергедиң?! Ачасы чыгып кебиңдин, Гүлчорочо болбодум, Өмүрүмчө теги мен! Ойума түштү атакем, Барбасаңар мейлиңер, Өзүм барып келемин!” Ачуусу келип арбайып, Ант ичкендей саргарып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей». Элдик эпос. Басмага даярдаган М. Эрги. Булак: bizdin.kg.