Жерди көрүп макташып, Тоосунан кулжа, теке атып. Жер күлгүндөй көрүнүп, Көк ала жашыл саймадай, Чөптүн гүлү бөлүнүп. Сайма сайып койгондой, Сай бойунда чечекей, Азыркысын Кеңколго, Чыккан экен ченебей. Суусамырды сапташып, Ат кулугун тапташып, Тоонун баарын сакташып. Тегеренип айланып, Он күнү жүрүп жер чалып. Өнгөн жери кайсы экен, Өнбөгөн жери кайсы экен? Көрөлү баарын — деп чалып, Кара кылкан буудай баш, Жел тийсе кылкып ыргалып. Бетеге менен туланы, Белден чыгып буралып. Өтөктүн чөбү калкылдап, Көк ала сайма түрүндөй. Шамал тийсе жалтылдап. Жайкалып ыраң чөп чыгып, Калбай баары көп чыгып. Жылгадан суулар жыбылжып, Күлгөндөй гүлү жыбырап, Кеңколдун өйүз-бүйүзү, Караса көзгө жымылдап. Чымын, чиркей тулаңда, Көрүнбөй көзгө кымылдап. Көпөлөк учуп, гүл жайнап, Булбул сайрап, тил безеп, Жан-жаныбар кыбырап. Жашарып жайлоо толуптур, Эл келер кези болуптур. «Көчүрөлүк элди» — деп, Кара нээт Канчоро, Ортого кеңеш койуптур. Кайра тартып калкылдап, Күлүктөрү алкылдап. Бар шайманы күмүштөн, Кун чагылып жалтылдап. Кеңколдо жаткан көп элге, Салып кирип келди, дейт. Эл, журтуна кеп айтып, «Жайлоого көчкүн — деп — айтып», Көчүрүп элди чубатып. Элдин баары жайлоодо, Күлүктүн баары байлоодо. Бээни байлап салышып, Кысырак тандап сойушуп. Шернени баштап койушуп, Кыз, келинди чогултуп, Комузчу, ырчы кубулжуп, Кызыкка булар толушуп. Күндө тандап тай сойуп, Ага кошуп кой сойуп. Жыргалдуу эли кыргыздын, Ар кайсы жерде той болуп. Балдары майга карабай, Келиндер каймак жалабай. Кийгени кызыл шайыдай, Кыңгыранган уулдар, Каз, өрдөктөй катарлаш, Керилген келин, сулуу кыз, Салтанат сайран курушуп, Шапар тээп тунушуп. Абышка, кемпир бөлүнүп, Айылдын чыгып четине, Сакалдарын жайкашып, Кымызга балды чайкашып. Жыргалга баткан кыргыздар, Айылчылап сыйлашып. Жайында чыккан жайлоого, Жай өтүп, жакын күз жетип Кызыл-тазыл гүл бүткөн, Кыйартып өңүң өзгөртүп. Мал семирип, нык болуп, Эл семирип, бук болуп. Аш, той берчү чак болуп, Канчоронун көөнүнө, Хан Кыйаз кеби жат болуп. Болжол кылган күндөрү, Жетип келген чак болуп. Эр Гүлчоро үйүнө, Канчоро келип бир күнү: «Кагылайын, Гүлүстөн, Кабарың, барбы бир иштен? Ат семирип, бук болду Эр семирип, нык болду Аш, той берер чак болду, Көптөн бери карата, Барбай койдук эч жакка. Суркойон берчи минейин, Буулумуң берчи кийейин, Бул жолумду билейин. Буркуратып олтуруп, Ташкендин үстү улуу тоо, Самаркандын чеги ошо, Салган бойдон барайын, Дүрбү салып карайын, Айактан кабар алайын. Ал жактын жолу аруудур, Эзелде бизге калган жок, Атышам — деп, — белин буур. Айакта киши жок болсо, Ал учун көөнүм ток болсо. Намангендин астына, Кең Кокондун үстүнө, Таш чокунун башына, Жана айланып барайын, Дүрбү салып карайын. Испан менен Ирандан, Кокон менен Кашкардан, Келбесин кокус кас душман. Аруулап жолун чалайын, Адырда жүргөн эл болсо, Айттырып сөзгө канайын. Алыстан келген жоо болсо, Айгайлап найза салайын. Атабыз Манас болгон соң, Айанып кантип калайын? Жол аманын билейин, Жообун айтып келейин!” — Деп, ошентип Канчоро, Гүлчорого айтты кеп. Аны угуп Гүлчоро, Канчорого «бали» — деп, Баары болду кош убак. Камданып чоро аттанып, Суркойондой атты алып. Жанына азык байланып, Жагалмайдай зыпылдап, Ташкенди көздөй айланып. Самаркандын чегинен, Ташкендин үстү белинен, Ошондо барды жол чалып. Дүрбүсүн колго алыптыр, Туш-тушка көзүн салыптыр. Көрүнгөн жок эч караан, «Келбей калган окшойт» — деп, Кыйазга айран калыптыр. Мындан айла болбоду, Маң, болуп башы ойлонду. Суркойонду аргытып, Наманген менен Коконго, Барайын — деп, — толгонду. Суркойонду чуу койуп, Тер агып, тулпар суу болуп. Канчоро келет ичинде, Семетейге жуу болуп. Намангендин астында, Кең Кокондун үстүндө, Чокунун чыгып башына, Көчүгүн койуп олтуруп, Көмүрдөй кара ташына. Дүрбүнү алды колуна, Салгын — деп, — кудай оңуна. Дүрбү салып карады, Туш-туштан келчү жолуна. Көрүнбөдү эч нерсе, Капаланды Канчоро, Хан Кыйаздын жогуна. «Келбей калган экен» — деп, — Эми алып ойуна. «Кетсемби» — деп олтурса, Капаланып ордунда. Мылтыктын үнү тарс этип, Аңгыча зоонун боорунда. Жаңырып катуу угулду, Чоронун өңү кубулду. Суркойон менен койгулап, Ойдуңду көздөй чумулду. Барып түштү адырга, Адамдын саны өтө көп, Баштаган калың, колунда. Тоодой болгон түгөнгүр, Хан Кыйаз турат тобунда. Келген экен жол алып, «Канчоро келип калат» — деп, Мылтык атып, үн салып. Жүргөн экен хан Кыйаз, Аң уулаган баштанып, Канчорону көргөндө, Хан Кыйаз кетти кубанып. Алдына келип ат алып, Канчоро менен көрүшүп, Сагынышкан немедей, Кучакташып өбүшүп. Дасторконун жайышып, Тамактанып алышып. Муңдуу кебин салышып, Муңдашып булар канышып. Ортого антын койушуп, Кудайлык дос болушуп. «Семетейди сойсок — деп, Эркибизче болсок» — деп, — Ээн талаада сүйлөшүп, Өздөрүнчө күүлдөшүп. Сийгели эшикке чыкса да, Бирин бири жүр — дешип. Калган журт турат булардын, Айбатынан сүрдөшүп. «Жансыз киши жиберип, Хан Кыйаз, сени бел кылдым. Жазган катың барыптыр, Көргөндө аны дем кылдым. Болжолдуу күндөн калбайт — деп, Жолуңду тосуп мен келдим. Жолдон кабар алам — деп, Жоодон чалгын чалам — деп, Тулпарын сурап, мен алдым, Туралбай жолго мен салдым. Ачылган экен чоң багым, Сага окшогон туйгунду, Жолдон таап, мен алдым. Жолборс Кыйаз аман бол, Жоого бүлүк салгын — деп, Абайлап туруп анык ук, Ажырап сенден кетпеске, Сага берген антым — деп. Карабасаң сен мага, Арамдык кылсам, мен сага, Алла таалам өзү урсун! Ак курандын сөзү урсун! Айрышалык, бөз урсун! Жерден чыккан чөп урсун! Алышып койгон кол урсун! Айтып койгон сөз урсун! Ажалдуу дажаал огу урсун! Ак милтенин чогу урсун! Айанбагын, хан Кыйаз, Көрдүм сени көөнүм ток, Мындан башка кебим жок. Кайта жолго салайын, Жайлоодо жаткан көп элге, Жол аруу — деп, — барайын. Семетейди сездирбей, Гүлчорону туйгузбай, Айла кылып аздырып, Атасынын көрүнө, Алып келе калайын. Айга он беш күн болсун, Болжолубуз бул болсун! Алып келем аздырып, Как ошол күнү, хан Кыйаз, Сен Таласта болорсуң! Болгун аман, сен — деди, Бастырайын мен» — деди. — Кубанып айткан кебине, Таңуу болгон белине, Таарынган элде бегине, Анда Кыйаз муну айтат: «Кагылайын, Канчоро, Кайратың артык, эр чоро. Кабыландай, сен чоро, Семетейди сездирбей, Алып келсең, болжолго, Мен дайармын ошондо. Үч күнү сени күтөмүн, Үч күнгөчө келбесең, Үйүмө жанып кетермин. Кол салар менде айла жок, Өз айлыма жетермин. Ойлонсом, ичим болот чок, Семетей мага салган от. Чынкожону жалмады, Хан Толтойду кайсады. Калган журтту арбады, Хан башымды кар кылды. Жезкемпирдин жети уулун, Жедигерге хан кылды! Аз келгенсип анысы, Алым, салык көп алды. Жыл сайын айдап, мал алды, Ар качан салып түйшүктү! Хан атам Толтой эр экен, Кара кулак шер экен. Эрдик аты болбосо, Акылы анын кем экен. Мингени болсо Суркоен, Чынкожо болсо жолдошу, Учуп жүрүп асманда, Алдырып ийип өлүптүр, Жерде жүргөн арстанга. Артыкча ичим бек ооруйт, Гүлчоро башын алганга! Минген атьың ушубу?!» — Суркойонду көргөндө, Кыйаздын көөнү бузулду. Көзүнөн анын кандуу жаш, Дайра болуп куйулду. Суркойондой күлүктүн, Соорусунан сылады, Көзүнүн жашын тыйбады, Как какшап жана ыйлады. «Кагылайын, Суркойон, Минерге күнүм болорбу?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей». Элдик эпос. Басмага даярдаган М. Эрги. Булак: bizdin.kg.