Кадыр алла кудайдын, Жазганына көнөрмүн. Жаным тирүү болгондо, Жазаңды сенин берермин! Талашып эмдик башында, Каныкейдин эмчегин. Качантан бери күтүнүп, Кан ичүүгө эңседиңн,?! Өлбөй тирүү болгондо, Жазанды сенин берермин. Семетейдей беренди, Гүлүстөндөй эренди, Сойо алсаң мөрөйүң! Кайра айланса кезегиң, Капталган сенин шорундур. Тушуп берип ат, тонду, Таап алган шорум бул! Кандай кылсаң, андай кыл, Өлгүчө сени колдогон, Хан Кыйаз болсо жөлөгүң!» — Деп, ошентип Гүлчоро, Күүгүмдөп козу тунарып, Каарланып Канчоро, Күчү күчкө уланып. Найзасын алып колуна, Жамандык жайлап бойуна. Кылар ишин болжолдоп, Ал Манастын тобуна, Качырып кайра жетерде, Хан Семетей баатырды, Капталга койуп кетерде, Кайгырбай да камыкпай, Карап турат Семетей, Калт этип коркуп элебей, Көкжал туулган түгөнгүр, Көрүнөө келген ажалды, Бучкагына теңебей! Качырып кирип келгенде: «Кандай кылсаң, мейлиң — деп, Канчоро, сенин жүзүңдү, Мен көрбөйүн эми» — деп, — Бура каран турду эле. Уруп найза муштады, Найзага канды чыктады. Кайран баатыр Семеңдин, Өпкө, боорун аралап, Өтүп найза чыкпады. Найзасын тартып алгыча, Толтойдун уулу чоң Кыйаз, Токтотпой бойун күүлөдү, Уңгусу менен балтанын, Айкөлдүн уулу Семеңди, Чыкыйга тартып жиберди. Кара оозунан кан кетип, Кабылан кайран Семетей, Кара жерге жалп этти! Кара мүртөз Канчоро, Айланып кайра жетерде, Ач албарсты колго алып, Арстандын башын кесерде, Хан Кыйаз келип кармады: «Койгун башын кеспегин. Өлтурдук акыр канкорду, Денинен башын айрыбай, Башы менин койолу. Бузбайлы мунун көркүн — деп, Албайлы бойдун бөркүн» — деп, Хан Кыйаз айтып болгунча, Көйкөлө түшүп Семетей, Коргошундай жылт этип, Кайып болуп жоголду. Караса көзгө көрүнбөй Өлгөндүгү билинбей. Семетейдин өлүгү, Кай кеткенин биле албай, Казып көргө көмө албай, Кан ичме жинди утургур, Канчоро калды туралбай. Кылычын кармап колуна, Гүлчорого жүгүрдү, «Өлтүрөм» — деп уйалбай! Тоодой болгон хан Кыйаз, Чылбырынан кармады «Койгун, баатыр, болду — деп, — Эр Кыйаз айтып калганы. — Семетей өлдү бейажал, Теңдешкени жок кылдың, Эми сенде не арман?! Гүлчородо жазык жок, Өлтүрүп муну нетебиз? Жөн койбой канкор арбагы, Өзүбүз өлүп кетебиз. Мен сурадым бергин — деп, Ошол үчүн алдыңдан, Өзүм тосуп келдим» — деп, Хан Кыйаз айтып ийди эле. «Болбогон, Кыйаз, ишиңди, Укпаймын сенин кебиңди. Калкалайсын канат жаап, Каныңды төкчү кишиңди! Кабылан өзү сойбогон, Хан Толтойду баш кылып, Эрибес боорун таш кылып, Өз колу менен Гүлчоро, Ошонун баарын оңдогон. Муну тирүү койгондо, Оң, болбойсуң түбүндө. Тойгузат сени акыры, Тирүүлүктө бул күнгө! Сойбой болбойт муну»-дөө, Сундуруп найза жулкунуп Өлтүрөм деп булкунуп. Өрттөнгөн арча өңдөнүп, Кара мүртөз Канчоро, Карарып өңү бузулуп. Шайы кетип Гүлчоро, Кара тер бойдон сызылып. Хан Кыйаз анда кеп айтат: «Ой, Канчоро, — деп айтат! Сураганым бир киши, Айтканын, кылдым ар күнү. Албай койсоң тилимди, Көңүлүм ооруйт бир күнү! Гүлчорону сойгуча, Мени сойсоң болбойбу? Теги жайын терип ук, Келечегин ойлойлу. Сурасам бербей койгонуң Кошулуп сага нетемин, Бербегениң, бир киши, Кош, эмесе кетемин! Тирүү киши бендеси, Колу барар киши эмес. Караса көзү жадырап, Нур куйулуп өңүнөн Ажары анын албырат. Мунун көргөн ыраңын, Суктанбастан тура албайт, Бербей койсоң мага сен, Кылдың анда чоң уйат! Өлтүргүчө буга биз, Көрүнө кордук салалы Кечирин кесип алалы, Куу далы кылып салалы, Деп, ошентип хан Кыйаз, Туруп алды, айла жок, Гүлчоронун Канчоро, Башын кесер чама жок. Жедигердин көп эли, Тегеректеп келишти. Тебелешип калышты, Гүлчоронун күч менен, Колун байлап алышты. Акыл кетип, эс кетип, Кара бойдон шай кетип, Оозу менен мурдунан, Бөлөк-бөлөк кан кетип. Кыймылдарга чама жок, Тирүү, өлүүсү билинбей, Түлкү бойдон жан кетип. Кыймыл этпей, солк этпей, Гүлчоро жатты былк этпей. «Кокуй», — деп, айтып койгон жок, Кылымда мындай болгон жок, Терисин тилип сойушту, Далысын алар ойушту. Көнөктөй этин кескилеп, Карга, кузгун тойушту. Далысынын кечирин, Таарып кесип алыптыр. Шайы кетип шалдырап, Гулчоро жатып калыптыр. Гүлүстөндү караса, Далысынын үстүндө, Казандай кара калы бар. Аркасында укмуштуу, Айдар кара жалы бар. Соорусунда карасаң, Сонун иши дагы бар. Теңдешип бенде чыкпайт — деп, Тирүү арбак, машайык, Колдоочусу Алмамбет, Белги кылып сылаган, Беш колунун тагы бар. Бала жолборс Гүлүстөн, Билсең, жайы мамындай. Кечири кемик кесилип, Жонунан аккан каны бар. Көөдөндөн чыгып, кеткен жок, Мыдырап кирпик жаны бар. Хан Кыйазы баш болуп, Канчоронун ант урган, Эрибей боору таш болуп. Тузу урат ко бир күнү, Тууганына кас болуп. Алмамбет уулу Гүлчоро, Калды белем ушунда, Канчородон пас болуп! Жедигер эли камынып, Атына минип жабылып. Хан Кыйаз анда кеп айтат: «Эй, Канчоро — деп айтат! Айкөл Манас тукумун, Канын ичип тойдук — деп. Киши кылбас иш кылып, Семетейдин кайратын, Өз башына күч кылып, Теңдик менен сойбодук. Алдап алдык ат, тойун, Амал менен оңдодук. Козголбой турбайт, эт жүрөк, Түбү жакшы болбодук! Өлүгүн жерден ала албай, Ак кепиндеп, аруу жууп, Өкүрүп ыйлап, кеме албай, Табалбай аны биз койдук. Өлгөн жерге баралы, Өлүгүн издеп табалы. Табылып калса өлүгү, Ногойду такыр жыйалы. Көрүн терең каздырып, Сый-зыйнатын кылалы. Өлүгүн мунун кектебей, Ошентип көөмп тыналы!» — Деп, ошентип хан Кыйаз, Баштап алып барганы Баарысы барып караса, Канчоро, Кыйаз жанаша, Өлүк тургай каны жок, Басып кеткен изи жок. Кайда анын кеткенин, Билип калган киши жок. Тирилип басып жургөнүн, Көрүп турган киши жок! Акылы айран турушту, Аттын башын бурушту. Алдына тартып, чуу койуп Белести ашып, дуу койуп, Бастырып жөнөй берерде, Гүлчоро башын көтөрдү. Бүткөн бойдо дарман жок, Кыймыл этер айла жок. Тура калды айактап, Шилтесе колу ирмелбей, Эки колу шалактап. «Тирүү койбой сойбой» — деп. Канчоро турат далактап. Күңгүрөнүп Гүлчоро, Канчорого кеп айтат: «Ант урган, чоро кордодуң, Кордобой эмне койгонуң. Семетей абам өлгөн жок, Өлгөнүн бенде көргөн жок. Кайыберен, кырк чилтен, Алып кетти окшонот, Ичкен тузга кас кылдың, Как ушул мендей болорсуң, Өлбөй жаным болгондо, Акыры бир күн оңдормун. Сен өңдүү мен иш кылбаймын, Бастыргын ары, түгөнгүр, Артты кудай оңдосун!» — Деп, ошентип айтканда, Ачуусу келип Канчоро, Алы жок турган немени, Жалпагы менен балтанын, Далыдан ары чапканда, Үстөмөндөп жыгылып, Мурдуна топо тыгылып, Оозунан каны куйулуп. Коргонду көздөп, кол тартып, Жедигер эли чубуруп. Жазгы келген келгиндей, Коргонду көздөй күйүлүп Канчоро менен хан Кыйаз, Кара шаар калаасын, Калдайтып басып өттү эле. Эл чогулган коргонун, Кара кыргыз борборун, Жалпайта басып өттү эле. Сары хан көрүп шашты эле, Акылды кайгы басты эле. Атаңдын көрү дүйнө бок, Куп турган колум жок. Жайлоодо калды калың журт, Жыйнап алар жолум жок! Алыскы жерде эл калды, Армандуу биздей эл барбы?! Күжүрмөн туулган Гүлчоро, Көрүнөө жаздым болгон, бейим? Ант урган капыр Канчоро, Канын ичип тойгон, бейим? Арстандан калган жалгызды, Ай баткандай кылган, бейим? Ант урган ит Канчоро, Аны жайлап тынган, бейим? Эркине койбой айдактап, Нээтинде ишин кылган, бейим?! Не кыларын биле албай, Казып жерге кире албай, Басып элге бара албай, Же чапкылап элин жыйа албай, Кайрат кылып Сары хан, Качырып кирди тура албай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей». Элдик эпос. Басмага даярдаган М. Эрги. Булак: bizdin.kg.