← Семетей 7/7

«Атаңдын көрү, Канчоро, Адам болбой, кет, чоро, Алдыңкы жерге, жет, чоро! Чымын элең, дөө болдуң, Чын дөөлөрдү өлтүрүп, Хан Кыйазга бел болдуң! Өзөктөн чыккан өрт болдуң, Өздөн чыккан жат болдуң, Канчоро бүгүн хан болдуң, Кан ичип жолуң шар болдуң.! Карансыз дүйнө шум жалган, Башым жерге киргенче, Тизем жерге тийгенче, Тим эле кантип берем — деп, Канкор Манас баатырдын, Катын, бала бүлөөсүн, Кармап турсам керээз — деп!» — Сырнайзасын колго алып, Сызып келет, Сары хан. Кыйрын бузбай сулатып, Кызып келет, Сары хан. Антип-минтип турушуп, Мылтык атып, чабышып, Удаа он күн урушуп, Өрүшүнө Коңдурбай, Өрүүн берип Коңдурбай, Далай салды кыргынды, Беттешкенин соо кылбай. Чыркыраган чоронун, Чын айласы кетти эле. Чапкан бойдон Канчоро, Эр Кыйазга кетерде, Сары хан туруп кеп айтат: «Шашпагын, салбар — деп айтат. Баатыр болсоң, Канчоро, Бастырып чыккын жекеге. Карыганда абаңды, Семетейдин артынан, Узатып ийгин Мекеге! Кыйын болсоң, Канчоро, Бөлүнүп чыккын жекеге, Чогуудан чыккын чекеге. Адамсынган ант ургур, Татыймын өзүм жеке эле!» — Деп, ошентип Сары хан, Жан тура албай каарынан. Качырып барып жетти эле, Найзанын учу жетерде, Капталга койуп кетерде, Кыйын экен Суркойон, Кыйа тартып жалт берип, Коктудагы койондой, Аркасынан кылт берип, Уйалбастан Канчоро, Өкүргөндөн бакырып, Хан Кыйаздап чакырып, Кыйазга жетип барды эле: «Катыгүн, Кыйаз, болбоду, Сары хан, элди оңдоду. Сабын бузбай кыйратып, Санаты жок сулатып, Сойо жазды өзүмдү, Сайа жазды кулатып. Араң жеттим мен сага, Алдымда атым чуратып! Суркойон күлүк болбосо, Сойуп койо жаздады. Беттешкен менен соо койбойт, Башкача уруш баштайлы. Келе турган жолуна, Ор каздырып таштайлы. Ошол ордун ичине, Өзүм кирип жатсам, бейим? Атактуу мылтык Аккелте, Как башына атсам, бейим Сары дөөнү өлтүрүп, Зардаптуу жүрөк бассам, бейим?!» Ары жок чоро ант ургур, Каныкейдин сүтү ургур, Намысы жок кутургур. Майданга орду каздырып. Сарпоштоп устун жаптырып. Аккелтеге ок салып, Жолду тосуп жатты, бейим! Ачуусу келип Сары дөө, Каарланган бой менен, Калтылдап кара жол менен. «Канчоро менен Кыйазды, Калың колдун ичинен, Карман альт чыксам — деп, Кардын жарып кылычтап, Канжарлап башын алсам» Бек ачуусу келиптир, Бетинде орду көрбөстөн, Салып кирип келиптир. Сары хан келди жакындап, Салып уруп закымдап. Каздырган орду Канчоро, Жаңыдан ойлоп акыл таап. Билгизбей койгон Канчоро, Антип-минтип устун жаап. Аккелтеге ок салып, Мелжеп карап жатыптыр. Карыган Сары абаңды, Как башына атыптыр! Айактай бол гон коргошун, Айабай башка мылк этип, Жыгылды жерге Сары хан, Минген аттан жалп этип. Башынан агып кан кетип, Боло албай өөдө шай кетип, Бүдөөгө келбей жан кетип. Сары ханды жайлады, Антип-минтип ант ургур, Айла менен алганы! Сары абаң сапар кеткенде, Салтанаттуу бул элдин, Түбүнө чоро жеткенде. Кабар кылар киши жок, Тоодо жаткан элдерге. Ордо баккан эрлерди, Оорукта жаткан элдерди. Хан Кыйаз менен Канчоро, Бастырбай тосуп салыптыр, Тушалып буту калыптыр. Кайгынын кара булуту, Канаттуу тулпар миниптир, Кара нээт Канчоро, Канжарлап элди кириптир. Үч берен майып болгонун Калган журт эми билиптир. Кайгыга салып калганды, Тишин чагып чанданды. Көзүн ойуп ташташты, Күнөөсүз нечен жандарды! Кирип алды Коргонго, Ээ болду алтын ордого. «Каран тун башка тушту — деп, Кара кыргыз калкынан, Таалайдын кушу учту — деп Бул арам өлөгөн Канчоро, Арстандан калган бууданды, Эмчектеш болгон тууганды, Салылуу коргон дубалды, Залкар тоодой буларды, Салбар чоро кулатты! Салтантаттуу эреңдер, Сарасы эле адамдын, Сардары эле балбандын. Сакасы эле чүкөнүн, Аркар тил эле бүлөөнүн. Өткүрү эле экөөнүн, Оорутпас көөнүн бирөөнүн Көркөмү эле тулпардын, Кумпайы эле шумкардын Бушманы эле душмандын, Медери эле туугандын. Азуулуу жолборс эр эле, Куткарбаган кууганын! Алп кара куш каары бар, Беттешкен жоого ажыдаар Бели катуу эрлерди, Кайда алпарып сойгондур? Канчоро капыр ант ургур, Каныкейдин сүтү ургур, Ата кыргыз тузу ургур! Ач албарс жанга идиптир, Сырнайза колго алыптыр. Жедигердин Кыйазын, Баштап келип капкайдан, Сыр коргонго киргизди, Арамдыгын билгизди! Семетейден айрылдык, Учарга чалгын бизде жок, Канат сынып кайрылдык. Мына минтип кайран журт, Каадасыз итке зарылдык! Бүрдөгөн терек эл элек, Шагыбыз бүгүн кубарды. Ырысты жедик кыргыздар, Тамыр түптөн кыркылды! Арстандардан ажырап, Калама арык кулады, Суу акпай какшып куурады! Көпүрөө сынып бүктөлдү, Чымын жанга күч келди. Кеттиңби, Талас, өрттөнүп, Арстан Семей баатырдан, Айрылдык арман шум жалган Касиеттүү хан Бакай, Адамдын эле асылы, Жок жерден тапкан акылды. Канкордун эле ардагы, Артык эле арбагы, Кыргыздын эле чарбагы. Арам өлгөн бул доңуз, Арбактуу эрге катышпай, Аман койо турарбы? Өлбөй турса хан Бакай, Бир арга элге кыларбы? Каракан кызы Каныкей, Катындан чыккан уз эле, Камка тондун тышы эле, Ак калпак элге эне эле, Ак олпок тонго жең эле, Түркүктөй элге бел эле, Акылдын чыккан кени эле, Сүт урган көркоо Канчоро, Эмчегин эмген дээр эле, Кадырын суттун кыларбы? Канышты койое турарбы?! Асманда учса куу эле, Адамдан чыккан сулуу эле, Ак шумкардын тууру эле, Алп Семетей жубу эле, Адамзаттын нуру эле. Кудайдын сүйгөн бендеси, Акун хандын эркеси, Аламын деп айта албас, Ал Канчоро эмес теңдеши. Көрүп жүрсөң эрте-кеч, Көркү эле кыргыздын, Чүрөктү койо турарбы? Же айланып учуп Айчүрөк, Бир айла элге кыларбы? Же тууган балам болбосо, Карап жүрөм кимге — деп, Калган кыргыз мейли — деп, Акун хандын шаарына, Учуп кетип тынарбы?! Бул түгөнгөн Канчоро, Каары катуу зор Кыйаз, Хан Бакайдай карыга, Кастарлуу Гүлүс эренге, Каныкейдей энеге, Кадырлуу Чүрөк жеңеге, Короолош коңшу болгонду, Кырып салып тынарбы? Ак калпак кыргыз бул элди, Мындай кудай урарбы?! Ээси жок калып чоң Талас, Томсоруп топо турарбы?! Ушунчалык көп элдин, Төбөңдөн тийген чорого, Бир куну жетер убалы!» орукта калган элдердин, Ушул болду убайы. Өңүндө кызыл каны жок, Оорубай туруп мунайды Кең Таласын ошондо, Кейпи кетип кубарды! Сары абамдын байбиче, Уулбийке энеге, Өлүп калды журтунда, Көрө салып Канчоро, Жарып салды журтуна! Кестирип кечир кокустан, Майып болгон окустан, Арманда калган Гүлчоро, Далыдан ысык каны акты. Карды тойбой кара жер, Шимирип соруп бул жатты. Кансырап кайран кабылан, Көөдөндөн чыкпай жан жатты. Заркырап улуп тоо жели, Саткынды каргап каар чачты. Коңур күз болбой жалбырак, Сабалып түшүп жер жапты! Гүлчоро башын көтөрдү, Курс дедире жөтөлдү. Жаралуу болгон жолборсту, Кара жер араң көтөрдү. Коргонго көзүн салса да, Козголор шайы жетпеди. Муңканып карап турганда, Канчоронун иттери, Капыстан чыга келгени, Байлап алып кеткени. Эт жүрөктү эзгени, Түпкө такыр жеткени Муну мындай таштайлы, Семетейдин тукуму, Сейтектен кепти баштайлы.