← Семетей 4/7

Катуу сүйлөп бакырып, Капаланып чачылып. Канчоро жөңөй бергенде, Арча тору буурулга, Семетей турбай камчы уруп, Баатыр Гүлүс көкжалың, Артынан ээрчип бастырып. Карап калды Каныкей, Ээрчип карап баласын, Эки көзүн жаш кылып! Ээрчитип чыкты айылдан, Эр Семетей баатырды, Ант урган чоро аздырып! «Каныкей тилин албадык, Бастырып чыктык айылдан, Төлгө ташка баралык». — Деп, ойлонуп Семетей, Төлгө таштын астына, Жетип келди бастырып, Ушу жаккы белеске, Салып чыгып келди дейт. Арча тору буудандай, Секирип түшүп Семетей, Эрлиги артык түгөнгүр, Кара ташты көнөктөй, Көзүнө илбей кенедей, Аткый карман батмандап, Кара ташты көтөрдү, Көтөрүлбөй кара таш, Күч келгенде жөтөлдү! Намыс кылды чорого, Күчүм жетпей ошого, Деп, артына кайтарга, Чапанын чечип ыргытып, Кайрат кылып ошондо. Дагы ташты кармады, Көтөрө албай калганы. Үзүлө турган өңдөнүп, Козголбой жерде таш калды Бар кайратын күч кылган, Күч кылбаса не кылган? Бөлөк-бөлөк кызыл кан, Мурдунан жерге тамганы. Артык туулган Гүлчоро, Муну көрө калганы: «Мен көтөрөм, аба», — деп, Атынан түшүп чурады. Кыймылдап кылча былк этпей, Гүлчоро туруп калганы. Кайта-кайта күч алып, Кара ташка кол салып. Ар канча кайрат кылса да, Жерден үзө албады! «Болбодуңар, силер» — деп, Канчоро басып барганы! Эки колун тең салбай, Бир колу менен кармады. Алмадай болуп, кара таш, Ыраакка учуп барганы... «Төлгө, аба, келди — деп, Ээрчиген кишиң менмин — деп, Сен албасаң мен алдым, Мага болгон жакшылык, Меники эмес сеники. Өзүмө келген жакшылык, Мага эле эмес Гүлүскө, Жүргүлө, баатырлар, Жетели эрте күмбөзгө!» — Деп, ошентип Канчоро, Буйдалбай атка минди эле. «Барбаймын» — деп айта албай, Баланын көөнүн кайтарбай, Бастырып кетти Семетей: «Ылдамыраак желели, Атага арнап, мал мууздап, Эртерээк кайта келели». — Деп, ошентип Семетей, Атка камчы басты, дейт, Алдыңдагы белестен, Эңишти карай ашты, дейт. Буудандын баарын чуратып, Артынан чанын чубалтып. Күмбөзгө барды шамалдай, Арнап алган малы бар, Ак боз бээси дагы бар. «Турбагыла,чоролор, Ылдамыраак чалыңар! Күн кеч кирип баратат, Үйгө эрте барыңар. Талаага жатпай келгин — деп, Каныкей айткан кеби бар». — Деп, ошентип балдарга, Ашыктырды Семетей. Ак боз бээсин алышып, Айтамактап чалышып. Атасынын күмбөзгө, Куран окуп калышып. Кемегесин каздырып, Көмкөрмөлүү казанын, Алып келип астырып. Арам өлгөн Канчоро, Алдап жүрүп, кас кылып. Отту чындап жактырып, Отту чындап жакканда, Ошондо казан кайнады, Бала жолборс Семетей, Кайнаганын байкады. Капкара болуп келбети, Тешиги жок түбүндө, Ал чүпүрөк калтадай, Аңтарылып кеткени. Анда Семең кеп айтат: «Аскан мобу казанга, Байкаганым айтамын. Капкара болуп кайнады, Аңтарылып бу казан, Ичинде неме калбады. Мындай түлөө курусун, Жүргүлө, балдар, кайталы!» Кобо албай Семең эндиреп, Опкоолжуп жүрөк делбиреп. Атасынын күмбөзгө, Куран окуп дембелеп. Канчоро турат туйгузбай, От жаккан болуп энтелеп. «Кудай урган, куу Кыйаз, Келбей калган белем» — деп? Ал аңгыча болбоду, Асмандан мунар буу чыкты, Үч-Кошойдун бөксөдөн, Көк жаңырган чуу чыкты. Айдама кошун, калың кол, Жабалактап дуу чыкты. Ал кошунду көргөндө, Күнгүрөнүп Семетей, «Каныкей айткан сөз келди, Ажал,өлүм тез келди, Көрдүңөрбү» — деди эле? — Кайгырган болуп Канчоро, Кастыгы бар, ит чоро. «Булкунтуп тулпар минели, Урушпай жүргөн жоо беле, Сапырып, кырып иели? Жолоочубу, болбосо, Жообун алып билели!» «Жакын экен болжолу, Таанымал турат колдору. Жедигердин эли — деп, Хан Кыйаз мында келди» — деп, Гүлүстөн айтып жиберди. «Атты алгыла, балдар, — деп, Бачымыраак болгула, Атыңарга мингиле! Алдынан тосуп баргыла, Айанбай уруш салгыла!» — Гүлчоро шашып жүгүрүп, Суркойонду кармады. Кармаса да Гүлчоро, Үмүт үзүп жанынан, Өзү чочуп калганы. Аңгычакты Канчоро, Камынтпай айта салганы: «Канчалык айтты Каныкей, Карынын кебин албадык. Келип калды кошун — деп, Кейип неге зарладык? Төлгө ташка биз бардык, Ажыдаардай абакем, Гүлүстөн төрө Гүлчоро, Көтөрө албай калдыңар Төлгө ташты көтөрсөм, Өзүңөр карап калдыңар. Кылбагыла күмөндү, Мен саламын дүмөктү. Мындан мурун көп жүрдүк, Дабан аштык, суу кечтик, Суу ордуна кан ичтик. Кошун кырдык, кол кырдык, Ок аткан жоо болбосо, Койбой баарын биз кырдык. Бүгүн беш күн боло элек, Мен чалгынга баргалы. Бул башкача бир шумдук! Мындан мурун, абаке, Буурул атты бербедиң, Булкунтуп бир күн минбедим. Мингизбей жүрүп атыңды, Үмүтөйдүн кунуна, Тайежеңе бергенин! Буурул аттын барында. Мен буулантып жоого кирбедим. Каралат өлдү, ок тийип, Ошондон бери жөө жүрөм, Гүлчорочо көрбөдүң. Гүлчоро атын көп минди, Буулумуңду бул кийди. Буруштуу нечен душманга, Муңдуу күн салып бул тийди. Бүгүн кезек келген, бейм, Багым менин билдиңби? Төлгө ташты мен алдым, Көтөрө албай сен калдың. Байкабай жүрдүң, абаке, Бир кишиче балбанмын! Суркойонду бергиниң, Суурултуп жоого тийейин. Сырнайзаңды бергиниң, Сундурун колго илейин. Аккелтеңди бере кой, Асынып аны көрөйүн, Ак албарсын байланып, Алышуучу жоо болсо, Айдап койдой бөлөйүн! Ишим ондой тургансыйт, Кырбай кантип тынайын? Көрүп тургун, абаке, Бүгүн кайрат кылайын! Жоону сайсам мен сайсам, Оорагы калат өзүңө, Кулак сал менин сөзүмө. Бала кезден бер жакка, Алпештеп жүрүп сен бактын, Кыйындык кылып ар жайда, Кызматы менен Гүлчоро, Кыйалы менен бул жакты. Жакшыраак кызмат кылалбай Жабыгып келем бул кезге. Жайы болду ушундай, Бүгүн берчи кезекти, Мен кылайын кызматты!» — Деп, ошентип Канчоро, Абасына муну айтты. «Минсең, чором, ат мына, Арман кылба, сен анча. Бүгүн ишиң оң турат, Алсаң мына Сырнайза. Айбалтанды чың карма, Сен да өзүнчө баатырсың, Айалуу жаның капырсың. Ат, тонуң баары тел болду, Асты айанып тартынба!» Семетей кезек бергенде, Кезек колго тийгенде, Суркойонго мингенде, Сырнайзаны илгенде, Чоң балтаны колго алып, Ак албарсты байланып, «Кош! Эмесе, аба» — деп, — Бура тарта бергенде, Бурула тартып кеп айтат, Анык ички сырды айтат: «Эми жеттим, Семетей, Суркойон сындуу бууданга. Кошулуп кетем, Семетей, Эми хан Кыйаздай тууганга! Жансыз киши жиберип, Жайынан муну чакырдым. Жайлоодон кайра жанарда, Чалгынчы болуп мен бардым. Как ошондо достошуп, Кучакташып жангамын. Күмбөздөн кармап берем — деп, Коп убада кылгамын. Антымды эми актадым, Аркалап жүрүп Семетей, Сенин эч айыңды таппадым. Кабыл кылбай сен койдун, Каныкейдин айтканын. Ажалың сенин жеттиби, Эми амалың кеттиби?! Азыркы нөөмөт меники, Арка кылган Гүлчоро, Болгонуң каруу көрөйүн, Көрүнөө башын кесейин, Мурадыма жетейин. Хандык такка минейин, Алтын таажы кийейин. Калың кара кыргызды. Хан болуп мен билейин! Чачыкейди албасам, Бооз катының Айчүрөк, Канжарлап кардын жарбасам. Сары ханды жайласам, Бакайды малчы кылбасам. Каныкейди куң кылып, Канчоро болбой калайын, Куйутту минтип салбасам!» — Деп, ошентип Канчоро, Бастырып жөнөй берди ошо! «Ант урган, чоро, мейлиң — деп, Айтканыңды кылгын — деп! Каралыгың сеники, Кадимтен бери бардыр — деп! Буруп, бузук кеп кылып, Буурул аттан айырдын. Суркойонду дагы алдың, Жоо жарагым дагы алдың. Жайсыз жерде жайладын, Капарда жок алдадың, Жазылбай калды арманым!