← Семетей 2/4

Келсе дагы жеңе албайт, Семетей өзү ажыдаар, Кол салып адам бара албайт, Орустан сага жан келбейт, Оолугуп сага жан келсе, Ошондой күндө Семетей, Урушар киши менмин — дейт. Уктатпай элди тынч алган, Кайдан келген душман — дейт. Каның тартып келипсиң, Катылып көрчү, сен ким — дейт, Калмак, кангай жолобойт, Семетей экөөң бирлешсең. Этегиңдин алдына, Элдин баары корголойт. Бузукунун сөзүнө, Тегеле кулак салба — дейт. Бузулушуп бөлөңө, Кошун курап барба” — дейт. — Агеркеч туруп аны айтты, Анда туруп Үмүтөй, Агеркечке кеп айтты, Кеп айтканда деп айтты: “Койгун, эне, кебиңди, Албаймын сенин тилиңди. Бузуп айткан киши жок, Бузугу менен уулуңдун, Бузулушар иши жок. Семетейдин кыйалы, Ичиме салды кызыл чок! Менин атам хан Көкчө, Бардашы журттан бөлөкчө. Алдап жүрүп атамды, Атасы сойуп жоготту. Атам кылган экен — деп, Баласы качан сооротту?! Семетей бербейт конушту, Оңдоп бербейт олутту. Мени менен кеңешпей, Өзү барып калмакка, Коңурбайды сойушу, Кылган иши жолбу ушу?! Кайратым андан кем эмес, Семетей менден эр эмес. Калың казак журтум бар, Калкым андан кем эмес. Атамдын кунун кубалап, Албай койчу мен эмес! Бөлөлүктө жалган жок, Коңурбайга барганда, Бирге жүрүү — деп — айтса, Барбай койсом өзүмө, Мен жетимде арман жок! Кандуу душман Коңурдан, Сойуп кегин аларда, Куру калдым ушундан. Ошондон бери козголтуп, Жаткызбайт мени зор бушман! Койгун дейсиң, энеке, Эми казактан ылгап кол жыйсам, Барбай койсом канкорго, Намыска кантип чыдаймын? Атаңдын кунун ала албай, Тамтаңдаган төрө — деп, Тамашалап эл айтса, Ага кантип чыдаймын? Аманат жанды сактасын, Алла-таала кудайым. Жарашсам да жоолашсам, Жанбай барып көрөйүн, Жамандашып калганда, Кантип тирүү койойун, Куруу оорак камкорду, Аман койбой сойойун!” Энесинин айтканын, Эп көрбөдү Үмүтөй. Айдаркандын элинде, Алтынкан деген бар эле. Өзү узак жашаган, Ак сакалдуу кары эле. Калыс сөзүн Алтынкан, Али айтты эп эле: “Койгун, балам, желдебе, Кармашам — деп — дегдебе! Энеңдин тили албасаң, Элиңди жыйып алдасаң, Узакка сапар жол тартып, Ушундан жүрүп сен барсаң. Алып келсең жолуңдур, Алдырып койсоң шоруңдур. Албай койбойт ойлосом, Арстандын уулу ант ургур. Беттешкенин соо койбойт, Белдүү Семең кутургур. Эрсынесиң үйүңдө Теңебейсиң түгүңө. Үстүмдө темир кийимим, Эрмин дейсиң ойуңда! Эрди, балам көрбөдүң, Эрегишип эр сайып, Эр согушун көрбөдүң, Кармашып кандап, жоо сайып, Кармашы чоң көрбөдүң, Элөөрүп барсаң тил албай, Эми эле кордук көрөсүң. Эрегишсе Семетей, Эсен келбей өлөсүң. Канчоро сенден кем эмес, Ойлонуп көрчү Үмүтөй Сен Гүлчородон эр эмес, Ырасын айтсам укканың, Сен Семетейге тең эмес! Кыйыгына тийгенде, Сойбой койчу неме эмес. Тынч жатпай барып темтеңдеп, Теңдешчү душман ал эмес! Чын кожо, Толтой кол салды, Качан алар соо калды? Жети суу толгон жедигер, Кырылышып аз калды. Кытайдан Коңур козголду, Кектешип жүрүп акыры, Семетей колдуу жок болду. Коңурбайды өлтүрсө, Сенин бөлөң өлтүрдү, Атаңдын куну бүткөндүр? Койгун, балам желденбе, Куру намыс кылбасаң, Колуңдан келбейт дегеле, Арданткан сени кеп эмес, Адамзат бендеси, Арстандын уулу Семеңе, Азыркысы тең эмес. Калмактан барды калың көл, Тартып алды коргонду, Журт башкарган, жакшысы, Жумуру баш кесилди, Кул кылып алды каратып, Кудайсып келген кечилди. Беттеше келген душманды, Качан аман кетирди? Кара кыргыз,казакты, Башында Манас жеткирди. Эмкисин баш бьолуп, Семетей суудан кечирди, Дөөлөтүңө мас болуп, Кылбагын,балам,кесирди. Айткан тилди алсаңчы, Ырайыңан жансаңчы. Эмики дөөлөт аз эмес, Хандык кылып жатсаңчы!» — Деп, карылык кептерин, Алтынкан канча айтса да, Ынабады Үмүтөй. Ого бетер чыйралып, Кара боюн бекитип, Чыңап алды, үмүтөй. «Казактын колу жөнө» — деп, чубап алды, Үмүтөй. белсенип алган үмүтөй, Бекемдеп белин байлады. Беш миң кошун айдады. Арада нечен бел алып, Агыны катуу суу кечип, Араңдан зорго кыдырып, Ал Кеңколго барганы. Кеңколдун алкым ташынан, Үч-кошойдун сазынан, Бөксөнүн аяк куюштан, Кол көрөндү ушундан. Сары хан абаң кеп айтат: «Кандай шумдук болду бу, Кол көрүндү — деп айтат? Кайсы экени билинбейт Ким экенин билсекчи, Беттешип келген жоо болсо, Белсенишип көрсөчү. Бирдеше келген кол болсо, Бир сүйлөшүп көрсөкчү» — Деп, айтканда Сары хан, Макул көрдү Бакай хан Анда баатыр Гүлчоро, «Өзүм кабар алам,» — деп — Суркоен башын чулгутуп, Туяктан чаңын бургутуп, Колго кар жөнүндү, Элестетип дөбөнү. Атактуу баатыр Гүлчоро, Айылда жүрсө бир чоро, Аттанып чыкса миң чоро, Айгалышкан жоо болсо, Айбат кылар шер чоро. Кайда катуу жер болсо, Аша албаган бел болсо, Аа аттанган Гүлчоро, Атына минип дуу коюп, Караган элге чуу болуп, Тулпары тердеп суу болуп, Колтуктан чыккан буу болуп. Көк жал чоро Гүлүстөн, Жете барып алдына, Келген бойдон кеп айтат, Кеп айтканда деп айтат: «Жолдон азган кол болсоң, конок кылам кандайсың? Доолашып келген доо болсоң, Урушарга жоо болсоң, Урунарга тоо болсоң, Ушаласам кандайсың? Тааныбай турам элиңди, Таппай турам пейлиңди. Кайкалаган калың кол, Баарың окшош турасың, Биле албай турамын, Кайсы экенин бегиңди? Байкап сөзгө кулак сал, Өрттөгөн арча өңдөнгөн, Өңү суук, сен кимсиң? Өкүрүүчү баштанган, Түрү суук, сен кимсиң? Айдама кошуун кол жыйган. Жолу суук сен кимсиң? Суудай толкуп шарданган, Топ-топ тулпар байлаган, Тоодой баатыр сен кимсиң? Шер өңдөнүп көрүнгөн. Жүзүңөн нуруң төгүлгөн, Көмүрдөй кара көзү бар, Көркүң шердей сен кимсиң? Көпкөк темир кийинген, Көптү көрсө сүйүнгөн, Коркпогон качып өлүмдөн, Кордукту көрсө элиңден, Коржоңдогон сен кимсиң? Такыр жибек кийгениң, Такыр жорго мингениң. Тааныбаймын, билбеймин, Башыңда суусар бөркүң бар, Падышадай, сен кимсиң? Сундуруп найза тартпаган, Сумсайып жоодон качпаган, Найзага темир аштаган, Айдама кошун баштаган, Баатырсынган сен кимсиң? Качырганды кармаган, Качпай туруп жалмаган, Көргөн киши зарлаган, Кем эмес түрү камандан, Алышканды аймаган, Албай жолго салбаган, Алп мүчөлүү, сен кимсиң? Жолоочу болсоң, жолго сал, Жоо келчү жолду самаган. Жолоочу эмес кыясың, Жоолашчудай турасың, Жообуңду азыр айта сал!» — Деп, ошентип Гүлчоро, Сөз сурады эр чоро. Кундуз ичик суусар бөрк, Кубулжуган бир манап, Салты башка адамдан. Караганды уялтат, Кепти баштап ал айтат: «Атаңдын көрү, ит Чоро, адам болбой, кет чоро, акылы жок, нес чоро, Жолоочу биздей болобу?! Сендей чоро оңобу?! Жолоочу — деп — ойлобо, Жоолочу киши биз эмес. Мен жүрөмүн жоону издеп, Урушарга душман жок, Урунарга тоо издеп! Атамдын аты Хан Көкчө, Өзүмдн атым Үмүтөй, Атамды манас өлтүрдү, Ошого келдим кун издеп! Өзүңдүн жолуң билбесең, Айткан сөздү абайлап, Кулагыңа илбесең. Сапырып ийем шаарыңды, Тартып алам малыңды, Алдыңа минген тагыңды, Башыңда таажы багыңды, Кокуйлатам карыңды, Койбой кырам баарыңды,. Куп сынаймын алыңды, Ардактаган абаңа, Айтып баргын жайымды! Семетей келсин алдыма, Керек эмес малыда, Чөк түшүп ыйлап отурсун, Кол байлап менин алдыма, Кабыл кылса кылармын, Карыя Бакай наалыса, Кечсем өтүп калармын, Каныкей эжем таарынса, Деп ошентип айтты эле, Алмамбет уулу Гүлчоро, Бели катуу бек чоро, Белдсенишкен душманга, Жалгыз эмес сан чоро, Сайраганда кеби шар, Каарданса жолу тар, Кармашчу жоону көргөндө, Ач арстандай түрү бар, Гүлчорону көргөндө, Көргөн бенде туюнар, Гүлчоро туруп кеп айтат, Үмүтөй койгун деп айтат, Эми уктум атыңды, Баян кылган арзыңды, Байкап билдим дартыңды, Көкчөгө Манас бажа экен, Биринен-бири кете албас, Курбалдаш өскөн жан экен, Ал кезекте эрлердин, Өзүнчө сыры ар экен, Арстан эрге шер Көкчө, Ар качан келип турчу дейт, Айкөл менен кеңешип, Ар кандай ишти кылчу дейт, Кайда барса кабылан, Калбай ээрчип барчу дейт, Талаадан талап олжо алса, Так ортого салчу дейт, Көзүнө көркөм мал болсо, Көмүркөйдө зар болсо, Мурун Көкчө алчу экен.