Абыке менен Көбөштүн Манастын айылын чабышы. Каныкейдин Семетейди алып качышы
Көбү төгүн көбү чын, Көрүп келген мен эмес, Күрпүлдөтүп айтабыз, Көп теңтуштун көөнү үчүн. Жарымы төгүн жарымы чын, Жарандардын көөнү үчүн. Жанында турган киши жок. Жалганы менен иши жок. Айтайын бир аз канкордон, Айтканым жалган болбосо, Арбактары колдосо. Хан Жакыптан эр Манас, Жатуучу белең чалкалап. Бек ачуусу келгенде, Бейжинди бузган талкалап. Кармашалбай душманы, Кара жанын калкалап. Бейжинди барып багынтып, Сурап турган кезинде, Кытайлардын Коңурбай, Кеги бардыр ичинде. Белин бекем байлады, Камы жок турган беренди, Айбалта менен жайлады. Айбалта тийип шилиге, Көзү оттой жайнады. Кор болбогон баатырдын, Шору минтип кайнады. Кан Коңурдан өлгөнүн, Кайран эр кордук көргөнүн, Жарасы жаман зилдеди, Не кылаарын билбеди. Жайдары Манас ооруган, Жаман өлүм тооруган. Мына ошонун шаарында, Манастын көзү барында, Акылман тууган Каныкей, Койоналы чунагың, Жар салып көп элге, Маминтип ашын бердирип, Мамыга аркан кердирип, Алдында күтүп камынып, Ойу менен иш кылып, Майдын баарын ысытып, Кыштын баарын бышыртып, Эркечтин майын эритип, Аки, бору аралаш, Таштын баарын эритип. Сарайын чакан салдырып, Көргөндүн көзүн талдырып. Келген элдин баарысын, Тамашага кандырып. Жоругун элден арттырып, Миң жамбы менен бүттү ээп. Күмбөзүнө жаздырып, Манастын баскан мөөрүн, Окшош кылып ойдуруп. Күмбөзүнө бастырып, Кышында тоңсо агарып, Жайында күйсө карарып. Манаска кылган чыгымы, Күмбөзүндө саналып. Күмбөзүн жакшы бүтүрүп, Каныкей жүрчү күтүнүп, Ичине жайын каздырып, Өлө элек Манас барында, Ага катырган айкел жашырып, “Сөөгүн ачып каапырлар, Өрттөп таштап кетет деп, Көргөзбөй тирүү адамга, Кыйаматтык дос болгон, Кызыл арстан молдого, Карыган Бакай абаңа, Кайнардын кара суусуна, Көр каздырды ушуга. Сууну тетири бурдуруп, Алдында сайды ойдуруп. Ичин жакшы бекемдеп, Темир менен кынатып. Таш менен жакшы шыбатып, Шамал кирчү бир тешик, Эки күндүк ыраактан, Темир менен кадатып, Кызыл арстан Бакай хан, Кандай кылган иши деп. Карылар жүрдү санашып. Кабыландын өлүгүн, Катып сууга койот деп, Калың журт түк бир ойлобойт. Өлбөй Манас турганда, Көмүлүп көрү калыптыр, Алыстан келген нечен бар, Манастын койгон көрлөрүн, Көрүп кетсек экен деп. Эли койуп жанганда, Сууруп кетсек экен деп, Күмбөздү жүрөт кайтарып, Көөнү бузук адамдар, Көрүн ачып караса, Таш болуп Манас калыптыр. Өлбөйт экен канкор деп, Жандан тойгон анткор деп. Өлүмүш болуп көмдүрүп, Көңүлү бузук адамды, Сынап жүргөн белем деп, Калмактан келген канчоо бар, Кытайдан жүргөн экөө бар. Качып кетти мобулар, Кайгылдар качып кетиптир. Каалаган ойго жетиптир, Каныкей эми нетитир. Кадикте иши бүтүптүр, Өткүр Манас баатырдын, Өлөргө күнү жетиптир, Асылым Манас өлгөнү, Оозунан чыгып көк түтүн, Бопоростой бур этип. Калың журт калды чур этип, Мамык жаздык башында, Ыйман айтып жарылдап, Беш арысы кашында: “Асылым төрөм курдашым, Акыретке кеттиң деп, Акым жок сизде кечтим” — деп, Каныкей турду кашында, Ардактаган дейилда, Ак тубардан көшөгө. Жүзүнө тартып койдуруп, Тогуз ондой бээ тандап, Коногуна сойдуруп, Канкорду сурап келген эл, Кол жуудуруп кондуруп, Бейшембинин күнүндө, Жуманын кадыр түнүндө, Кандуу кетти кайран эл, Ак исламдын дининде, Ар ким өлөт ошондой, Жети күндүн биринде. Эртең менен болгондо, Алты сан кара топ ногой, Эл жыйылып толгондо, Дооронго тоскон сур байлап, Баарын бирдей кур байлап, Кыргыздын наркы ушу деп, Шарыйатта жок эле. Күнөө болсо мейли деп, Жаман атты кылат деп. Дооранын жакшы кылдырып, Бидийасын өткөрүп, Ыскатын токтутуп, Кыйаматтык дос болгон, Кызыл арстан молдого, Жаназасын окутуп. Молдого кепин бычтырып, Жуугандарга он бештен, Бар кийимин жыш кылып, Бакайга башын карматып, Баары журтун жардатып. Акылман тууган Каныкей, Акылына көндүрүп. Ак сарайга алпарып, Көрсөтмө кылып көп элге, Айкелин анын көмдүрүп, Түн ичинде байагы, Кызыл арстан молдого, Карыган Бакай абаңа, Караңгыда каздырган, Кара суунун кудукка, Катып аны көмдүрүп. Үстүнөн сууну агызып, Каныкей көөнү тынды эми. Хандын кызы Каныкей, Жалгыз жанга туйгузбай, Жайынча кызмат кылды эми, Кайрылбай кетти кайран эр, Каныкейди үшкүртүп, Ажы менен молдого, Бейитке куран түшүртүп, Бар кызматы бүткөн соң, Дүрбөгөндү кайтарып. Беш алты күн өткөн соң, Абыке, Көбөш, Жакып хан, Масилет кылып алышып, Бир семизди сойушуп, Арага элчи койушуп, Бирибизге тийсин деп, Киши салып айттырып. Арбагы үчүн Манастын, Назданганда тийбесе, Зордук кылып алабыз. Тийбеймин десе долуну, Тескери чачын жулабыз. Тезек терчү кылабыз. Бөлүштүрүп мал-пулун, Чаап алып тынабыз. Дешип кепти бүтүрдү. Арачысы бир киши, Арага келип кеп айтты: “Ой, Каныкей байбиче, Кулак салчы деп айтты, Ар кимдин эри өлүүчү, Артында зайыбы калуучу, Тиешелүү жесирин, Тим эле нике кыйуучу. Баштагы орду былк этпей, Байбиче болуп калуучу. Жоготосуң кобуңду, Кимисине тиесиң. Ачык айтчы жообуңду, Баштагыдай Каныкей, Биле албайсың тобуңду, Кууп салат үйүңдөн, Сен табасың жолуңду. Арачы киши муну айтты, Анда туруп Каныкей, Арачыга кеп айтты. — Арачы киши кайтып бар, Менин кебим кулдарга, Төкпөй чачпай айтып бар, Эки арамдын энеси, Кайинимдин жеринен, Жумшап келген күң эле. Каалабаймын, тийбеймин, Капа болуп, жүрбөймүн, Бул кулдарга болбоймун, Мурутуна сийбеймин. Өлбөсөм күндү көрөрмүн, Өлтүрүп койсо өлөрмүн, Күн тийген жерге жөнөөрмүн” Арачы киши кайтканы, Акылман тууган Каныкей, Алда кандай болот деп, Артын ойлоп шашканы, Аракет кылды Каныкей, Семетейди катканы,. Ошол кезде Семетей, Үч жашка чыккан бала эле. Башынан ойлоп иш кылган, Каныкей даана жан эле. Жумуш кылчу казанчы, Сарытаз деген бар эле. Бакмага берген ошого, Семетейди ага эле. Семетейди асырап, Сарытаз багып жүрүүчү, Бакайдан башка жок эле, Мунун жайын билүүчү. Аттанып канкор кеткенде, Чоң Бейжинди бет алып, Ыйлап жаткан баланы, Сатып алган Каныкей, Алтын, күмүш зарга алып, Эркелетип колуна, Көтөрүп жүрчү карманып, Манастын уулу ушу деп, Баары журт жүрчү таңданып, Күйпүлүрөөк бала эле, Өсө албаган жан эле, Балтыр бешик баладай, Ал-абалы бар эле, Дагы жакшы кийгизип, Толуктады аны эле. Арачы киши кайтканы, Абыке, Көбөш, Жакыпка, Каныкей сөзүн айтканы: “Жеңеге бардым жеме уктум, Теги жаман кеп уктум, Өзү жесир тул деди, Экөөңөрдү кул деди. Абыке, Көбөш экөөңдү, Теги эле жаман тилдеди. Көргөнүм каран түн деди, Энеңерди Чыйырды, Жумшап келген “күң” деди, Абыке, Көбөш эки арам, Тийишпесин тим деди, Каалабаймын, тийбейм дейт, Капа болуп жүрбөйм дейт, Бул кулдарга болбойм дейт, Мурутуна сийбейм дейт. Кабарчы киши мен болуп, Каныкейге тутулдум, Айткан кеби мына ушу, Карызыңардан кутулдум” Ушул кепти укканы, Оолугуп Жакып жатпады: “Эрки менен болобу, Эртең менен долуну. Токмоктоп иттей баккыла, Токтобостон чапкыла” Абыкеси арданып: “Сени, — деп оозун карманып, Долу күңгө кылбасам. Айылын анын чаап алып, Казанымды кармасын, Ачкалыктан зарланып, Кар болсун жесир Каныкей, Карды үчүн зарланып, Үйүмдөн жүрсүн кете албай, Казан асып зарланып.