Кеңеш салбай калыпмын, Акылыман таныпмын. Сандалып бүгүн турамын, Эч айламды таба албай! Кармашта барсын, Канчоро, Кайрат кылар, эр чоро. Таарынышса Гүлүстөн, Ар кандай ишке жүрүшкөн. Өзүң билип жайларсың, Таарынттырбай хандарды, Табарсыңар, жаш балдар, Айбанардын айласын! Эки бала иш кылсаң, Эми кантип бурамын? Калгандарды бөлүнтпөй, Элди күтүп алгыла. Бийликти бердим силерге, Билип кылсан ишиңди, Деги кордук болуптур, Туйунуп эми олтурам. Кетирбей карма, жаш балдар, Абалтан берки кишиңди. Катышпайын, билбейин, Гүлчоро менен Канчоро, Өзүң башкар ишиңди». — Деп, ошентип Семетей, Агынан сүйлөп турганда, Мойун толгор айла жок, Ишин берип турганда. Ич күптүүсү басылып, Жүрөктөн зардап арылып. Таарынчысы жазылып, Жанындагы чоролор, Жаркылдады жалганда, Атадан калган Коргондун, Жанына жакын барганда. Ак асаба, көк желек, Алы келсе калмактар, Жамгырчы менен Бакайды, Эчак мууздап таштамак. Жалгызек менен Байтайлак, Калган элди баштаган. Семетейге жолукту, Төө жайлоо, Айрык башынан Семетейди көргөндө, Серпилбеген Жалгызек, Зерек баатыр Байтайлак, Кабактарын бүркөшүп, Кабаттап тонун чүмкөшүп. Салам айтса, кол бербей, Бастырышты жүр дешип. Калмактан баатыр Уусаңген, Алар менен иши жок. Бел байлады Кожожаш, Азыркысы көөнү ток. Семетей менен Гүлчоро, Кайраттуу баатыр Канчоро, Жоо бөрүсү Жалгызек, Жолборс баатыр эр жүрөк, Бала баатыр Байтайлак, Келгенин көрүп Уусаңген, Каалгасы бийик чоң Коргон, Каалгасын бекем бекитип, Калкалап жанын бекинип. Карап жатты калдайып, Коргонду берип калмакка, Каңкоруң, турат далбайып. Карап турар айла жок, Уруш кылбай камданып. Ошол кезде Айчүрөк, Асман менен айланып, Шамал менен жарышып, Шарпылдап учуп жетти эле. Коргонду калмак колго алган, Койбостон түктү олжо алган. Оодарылып токтобос, Оруну жок бул жалган. Кимиси баатыр, ким коркок, Ошондойдо ылганган! Элчи кирер эшик жок, Кылайган шоола тешик жок. Байрак тиктеп, туу жайса, Серпилип калмак чыккан жок. Чын айласы кеткенде, Тактада калмак жатканда, Гүлчоро турбай камданып, Эркечтенип шаңданып. Эрлик менен аттанып, Эбин таап кирсем — деп, Урма ташта жез ноого, Бурап тартма жерине, Чыгарып алма тээгине. Чын эле келип ошого, Колун салып ошондо. Туткасынан кармады, Тартып сууруп алганы. Ноого түшүп зыпылдап, Коргонго кирип алганы. Колуна кылгыч кармады, Коркпой кыргын салганы. Коргондун ичин кандады, Душман кирди дегенде, Турбай калмак камданды. Жай кылбайт экен бизге — деп, Жайнап чыкты талаага. Калың, калмак кошунун, Айдап чыкты талаага. Талаага чыгып Уусаңген, Сандагап калмак кол менен, Асаба таштап, туу тигип, Эр майданын күзөттү. Эрлик кылып Канчоро, Желигип чыкты майданга. Эл үчүн кызмат кылам — деп, Белин чындап байларга. Калмак баатыр Уусаңген, Каруу жарак асынып, Майданга чыкты камынып. Эр Канчоро, Уусанген, Беттешип эми барганда, Балталашып жетерде, Башка чаап кетерде. Зыркырап доош угулуп, Канчоро өңү кубулуп. Кандай шумдук болду — деп, Аркасын карал бурулуп. Шыпшайдер уулу Кожожаш, Шыпшыган жааны тартыптыр. Зыркыраган жаа огу, Канчорого жетиптир. Үч кабат темир калканын, Ок өтпөгөн олпогун, Такыр тешип кетиптир. Учу этке жеткенде, Кармай алды сабынан, Канчородон башка адам, Жаа огун кармап албаган. Кабылан туулган түгөнгүр, «Эми атса сойот — деп, Кантип тирүү койот» — деп — Калмак Саңген баатырдын, Каршы алдына тура албай, Кайра качып калганы. Бура тарта бергенде, Бурултпай найза сайганы. Канчоро калды жыгылып, Топого башы тыгылып. Коркконунан эңтендеп, Жыгылып, кооп темтеңдеп, Бура тартты Уусаңген, Башын кесип кетсем — деп. Ашыгып калды Байтайлак, Батыраак ага жетсем — деп. Өлүм менен кери жок, Өлүмдөн коркор эби жок. Эрдигинин чени жок, Чендешер бенде теги жок. Алыстан келип шаар алган, Ал калмакта кеги көп. Качырып жетти Байтайлак, Камандай тиши качырап. Маңдайда көзү чачырап, Канчорого жеткенче, Сайып калмак Саңгенден, Шаштырды бала найзалап. Кооп кетти ордунан, Эр Канчоро анталап. Коркуп калган түгөнгүр, Басалбай турат тамтаңдап. Алдындагы Карала ат, Эми кармап минерде, Шыпшайдар уулу Кожожаш, Жааны тартып ийгенде. Теминөөргө туш келип, Темирге огу тийгенде. Темирди тешип кыйратып, Каралатты сулатып. Аттан өтүп аткан ок, Канчоронун шакшагын, Көзөп кетти кыйратып. Аны көрүп Байтайлак, Аргытып атын чуратып. Кабылан туулган чорону, Ат куйругун карматып. Алып кетти чогуудан, Армандуу болбой Канчоро, Кутулду душман колунан. Карап турбай Кожожаш, Жебе тартып соңунан. Бакайдын уулу Байтайлак, Он мөрүгө ок тийип, Балтасы тушту колунан. Балта жерге тушкөндө, Эр тиреги сом билек, Колдун иши бүткөнө. Калмактын ханы Уусаңген, Кайрап кылыч жетти эле. Гулчоро чаап жеткиче, Куйгулуктуу чунактын, Көрүнөө башын кести эле! Гулчоро байкуш канетсин, Түшүрбей башты топого, Эңип илип кетти эле. Уусаңгенди Гүлчоро, Көмө сайып кеткени. Калмактын калың кошуну, Каптап селдей жеткени. Гүлчорону жеткирбей, Уусаңген башын кестирбей, Кутказып алый кеткени. «Өлүгүн алып кетет — деп, Абакем сөөгүн көрсүн — деп, Жалгызынан айрылды, Көңүлү сууп калсын» — деп, — Белине бекем камынып, Жынжырдан кемер курчанган, Аткый кармап Гүлчоро, Сур аттын артып жалына, Камчы берип санына, Калмактардан, чогуудан, Алып чыкты Гулчоро. Кайра жанды калмактар, Мындай уруш болгондо, Кан төгүлмөк наркта бар. Эрегиштен эр өлөт, Экөө жалгыз дебестен, Эңишке кирсе бары өлөт Өзү өктөм кудайдын, Өкүмүнө ким көнбөйт. Ушинтип келет Гүлчоро, Кошуп ыйлап күңгүрөп. Кошунга жакын барганда, Башы башка Байтайлак, Тулку бойу бир башка, Гулчоро тура калганда. Карыган Бакай абаңдын, Көзү көрүп баласын, Көрүнөө калмак чыгарса, Чечекейдин карасын Карып калган хан Бакай, Канткенде буга чыдасын?! Кызыл кандуу жөтөлүп Бузулуп өңү көгөрүп: «Семетей, төрө, болбой кал, Кордукту мындай, кылбай кал! Бала жолборс атанып, Журт башкарып, жүрбөй кал! Атактуу баатыр Коңурга, Антта турбас донузга, Бир кишиге туйгузбай, Билинбей кетип ушуга. Канчоро чалгын чалды — деп, Гулчоро кабар алды — деп. Жыргап жаткан кыргызда, Кайдан болсун кайгы — деп. Камынбай жүрөт алдынан, Карыганда хан Бакай. Күнүм каран калдым — деп, Өзу берген жалгызды, Өзү кудай алды — деп! Тунжуруман айрылып, Акырет кетер чагымда, Күнүм каран калдым — деп! Өңөргөн колдо найзамды, Кара ташка мен уруп, Жеп салдым жалгыз баламды Жыласын тартып куурадым, Жаш менен көзүм буладым! Кылычым канга бойодум, Кылымды далай жойлодум. Кыргыйыман айрылып, Кыйноого калган окшодум! Мылтыгым сынды белинен, Бузулган ишим жеринен! Буркурап ыйлап олтурсам, Боор ачыр бенде ким экен?! Карыганда Бакайдын, Көзүнүн жашы сел экен! Тартылып түндүк, от өчүп, Түгөнүп калган кеп экен!» Уусаңген калмак баш кесип, Сакалы ылдый жаш кетип. Кайгырып Бакай кабылан, Кайгыдан бойдон ал кетип. Шалдырап мууну бошошуп, Шалпыйып Бакай шай кетип. Ыйлап турат карыйа, Кара көздөн күйгөндөн, Кан аралаш жаш кетип: «Тулпарым калды минилбей, Тунжурум калды салынбай. Күкүгүм калды таңшыбай, Күлүгүм калды чабылбай. Көмүлгөн көргө калмактар, Күйгүзүп мени наалытты, ай!» Жамгырдай жашы төгүлүп, Сакалы ылдый агылат. Көрүп туруп Бакайды, Көргөн журттун баары ыйлап. Карыган Бакай хан ыйлап, Калбай журту баары ыйлап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей». Элдик эпос. Басмага даярдаган М. Эрги. Булак: bizdin.kg.