Кайгысына Бакайдын Караган ыйлап, тал ыйлап, Өчпөскө бүткөн күн ыйлап, Өсүп чыккан гул ыйлап. Ай караңгы түн ыйлап, Өз, жат дебей баары ыйлап. Токтоно албай тоо ыйлап, Топурак, таштын баары ыйлап. Адыр ыйлап, жер ыйлап, Адам калбай жалпы ыйлап. Карыган Бакай тура албай, Какшап турат жан кыйнап. Аккан тунук суу ыйлап, Айдыңкөлдө куу ыйлап. Алты сан кара көп ногой, Катын, эркек, кан ыйлап. Салынган коргон там ыйлап, Сайылган терек бак ыйлап. Сакалы ылдый жаш кетип, Сакалдуу Бакай хан ыйлап. Элдин баары чуркурап, Эси кетип буркурап. Тура албады Семетей, Журөгу күйүп бек туйлап. Чыдай албай Семетей, Чылбырын бекем курчанып: «Калмактан көрдүм кордук — деп! — Кабылан төрөң муңканып. Бакайдын айткан сөздөрүн, Мойнуна кабыл парыз алып. Айтса айтпаса, абакем, Айтары мага эп экен. Гулчоро менен Канчоро, Бузулат калкың дегени, Ал айтканы чын экен! Мени кудай урчубу, Мындай кордук болчубу? Алдын тосуп албасам, Жалгызек мойун бурчубу? Калкымдын баары бөлүнсө, Карыганда Бакайдын, Көзүнөн жашы төгүлсө Он тогузда Байтайлак, Бөөдө өлүп көмүлсө. Эрдигим менин бекер — деп, Эл бузулуп кетер — деп. Энөөлүк кылып мен жүрсөм,, Эли-журттан айрылып, Эми айлам нетер — деп. Эрдик кылып жоо сайсам, Элим көрөт пайдасын. Кантип элди унутам, Кошун курап, кол жайган?! Коңурбайга айдадым, Кетенчиктеп тартынбай, Зор душманга барганын. Тайанып элдин күчүнө, Ал душманды алгамын. Жалгыз жүрүп жоо алып, Жалгыз көздү сойдум — деп, Көтөрүлүп көңүлүм, Көйрөңдөнүп алганым, Эл-журттан чыгып калганым, Анык болду бүгүн эң!» — Деп, Семетей ачынып, Хан Бакайга карабай, Караганга жарабай: «Айланайын, Гулчоро, Өзүң билгин калганды, Баланы таза жууп кой, Аруу менен бууп кой. Абамды капа кылбагын, Азыр кызмат кылайын. Айтканы ката кетпеген, Касиеттүү эр эле, Каргап мени салбасын». Гүлчорого тапшырып, Жүрүп кетти Семетей. Бастырып кете берерде, Гүлчоро туруп муну айтат: «Күлгүнүм, абам — деп айтат. Жан айабас эр эмес, Жалгыз жарым барганда, Тирүү келчу жер эмес. Келген окшойт Кожожаш, Ал Шыпшайдардан кем эмес! Аткан октон ал жазбайт, Мылтык атып, жаа тартса, Тиктегенин жер жаздайт! Огу өтпөй калбайт — деп, Олпогуң тоскоол болбойт — деп, Койгун, аба, койгун — деп, Айчүрөк жеңем, кайдасың, Аккуу кебиң кийгин — деп! Жайдын тилин билчү элең, Күндү жайлап учкун — деп. Байкап көрчү асмандан, Жыйылган калмак калктардан. Чогулушкан топ барбы? Сейрек турган эл барбы? Жалгыз турган жан барбы? Кемеге казып, от жагып, Түтүн салган хан барбы? Байкап көргүн жеңе» — деп, Гүлчоро айтып салганы! «Бийликти бердим сага» — деп, Эми эле айткан Семетей, Бастыра албай калганы. Бакайдын турбай жанына, Канчорого барганы. Ал Канчоро баатырдын, Колу сынып кокуйлап, Колтуктап колун олтурат. Семетейди көргөндө, Тетири артын ал карайт. «Арбагым качкан белем» — деп, Жалгызекке барды эле, Жаалысы катуу Жалгызек, Бура тартып кетти эле. Шашылып калды канкоруң, Журт жайкаган анткоруң. «Сары абам көөнү жай бекен, Көрбөгөлү көп болду, Сагынып мага зар бекен?» Буурул менен булкуйуп, Сары ханга барды эле. Салам айтса алик жок, Сагынмак турсун Семеңе, Сары хан көзүн салган жок. Сары ханга кеп кылбай, Салпыйып Семең шылпыйып. Алдымдагы Буурулду, Бастырганда кындыйтып, «Хандардын баары таарынып, Калган экен мага» — деп. Гүлчоро сөзүн унтуптур. «Мен кирейин, аба — деп, Күч кылайын мында» — деп. — Буурулдун башын буруптур, Кылычын кындан сууруптур. Чымындай жанын айабай, Өлөмүн деп санабай, Кайнаган калың калмакка, Кара бойун уруптур. Урганда жакшы болгон жок, Калмактын ханы Уусаңген, Найзасын күүлөп булгалап, Семетейди качырды. Уусаңген үнүн укканда, Өзү бала Кожожаш, Көрөгөн көздүү кара көз, Жааны кармап, ок тиштеп, Семетейди атты эле. Жаанын огу жетти эле, Ок өтпөс буулум Аколпок, Дал болуп тешип өттү эле. Учу этке жетерде, Тепчий өтүп кетерде, Шай колдогон түгөнгүр, (Айткан сөзүм күмөндүр) Колдобосо неткени, Колдоочусу баабедин, Кызыл бала жылаңач, Шашылып буга жеткени. Кирип жаткан окту ал, Бойунан кармап кеткени. Жанып жерге ок түштү, Жаанын огу бош түштү. Жолугушар киши эмес, Жоонун жайы эң күчтүү! Баабедин менен иши жок, Коруп турган киши жок. «Ок өтпөйт экен буга» — деп, Кезеген огун имерип, Тай буурулга Кожожаш, Тайсалдап туруп атты ок. Семеңдин жаны тыныптыр, Буурулдун буту сыныптыр. Шыйрагынан үзүлүп, Тарамышы кыркылбай, Тай буурул калды тим жылбай. Кеткенин билип Гүлчоро, «Бул кошулуп өлөт — деп, Анан кимди көмөм — деп, Байтайлакты элдерге, Муну алсаңар белем» — деп. — Кечикпей Гүлүс бат жетип, Атадан калган сур жебе, Ага кездеп ок салып, Атайын деп калмакты, Эр Гүлчоро бел байлап. «Көрүнөр бекен Чурөк» — деп, Көктү тиктейт көз жайнап. Көктү чолуп Айчурөк, Баарын көрүп туруптур. Булутту сөгүп бөлүнттү, Гүлүстөнгө караанын, Өзү Чурөк көрүнтту. Элдир-селдир чогууда, Тизилип турса сабында, Жаман чапан бир киши, Элдин арка жагында, Кемегеси жанында. Болжолдоп Чүрөк желегин, Ошо жакка ыргады. Семетей менен кери жок, Эр Гүлүстөн чоронун, Билбей турган кеби жок. Билгени немей неткени, Адырды көздөй бет алып, Салып чоро кеткени. «Канкорум кордук көрдү» — деп, Кошойдун уулу Жалгызек, Салган бойдон жеткени, Туугандан кечкен кызталак, Кандуу калпак кийсе да, Кысылганда чын карайт. Асили кыргыз уругу, Ал карабай ким карайт? Калмак Саңген капырды, Кан ичме жинди чакырды. Кайра тарта бергинче, Семетейге келгинче, Сайып өтө берди эле, Бура тартып алгыча, Бурулуп найза салгыча, Уусаңгендин Жалгызек, Башын кесип алгыча, Жаанын огу жеткени. Оң карыга ок тийип, Сооту жок жерге нак тийип. Күүлөнгөн огу шак тийип, Колу сынып жок болду, Качырып жоого сак кирип. Ошо кезде Гүлчоро, Көрүп калды караанды. Бер жагында уч саптан, Кезеген жаадан ок тартты. Пар келтирип тушуна, Баатыр Гүлүс шок тартты. Бура тарта бергинче, Кожожаштай мергенди, Тоңкойтуп жерге кулатты. Бир атпады үч атты, Айагында күч атты. Калмактын мерген беренин, Кара жерге сулатты. Калка болгон калмакка, Кожожашты кулатты. Күчү тоодой күркүрөп, Күрдөлүү туулган түгөнгүр, Кара бойун чыйратты. Алдындагы Сур атты, Камчы берип кырдантты. Гүлүстөндүн камчысы, Күүсү менен тийгенде, Учуп кетти Суркойон. Учпаганда неткени, Ортодо турган Жалгызек, Жөө калганы Семетей, Жаралуу болгон эрлерге, Көз ачкынча жеткени. Жалгызек колу сынганда, Буурулдун буту сынганда, Жалгызек менен Семетей, Өлүмдү алып мойнуна,. Жалынып акка турганда. «Экөөнүн башын тең кесип, Алып кетсем белем» — деп, Баатыр калча Уусаңген, Атынын башын бурганда. Учкан куштан Гүлчоро, Утур келди ушуга. Найза карма чыңдаган, Сайганын жыкпай калбаган. Кылыч кармап кырдаган, Балта кармап кезгерген, Кеткен эмес илгертен, Кез келгеп адам тук эсен. Күйгүлтүктүү Гүлүстөн, Күлүгүн мыктап жүгүрткөн. Көкүлүн көккө шүйүлткөн, Куйругун бекем түйүлткөн. Тилин өлчөп сөз алган, Асманда жүргөн күңүрттөп, Мөкүбалдуу найзасын, Булгап колго алганы. Бура тарта бергиче, «Чарайнанын чети — деп, Алтын ээр кашы — деп, Табарсыктын башы — деп, Кулдун, өлөр жери ушу» Как бооруна муштады. Муштаганда өткөнү, Аркасынан коройуп, Найза чыга түшкөнү. Күүлүү найза жетиптир, Эки кабат темир тон, Талкалап өтүп кетиптир. Кужурлуу туулган Гүлчоро, Күүсү менен күркүрөп, Көргөндүн бойу дүркүрөп, Сийдиги агып бүркүрөп, Калмактар качып сыйлыкты, Бир четинен дүркүрөп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей». Элдик эпос. Басмага даярдаган М. Эрги. Булак: bizdin.kg.