Кызталак манжу дартынан, Кыйамат кайым болгондой. Аңтарылып жер, асман, Ар мүнөзүн байкасаң, Астын-үстүн болгондой. Таштан ташка секирген, Назик муңдуу үндөрүн, Аккан суулар келтирген, Жер жайнаган чечекей, Гүлдөрүн күбүп түшүрдү. Күзгү коңур салкындай, Өзүнүн өңүн өчүрдү Өйүз-бүйүз кеп жандар, «Алда кандай заман — деп, Болду бүгүн жаман» — деп, Бирин бири карабай, Талаада жүргөн айбандар, Эмизе берди алмашып, Өз баласын тааныбай. Муңдуу сайрайт булбулдар, Мурункудай наалыбай. Ак муздун баары көгөрүп, Жер жүзүндө бар нерсе, Калды катып дени өлүп. Аңгычакты болбоду, Ашкере келди бул жерге, Арбагы Манас колдоочу! Түштүк жактан сурданган, Кызыл мунар арылды. Жаркырап жерге күн тийип, Күзгүдөй болуп жарыды. Келе жатат төрт берен, Көргөн жандар тааныды. Тоонун баары оштонуп, Томсоргон тоолор жок болуп, Мойундарын көтөрүп, Көргүн мени дегенсип, Турнадай болуп койкойуп, Гүлдүн баары чатырап, Байчечекей жер жайнап, Булбулдар сайрап, тил кайрап, Муңдуунун көөнү ачылып, Көк ала майдан жер бети, Көргөндүн баары калды таң. Камбар ата сылаган, Ай соорунун түзүндө, Минген аты Аккула, Айбандан башка жаныбар, Аккула минип залкайып, Алатоодой заңкайып, Алдыда баштап айкөл шер, Келе жаткан чагы бар. Уй куймулчак Сарала, Уйулгуткан бирөө бар. Темир көк тулпар ат минген, Көк темирден тон кийген, Көзөл Чубак келаткан. Сырнайзасын зыңкыйтып, Телкызылды кындыйтып, Зерлүү таажы кийинген, Өз кезинде Сыргактын, Сексен нөкөөр кашында, Күнү-түнү бир жүргөн. Мындай дөөлөт ким көргөн? Келген күкүк түрдөнгөн, Күлө багып кашкайып, Өңу жарык күзгүдөн, Айкөл шерден айрылбай, Ал үчөө катар бир жүргөн. Кудай бетин нары кыл, Күлгүн тартып жер күлүп, Тиктенип чептер сүйүнүп Таштын баары жалтырап, Жер ачылып жаркырап, Нур чачылып жыт бурап, Жан-жаныбар кыбырап. Сүйкүмдүү сонун көрүндү, Жердин бети жыбырап. «Кыргыздын колу келди — деп, Жайнаган манжу, казактар, Төртөө келип, жөн койбой, Сойду эле кан кылып, Кызылуйук дөөнү — деп, Төртөөнө төртөө кошулду, Эми кандай болду» — деп? Баатырды көргөн далайы, Эл тарабын карасаң, Сүйүнбөгөн бир жан жок. Жоо тарабын карасаң, Күйүнбөгөн бир жан жок. Бирде өөдө, бирде пас, Ушундай экен дүйнө шок! Жергелетип төрт баатыр, Желе, жорто келатыр. Сарала менен теңселип, Кыраан Алмаң, эңсенип, Баатыр Гүлүс жанына, Бөлүнүп жалгыз ал келип. Сүйүнүп жашы токтобой, Көз айырбай жалдырап, Гүлүстөн калды шалдырап. Азыз хандын Алмамбет. Гүлүстөнгө айткан кеп: «Тирүүмдө жүзүң көрбөдүм, Алтын чырай бетиңден Алдейлеп, балам,сүйбөдүм. Жай алган жерге тынч койбой, Жалынып катуу наалыдың. Манжудан чыккан Мадыкан, Жан кыйналар эр эмес. Тоо бузулуп дүркүрөп, Сайларга келип жык толуп, Агызып кетер сел эмес. Келгин, балам, жаныма Оң колунан бир кармап, Оң, колум күчүн бердим — деп, Сол колунан бир кармап, Сол колум күчүн бердим — деп. Ойронун чыгар чочконун, Ушул чакта манжунун, Кайраты сага теңби — деп? — Аркасынан сылады, — Адам уулу далыңды, Тийгизбесин жерге — деп. Көрүшөрбүз да бир күн, Жан кыйналып күч келсе, Жаштык кылбай чакыр — деп. Болгун, балам, турбагын, Бул бадырек чочкону, Кара жерге батыр — деп. Бул өңдөнгөн сом билек, Ар кайсы жерде элдедир. Мадыканча болбосоң, Тукум болбой жерге кир! Караанга келген кошунга, Катылбагын, тийбегин!» — Сөзүн айтып болгунча, Өйүздөгү көп жанга, Ирмеп көзүн Гүлүстөн Серпип кашын караса, Көрүнүп турган бул төртөө, Кай кеткени билинбейт, Карааны жок эч жайда. Апкаарыбай, калтарбай, Манжунун ханы Мадыкан, Атырайып түрү суук, Карап турат маңдайда. Караанын көздөн чыгарып, Калкынан эми чыккандай, Эр Гүлүстөн чыйралып. Сырнайзаны колго алып. Жан алчудай сурданып. Өлгөндү көрүп көз менен, Күлүңдөп өңү нурланып. Бастырып жөнөй бергенде, Мадыкан турат муну айтып: «Сээрчисиңби, Гүлчоро, Сени менен сүйлөшкөн, Айтчы атын ким ошо? Аккула минип шаңданган, От жанып көзү маңдайдан. Өзгөчө түрү бир башка, Аккүбө кийген кайсы жан? Качырганын кайсаган, Кагышкандан тайбаган, Көк темирден тон кийген, Көгала тулпар ат минген, Көрүндү көзгө бир адам, Көп адамдан сүрдүү экен, Анын аты ким экен? Сырнайза колдо зыңкыйган, Шыргыйдай бойу шыңкыйган, Санды көрүп шашпаган, Сан экен — деп — качпаган, Сапырылган заманда Санаада ишин баштаган. Караса жүзү нурланган, Качырса жүз миң, кол алган. Темир кызыл көк атчан, Темингенин куткарбас, Саңоору алтын шумкар жан, Келгендердин ичинен, Салакасы артылган Зерлүү жака, алтын тон, Салты менен жамынган, Аныңдын айтчы аты ким?! Эки күндүн алдында, Хан Бакай келген жаныңа, Дем алып кийин келгин — деп, Канчалык айтып жалынса, Болбой койдум мен анда. Ойлогомун ал чакта, Оморо сайып алам — деп, Ойдунга каның жайам — деп. Ойума келбей мен калдым, Кутулуп сенден калар — деп. Өз ойумда жүрчү элем, Ак калпак кыргыз алашты, Айак асты кылбаган, Коң төрөнү чабал — деп. Туудурган атам Нескара, Туруштук кылбай душманга, Аралатып кыргызды, Алда кандай иши — деп, Көз кайкыган анжуга, Хандык наам алганбы, Кырмуз шаанын Мурадил, Кылымдан чыккан чабалбы? Деп, жүргөмүн башында Баарысын айтып бир бирден. Андан кийнн Гүлүстөн, Мага уруксат бергин сен, Элиме барып келейин, Эки күн жатып, дем алып, Сегиз болдуң төрт элең. Селдей каның агызып, Эдебиңди берейин! Сөз талашып калкымда, Өлүп кеткен алдымда, Кызыл дөөнүн дартында, Тамак ичпей келгемин. Тамактанып алайын, Ак айлаңды кетирип, Талаада каның жайайын. Өлтүрдүм — деп, — кош болбой Таласыңа барайын. Таш талканын чыгарып, Коргонуң талап алайын!» Жоокалатып кеп сурап, Жоо бөрүсү Гүлүстөн Мунун жүрөгү канча — деп, — сынап. Мадыкан антип турганда, Ак сакалы чайкалып, Бозжорго менен чайпалып, — Жашы кыркта немедей Досун көргөн хан Бакай, Ажары айдай нурланып, Келе калып кеп айтат: «Э, кулунум, Гүлчоро, Келип кеткен байатан, Кербендерим муну — айтат. Бир тойуучу ырыскы, Тамагы бар бул иттин, Ичпей турат бу капыр, Ошол үчүн көөдөңдөн, Кылча жаны кыйылып, Чыкпай турат бу капыр. Байкап туруп алыстан, Байатан бери карасам, Элиме барып келсем — деп, Мөөнөт сурап жалынган. Барсаң, барып, келгин — деп, Айтсаң, боло жаш арстан!» — Абасы айтып анчалык, Акылына сөз салып, Кошко карай жөнөдү, Кайра тартып жол алып. Мадыканга Гүлчоро, Айтмак болду шаңданып. Кырчактын кыраан барчыны, Шаңшыгандай Гүлчоро. Жерге чыккан жашыл чөп, Абанын жамгыр суусуна, Аңсагандай, Гүлчоро: «Э, Мадыкан, сен уккун, Караанын көрүп шерлердин, Кантериңди биле албай, Айлаңды таппай удуктуң! Аккула минип шаңданган, Айбатын көргөн жалтанган, Атагы алаш көп журттун, Алатоодой аркасы, Ак калпак кыргыз журтунун, Калдайган темир капкасы, Көргөндө эстен тандыңбы, Арбагы азыр тирүүдөй, Атакебиз Манастын?! Алдыңкы келген айкөл шер, Аты Манас баатыр эр. Жүрөгү чыгат кыпылдап, Көрүнүп койсо карааны, Сага окшогон немелер! Мени менен сүйлөшкөн, Алгыр бүркүт түрдөнгөн Азыз хандын Алмамбет, Кытайдан келген эр экен Мен Гүлчоро бакырды, Анын уулу дээр экен. Көз көрбөй, кулак уккан кеп, Манжу, калмак, чүржүттөр, Чогулушуп алган — дейт. Кылымдар бойу былк этпей, Ажыдаар — деп — аталган, Кытайга түйшүк салган — дейт. Таарынып кытай ханына, Манжу, калмак, чүржүткө Бошотуп шаарын берген — дейт, Ошондо кең Таласка келген — дейт. Айкөл шердей зор баштан, Алмамбет султан жол баштап, Элүү төрт илек кол баштап, Түрк уланы келген — дейт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей». Элдик эпос. Басмага даярдаган М. Эрги. Булак: bizdin.kg.