Арта салып ийинге, Кош колдоп тартып жиберет. Балтанын үнү чак — деди, Түшчүлүк ыраак көп элге, Жанында турган немедей, Тундуруп кулак шак — деди. Шай колдогон Гүлчоро, Чапкан экен жакшы эле. Төш жары энин келтирген, Уйутуп койгон сом темир, Жарылып сырты кеткени! Он сегиз миң ааламды, Оруп-жыйып алчудай, Опул-топул бат эле, Бир орого салчудай. Одурайган бадырек, Ыргаган шамал теректей, Элебеди бул чочко. Кыймыл этип, солк этпей, Кылчайып карап турганда, Амалы кетип ушунда, «Эми кандай кылам — деп, Чын шайтаным кармады. Көз ачтырбай урам» — деп, — Кол тындырбай Гүлчоро, Сырты кайсы, миз кайсы, Устөккө-бостоктөбөлөп, Салып турат дембелеп. Манжудан келген Мадыкан, Андай уруш көп көргөн. Качан чарчап чаалыккан. Колун сунуп алдыртан, Алмамбет уулу Гүлүстү Ач билектен кармаган. Билекке манжа илинди, Бул бадырек айбандын, Баатырлыгы билинди. Билегин толгоп кармады Колундагы айбалта, Жерге түшүп калганы. Ал кармаса Гүлчоро, Жанын айап калбады. Сол колун сунуп имерип, Жакасынан кармады. Кудай өзү жаратат, Кубаты артык жандарды. Катуу силкип, бек тартып, Манжунун ханы тажаалдан, Алмамбет уулу арстан, Оң колун сууруп алганы, Жакадан чойуп тартышып, Тамандаша калганы. Тартышканда чыдабай, Такыр темир сооттун, Узун, туура бөлүнүп, Чыгып кетти далдалы, Суркойон менен Көк бука, Айак шилтер аларда, Арга, медер калбады. Колдорун тартып алышпай, Кан ичип кайра жанышпай, Кармашкан бойдон көк түзгө, Ал кезекте баатырлар, Катары менен түштү эле. Буттап темир курчанган, Жан айашпай ал экөө, Белиндеги жынжырдан, Былкылдатпай кармашты. Балбандарча басышты, Бардык күчүн салышты. Аркасына сүрүшүп, Этегин кайра түрүшүп, Көрүп туруп ал экөөн, Көпчүлүк жандан түңүлүп Жаркырап жерге күн тийбей, Чаңга бети көмүлүп. Кээ кезинде үндөрү, Элге угулуп кай чакта, Бирин бири серпишип. Айкырышкан убакта, Капкачандан бер жакка, Катып калган кара жер, Оргуштап агып, суу чыгып, Толуп калды булакка. Буттары тийген кара таш, Чыдаштык бербей курган таш, Топурактай чачырап. Бирин бири тиктесе, Азуулары качырап. Кош көөрүктүн отундай, Көзүнөн жалын чачырап. Эки күнү, бир түнү, Эрикпестен кармашып. Сооттун баары жоголгон, Сонунда мындай болбогон. Бирин бири жеңбеди, Жеңүүгө алы келбеди. Ошол кезде хан Бакай, Салып жетип келгени. «Чарчадыңар,арстандар, Салгылашып кеттиңер, Күнү-түнү сеп албай. Керней, сурнай тарттырып, Ажыратсак ал кандай? Тогуз, он күн дем алып, Ылгап жарак колго алып, Беттешсеңер бул кандай?» Бакай минтип барганда, «Куру кантип жанам» — деп, Алмамбет уулу ач арстан, Ичинен кайгы, бушман жеп. «Хандык өкүм өзүндө, Кандай кылса кылар» — деп, — Унчукпай турду мостойуп. Манжудан келген кызыталак, Оозунан түтүн, буу чыгып, Чокуга чапкан немедей, Орго-баргы сөз кылып: «Мен майдандан чыкпаймын, Кыргыз атың өчүрүп, Жоготпой сени туз кылып! Мына бу уругу кытай Гүлчоро, Өлтүрөмүн алдыда, Жууруп ундай нан кылып! Жебесем кумар чыгабы, Семетей, Бакай ханыңы? Бириң аттан жыгылсаң, Бириң келип камына, Уурулукча жоо алып, Карабайсың буруттар, Өзүңдүн алы жайыңа! Койнумда алтын кудай бар, Мен сыйынам ушуга Жазганбастан кудайдан, Алмамбет уулу Гүлчоро, Чокуга аны чапканга, Арданам мен артыкча!» — Деп, Мадыкан каарданып, Көзүнөн жалын от жанып. Суу көрбөй жаткан канча жыл, Шорлуу чөлдөй кумсарып. Кара нөшөр жаачу, Жай күнүндөй бүркөлүп. Кабагынан каапырдын, Тийип турган жарык кун, Туткасы анда кептенип, Жаркырабай түнөрүп. Оозунан көбүк буркулдап, Соотун оңдоп курчанып, Бүткөн бойун топчулап, Кара бойун упчулап. Алайа капыр тиктесе, Ал чочконун көзүнөн, Алачыктай от чыгат. Маңдайга келген тоо, таштар, Чыдай албай таш кулап. Карагай, кайың теректер, Балталап кесип жаткандай, Туруштук бербей карсылдап. Көзүнүн чаары жеткен жер, Муз жарылып тарсылдап. Кыймыл эткен бүт жанды, Калтырбай баарын соргон жер, Токтоно албай калтылдап. Күн тутулуп, карайып, Ай чыга албай жашынып, Каарынан коркуп чочконун, Асманда жылдыз аз калып. Койо берип Гүлүстү, Букага минди камданып. Аркага колун шилтеди, Алып келген жүктөтүп, Алтымыш балбан манжудан, Жоо жарагын, кийимин, Толуктап алып келгени. Койнуна колун салганы, Жакут менен көздөгөн, Коло менен жасаган, Колдой турган кудайын, Колуна кармап алганы. Калдыр-күлдур дегенсип, Кашкайып каран күлгөнсүп, Мойнун ийип, каш серпип, Койнуна кайра катканы. Көрүп туруп капырды, Кабылан Бакай карыга, Гүлчоронун айтканы: «Айланайын, абаке, Дем алдырам мени — деп, Убара болбо, тегеле. Кантип кайра жанайын, Кол менен жасап кудайын, Колдоп мени койот — деп, Көйрөңдөнүп өкүрсө?! Атам баатыр Манастын, Арбагына сыйынам. Алты күндөн ашырбай, Арасында чочкону, Чанданды соргон дүйнө ушул, Таруудай сөөгүн калтырбай, Талкалап муну тоз кылам! Менменсиген чочконун, Өз кайратын башына, Өлө турган күч кылам!» Деп, Гүлчоро Бакайга, Кашкайып туруп кеп айтып, — «Кайыр кош, аба, — деп айтып, — Сайып алсам чочкону, Манжу, жапан, казакка Найзага илип көтөрүп, Алып барам ушуну. Башаламан барбаңдап, Ала көөдөк Канчоро, Манжу менен жапанга, Аралап кирип кетпесин. Байкабай артын дардаңдап, Тайбуурул менен абакем, Бастырбасын салбаңдап. Бекер убал байкасам, Караанга келген кошунду, Карандай кырып, кан чачмак. Бир сураймын, абаке, Атамдан калган Сырнайза, Жеткирип аны берип бак. Ылдамырак желиң — деп, Айланайын, абаке, Жеткиртип аны бериң» — деп, Айтып турду Гүлчоро , Арты-артынан кан какшап. Барган менен Бакай хан, Баатырлар болбой койгондо, Баш байланып барбаса, Майданда турган жекме-жек, Жакырлар болбой койгондо. Айрыкчасы Мадыкан, Карарып болбой койгондо. Өчөшүп ага Гүлчоро, Баатыр жан болбой койгондо. Бозжорго менен аргытып, Чаң уйултуп самсытып. «Канчоролоп» чакырып, «Канкордон калган Сырнайза Алып чап» — деп, бакырып. Оозунан кеп чыкканча, Оро-пара маңдайда, Көрүп турган Канчоро, Найза өңөрүп чапты анда. Алдында анын Суркойон, Алмамбет уулу Гүлчоро, Айбаттанып жоо сайган, Адамдан артык шер чоро. Куйушканын кыскартып, Басмайылын бош тартып. Боор олоңун бек тартып, Алмамбеттин бадана, Сары алтындан көздөгөн, Самсыган кытай Бейжинде, Салтка кийген тон ошо. Үпчүлүгү үч тогуз, Үпчүлөндү, эр чоро. Топчулугу үч тогуз, Топчуланды, шер чоро. Куймалуу алтын үзөнгү, Нардай болгон Сур атка, Теплей ыргып мингени. Тили таттуу, боору таш, Буудай жүздүү, кара каш, Ширин сөздүү, от көздүү, Асталап сүйлөп кыз үндүү. Чыбыктай бели буралган, Жер бетинде жок эле, Мындай сулуу жаралган. Алагар көзү чолпондой, Эр кулагы калкандай, Кызылы кызыл, агы ак, Карга тамган кан кандай? Сыпаттап айтып болгусуз, Тамылжып турат бети айдай. Чачы тал-тал жибектей, Ээрдиндеги муруту, Найзага таккан түпөктөй. Кара бойу келишкен, Күмбөзгө тарткан сүрөттөй. Сырнайза колго тийгенде, Күлүңдөдү, сүйүндү. Мадыкандын түрпөтүн, Көзү көргөн хан Бакай, Гүлчородон түңүлдү. Жоо жарагы алдында, Дайарланган Мадыкан, Кирген нардай чамынып, Сокмоктуу найза колго алып Барып тийди качырып. Сокмоктуу найза тийгенде, Мадыкан муштап ийгенде, Кез төш жары найзасы, Бадана, соотун талкалап, Чарайнасын жок кылып, Колтуктун көбүк этине, Төрт карышча киргенде.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей». Элдик эпос. Басмага даярдаган М. Эрги. Булак: bizdin.kg.