← Семетей 2/8

Мадыканга Гүлчоро, Мана мындай дээр экен «Сен, Мадыкан эркиңче, Баш болдуң элге көөнүңчө. Ашыгыпсың, Мадыкан, Ажалдан мурун өлгүнчө. Бек шашыпсың алдырап, Ажал сага келгинче! Эренди сайдым элден мен, Эр сайдым чандан жерден мен. Эсиргенди көрбөдүм, Эл ичинде сендей мен! Эсирбесең неткениң, Эртеден айткан кептериң?! Эзелки жайың байкасам, Коркконуңдан, Мадыкан, Андан-мындан кеп сурап, Жоокалаткан кептендиң. Бар ойлогон кыйалың, Баары бузук, ит, сенин! Кыскасын айтсам, Мадыкан, Талас эмес, жер эмес, Наманген, Ташкен шаар эмес, Көтмалды, Бишкек, Самаркан, Сен айдасаң алардан, Баарынан чыга берүүчү, Кыргыз андай эл эмес! Кетментөбө, Жазыны, Эркечтам менен Кашкарды, Коросон, Ооган, Испанды, Чайчүй, Букар, Шаңкайды, Жетисуу, Үргөнч буларды, Барыскон менен Дарканды, Айдыңкөл менен Нураны, Саа бастырсам, Мадыкан, Маа жетпейби убалы! Бошотуп берип саа жерин, Семетей карап турабы?! Атбашы, Нарын, Арпага, Алматы, Алтай, Сары арка, Күн чыгыш жак тарабы, Орхундун Кызыл дайрага, Кутубий, Манас шаарларга, Тарбагатай, Илеге, Көктокой, Күнөс көп жерге, Түш көрдүңбү, Мадыкан, Бара албайсың ал жерге?! Эки күн жарык көргөзбөй, Жиберейин, Мадыкан, Кире турган тар жерге, Өлүгүң ачык таштабайм, Этиңди ит жеп кутуруп, Ээсин каап кокустан, Калбаны элге баштабайм. Алалбайсын Чүрөктү, Ааламга аты дүмөктү. Айткан ушул кебиңди, Киши укпасын, ит уксун, Тирүү жан койбой жалмаган, Козголбогон жер уксун! Жамгырчынын Шаймамбет, Баш боло албайт алашка. Жамгырчы тирүү турганда, Бара албайт басып Таласка Айабайт аны Жамгырчы, Өз жерин саткан талакка. Өтүп кетсе билбеймин, Көрүнбөй качып арапка! Ак калпак кыргыз элине, Ээ болупсуң, Мадыкан, Өз ойуңда жерине! Ата болуп асырап, Эне болуп чын сактап, Эмин-эркин өстүргөн, Менин жерим болсо — деп, Көргөн киши күйүккөн. Даңктуу аты Тыйаншан, Алатоону кыргыздар, Саа береби, Мадыкан?! Токсон уруу көп алаш, Тегеректеп курчалып, Ала-Тоого жайлашкан. Энем — суу, атам — тоосу Мисирден жакшы бул бизге, Алатоонун коосу — деп, Ак калпак кыргыз не айткан?! Заңкайган бийик Тыйаншан, Ак дейилде жамынган. Суу акпаган сүт аккан, Күркүрөп сүтү күч аккан. Сүтпү, суубу таанылбай, Сай-сайында бүт аккан. Эл Кысылган күн болсо, Он, он беш жыл тим эле, Кайып менен жан баккан. Ант кылышат кыргыздар, Абдан кыйын иш болсо, Алатоо урсун — деп айткан, Алты ата, жети бабасы, Ак калпак кыргыз алашка, Алатоо болгон паанасы: Алатоодон айрылбас, Түптүү кыргыз журт ушу Жүз ата болсо баласы, Жүрөгүнүн канындай, Алаш уулу болгонго, Аркайып турган Ала-Тоо, Чечекейдин карасы. Алатоону таанытып, Сен чочкого кеп айткан, Алмамбет шердин баласы! Өлүмдөн коркуп, Мадыкан, Жоокалатпа сен мынча. Жалынсаң да, жалбарсаң, Койбоймун тирүү жалганда! Деп, Гүлчоро айтканда, Айтарына сөз таппай, Ачууланып Мадыкан, Өткүр темир найзаны, Булгап колго алганы. Шүдүңдөтүп букасын, Бул капыр жөнөп калганы. Сайамын деп, жоо келсе, Гүлчоро туруп алабы? Батарына чукулдап, Күн кылкылдап барганы. «Сайыштырбай бөлгүн — деп, Жез доолбас ургун» — деп, Канчорого хан Бакай, Кабар айтып салганы. Жез доолбас кагылды, Манжулардын элинен, Керней, сурнай чалынды. Мадыкан менен Гулчоро, Беттештирбей жандырды, Мадыкан кайта келгенде, «Жапандыктын аскери, Кыргыздар сойду эки эрди, Коркконунан Мадыкан, Кол кайтарбай келгени, Бу көрөкчө жапанга, Бүгүн түн качып кетели», Деп, кеңешип жапандар, Жапа доңуз атып жеп, Бака, жылан, коңуз жеп, Чөп тамырын терип жеп, Кай кеткени белгисиз, Бирден кетти темтиреп. Жапандын эли жок калды, Таптырып келмек тургайлык, Кеткенине жапандык, Мадыкан, казак кубанды. Керимбай бузук жеткирген, Жээнбай артып келтирген. Жылкы этинен жакшы жеп, Бал чайкаган кымыздан, Көөкөрдөгү арактан, Айабай кана ичишип, Курчанган белин чечишип, Төрт баатыр жатып таң, атты. Тулпарларын токунуп, Туйгундар түгөл камданып. Ордунан турду берендер, О дүйнө кеткен Манастын, Арбагына жалбарып Аңгычакты Мадыкан, Уйку көрбөй таң атып, Гүлчоронун кебине, Күйүгүп бетбак арданып. Өгүзүн минип дардаңдап, Мурду бузук барбаңдап. Эки буту салбаңдап, Капшытын керип кампайып, Көк буканын үстүндө, Көпкөн суурдай дампайып. Айгыр тепек кептенип, Укмуштуу мурду жалпайып, Келип калды талпайып. Башкаларга жол бербей, Жанында эки баатырды, Бирөөң, баргын сен дебей, Бастырды баатыр Семетей. Кызыл дөөдөн кечээ ал, Чокмор жеген ченебей. Кары Бакай кеменгер, Кара кулак шер этке, Кандыра эки тойгузган. Арак менен жуудурган, Аруу менен буудурган. Тарамышын аркардын, Майда туурап кууруткан. Сарымсак менен согонго, Чылап туруп сугунткан. Кырма кызыл дарыны, Ичинен берген күчтүүлөп. Кайнатма кара дарыны, Тышынан чапкан эптүүлөп. Тал-тал кетип бөлүнгөн, Этин була жымыйткан. Сөөгү ооруп сыздабай, Эти чирип суу акпай, Өз жайында Семетей. Өрөпкүгөн эр неме, Жоо жарагын бүт алып, Тай буурулга минди эле. Ак күбө кийип, ок өтпөс, Кандагай кийип, чок өтпөс. Сырнайза алып, ийилбес, Сом балта алып, жанына, Кылычы бар кабында. Кылым бенде тең келбес, Азыркы күндө Семетей, Ачууланган чагында. Буурулду минип күүлөнүп, Кирип келди көкжалың Мадыкандын жанына. Семетейди Мадыкан, Көз жиберип бир карап, «Мага кантип Семетей, Тең келе алсын» — деп санап, Теминип минген букасын, Жанаша тосуп капырың, Кыргыздын кыраан баатырын. Карс дедире бир сайды, Мадыкандын найзасын, Сайдырбастан Семетей, Кагып ийди алдыртан. Семетейдин балтасы, Алдыртан өөдө тийгенде, Каңгып найза сайылбай, Белинен сынып кетти эле. Менменсиген Мадыкан, Балтага капыр камынган. Аңгычакты турабы, Манастын уулу жаш арстан, Сырнайнзаны ыргады. Мадыкандай анжуну, Кара боорго бир сайды. Манастан калган Сырнайза, Бор сайгандай өтчү эле, Кара ташты муштаса. Найзанын учу жетерде, Болжолу жок Мадыкан, Бооруна кирип кетерде, Баатырдын сайган найзасын, Астыртан кагып ийди эле. Эр Семетей тың экен, Баатырлыгы чын экен. Мадыкан каккан найзаны, Чыгарбады колунан, Сайдырбай какса боорунан. Буурул ат менен имерип, Кыйгактуу найза баатырың, Кызталакты кыйрынан, Сайып өтүп кетти эле. Кырынан найза тийгенде, Кыймылдабай, былк этпей, Кылчалык чочко солк этпей, Кийими темир уйуткан, Найзадан темир курчу өтпөй, Күүсү менен Буурулдун, Семетей өтө бергенде, Теңи сынып жоголгон, Кыйгагы кеткен найзасын, Баштагы бүтүн немедей, Семетейдин жонуна, Көк бука менен тап берип, Май сооруну болжолдоп, Күүсү менен койду эле. Темири жок найзасы, Сокмоктуу тийип капырдын, Чоң ополдой Семетей, Чок талдан качкан эликтей, Чылбырын чойуп Буурулдун, Чыдабай ыргып кетти эле Канкорун, ыргып кеткенде, Канчоро баатыр жетти эле. Кайраттуу баатыр Канчоро, Чолок найза Мадыкан, Кара сандын сом этке, Канык муштап өттү эле. Укмуштуу уй мингени, Канчоро атын бургуча, Темири жок найзаны, Бөйрөккө шилтеп ийди эле. Сокмоктуу найза жеткенде, Сонун көргөн сайышты, Ойун көгрөн чабышты, Ойрон болгон Канчоро, Оң жагына кыйшайып, Ооп барып түштү эле. Буудандан артык Көк бука, Желгенине жел жетпейт. Жанашып шамал ушуга, Капташып калган хан Бакай, Так ошонун тушуна. Чорого сайган найзаны, Кыйгап чочко кармады. Кыйрына келген Бакайды, Кыйырынан бир сайды.