Үмүтөй менен Керимбай, Казактар жатып ал албай, Караан болуп он миңи, Көк талаанын түзүүнө, Каралашып ал келди. Кызыл уйук жапандан, Жүз элүү миң жан келди, Манжунун ханы Мадыкан, Кылымдан ашкан эр келди. Эки каман тең келди. Жапандардын элинде, Жаңкойбос деген бирөө бар, Жанашпас пенде эң жаман, “Мен чыгам — деп, — жекеге, — Элден мурун камынган. Мингени төөнүн кыйыны, — Жалгыз эле мен өзүм, Жок кылам” — деп кыргызды. Адам угуп көрбөгөн, Ар сонундан кийинди. Ала келген жеринен, Андан мурун көп минген, Сынаакы болгон төө минди. Алдына чокмор өнөрдү, Тумшугу үшүп көгөрдү. Найзаны ылгап кармады, Жанына найза байлады. Кылычы кында салынуу, Кыйындыгы таанылуу. Ийнинде калкан жабылуу, Башына туулга көмөрүп, Бастырып элден бөлүнүп, Баселек тоодой көрүнүп, Бастырганда бакырып: “Семетей, кел — деп, — чакырып” Чокчоңдотуп колуңду, Чоролоруң жибербе, Мен убара болбоймун, Барча-барат немеңе!” — Деп, кыйкырып турганда: “Мени каалап калыптыр, Мен барайын ага” — деп, Семетей атын бурганда, Баатыр билек, таш жүрөк, Балакеттүү Канчоро: “Кагылайын, хан аба, Бул айтышың кандай кеп?! Кетечинин ойунда, Жапандыкты маа бер — деп, Сурадым эле башында, Баарыңардын алдында. Өзү чыкпай Кызыл дөө, Малайына сен барба! Жанкойбос — деп аталып, Эр экен жапан калкында. Бир беттешип көрөйүн, Менменсиген баатырга. Уруксат бергин мага” — деп, Тура калды Канчоро, Хан Бакайдын алдына, “Баргын, баатыр, баргын — деп, Балакеттүү жапанга, Мурун киши барбаган, Жүрөгү жоодон жанбаган. Эр көрбөгөн ээн журт, Кезектешип сактабай, Сөөгүн жанчып, канын бүрк!” — Деп, Бакай хан айтканда, Карала менен калкылдап, Камбыл тууган эр неме, Кең багалек балкылдап. Башына жапкан калканы, Күн чагыла жаркылдап. Чоң экен — деп, душмандан, Ойунда жок тартынмак, Ал Канчоро баатырда. Жанкойбос менен Канчоро, Аты жөнүн сурашпай, Айалдашып туралбай, Аттардын башын буралбай, Найзалашып сайышып, Барсылдашып салышып. Найзадан жалын от чыгып, Тирүү бирөө калтырбай, Кетүүчүдөй көрүнүп. Көрүп турган элдердин, Көңүлү нечен бөлүнүп. Жерден чыккан топого, Баатырлар жүрөт көмүлүп. Жанкойбос минген төөсү бар, Андан мурун бадырек, Сойгон экен далай жан. Албан түрдүү урушуп, Алалбады чорону. Эр Канчоро бир чакта, Балта менен ыгын таап, Жиберди итти башка чаап. Балтаны тартып алганда, Сыртына мээси жабылып, Жанкойбоско талаада, Калды өлүм табылып. Жанкойбос өлүп калганда, Жалангычтай Канчоро: “Кызылуйук дөө келгин, Кылчаңдабай сен келгин! Кечке чейин бул жерде, Келгениңди жоготуп, Элиңдин белин бошотуп, Эдебиңди беремин. Эки күндүк уруксат, Төрөмдөн алып мен келдим!” — Деп, Канчоро турганда, Кыйамат кайым болгондой, Кыйын болуп турганда. Кызыкталак Кызыл дөө, Керкин минип кержеңдеп, Адырдан качкан аркардай, Таноосу көөп дердеңдеп. Талкалайын муну — деп, Чалкалаган бадырек, Кабаттап сегиз тон кийип, Баарын темир ал кийип. Учу заар, өткүр миз, Карыга найза илинип. Капка тоодой көрүнүп, Калың элден бөлүнүп. Каарына чыдабай, Капкара булут сөгүлүп, Ачып кирпик ирмесе, Көзүнөн каны төгүлүп. Каарын көрүп капырдын, Эр Семетей, Гүлчоро, Канчоро кантер экен — деп, Кайгырып көөнү бөлүнүп, Кебетеси капырдын, Капыстан чыккан ажыдаар, Как ошондой көрүнүп, Талкалайын бурутту, Деп ойлонуп түгөнгүр, Туйлатып керкин ойнотуп, Жанкойбосту жалмаган, Менменсиген баатырын, Койойун — деп, сойлотуп. Оозунан түтүн бургутуп, Желип чыкты бадырек, Жердин чаңын ургутуп. Майышпаган Канчоро, “Камынбасам бекер — деп, Каарланган бадырек, Муну менен салышуу, Кезектешип бекер” — деп. “Манастап” ураан чакырып, Мөкүбалдуу чоң найза, Булгап баатыр качырып. Качырганда Канчоро, Камынгыча Кызыл дөө, Капталга муштап өткөндө, Чиркей чаккан немедей, Солк этип чочко кебелбей. Андай нечен эр сайган, Ал Канчоро баатырды, Бучкагына теңебей. Бура тарта бергенде, Бөйрөгү утур келгенде, Узун экен найзасы, Муштап тура бергенде, Болумдуу баатыр Канчоро, Ооп барып оңолуп, Мурункудай баатырлык, Кайраты качып жоголуп, “Баатырлыгым качты — деп, Эсим чыгып шаштым — деп. Кайра барсам уйат” — деп, Бар кайратын бүт жыйып, Киши кылбас иш кылып. Ачылып турган оозуна, Көрүнүп тиши ырсыйып, Келтирип күүлөп найзаны, Оозго койуп өттү эле. Как ошондо чочконун, Бир тиши ыргып кетти эле. Тищи сынып, ич күйүп, Ичинен жалын от күйүп, Оңдоп кармап найзаны, Алаканга түкүрүп. Томураңдап минген керк, Эң эле жаман жүгүрүп. Жазганбай тыптың качырып, Найзаны учу жеткенде, Эр Канчоро баатырдын, Көөдөнүндө чарайна, Күкүм болуп чачылып. Канчорону шаштырды, Баштан кайрат качырып. Баатыр туулган Канчоро, Кайра кирди жапырып. Кезек менен кери жок, Канчоро менен Кызыл дөө, Кыйамын тапса келтирип, Баш кеспей кетер кейпи жок! Кыйа тартып Канчоро, Камбыл туулган эр неме, Кыйкырганда найзасын, Табарсыктын башына, Таамай муштап өттү эле. Кызылуйук чочконун, Сегиз кабат темир тон, Канчоронун найзасы, Бешөөнөн тешип өттү эле. Калган тондун кабатын, Тешип өтөр айла жок, Көптү көргөн Канчоро, Темирден сегиз тон кийген, Мындай капыр элде жок. Күүлөнүп алган Канчоро, Кызыл дөөнү камынтпай, Тартып алып найзасын, Кайра имерип капталга, Карс дедире муштады. Муштаганда көкжалың, Мөкүбалдуу көк найза, Учун канга чыктады. Тоздогон музду жаргандай, Оргуп сууну жайгандай, Найзаны тартып алганда, Кан куйулду жаргандай, Карчыттан аккан кара кан, Үзөнгүдө шырылдап. Как ошондой куйулса, Каары катуу Кызыл дөө, Кайраттанып күч чыңдап. Көк түпөк найза ыргады, Күжүлдөгөн чорону, Май сооруга бир сайды. Найзанын учу жеткенде, Карала аттан Канчоро, Капкайда ыргып кетти эле. Оңолуп өөдө болгунча, Ордунан кооп тургунча. Оңбогон ал Кызыл дөө, Мурду бузук түгөнгүр, Эшик эңдүү айбалта, Эптеп кармап колуна, Кырданып өөдө болгунча, Чабайын — деп, чокуга, Чакчайып тиктеп калганда, Чакчелекей койгулап, Ат айабай катуу чаап, Көкжал баатыр Семетей, Колундагы балтасын, Канчорого шилтетпей, Кыйырдан келип бир сайып, Кызыталак чочконун, Абалы канча — деп сайып. Көкжал сайган Сырнайза, Ушул дөөнү сайгандай, Сайылып калса жал ташка. Торопойу тоз болуп, Учуп кетмек асманга. Ушунча урган найзага, Ээрден көчүк кыйшайып. Козголуп койбойт солк этип, Семетей найза тарткыча. Жетип келип Гүлчоро, Канчорону коборуп. Өлбөй чоро кутулду, Өкүмсүгөн Кызыл дөө, Эр Семеңе тутулду. Жаалысы катуу Семетей, Жалангычтай чоң дөөгө, Жанына келип бир сайды. Удаа эки сайганда, Тоо да болсо Кызыл дөө, Козголбой турган ал канча? Казаптанып түгөнгүр, Семетей өтө бергенде, Канчорону чабуучу, Колундагы балтанын, Жалпагы менен канкорду, Далыга койуп өттү эле. Сокмоктуу балта тийгенде, Кокжалсыган Семеңдин, Көзүнө күүгүм кирди эле. Колундагы Сырнайза, Шыңгыр этип үн чыгып, Түшчүлүккө кетти эле. Бойу узун чунак дөө, Эки имерип чабалбай, Энөөлүк кылып бул доңуз, Жандап өтүп кетти эле. Атасы Манас анткордун, Кан ичме Семей канкордун. Сыр алдырбас Сырнайза, Колдон ыргып кеткенин, Сомо темир сом балта, Төкөр уста Бөлөкбай, Сомдоп соккон Айбалта. Эшик эндүү, төш жары, Как ыргайга саптаган, Пил терисин каптаган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей». Элдик эпос. Басмага даярдаган М. Эрги. Булак: bizdin.kg.