Талабы келип оңунан, Арылып шорум маңдайдан. Эне төркүн арстандар, Учурап калдың алдымдан! Өткөн жылы жай жаттык, Кыштай мында кыштадык. Жайдын күнү үч мезгил, Күн жаайт экен бул жерге. Кыштын күнү беш мезгил, Кар жаайт бул жерге. Эки күн жарык жаркырап, Күн тийбейт экен дэгеле! Эки катар тон кийсе, Токтобой киши титирейт. Жайдын күнү кол үшүйт, Териден мээлей кийбесе! Быйыл жаздын алдында, Кызылуйук дөө келди. Кыркы миң аскер кол келди, Коногу менен жүтөтөп, Түгөтүп болду бул элди! Аздык кылып Кызыл дөө, Манжудан келди Мадыкан. Артындагы аскери, Кем эмес бирөө жүз миң жан. Үмүтөй менен Керимбай, Санатын оң миң толтуруп, Эр жыйнады казактан. Эми үч күндө аттанып, Таласка бармак бул жактан! Жолуктубу сиздерге, Мага коңшу жүрүүчү, Молдо Күдүр байкушту, Агеркеч мындан атказган? Кызыл дөө менен Мадыкан, Үмүтөй менен Керимбай, Шек албады айактан. Шек алып калса кокустан, Чаптырмак киши артынан. Желмогуздай Кызыл дөө, Чочконун бойу бир дөбө. Ырайым кылар түрү жок, Кол салышса бирөөгө. Манжудан келген Мадыкан, Ал капырдын мен айтсам, Узун эмес анчалык, Жоонойбойт киши анчалык. Орто бойлуу, сом белдүү, Кара мүртөз таш жүрөк. Таамай каман түспөлдүү. Маңдайында жалгыз көз, Кыйанга толгон көл өңдүү. Ыраңы башка адамдан, Кыш куураган чөп өңдүү. Өзүнө окшош доңуздун, Мингени шумдук Көк бука, Как тумшуктун үстүндө, Жалгыз мүйүз уйу бар. Ээсинен мурун камынып, Челий турган жайы бар. Ээсинен бетер кан ичме, Эби жок жаман малы бар. Жүз элүү миң аскерге, Жүрөгү курч эки эрге, Келипсиңер төрт берен. Келбес бекен алыңар, Тил алсаңар баарыңар, Таласка кайра жаныңар. Арбын аскер, кол жыйнап, Утур чыгып алдынан, Анан салгылашып багыңар. Болбосоңор айтканга, Талкалап жеп койгудай, Кызыл дөөнүн каары бар. Өңөргөн чокмор алдында, Көзүм көргөн бир ишти, Күчүн чочко билгизди. Чатырынын жанында, Өзү чакыр таш дөбө, Туручу эле кышында. Кечээ көктөм маалында, Эриккенде Кызыл дөө, Чокморун күүлөп колго алды, Таш дөбөнү бир салды. Чокморун тартып алганда, Кумдай болуп чачылып, Дөбөнүн орду казылып, Таштан неме жок калды. Көзүм көрдү чочкону, Көрмөк тургай мен мурун, Укпагам мындай балбанды! Бирок буга Мадыкан, Өз ойунда арданды. Ушу дагы ишпи — деп, Маңдайында кырчакка, Жалама жалтаң ак ташка, Төрт бута келет бийиги, Эчки чыгып жатчу эле, Өзү эңкек зоо эле. Басып барып жанына, Күбүр-шыбыр дегенсип, Көрсөтүп койду уйуна. Өкүрүп бука жер чапчып, Өкүрүгү мээ жарып. Челийип көзү кызарып, Жалгыз мүйүз башында, Ченебей сүзүп түз барып, Илип алып мүйүзгө, Таштады зоону аңтарып. Буканын күчүн көрсүтүп, Мадыкан өзү өрөпкүп. Көр күчүмдү дегенсип, Кубангансып жымыйып, Күлгөнү шумдук, түрү суук, Шилекей агып ууртунан, Тиштери кара көрүнөт. Кабышкан иттей ырсыйып, Букага минди шапа-шуп, Ал балтасын алып кырсыйып. Бир бакырса түгөнгүр, Айылда киши аптыкты. Өзү коркок жандардын, Үзүлүп кетип колкосу, Көөдөнүнөн жан чыкты. Бооз катындан отузу, Бала салып кутулду! Тээ маңдайда турган арсайып, Башын аппак муз чалып, Кереге тарткан тоо эле, Кыйа тартып Мадыкан, Балтаны шилтеп жиберсе, Сырты тийген жеринен, Учуп кетти жөн эле. “Балта бел” — деп — ат койдук, Күчүн көрдүм ошонун, Каарына алса Мадыкан, Алдынан кимиң тососуң? Уккан жана көргөнүм, Укмуш кулак билгеним, Баарын такыр мен дедим, Эми өзүңөр билгиле, Мындан нары калганын. Арбагы эбеп жөлөйт ко, Биз айталык Манас оорагын. Силерди көрдүм, баатырлар, Мен үйүмө барайын. Эл жатканда ээрчитип, Эки бала, катыным, Казан, чөмүч көтөрүп, Алтүндө келе калайын. Казан асып, суу койуп, Чай кайнатып берүүгө, Мен жээниңер жарайын” — Деп, токтолду Жээнбай. Анын кебин укканда, Жергелей тартып төрт баатыр: “Айтканың ырас Жээнбай, Көп кечикпей кайта бар. Жылдыз такта мезгилде, Катын, балаң ээрчитип, Алды жаккы көрүнгөн, Талаанын үстү секиге, Ошол жерге келе кал. Камсыз келбей, камдуу кел, Алда кандай күн болот, Өзүңө керек буйумуң, Калтырбай баарын ала кел. Учурашып биз менен, Тойунтуп катын, балаңды, Сен күнөсүңө бара бер. Эки душман беттешсе, Эр сайышып кектешсе. Солкулдайт да, калкылдайт, Токтоно албайт кара жер! Жайытта жүрөт арбын мал, Төөгө жүгүң артып ал. Катының менен экөөңөр, Тандап эки атты ал. Бүгүн алың келе албайт, Эртеңки түнү жолго сал. Кааласаң баргын күнөскө, Кааласаң баргын Таласка. Тынчылыктуу жер десең, Көчүп баргын Нарынга. Жүзүң тайбай, кадыр таап, Сен жүрөсүң, Жээнбай, Жалгызектин алдында”. Барар болсоң каерге, Акылыңды токтотуп, Анан келгин алдыма. Сен келгиче кечикпей, Кат жазамын камына. Бааруучу жериң чын айтсаң, Сен бааруучу жериңдин, Атын жазып беремин, Актай калган жайына.” Семетей мындай айтканда, Токтоло калып Жээнбай: “Кагылайын, хан төрөм, Эки ооз айтар кебим бар. Кеткин — дедиң — мени сен, Кыргыздын уулу дедиңби? Турайын десем болбодуң, Чай кайнатып бере албай, Ачка койот дедиңби? Жаман катын, жаш бала, Өлүп кетсе урушта, Каңгырап жалгыз калат — деп, Менин камым жедиңби? Урматыңда өзүңдүн, Узап кетип калайын. Кат жазып кагаз маа берсең, Текести ээлеп алайын, Ар жагы Текес, Кулжа бар, Бер жагы Тоң, Ысыккөл, Башкы жагы Музарттан, Чыгыш жагың кош жылгаң, Жапа жемиш түрдүүлөр, Чыгат экен көп анда. Арык казып, суу койбой, Бышат эгин айдаса, Өзүң берсең өтүнүп. Мен жатайын ал жайда. Жээнбайдын эли — деп, Айтылып калат ар кайда” Айтканын кабыл алыптыр, Айабай катты жазыптыр. Текестин айак жагында, “Жээнбай жайлоо” деген жер, Ушул кептен калыптыр. Колуна жазган катты алып, Коңшу түтүн көп болуп, Короого кайкап, кой толуп. Сандап жылкы саагандай, Көңүлүңдө кош болуп. “Кош эмесе — деп — койуп”, — Жээрде кашка бээ менен, Желип кетти оштонуп. Эми булар нетиптир, Жээнбайга көрсөткөн, Талаанын үстү секиге, Түн ичинде жетиптир. Болжогон жерге жеткенде, Эл уктаган кездерде, Эр от кылып, от жагып, Казан асып, муз салып, Талаада салар чай кайда, Чай ордуна туз салып. Куурган арпа талкандан, Курулай сууга чалдырып, Жатмакчы болду берендер, Олпокторун жамынып. Анда Гүлүс кеп айтат: “Кабылан Семей, хан абам, Кара чаар жолборсум, Ой, Канчоро, жоромсуң. Гүлчоро айтат бир кепти, Көөн койуп уккула. Жарабаса айткан кеп, Жабырап тилдеп салгыла. Мен барайын кошунга, Түндүн кара чапанын, Чүмкөй жаап башыма. Жылдыздан мончок тагайын, Шырп алдырып, сыр бербей, Манжу менен жапандын, Алда кандай сыры бар, Анык кабар алайын. Жазбай табам мен үйүн, Жээнбайды табайын. Жээнбайды жиберип, Агеркеч менен сүйлөшүп, Акылдашып канайын. Өлбөгөн жанга аш керек, Эки-үч төөгө аш жүктөп, Жетелетип жээнге, Жетип келе калайын. Жараса ушул акылым, Уруксат берчи, хан Бакай, Көп кечикпей барайын. Таң агарып аткыча, Дайар болуп калайын”. Гүлчоро мындай дегенде, Күйгүлүктүү Семетей, Күрпүлдөп сүйлөй берди эле: “Манжудан кабар алганың, Анык акыл, Гүлчоро. Жапандын сырын тартканың, Мунуң акыл, Гүлчоро. Анан Агеркечке жөлөнүп, Төө жетелеп, ун жүктөп, Ууру киши кептенип, Бул айтканың кандай кеп?! Кайнаган какан Бейжинден, Алыстан келген Алмамбет, Ал аш ойлогон жан бекен? Атакем Манас, айкөл шер, Ошол аш ойлогон эр бекен? Өмүр бойу аларга, Астында жүргөн жол баштап, Мына бу Бакай карыйа, Ууру кылган жан бекен?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей». Элдик эпос. Басмага даярдаган М. Эрги. Булак: bizdin.kg.