← Семетей 4/8

Ачка элден барып, ун алып, Айылга түйшүк бир салып, Ал эркектин иши эмес, Ушинтип эптеп, жан багыш! Эртең өөрүн алабыз, Кези келсе тапкан мал, Жоонуку — деп, — айтышкан. Кезегинде баккан мал, Жуттукту — деп, — айтышкан. Эртең менен болгондо, Алып келип сойорбуз, Жайылып жаткан көп малдан. Чалгынга барсаң, барып кел, Кызылуйук, Мадыкан, Катышпай ага жанып кел. Айла кылып, жан кыйып, Уктап жаткан душманга, Түнүндө барып урушуп, Тынчын анын кетирбе! Паана издеп келген казактын, Ишенип жүргөн эрлерин, Көк түздө сайып түшүрүп, Көрүнөлү көзүнө. Белгилеп уруш туу жайып, Беттешип чыгып, эр сайып. Бир көрүнсө казакка, Өзүнөн өзү жаталбай, Казактар калат азапка. Калп эле күлүп ырсактап, Чөмөрө кийип калпагын, Көбү келет кыйшактап. Кескен казы, кошкон май, Сары кантын коншо алып, Табактарын кучактап, Алдуусу келет тай сойуп, Алда нечөө кой сойуп. Куушуруп колун келбейли, Уурдап келип нан жесең, Атага наалат келбейби?! Абийирден тайып каласың, Агеркечке канткенде, Аштык бер — деп, — барасың? Мадыкан, Кызыл дөөлөрдүн, Кыйындыгын көрөйүн. Кыйалың жаман турасың, Былкылдабай сен жаткын!” — Семетей айтып болгуча, Кайраттуу шер Канчоро, Кайраты артык эр чоро, Кабыландай каркырап, Ачуусу келип аркырап, Күүлөнүп сүйлөп Гүлүскө, Шашыла сүйлөп чачылат: “Баарыбыздын атабыз, Баатыр Манас арбагын, Түн ичинде жоо алып, Канткенде аны сатабыз?! Абамдын качат оорагы, Аман-эсен жаныңда, Арстаның карап турбайбы? Кечээ Сыр коргондо урушта, Хан абам калды туйукта. Түн ичинде жоо чендеп, Кыйла жумуш кылдым — деп, Жүрүптүрсүң сен ага. Жапандан келген Кызыл дөө, Карыйа Бакай, хан Семей, Гүлчоро баатыр жолборсум, Өтүнөмүн силерден, Ушул ишти мага бер! Канчорону кызматка, Салып койуп урушка, Калганыңар жана бер!” Эки күндүн артында, Кийин болчу урушту, Камынып сурап турганда, Бек ыраазы болушту, Канчородой тууганга. Айткан сөздөн жанбаган, Айтканын кылбай калбаган, Эр Гүлчоро баатырга, Кыйын болду бул заман. Аттардын ээрин алышты, Аккаңкы койуп башына, Чыканактап калышты, Чырым уйку алышты. Тулпарлардын чылбырын, Кармай жаткан арстандар. Таң агарып атканда, Тараза жылдыз батканда. Тоодо улар чакырып, Токойдо элик бакырып. Көзү көрдү кыйланы, Жердин бети ачылып. Эр Семетей көкжал шер, Кашатка чыкты шашылып. “Кечөө күнү, кеч келдим, Сайышарга жер барбы? Карап туруп кашаттан, Белгилеп койуп келейин, Ылайыктуу жер болсо, Алдырып барып сайайын, Атамдан калган желегим”, — Дөбөгө чыгып Семетей, Төрт тарапка көз салып. Жайнаган казак, манжуну, Жапандан келген кырк миң кол, Көптүгүнө таң калып. Ээк алдында бир талаа, Эр сайышчу жермин — деп, Чыга калды тандалып. Канчоролоп бакырды: “Алды жаккы кашатка, Атадан калган белекти, Абакем ала келген желекти, Сайып келгин сен барып. Желекти көрүп жапандар, Анжу, манжу, казактар, Эртеңкече ашыкпай, Армансыз чыксын камданып”. Канчорону жиберип, Кайраттуу туулган каракөк, Кайра келди залкайып. Хан Бакай жатат оорукта, Таласында жаткандай, Эчтемеден кенебей, Эрен кары чалкайып. Аш-тамагын белендеп, Турган экен Гүлчоро, Аскалуу тоодой заңкайып. Тууну сайып кашатка, Күндүн мурду чыга элек, Кайра жетип келди эле, Канчоро баатыр калкайып. Ошо күнү Керимбай, Жүрөгү туйлап ыргыштап, Таң аткыча көз жумбай, Үйгө жарык киргенде, Ордунан турду жаталбай. Желбегей чапан жамынып, Эки жеңи салынып, Эшикте турса Керимбай, Жээнбай калды кабылып. Күдүңдөп жүргөн Жээнбай, “Кетейин” — деп камынып. “Кайда бардың, Жээнбай, Карбаластап таң атпай? Күдүр молдо экөөңөр, Күдүңдөп калдың тынч жатпай. Ийинге мылтык асынып, Ээрчитип тайган, ит алып, Сен кийикке барбагын, Бүгүндөн кийин тил алып! Кыйшаңдабай шыбырап, Куймулчак кыпчып жатпасаң, Кордукка башың саласың. Кокуйлатып сабатсам, Бир балаага каласың! Эл кобо элек таң ата, Сени сакчы койбосо, Кара кабың көтөрүп, Кайсы жакка барасың?” Жөн жүргүн деп кекээрлеп, Жөн эле жүргөн кишини, Керимбай калды такымдап. Жан айабай карганат, Байкуш Жээнбай такылдап. Каңгыра какшап, кан безеп, Жалынып турат какылдап. Жүрөгү турбай Керимбай, Туйлап турат лакылдап. Кылчайып артың караса, Түшчүлүк алыс кыр ташта, Айчыгы алтын кызыл туу, Көрүнө түштү көзүнө, Күн чагылып жалтылдап. Желекти көрүп далайып, Бүткөн бойу шалайып. Жээнбайга кеп кылбай, Кайра басып салпайып. Үйүнө кирип балпайып, Дүрбүсүн алып далпайып. Кыйланы кылчу немедей, Туш келтирип желекти, Тиктеп калды тамтайып. Желекти байкап караса, Кызыл желек жарашкан. Бетине салган ай белги, Сары алтындан кадаткан. Бир көргөндө кызыл туу, Титиретип жадаткан, Желекти абдан байкады! Баатырдын таанып желегин, Балаа баскан Керимбай, Титирек кирип бойуна, Менменсиген неменин, Коркунуч кирди ойуна. Байкап турган Жээнбай, Үйүнүн келип жанына. Чуркап барды Жээнбай, Керимбайдын алдына: “Ээ, Керимбай, эреним, Көп элге тийген керегиң. Аңчы киши кептенип. Дүрбүңдү салып, көп тиктеп, Токтоно албай сенделдиң. Казак, кыргыз бир тууган, Айта салчы, баатырым, Эминени сен көрдүң? Көргөнүңдү мага айт, Сен айтпасаң, Керимбай, Жашырбастан мен айтам. Кечээ күнү түш менен, Түш кыйыган кез менен. Багылдыр этин көтөрүп, Келе жатсам таш менен. Талаадан көрдүм төрт киши, Мен көрбөгөн эл экен, Мындан мурун бир иши, Мени көрүп калыптыр, Желип келди бир киши. Келген киши кеп айтты, Ким болосуң — деп айтты? Ага айткан кебим бул, Ой десе, ой — деп — кол булгап, Тилим кекеч — деп булгап, Жооп бербедим түз гана, Сөзгө келсем ал жерде, Койбостой тирүү көрүндү, Боз ала чамбыл таш жерде. Жөө жүгүрүп тамтаңдап, Айылга келдим мен араң, Эл жатып алган мезгилде. Ордуман туруп эртелеп, Сени көздөй энтелеп, Бара жаткан кезимде, Айтайын — деп — мен сизге, Эми эле келсем жаңына, Карабай, баатыр, алыма, Тилдеп кирдиң жемелеп. Айбатыңдан жазгандым, Алдыңдан кайра баскамын. Үйүмө барып кире албай, Көз айырбай бек тиктеп, Дагы айланып Керимбай, Сурар бекен — деп тиктеп. Жөлөнүп турсам кырчоого, Үйгө кирдиң шашылып, Эшикке чыктың жүгүрүп, Дүрбүңдү алып ашыгып. Карадың кыйла кыр ташты, Байкап туруп ойлодум, Катырат — деп, — баатыр не башты? Сен тилдесең жемелеп, Элди басат калтырак. Айрыкчасы Жээнбай, Эртең менен алдыңдан, Басалбай калдым калтырап. Менден бетер, Керимбай, Сен калыпсың алдырап. Коркосуң эмне мынчалык, Бүткөн бойуң шалдырап? Көрүнүп бүтүн калыптыр, Кыр ташта желек жаркырап. Дүрбү салдың таң менен, Мен жүрөмүн ар күнү, Таш аралап аң менен. Жалтылдаган кыр ташта, Тааныдыңбы абыдан, Эмне укмуш айтчы сен! Бекерге мени тилдедиң, Айткалы кеңеш алдыга, Атайын издеп келсем мен. Алыстан көрүп желекти, Аптыгып үйдө сүрдөдүм. Жаным бышык меники, Кечээ жүзүн көрүп өлбөдүм!” — Деп, божурап Жээнбай, Керимбайды какшыктап, Сыр алдырбай сөзүнөн, Жел чыгарбай бек мыктап, Корккон болуп, калп эле, Өлпөң-сөлпөң жүгүрүп, Кайра тартты кыпчыңдап. Бара түшүп кылчайып: “Сен сакчыңа айтып кой, Келип калса Жээнбай, Тоспогун — деп — кылайтып. Адырга чыга барайын, Абыдан кабар алайын. Ал түндө бир мезгил, Сага кабар салайын. Киргизбей койсо сакчылар, Кетет го менин амалым!” Кетер жаккы жолунун, Кеңири ачып эшигин, “Жерге киргир жаткын” — деп Желип кетти Жээнбай. Ал Керимбай тура албай, Нашта кылып, чай ичип Кадимкидей күлүңдөп Ашыкпастан жай ичип.