Арып-ачып келген жоо, Эл жыйылып болгунча, Элиңди тепсеп ал кетет! Атбашы, Нарын шаарыңды, Кара кыргыз калкыңды, Талап алып четинен, Чыгарбайбы тарпыңды! Кетментөбө, Жасыңды, Чыгыш жагы Эркечтам, Ойдуң, түздө Коконду, Кол жыйылып болгунча, Мыйаздай копшойт ошону. Баарысы колдон кеткенде, Боро албай шайың бошоочу. Зордук менен баш ийген, Зомбулуктан тынч жүргөн, Жедигер караан болобу?! Чайчүй, Букар, Шаңкайлык, Анда келбейт айлыңа. Келмек түгүл ошолор, Жолобой качат жаныңа. Мен кошулдум бул жерден, Баралы — деп — алдына. Абакем айткан акылга, Арбагына сыйынып, Атабыз Манас баатырга! Кеткинче барып көрөлү, Ажал жетсе өлөлү. Элге бөлөк салдырбай, Кызылуйук, Мадыкан Бир беттешип көрөлү. Кыйын да болсо Кызыл дөө Карып калган киши окшойт. Кырмызы шаанын Мурадил, Как ошончо бардыр ал. Керимбай менен Үмүтөй, Өзүбүзгө маалым жан! Мадыкан атын уккалы, Сонордоку бүркүттөй, Мен ошого кызыгам. Бүтүлүү тоо болсо да, Бир бүлүнтүп буздурам. Карыйа Бакай, хан Семей, Мен экөөңдү кош кылам. Күүлөнгөн экен анжулар, Торопойун тоздурам! Ар качан арка тирегим, Эр Канчоро сен турсаң. Сакалы аппак кебездей, Саадагы кырк кез хан Бакай, Тууга ээлик сен кылсаң. Алатоодой залкайып, Адамзаттан салты артык, Абакем Семей алп турсаң! Агеркеч жазган катында, Коңурбайдын аты жок. Кордукту салчу жоо ошол, Мунун кол катышкан наркы жок. Каңгайдаң калмак бузулбай, Хан Коңурбай кол жыйбай, Калгандары канчалык? Кызылуйук, Мадыкан, Кылалбайт карчаш анчалык. Хан Коңурбай кошулса, Элчилешип сүйлөшүп, Анан элди жыйалык. Кошулбаса Коңурбай, Уруштун дайны жок туруп, Кошун курап, кол жыйнап, Тышкарыдан кол сурап, Журтту упурак кылбайлык. Жок сөздү айтып жобурап, Жоодон коркуп калгансып, Ушул жерде турбайлы. Карагулдун өлүгүн, Хан Коңурга туйгузбай, Калган жоону жайлайлы! Күрпүлдөктүн куйушка, Биз баралы беш күндө. Биз көрбөгөн жер экен, Абакем жолун билбесе. Көөрүктүүнүн кырында, Көкжаңгактын адырда, Калмактардын жылкысы, Карагул айдап баккан мал, Байкасам бүгүн ушунда. Калган элди аралап, Казактан төрт, беш бала таап, Тогуздун айы он беши, Жылкыны Күдүр айдаса. Алыпсың жылкым кана — деп, Хан Коңурбай дооласа, Жылында алман берем — деп, Баскан мөөрү бар эле, Айтабыз алтын кана — деп? Жылкы колго тийгенде, Хан Коңурбай калчага, Жооп айтыш арзан кеп! Чакырып баарын келгиндей, Куйткулап күүлөп казакты, Көчүрбөсө башка эл. Ак калпак кыргыз калган журт, Жан жыргатсын жай жатып. Жанынан тойгон душманга, Биз баралы кан чачып. Салгылашып көрөлү, Маңдайдан терди агызып. Эл багалы жыргатып, Өз үйүнө жаткызып. Аттаналы, жүрү” — деп, — Эр Гүлчоро муну айтып. Үзөңгүгө бут артып, Жалпы минди атына. “Күдүр бекти калгын — деп, Эңиш тартып батышка, Кызылжар, Семей, баргын — деп. Болумдуу тың баладан, Төрт, бешти жыйнап алгын — деп. Кабарлап туруп биз жакты, Каңгайлыктын жылкысын, Калтырбай айдап жангын” — деп. Күдүр бекти таштады, Күрпүлдөктүн куйушка, Төрт берендин басканы, Баратып Бакай айтканы, Көргөмүн жолун шибердин, Ааламга аты таралган, Амырдын суусун үч кечтим. Желе-жорто бастырсак, Эрте басып, кеч жатсак, Сегиз күндө жетебиз. Селдей болгон аскерге, Жер жайнаган көп элге, Баштаймын жолун, балдар” — деп, Абаң Бакай жөнөдү. Таң сүзүлүп агара, Аралашып кошо ага. Аттарга минип камына, Кечкурунку бүрүлдө, Таанылбас киши күүгүмдө, Тамак ичип жайланып, Төрт кашка кетип баратат, Чоң Инген тоосун айланып. Сегизинчи күнүндө, Күн козу түш кезинде, Чыгып келди төрт берен, Ача мойун ок бир белге. Чыга калса мойнокко, Жээрде кашка жайдак бээ. Байлалуу турат туу белде. “Адам бар жерге келдик” — деп, — Жээрде бээни көргөндө, Имерилип турду эле. Аңгычакты бир бала, Ээрчиткен тайган ити бар. Көтөргөн мылтык, капканы, Чыга калып жандоодон, Төрт беренди көргөндө, Жүрөгү чыга жаздады. Коркконуна ал байкуш, Үстү жаккы ак тоого, Сары ала таш чоң зоого, Жан соогалап качпады. Кадам таштап, бут серпип, Бери карай баспады. Көрүп туруп Гүлчоро, Колун булгап чакырды: “Кел бери, — деп — чакырса”, — Бечара байкуш мергенчи, Жүгүргөнчө шашылды. Жакын кирип келгенде, Төрт берендин айгине, Айдай жүзүн көргөндө, “Абаке”, — деп чакырып, Бакайдын аты айтылып. Андан башка кеби жок, Токтоп калды апкаарып. Кыйа карап Канчоро: — Кел, Жээнбай, келгин — деп, Эмине кылып бул жерге, Капкан, тузак көтөрүп, Не жумушка келдиң — деп? Бөрү токой, көк талаа, Үчкаркыра адырда, Бештен киши кемибей, Жүрүчү эле жаныңда. Көтөрүп тапкан жүрөсүң, Бу жерде кандай жүрүшүң? Келчи жакын жаныма.” — Канчородон кеп угуп, Алдакаткан Жээнбай, Арстандарга жоолугуп, Бышактап ыйлап бир далай, Бир убакта соолугуп. Улутунуп, үшкүрүп, Жанына келип булардын, Олтурду анан үңшүйүп. Кылчайып карап хан Семей: “Жаш кабылан Канчоро, Бул Жээнбай кайсы элден? Атынан айтып чакырдың Тааныйсыңбы муну сен?” — Канчоро жооп бергинче, Палан-пастан дегиче, Жээнбай сөзгө келди эле: “Айсалкындын кызынан, Казакта жүрүп туулган. Алп Жамгырчы баатырдын, Жээнинин жээни элем. Өзүмдүн атым Жээнбай, Эр Семетей, не болдуң, Мен жээниңди тааныбай? Дайынсыз киши мен эмес, Алп Жамгырчы тайым бар. Бирге жүргөн, бирге ойноп, Бирге өскөн чүкө ойноп, Жатса, копсо бир жүргөн, Канчоро менен Гүлүстөн, Күнөскө ууга келгенде, Үйүмдө далай жүрүшкөн. Кыштайым күнөс күнгөйүң, Жайлайым Текес тескейин Жүрүчү элем эркимче, Өткөн жылы жазында, Ишим кетти тескери. Күнөскө барып кыштабай, Түлкүсүнө кызыгып, Каркыранын адырда, Бүркүт салдым мен кыштай. Түлкүгө бүркүт салганда, Бүркүт кара карап аппак, Түлкү кызыл өзүмө, Сулуу кыздай көрүнүп. Сегиз найза өңөрүп, Баатыр бүркүт кызытып. Күндө алдырып түлкүнү, Наспей тартып, бөрк ыкшап, Жүрүптүрмүн кеңгиреп. Бүркүт учпай жаз келди Калыпмын казак ичинде, Жалгыз үйлүү кыргыздын, Маанайы элден бас келди. Чогулду казак элдери, Каркыранын түзүнө. Көп жыйналып эл келди, Керимбай бөлүп бийлерди. Сен, Жээнбай, үйүңө, Кетип калгын турба — деп, Кубалап мени жиберди. Топ тарады, эл кетти, Эки күн өтүп, үчүндө, Көчкүнүң — деп — Жээнбай, Алты, жети эр жетти. Үйүмдүн сыйрып тутуусун, Эркектерге бүктөттү. Он эки атан төөм бар, Комдолуу атан төөлөргө, Бар дүнүйөмдү жүктөттү. Алдына түштүм көп көчтүн, Көркөмүн көрдүм көп жердин. Эки ай көчүп бир тынбай, Амырдын агын бойуна, Чоң Ингендин тоосуна, Күрпүлдүктүн куйушка, Айдап келип кондурду. Жээнбай качып кетет — деп, Эки үйлүү коңшум бар. Өзүм менен үч элем, Казактарга кайтартты, Төрт күн жаттык былк этпей. Бээ байлабай, мал саабай, Кара чай менен нан жедик, Тээ Анжыйандын сартындай! Күн алтыга жеткенде, Үмүтөй менен Керимбай, Жыйнады элди жайма-жай. Байлардан алтын дилде алды, Мен Жээнбай шордуудан, Сегиз атан төө алды. Төөмдү алса жөн албай, Ком-чомумду кошо алды. Ком чыгышпай төөлөргө, Үйүмдө үзүк жок калды. Аргамжы, жибим бүт алды, Кыштай бүркүт салуучу, Эки атымды кошо алды. Кол, буту жок жыландай, Сойлотуп мени таштады. Жээнбайың бул күндө, Мүлжүгөн баш баштанды! Айлам кетти меники, Ээрчитип тайган ит алдым. Эки бала, бир катын, Аш таба албай саргардым! Капкан жайдым кыймага, Ачканын аңы жүрбөйт — деп, Эч нерсе түшпөй кыйлага. Асынып мылтык кийикке, Ар күнү чыгам бийикке. Көөнүм тартып, аң издеп, Бүгүн келдим бул жерге.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей». Элдик эпос. Басмага даярдаган М. Эрги. Булак: bizdin.kg.