← Семетей 6/8

Кызыталап казактар, Каршы чыгып чоңуна, Калк болуштан жадаптыр. Жарытпаган өз элин, Жалчытабы биздерди? Анжу, манжу калмакка, Үй башына кул кылып, Таратып ийип тынайын, Атагы казак дегенди, Казак эмес, Кызыл дөө, Катарга санап өзүңдү, Такандашсаң сен мага, Тазалаймын көзүңдү. Жашым отуз чамасы, Бүтүн жердин бетине, Таанытайын өзүңдү!” — Деп, күпүлдөйт, Мадыкан, Көрүнө айтып жашырбай, Бек күпүлдөйт, Мадыкан. Үмүтөй менен Керимбай, Күбүр-күбүр шыбырап, “Тайгылдык — деп — биз бактан, Ажырапбыз бокту жеп, Арка болгон кыргыздан!” Казактардын билгичи, Алар антип тургандан, Карланып Кызыл дөө, Мадыканды бир тиктеп, Жаман көзүн алайтып: “Эртеңки күнү таң менен, Күндөн мурун аттанып, Семетейге барайын, Селейте чаап алайын. Кайра келип, Мадыкан, Кутурупсуң манжулар, Куп жайыңды табайын! Кургак жердин жакшысы, Улуу Инген, Кичи Инген, Мал көбөйчү жер экен. Жыгачы мунун мол экен, Шаар салчу жер экен. Жилиңден бери карата, Так Амурга баргыча, Беш чоң шаар салайын, Аралда жүргөн камалып, Жапанды жерге жетинтип, Анан өлүп калайын. Айтканымдай кылбасам, Адам болбой калайын!” — Деп, бабырап Кызыл дөө, Кыргыз менен беттешпей, Сыртынан олжо талашып, Адабат болду бул экөө. Мадыкан ойлойт ойунда: “Теңдешер мага киши жок, Бүтүн жердин борунда. Чыккан чөптөй кылкылдап, Жүз миң аскер колумда, Эрдемсиген Кызыл дөө, Барса барсын алдымда, Эми эле өлүп жок болот, Гүлчоро менен Канчоро, Кимиси чыкса майданга. Ошолордун колунда, Андан кийин мен барам, Алдыма келген немесин, Бирден чаап жок кылам. Семейтеге азыраак, Эки айланып калбасам. Үч имерип сайышка, Маа тең келбейт ар качан. Жалган кылбай айтканым, Хан көтөрүп Таласка, Шаймамбетти жумшасам. Эгин бышкан ойуна, Чөбү калың тоосунда. Ар жагы Камбыл, Карашаар, Ортосунда төрт тоонун, Бешбалыктын шаары бар. Алтай Иле, Текеске, Кызылжар, Семей, Кеминге, Нарындан берки көп жерге, Анжу, манжу элдерин, Айдап көчүп барайын, Амурдан нары карата, Такыр ээлеп алайын. Кыргызды алып кыйратып, Хан Коңурбай баатырды, Калкынан аны табайын. Анжу, манжу элинен, Себеп болуп Коңурбай, Мурадил менен Нескара, Баш болуп канчоо өлдү экен, Эсебин такыр алайын! Кыбыратбай казакты, Буларга салып азапты, Жылкычы кылып алайын! Көрчү абам, акетай, Сазайы кылып буларга, Менден өтүп казактар, Кызыл дөөгө барганын!” — Деп, ойлонуп Мадыкан, Эки баатыр жоо болду, Ичтеринде доо болду. Хан болуучу Керимбай, Кара ниет Үмүтөй, Эми айласы не болду? Өктө койуп Үмүтөй, Керимбайга таарынат: “Дайыны жок, жөн жүрбөй, Талаага чачып мал, пулду, Кызыл алтын, ак күмүш, Элге берип баарыны, Эми айлабыз табылбай, Эндиретип салдыңбы? Кызыл дөөнү ким жеңет? Жеңген менен Семетей, Мадыканга тең келбейт! Теңдешип жеңсе буларды, Семетей бизге күн бербейт. Алмамбеттин Гүлчоро, Көрбөдүм жүзүн бул кезге. Ырайым кылбайт — деп — угам, Жер бетинде эч кимге. Канчоро кантип ийбелсин, Бакай кайдан карасын? Сен Керимбай бузуку, Кетирдиң элдин айласын. Караймын — деп, — Керимбай, Жалгыз жандын пайдасын!” — Деп, Үмүтөй турганда, Семетей жеңсе баарысын, Ойлоп алды Керимбай, Кутулаар жак арыбын. Үй-үйүнө барганда, Жээнбайды Керимбай, Чакырып алды жанына. Өзү молдо ит чиркин, Кат жазыптыр камына. “Катка жазып Таласты, Арбактуу атап Манасты. Эл атасы хан Бакай, Эл башкарган Семетей, Жоого сүрдү Гүлчоро, Беш-алтыдан кабаттап, Беттешкенди бир сайган, Белдүү баатыр Канчоро, Мен Керимбай кулуңар, Бейлеп сөзүм угуңар. Хан Үрбү өлүп калганда, Сыр коргонго Коңурбай, Кошум баштап барганда. Хан Семейге караштуу, Элге кабар таратып, Элдин барын жыйдыңар. Кадырын сыйлап Көкчөнүн, Үмүтөйгө кат жазып, Казакка кабар кылдыңар. Үмүтөй бала жаш анда, Алымбайдын Бердикке, Колду баштап барганда, Өлтүрчү жоодон кутулуп, Үстөмдүктү алганда. Кат жазыптыр баатырлар, Хан болду — деп — Үмүтөй, Карап жүрдүк биз ага. Жаштык кылып делбиреп. Акылын билбей кеңгиреп. Жайлоого көч — деп — казакты, Айдап элди шиберге, Кырк миң алтын пул менен, Тил билесиң баргын — деп, Жапанга мени жиберди. Жапандан кайра жанганда, Мадыканга бар — деди. Колума жазып кат берди, Хан буйругу бойунча, Чакырып келдим бар элди. Керимбай кылган ишби — деп, Кылбаңыздар күмөндү. Агеркечти жеңем жок эле, Ал киши дагы билбеди. Бүгүнкү күн сиздерден, Кызыл дөө менен Мадыкан, Жок олжону талашып, Батышпай калды бир жери”. Мазмундуу кыска кат жазып, Өзүн чочко ак жазып: “Кечээ көрүп келипсиң, Тайдан бирди сойдуруп, Этин такыр бышырып, Катка кошуп сен алып, Баатырлардын алдына, Барып кел — деп, — Жээнбайды, Керимбай койду атказып. Жакшы жорго ат берди, Таарга салып, эт артып, Бек жумшаса тартынбай, Жээнбай байкуш шашылып, Көп кишиге көрүнбөй, Көмүскө менен жашынып. Семетейдин тушуна, Жетип барды ашыгып. Катар келди төрөлөр, Куржундун оозу ачылып. Бышырган эттер алынып, Дасторкону салынып. Калгандарга туйгузбай, Семетейдин колуна, Катты берди жашырып. Кеңеш кепте жок экен, Айткан кеби болбоду. “Мен кетейин эми” — Деп, Жээнбайың козголду. Жээнбай узап кеткенде, Кайта айылына жеткенде. Эңтеңдей басып шыпылдап, Жээнбайдын үйүнө, Керимбай бузук жетти эле: “Жээнбай баатыр келдиңби, Канкорго катты бердиңби? Белде жаткан берендер, Берген этти жедиби? Жакын бекен жаткан жер, Аш кайнамда сен келдиң? Баатырлар айткан кеп болсо, Жашырбай айтып, маа бергин. Кеп айтпаса баатырлар, Теги түрү кандайраак? Онтолобой Жээнбай, Айтчы кебиң батыраак!” — Деп, Керимбай сурады, Жээнбай сүйлөп жабырап, Баштады кебин бажырап: “Колума жазып кат бердиң, Тай сойуп, этин бышырып, Жоргого артып жибердиң. Көрүнбөй башка кишиге, Көмүскө менен мен желдим. Төрт баатыр чогуу туруптур, Жайа салып таарды, Төгүп этти аа бердим. Ачыккан белем баатырлар, Таң калдым этти жегенин. Алаксытпай калганын, Көрсөтпөй берки үчөөнө, Өзүң жазган катыңды, Семетейге мен бердим. Кеп кылбады эчкими, Жаман эмес кептенет, Жааса анча эмес, бир жери, Көргөнүм ушу меники, Баары кебим бул” — деди. Күндө жаңы тай сойуп, Кымызга чайкап бал кошуп, Үмүтөйгө туйгузбай, Жээнбай болду чабарчы. Күнү-түнү жок Керимбай, Семетейге жиберди, Көөдөк, көөсөр Үмүтөй, Керимбай сырын билбеди, Кеп кылбай жүрө бергени. Кеңештен кайра жаңганда, Кошуна келип камдана, “Аскердин баарын тургун — деп, Барабанды ургун” — деп, Таң аткыча уктабай, Жердин бети ачыла, Күндүн нуру чачыла, Аттанып чыкты Кызыл дөө, Бек алдырап шашыла. Актан баскан көк желек, Жер, суу койбой кызыталак, Кетүүчүдөй тебелеп. Күүсү катуу зары күч, Кара мүртөз чочконун, Каарына чыдабай, Кар жаады жерге себелеп! Эр Семетей баатырдын, Эки күн мурун сайдырган, Желегинин алдында, Баткалаш маңдай жагына, Бадырек желек сайдырып, Барча тоодой түгөнгүр, Аскериң катар сап кылып. Ок–дарысын мол алып, Бир канча дөөгө артырып. Келди майдан чегине, Барсылдашып баатырлар, Балталашар жерине. Барып булар турганда, Кайран Бакай карсылдап, Ак асаба калкылдап, Белде жаткан төэрт баатыр, Асаба таштап, туу сайып, Белги кылган жерине, Баары келип турушту, Баштакыдан башкача, Баштамак болуп урушту. Манжудан келген Мадыкан, Айдаганы жүз миң жан.