Адатынча келтирип, Куурдак менен май ичип. Арагынан ууртабай, Үйүнө кирип катынга: “Тамак барбы мага” — деп, — Эки жеңин жыйа албай, Не кыларын биле албай, Үмүтөйдүн астына, Барып кирди Керимбай. Эки колу төбөдө, Жаткан экен Үмүтөй, Ойгоно элек төшөктө, Эшиктен кирген Керимбай: “Ээ Үмүтөй, Үмүтөй, Не жатасың кебелбей? Келип калган окшонот, Канкордун улуу Семетей, Жүрөгүм туйлап жай бербей, Кирпик ирмеп көз илбей, Таңаткыча ойлонуп, Уктабадым кенедей. Эрте турдум таң менен, Таңдын сонун шамалы, Жүрүп жаткан мал менен, Жээнбай келе жатыптыр, Желе жорто аң менен. Маектештим бир далай, Суракка тартып ал менен. Жаны калбай бүжүңдөп, Кеп кыла албай күдүңдөп, Алсырады Жээнбай. Аңгычакты кылчайып, Түштүк жакты карасам, Көк талаанын кашатта, Асылуу желек таң менен! Алда кандай жумуш — деп, Дүрбү салып карадым. Караганда тааныдым, Баатыр Манас байрагын. Тиктеп калдым селейип, Туруп калдым делейип, Кыйла кепти маа айтты, Жээнбай кайта ал келип. Кечээ күнү бешимде, Бир кишиге жолуктум. Жолуккан киши айтты — дейт, Менин атым Гүлчоро, Алыскы жерден келдим — деп, Айтыптыр экен ошондо, Бечара байкуш Жээнбай, Коркуп калган белем, дейм, Мага кабар айтам — деп, Таң аткыча уктабай, Эшик сактап жүргөн бейм. Көргөнүм алтын кызыл туу, Уккан кебим мына ушу. Уйкуңду бузуп ойготуп, Үстүңө келген жумуш бу”. Керимбай сөзүн угуптур, Үмүтөй ыргып туруптур. Үмүтөй менен Керимбай, Мадыкандын кошуна, Булар барды туралбай. Башын салып ээрчишип, Барып кирди уйалбай. Керимбай кирсе эшиктен, Келберсиген Мадыкан, Тура элек экен төшөктөн. Керимбайды көргөндө: “Кел Керимбай,Үмүтөй, Эл турбастан келдиңер? Ашыгыш мага бар беле, Айта турган кебиңер?” Мадыкан муну сурады, Ал сураса Керимбай, Айтпай карап турабы: “Камындык, баатыр сиз болуп, Чогулуп кеңеш кылганбыз, Чогуу олтуруп биз болуп. Бир укмушту мен көрдүм, Мындай укмуш көрбөгөм, Эрте туруп таң менен, Эшикке чыктым туралбай. Түштүк жаккы жал таштан, Бир элести мен көрдүм. Эч кишиге айтпадым, Дүрбү салып байкадым. Байкасам кызыл туу экен, Ал Манастын алтын туу, Сайылып ташка туруптур, Семетей келип калган бейм, Селдей жайнап кол курап, Казабына алган бейм. Түк кишини көрбөдүм, Желегин көрүп жазгандым, Жүрөгүм чыгып өлбөдүм. Сиз тургуча туралбай, Айтайын — деп — жөнөдүм. Сизге айттым көргөнүм, Ага да айтып койойун, Кызыл дөөгө жөнөйүн. Балбанга кабар салайын, Өзүң ойлоп иш кылгын, Андан кийин калганын”. — Айтып койуп Керимбай, Кайра басып жөнөдү: “Кызыл дөөнү бул жерге, Кычырып кел Керимбай. Башка киши жибергин, Каадалантып чочкону, Чакырып ага сен барбай!” — Деп, Мадыкан бир тиктеп, Бир сакчысын жүгүрттү: “Кызыл дөөнү кычыр — деп. Айтор оңой иш эмес, Көп кечикпей келсин” — деп. Сакчысын баатыр буйурса, Барбай турган эркиби? Чуркаган бойдон барыптыр, Дөөгө кабар салыптыр. Күңгүрөнгөн капыр дөө, Көптү көргөн баатыр дөө, Бойу узун адамдан, Орто карта бир дөбө: “Мен барбаймын ал жерге, Керек болсом Мадыкан, Өзү келсин бул жерге!” — Деп, ошентип Кызыл дөө, Орто жерге келгенде, Олтуруп алды бир жерге. Дөөгө барган сакчысы, Уккан, көргөн бар кебин, Такыр айтып келди эле. “Барбасак кандай болот” — деп, Мадыкан баатыр, Үмүтөй, Баарын кылган Керимбай, Басып барды жанына, Булар минтип жаткынча, Чайын ичип алгынча. Гүлчоро менен Канчоро, Кара көк Семей,хан Бакай, Кабыландай төрт арстан, Дөбөнүн чыгып башына, Дүрбү салып карашкан. Кыр ташты алып чекеге, Чендеп байкап калыптыр. Эр Семетей көөдөгүң, Аскер менен иши жок, “Жери кандай экен” — деп, Тоо-ташты тиктеп калыптыр. Алмамбет уулу Гүлчоро, Көп акыл бар эр ошо. “Жапан, манжу, казактын, Жайнаган аскер көп элин, Чендеп байкап билейин”, — Деген кыйал ой менен, Кыйа карап олтурду. Хан Бакай дүрбү шыкаалап, Уруш кылар жер чендеп, Алдындагы талааны, “Баатырлар чыкса жекеге, Ылайыктуу экен” — деп, Жерди байкап жатканда, Баатыр туулган кабылан, Кайраты толук чын арстан, Атасы кыргыз нойгуттан, Энеси кытай кызынан, Чубактын уулу Канчоро, Айылга дүрбү салыптыр. Жергелешип төрт киши, Кеңеш кылып алыптыр. Туш келтирип дүрбүсүн, Чындап тиктеп калганы. Орто тоодой көрүндү, Жапандан келген Кызыл дөө, Ал чочконун карааны. Дагы ирмерип дүрбүсүн, Жанындагы Мадыкан, Аны сынап карады. Мадыканды бир карап, “Баатыр ошол экен” — деп, Байкап ага таң калат. Үмүтөй менен Керимбай, Сары оорудай үңкүйүп, Олтурат алар үксүйүп. Алардын көрүп караанын, Туралбады Канчоро, Туташып ичтен от күйүп, Мадыканды жактырып, Сүйлөшүп жаткан немедей, Тура калды чачылып. Кыраандар турсун кыр ташта, Кыйла кеп бар бер жакта. Ал Мадыкан, Керимбай, Үмүтөй үчөө барганда, Кызыталак бадырек, Кызыл дөө сөзүн баштады: “Чай ичелек, ачкарын, Эми туруп жатканда, Бир кишиңди жумшапсың, Э, Мадыкан, анжулук. Аскериң бар манжулук, Калмак сага кошулган, Сенин элин үч урук. Ашыктыңбы, Мадыкан, Ичиңден элиң бузулуп? Бузулса элиң, чыныңды айт, Ички пикир сырыңды айт. Ашыгып эрте чакырып, Ашыкканын кай жумуш?” — Деп, Кызыл дөө айтканда, Мадыкан да мындай дейт: “Жапандан келген Кызыл дөө, Көөдөнүңдү көтөрбө. Менин элим бузулса, Жалынбайым сага тегеле! Түштүк жаккы жал ташка, Сайылып желек калыптыр. Элден мурда Керимбай, Аны көрүп алыптыр, Анан мага барыптыр. Тааныйт экен казактар, Деги кыргыз желеги. Ал Манастан калган — дейт, Байыртан бери кыргыздар, Кайда барса көтөрүп, Белги кылып алган — дейт. Ал үчүн сени чакырдым, Кеңеш кылып алсак — деп, Менден уксаң ушул кеп”. Аны угуп Кызыл дөө, Кылым элден узун дөө, Кыйалданып ушул дөө: “Убара кылбай Таласка, Өзү келсе Семетей, Ушалайын мен мында. Ортокмун — деп — олжого, Чатак кылба сен анда! Көп кызмат кылды Керимбай, Хан көтөрүп, так берип, Башына тажы бак берип, Бир жумшайын Таласка. Казактарга хан болуп, Үмүтөй көчсүн бул кайта, Алматынын шаарына! Манастан калган казына, Такыр өзүм алайын. Бүгүн аскер дайардап, Эртең уруш салайын. Кур койбойун, Мадыкан, Кыргыздан алган олжодон, Азыраак ырым кылайын!” — Деп, ушундай Кызыл дөө, Тамшанып тиктеп турду эле. “Мен барамын мурун” — деп, Кызыл дөө минтип айтканда, Анжунун ханы Мадыкан, Ант урган капыр ачынат, Сөзүн айтып чачылат. Ачып оозун жумганда, Азуулары качырап: “Эр Семетей баатырга, Мен барамын алдында, Менден мурда чыккыдай, Мен турганда Кызыл дөө, Сенин алың бар канча?! Ойуң менен жоо алып, Мана бу турган Керимбай, Хан кылам дейсиң Таласка. Керимбайга Кызыл дөө, Хандык түшүп калыппы?! Үмүттөйгө Кызыл дөө, Шаар түшүп калыппы?! Сен эркинче жүктөтүп, Жапанга алып кеткидей, Семетей жыйган дүнүйө, Сага түшүп калыппы?! Кектүүнүн баарын кор кылам, Кесип башын жок кылам. Тартып алып Таласты, Тайак жеген Шаймамбет, Так ошону чоң кылам! Өлбөй турсам Мадыкан, Жапандан келген Кызыл дөө, Алтын, күмүш сага жок! Үмүтөй менен Керимбай, Бул экөөнө үй да жок! Мурунку өткөн заманда, Казактардын калмактар, Бөлүп алган бир чакта, Деп, ошентип мен угам. Манас баатыр болгондо, Манас атка конгондо. Калмактан бөлүп казакты, Калк катары санаптыр. Музбурчак менен Көкөтөй, Хандыкка муну каалаптыр. Как ушундай иш кылган, Катарда жок казакты, Хан атантып журт кылган, Кайран Манас уулуна, Кастыкты булар каалаптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей». Элдик эпос. Басмага даярдаган М. Эрги. Булак: bizdin.kg.