← Семетей 3/4

Сиздерге кеткен белем — деп, Жүрүчү элем ойумда. Келипсиздер эки шер, Абаңды билбей мен калдым, Кай кеткенин” — деди эле. Айчүрөк оозун жыйганча: “Биз кеткели айылга, Жат кишиден келдиби? Келгенин, жеңе, билдиңби?» — Деп, Гүлчоро алганы, Күйүккөндөн Гүлчоро, Оозуна даам албады. “Биле албадым, уулдар, Жат кишинин келгенин. Эжекемдин үйүнө, Барып жатты бир күнү. Ошол бойдон аттанды, Билсе эжем билгендир, “Эрке жеңем, Чачыкей, Абамды сурап көрөлү. Кеткен болсо бир жакка, Артынан издеп жөнөйлү!” — Деп, сүйлөшүп эки шер, Чачыкейге жөнөдү. Чачыкейге барар да, Эсине түшүп ошондо, Бирине бири күдүңдөп: “Сооганы бөлгөн мезгилде, Муну унутуп калыппыз, Эми кандай кылдык?” — деп. Канчоро анда кеп айтат: “Уйалып кайдан жүрөлү, Жүр, үйүнө кирели. Унчукпаса, унчукпай, Соогат десе, кокустан, Сыр алдырбай, туйгузбай, Сүлөөсүндөн берели”. — Деп, айтканда Канчоро, Кайыл болду Гүлчоро. Чачыкейдин ордого, Баатырлар кирди ошондо. “Амансыңбы, жеңе”, — деп, “Аман-эсен жатамын, Келдиңерби аман — деп? Олжо тапкан талаадан, Уулдар соога кана” — деп? “Сүлөөсүндөн, жеңеке, Ылгап бөлүп койгонбуз, Алып келип беребиз”, — Деп Канчоро айтты кеп. Мостойо түшүп чырт этип, Тиктеп калып азыраак, Шашыла сүйлөп батыраак: “Тайлактай кууну көтөрүп, Айчүрөккө баргыча, Жүгүрдүңөр алдырап. Абаңарды таба албай, Билдиңби, кайда кетти — деп, Келипсиңер жалдырап. Эртеңки берчү куйруктан, Бүгүнкү өпкө — деп айткан. Бир мааниси болбосо, Билбесе кары не айткан? Сүлөөсүн алып нетемин? Сүлөөсүн ичик кийгенде, Кай муратка жетемин? Эки катын алган эр, Эки күн жатпайт бир үйдө. Казакта жүргөн кыргыздан, Экөө келген бул үйгө. Казанчыга аш буйруп, Олтургам келип мен төрдө. Кыргыздар келген ошол күн, Абакеңер бул үйдө. Эки конок сүйлөшүп, Казактын кебин салышты. Элебей кебин мен калдым, Эртең менен Семетей, Жоо жарагын бүт алды. Тышынан чыңдап курчанды, Чай ичпестен аттанды. Барасың баатыр, кайда — деп, Мен сурасам басарда, Унчукпай койду сумсайып. Айчүрөк андай сураса, Айтат эле кеп салып. Абаңар андай сумсайса, Уулдар тапкан олжодон, Эстен чыгып Чачыкей, Эч нерсе жок кур калса”... Чачыкей минтип жатканда, Айчүрөк кирди аңгыча. Тайлактай кууну көтөрүп: “Семетейдин үйү — деп, Жети шердин териси, Тайлактай болгон чоң кууну, Уулдар алып келиптир. Жети тери маа калсын, Жолуң улуу, эжеке, Кууну олжого сен алгын” — Деп, Айчүрөк киргенде, Бузулуп өңү кумсарып, Ал Чачыкей сумсайып. Буулугуп үнү токтолуп, Кызыл өңү боз болуп. Карап калып кыйлага, Айчүрөктүн колунан, Алып койду ар жакка. Канчоро менен Гүлчоро, Чыга берди аңгыча. Уктабады Гүлчоро, Таң агарып аткыча. Эртең менен болгондо, Карыйа Бакай, Канчоро, Кайраты артык Гүлчоро, Астыртан кылып кеңешти, Бир кишиге айтпады, Аттанып үчөө бир кетти. Адыр, күдүр, ой, дөңгүл, Ат айабай катуулап, Желе, жорто бастырып, Алатоо бойлоп жол алып, Сарарка көздөй келатат. Кетечинин кара суу, Келип калды үч баатыр. Эр Гүлчоро караса, Буурулдун изи дапдайын, Аңтарылып чым жатат, Алмамбет уулу алдырап: “Айланайын, абаке, Кагылайын, Канчоро! Көрдүңөрбү, мабуну? Аңтарылып жаткан чым, Буурул аттын изи бу. Ылайлуу жерде бир баскан, Бир жылкынын изи бар. Кез келген, бейм, абама, Ичи заар бир душман? Эртең менен кеткендей, Туйактан чыккан топурак, Чарпындынын белгиси. Буурул аттан, абакем, Айрылып калган белем, дейм. Ат алган жаман кишиби, Аңдып жүргөн бекен, дейм? Мингени Буурул болгондо, Абакем, тартына турган эр беле? Төрт айдан ашып кетиптир, Барбайт беле эмгиче?” — Деп, Гүлчоро айтты эле, Эңкейип карап Канчоро: “Ырас айтат Гүлчоро, Бир басып кеткен ылайга, Эркек жылкы изи эмес. Ургаачы жылкы изи экен, Сүйрүсү жок туйагы, Теп тегерек турбайбы? Жүргөнүнүн дайны жок, Жалпак туйак турбайбы? Муну карап тургунча, Абакем түшсүн изине, Тескей менен күнгөйгө, Экөөбүз чаап чыгалы. Абакем жүрсө калкайып, Буурул менен заңкайып, Учурашып калалы. Ажырап калып Буурулдан, Айласыз калса абакем, Куткарып аны алалы!” — Деп, Канчоро дуу койуп, Күңгөй тоону бет алды. Тескей бетке Гүлчоро, Тайбуурулдун изин кууп, Түзгө кирди Бакай хан. Дигерге жакын мезгилде, Көкөтөйдүн ашында, Кайран Манас башында. Каңгайларды камаган Кара суунун буткулга, Кирип келди Бакай хан Тескейинде Гүлчоро, Күңгөйүңдө Канчоро. Күүгүм кирип баратат, Кабылан Бакай караса, Бастырбай атын жетелеп, Семетей барат алдында. Кыйгачынан качырып, Бир киши чыкты аңгыча! Качырган киши Карагул, Каталдын уулу капыр бул. Аңдып жүрүп канча күн, Аты баспай Семетей, Жөө басып эки күн. “Шайы калбай калды — деп, Кечке эле карап жүрөмбү, Көмө сайып алам — деп. Олпогун сыйрып чечем — деп, Койдой башын кесем — деп! Буурул атты айабай, Таң аткыча жол жүрсөм, Көөрүктүүгө жетем” — деп. Бакайды калган байкабай, Гүлчорону элебей. Канчорону бейлебей, Эч кимисин көрбөгөн, Семетейди качырды, Сундуруп найза ченебей! Көрүп калган хан Бакай, “Манастап” салды бакырык. “Манастап” ураан чыкканда, Сундурган найза күү менен, Апкарыган Карагул, Сайа албады качырып. “Гүлчоросу келгенби? Өлөр чагым жеткенби? — Деп, ойлонуп Карагул, Боз жоргону көргөндө, Суркойон экен тиги” — деп, Күңгөй тоону бет алды. Бакайдын үнү чыкканда, Угуп калып Канчоро, Бурулушту бир жерге, Бугуп тура калганы. Алдыраган Карагул, Алдына кирип барганы. Элебей келген Карагул, Эби келди мына бул. Эр Канчоро бир сайды, Буурулдан ыргып бута атым, Ачылып оозу ырсайды. Ачууланган Канчоро, Кеп сурабай чочконун, Башын алып ошондо, Кесип аны байланды. Канчорону көргөндө, Сагынган ээсин Тайбуурул, Кулундуу бээдей ыйлады, Буурулду алып жетелеп, Үнүн улап Бакайдын, Ойдуңга кирип барганы. Алдындагы Бакайдан, Тескейдеги Гүлчоро, Теке жоомарт арстандан, Алардан кабар алалы. Семетейдин жанына, Хан Бакай барса жаркылдап, Бакайга айткан салам жок, Семетей турду баркылдап: “Кыйындыгың, абаке, Кылымга салчу дүмөктү, Жалгызыңа не салдың?! Он эки жаштан бер жакка, Ойрон болгон балаңды, Отуз эки сынадың! Мындай сының курусун, Обу жок жаман кыйнайсың! Канчоро кулду жиберип, Буурулду неге уурдаттың? Жөө бастырып канча күн, Уулуңду не үчүн куураттың?!” — Семетей муну айткыча, Гүлчоро жетти аңгыча. Гүлчорону көргөндө, Көкжал төрө күүлөндү, Көрсөтөм — деп, сүйлөндү. Суу ордуна кан иччү, Бал ордуна уу иччү, Жан алчудай түрдөндү. Түрүн көрүп Семеңдин, Алмамбет уулу Гүлүстөн, Асталап сүйлөп оолукпай, Акыл тапкан ар иштен. Мындай киши кем чыгат, Жер жүзүндө билгичтен: “Айрылып аттан, абаке, Алдатканың Карагул. Карагулга алдатып, Манастын уулу Семетей, Жөө жүрөт — деп — темтеңдеп, Жер жүзүңдө бар элге, Такыр шылдың болгонуң. Аркамдан келип чоролор, Айтпай бизге кетти — деп, Ат алды — деп — ойлойсуң. Бул энөөлүк сенден кетпесе, Капташып Бакай жетпесе, Катарда жок Карагул, Качырып найза урганда Как ушул жерде сойлойсуң. Көрүп туруп эми да, Дагы кебиң койбойсуң! Кетти — деп — угуп шашканбыз, Алай, Арпа, Аксайдан, — Сарарка менен Каркыра, Бетегелүү Койташтан, Чакыркорум, Тайгактан, Тарагай менен Уландан, Беш белди бир күн ашканбыз. Кетечинин сазында, Кемегедей казылган, Келишкен Буурул күлүктүн, Изин көрүп шашканбыз.