Уурдатканын атыңды, Ошондо ойлоп тапканбыз. Бээ экен — деп — мингени, Изин көрүп айтканбыз. Бет алып күнгөй адырын, Канчоро тосту бурушту. Тескейден киши кетирбей, Теңдешкен жоого белдүүсүп, Гүлчороң кылмак жумушту. Өзөндүү түзгө салганбыз, Абакем изди куушту. Бүтүргөндөй көрүндү, Канчоро баатыр урушту. Абакем үнү чыкканда, Адырга чыга чапканмын. Ар тарапты байкадым, Канчоро баатыр бакырган, Калбалуу үнүн уккамын. Кайгы жок душман өлдү — деп, Кесип башын келди окшойт. Каары катуу Канчоро, Сурабай андан бир ооз кеп!” Ар канча айтса Гүлчоро, Кара мүртөз Семетей, Жанычудай кейпи жок. Жалбырактай карганып, Кутулбай чоро эрки жок: “Жалганы болсо кебимдин, Саа жамандык ойлосом, Жайнаган жарык күн урсун, Калдайган кара түн урсун! Олуйа азиз Манастын, Ак күмбөзү дагы урсун! Энеден мурун оозанткан, Каныкейдин сүтү урсун! Олжодон каалап алдырган, Мага мурас калтырган, Өзүң берген мингин — деп, Суркойондун күчү урсун! Атакем атып жоо алган, Аккелтенин огу урсун! Сайган жоосун кыйшайткан, Качырганда сумсайткан, Хан Манастын күчү урсун! Тийген жери ырбаган, Башка чапкан адамын, Жакында өөдө кылбаган, Атадан калган мурасын, Айбалтаңдын мизи урсун! Күдөрүм үзсөм сенден мен, Көп акыл айттың мага сен, Дасторкондо сөз урсун! Алакөлдөн алдырган, Артып келген туз урсун!” Кан какшап турса карганып, Ызырынып Семетей, Булдурсун колго карманып. Аңгычакты Канчоро, Кирип келди шартылдап, Карагул башын байланып, Корккондон берки үчөөнүн, Күндүзгүдөй түн жарык. Семетейдин көзүнөн, Кош чырактай от жанып. Туйдурбай Бакай карыйа, Буурул атты көрсөтпөй, Аркада турат ал барып. “Соогага, аба, алгын” — деп, Каталдын уулу чочконун, Кайдасындай чоң башын, Калдаңдап турду Канчоро, Көтөрө чуркап ал барып. Канчорону көргөндө, Капасы артып өзгөчө: “Карагулдун башы — деп, Дагы азгырып мени сен, Бекер канын төгүпсүң. Убал кылып бирөөгө, Мойнуңдан байлап кынжылап, Кишиче байлап ээрчитип, Кыдыртайын дуйнөгө! Ал Карагул чын болсо, Өлтүрбөй неге келбейсиң, Амалың турса көрүнөө?! Семетей муну билбейт — деп, Көөдөктүн бири сен дейсиң.!” — Деп, канкоруң сүйлөнүп, Кармап колго найзасын, Жерден алды сүйрөлүп. “Жутса жутуп ийер” — деп, Кайран баатыр Канчоро, Чымындай жанга күч келип: “Ар качандан бир качан, Арамдыгың койбойсуң. Канчоро менен Гүлчоро, Кас кылат — деп — ойлойсуң! Кайрылбаса эки кул, Каралат менен Чынкожо, Асманда октоп жүргөндө, Как ошол күндө сойлойсуң! Коңурбай келди алыстан, Акылы артык даанышман. Коргонго камап алыптыр, Коркутуп сени айлыңдан. Кутказып алды эки кул, Ошондой күндө камалдан! Каргантпай күндө бизди эле, Сурасаң боло абамдан?! Тирүүлөй кечип мен турам, Чымындай кара бир жандан! Ишенбесең сөзүмө, Көрүнбөсө кызматым, Абаке, сенин өзүңө, Аркаңдан келип не пайда? Карагулду сайгыча, Каргышташып, антташып, Каңгайга кетпей не пайда?! Ишенсең боло, Семетей, Кулдарың кылган кызматка! Саа жамандык кылгандын, Жаны аман калбады. Гүлчоро менен Канчоро, Абама жаман кылды — деп, Жан айабай жалмады! Айчүрөк алды шумкарың, Ошондо эки кулуңдан, Абаке, көрдүң бир жагын! Он эки жашар чакта элек, Тоодой Толтой, Чынкожо, Тобокел кылып, бел байлап, Туруштук бердик ошого! Ар дайымдан бир дайым, Алдыңда жүргөн биздерге, Как ушундай кыласың, Бизди кыйсаң кыйасын., Бакайды кандай кыласың?! Бакайды кыйсаң, кыйасың, Ок тиштешкен дос экен, Атаңды кандай кыласың?! Карсылдайсың бизге сен, Карагулга алдаткан, Катаңды кандай кыласың?! Каныкейдин ак сүтүн. Сен эмгенсиң алдында, Биз эмгенбиз аркаңда. Канынан чыккан ак көбүк, Ак сүттү ал, абаке, Канткенде сен кыйасың?! Бизди кыйсаң кыйарсың, Бөз айрышып шерттешкен, Антты кандай кыларсың?! Канчорону кыйарсың, Ак боз бээни мууздатып, Карыдан колду чылашкан, Канды кандай кыларсың?! Гүлчоро кыйсаң кыйарсың,, Көк чырпыгын кыркышкан, Талды кандай кыларсың?! Асман алыс, жер жакын, Абалкы сөздү мен айттым. Эми ишенгин, абаке, Каргышымды теги айттың! Сага кылсам жамандык, Ойлонсом сага арамдык, Төшү түктүү жер урсун! Төбөсү ачык көк урсун! Дарыйа, чалкар көл урсун! Жайнаган жапан чөл урсун! Жайылган жерде чөп урсун! Агартып түндү жарыткан, Асмандагы ай урсун! Жердин бетин жашарткан, Жамгыр менен кар урсун! Ата ордун сактаган, Алатоо кошуп дагы урсун! Учса аппак калкылдап, Көктө учкан куу урсун! Күн чагылып жаркылдап, Көтөргөн кызыл туу урсун! Адамдын жанын эриткен, Кантың урсун, бал урсун! Чайкаган кымыз, чай урсун! Кара элем мен жетим, Эр кылып мени жетилттиң. Атымды алдап алдын, — деп, Шайымды неге кетирдиң,?! Мындай күмөн кылгынча, Көмө чаап чороңду, Жайнаган жарык дүйнөдөн, Кайрылбас жакка кетиргин! Атабыз Манас эр өлүп, Ак калпак кыргыз эл жүрөт. Гүлчоро менен Канчоро, Өлтүрүп салсаң, абаке, Кыргыздын кылы коробойт! Ак, караны ылгабай, Ар качан айткан сөзүңө, Абаке, ичим бек күйөт! Аккелтеңдин милтесин, Сууруп берчи, абаке, Мен тиштейин учунан. Мындай тирүү жүргүчө, Кыйамат кетсе ал жакшы,. Кызгалдактай кырчын жан!” — Деп, зыркырап турганда, Аркада турган Бакай хан, Ак сакалын жайылтып, Сөз баштады арылтып. Алдында эки чоронун, Абдан көөнүн агартып: “Акмак иттер, байатан, Аркада турсам унчукпай, Адам айткыс сөздү айтып, Э, Семетей, не болдуң, Жаш балдарды каргантып?! Өзүңдөн көрбөй жамандык, Карагулга алдатып, О, капырай кандай иш, Жалгыз кете берипсиң, Койбостон бир ооз сыр айтып?! Кайраттуу баатыр эки уул, Эр тиреги ойлонгун! Эси жок киши кептенип, Сен Семетей не болдуң? Баатырлар кетти Бозбелге, Аңуулап ыраак бир жерге. Кайдан айтам дедиңби, Бакайдай кары эмеге? Сага өпкө бүткөндө, Башкага карын бүтпөппү. Энеден туулуп, көз жарып, Жарык жерге түшкөндө?! Сен балдарга, Семетей, Өктө кылар жолуң жок. Өөн өзүңдө турганда, Өкүрүп берер жөнүң жок! Көкжал жолборс Семетей, Өзүңдөн калдым мен Бакай, Карыганда көөнүм сууп. Эң эле кыйын сөдөр иш, Элебей кете бергениң, Элиңде Бакай мен туруп! Душмандан калдын, Семетей, Уулум, азыр кутулуп. Таарынсаң боло балдарга, Баштан айак кепти угуп! Кетемин — деп — Таласка, Жетемин — деп — түн катып, Арбагы азиз Манаска!” — Бурулду Бакай жулкунуп, Боз жорго башын шарт буруп. Заманасы куурулду, Эр Семетей баатырдын, Бакайдын кебин ал угуп. Кайра тарта бергинче, Кайрылып Бакай желгинче. Кабылан камбыл Семетей, Боз жоргону чылбырдан, Бурултпай кармап алды эле, Мамындай кебин салды эле: “Таарынганың, абаке, Жалганы жок, бары чын. Азыраак сабыр кылгының, Жалгыздын кебин уккунуң. Үйдө жатсам бир күнү, Казактын жүргөн элинде, Эки кыргыз барышты. Сурабадым алардан, Казактар көчүп кетти — деп, Өздөрүнчө кужурап, Далай кепти салышты. Казактар көчтү дегенде, Карабапмын эч кайда, Жарабапмын, абаке, Жаныңа басып барарга. Аттанып жүрө берипмин, Казактан кабар аларга. Алматы, Алтай, Сарарка, Мен кирипмин шаарга. Көөрүктүүгө барганда, Буурулду байлап кыр ташка, Калыпмын уктап талаада. Ойгонуп кетсем Буурул жок, Жөө Семетей туруу жок. Жакын экен арасы, Кырга чыгып карадым, Буурулдун көрдүм караанын. Гүлчоро менен Канчоро, Бизге айтпай кетти — деп, Буурулдун изин кубалап, Аркамдан келген белем — деп, Тамаша кылып акмактар, Атты алпарып кайкыга, Байлап койгон экен — деп, Санаама келди мындай кеп. Кыйып чоро кетпес — деп, Кыйкырдым, аба, кебимди ук, Буурулду алып келгин — деп. Менин үнүм чыкканда, Тура калды бир киши. Буурулду минип бурулду, Көмүскө ылдый чуу койду, Ойноду эми чындап — деп, Көңүлүмдө бул болду. Келсем таштап кетиптир, Мына бул турган кер бээни. Ээр, токумун көргөндө, Калмактан алган экен — деп, Көңүлүмө бул келди. Түштүм кырдан талаага, Адырда жылкы көп жүрөт, Ойносо чоро берет — деп, Акылымда бул жүрөт. Карабадым жылкыга, Акылымда бул жүрөт. Андан мындан элестеп, Көрүнүп койот кээ-кээде. Акмалап жүрүп олтурдум, Баштап мени барат — деп, Өздөрү жаткан жерине. Үч күндүн алды жагында, Чыгып кетти карасам, Сары-арканын белине, Атайын — деп — ошондо, Жамандык келди пейлиме. Ийнимден мылтык алганда, Кырда турган ал караан, Кыйкырып кабар салды анда, «Менмин, аба, Канчоро, Жиберди Бакай, Гүлчоро. Бакай кабар угуптур, Казакты кудай уруптур, Азмункенин Керимбай, Казактын элин бузуптур. Шиберге карай көчүптүр, Азмункенин Керимбай, Жапанга суудан өтүптүр. Кызылуйук чоң дөөнү, Кырк миң аскер кол менен, Күрпүлдөктүн куйушка, Алып келип таштаптыр. Андан кийин Керимбай, Нескара уулу Мадыкан, Бели катуу эң балбан. Мадыканды алды — деп, Казактын эли кошулуп, Жөнөмөк болуп Таласка, Камынышып калды — деп. — Абакем угуп мындай кеп, Гүлчоро экөө биригип, Жумшады мени баргын — деп. Айтсаң абаң тил албайт, Айла кылып Буурулду Ала качып келгин — деп. Чогулушуп кыргыздар, Бир дөбөдө болсок — деп. Ачык айтсам ушул кеп, Мен Таласка кеттим — деп. Мындай таамай кеп айтты. Үч күн удаа жол жүрсөм, Кер бээ арып баспады. Эки күн болду, абаке, Жетелеп бээ басканы. Бүрүл кирер алдында, Элебедим кишини. Буурул менен найзачан, Бирөө мени качырды. Найзанын учу жеткинче, “Манастап” катуу бакырып, Абаке, үнүң чыкканы. Энөөлүк кылсаң кандай — деп, Келген экен, абакем, Мага насаат кылгалы, Деп ойума алгамын. Качырган киши жок болду, Капаланыш балдарга, Как ушундай кеп болду. Кайра кетем дегиче, Касиеттүү, абаке, Капка тоодой берекем, Какбаш Жакып капырдан, Бир өлүмдөн калтырдың. Келгенимде уу берди, Эми эки өлүмдөн калтырдың. Кетер болсоң, абаке, Эми кетем Семетей, Манастын тандым арбагын, Деп ошентип айткының, Андан кийин кайткының!” — Деп, Семетей муңайып, Эки баатыр, Бакайга, Энөөлүк кылып койгонго, Эң эле жаман уйалып. Кара мүртөз Семетей, Хан Бакай кетем дегенде, Кара жерден каргышты, Гүлчоро менен Канчоро, Ал экөөнөн алганга. “Туулупмун бекер — деп, Тумшугу жок Семетей, Ушул дүйнө жалганга”. — Бушайман кылып турганда, Алмамбет уулу Гүлчоро, Сөөгүнөн өткөрүп, Суук сөздү кыларда, Кыраакы Бакай карыйа, Кыйалын билип ал чакта: “Кызыталактар, талаада, Кыйла жыйын кылдыңар. Бүтө элек дагы силерде, Алда эмине кебиң бар? Буурулду минчи, Семетей, Эрди сайган, Канчоро, Башты мага байлап бер, Бол, Гүлчоро, жол башта! Ала жүргүн, Канчоро, Карагер бээни таштаба. Желе жортуп бастырып, Батыраак жетип баралы, Кетечинин жарына. Карагул айткан баары чын, Семетейге алдында. Алысын кууп, суу бойлоп, Жылкы келип калгандыр, Кетечинин сазына!” — Деп, Бакай хан шашыла, Жарлык кылды жалпыга. Аш кайнамда барышты, Ара күндүк алыска. Муну мындай таштайлы, Баатырлардын алдагы, Кеңешинен баштайлы
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей». Элдик эпос. Басмага даярдаган М. Эрги. Булак: bizdin.kg.