← Семетей 2/4

Шайтандын колдоп арбагы, Кургакка чыкты ар жагы. Айдап жүргөн немесин, Жээке бекем байлады, Керимбай көөнүн жайлады. Узун бойлуу нар алган, Керимбайды баштады. Кызылуйук чоң дөөгө, Эки күндө алпарды. Жапандын жайы мамындай, Камыштан салган кепелер, Тентип жүрчү немелер. Казактар баккан жылкыдай, Доңузду жейт ушундай. Байкап көрсөң чоң Уйук, Айуудай катын алыптыр, Алтымыш кулач ажыдаар, Эсиргенден Уйук дөө, Аны багып жатыптыр. “Үлпүлдөк бергин мага — деп, Бербесең кылам сага” — деп, Жебесин тартып асманга, Дүмөктү салып атыптыр. Жандан тойгон Керимбай, Кызыл дөөнүн аралга, Тууралап барды жазганбай. Жолдо жүргөн жапандык, Суучулду тааныйт баарысы. Жибей-сибей салышты, Кобурашып калышты. Суучулдан угуп кабарды, Эки неме жүгүрүп, Өз чоңуна барышты. Жолчунун чоңу укканда, Салбоордо жаткан Чоң дөөгө, Кабар айтып барышы: “Эшикке келди алты жан, Бирөө биздин адамдан. Бешөө башка эл экен, Учурашып сиз менен, Бир көрүшүп кетем — дейт. Беш кишинин башчысьг, Керимбай деген бар экен. Кабыл кылсаң тилегин, Киргизели, Кызыл дөө, Тилегин кабыл кылбасаң, Кетирели жолуңа. Куру келген киши эмес, Куржундары жонунда. Дүйнөсү анын мол окшойт, Талканы бар колунда”. — Деп, айтканда сакчысы, Угуп туруп Кызыл дөө, Ойуна алды ушунда. Эсен хан менен Коңурбай, Калба салды бар элге. Бекеринен бенделер, Келбейт эле бул жерге. “Кылдым кабыл тилегин, Баштап келгин”, — деди эле. Жапаны чыгып эшикке; “Он келди, киши, ишиң — деп, Уруксат кылды кирсин — деп. Өз каадамча киргизем, Жаныма менин келгин” — деп. Керимбайды жанына, Чакырып сакчы алганы. Башындагы чачынан, Таманынан батекти, Такыр тинтип карады, Керимбайдын көзүнчө, Суучулун кошуп өзүнүн, Беш шордууну кармады. Эки колун артына, Керимбайды байлады. Каскаксыз найза колго алып, Эки жапан айдады. Энтеңдетип жүгүртүп, Кызылуйук чоң дөөгө, Керимбайды алпарды. Эшик ачып кирерде, Мойнуна кынжы салганы. Урматтабай чочкону, Убай менен айдады. Мойнун ийип сол жакка, Бетин кылып төр жакка, Таазим кылып турганда, Баш-айагы чогулуп, Аш кайнамдай убакта. Кызылуйук капыр дөө, Акырайа карады. Алайып көзү укмуштуу, Алыстан келген Керимбай, Эс-акылы калбады. Эндиреп барып оңолду, Эсине келип ошондо, “Эки ооз кепке келтирбей, Эбимди таап койобу?” — Деп, элеңдеп турганда, Карап калды Кызыл дөө, Көз айырбай бир далай. Аңгычакты бир талпак, Алып келди бир малай. Бар кийимин кийгизди, Өз каадасын билгизди. Көтөрүп келген талпакка, Керимбайды мингизди. Жер жемишке тойгузду, Ар кайсы жерде көп жүрүп, Ар жорук көргөн Керимбай. Артында ишке карабай, Жемишти жеди жайма-жай. Дасторкону териден, Тазалап алып кеткенде, Тамылжыган Кызыл дөө, Ошондо сөзгө келди эле: “Кайдан келген кишисиң? Ой, эргежээл, сен мага, Дайынын айтчы ишиңдин! Качкынсыңбы бир жактан? Куугунсуңбу ыраактан? Же элчисиңби бир хандан? Же ченчисиңби жер чалган? Тирүүлөй жеймин тим эле, Сөзүңөн чыкса бир жалган! Жалган айтсаң өлөсүң, Караңгы жайды көрөсүң! Буруп айтсаң өлөсүң, Бул дүйнөдөн жөнөйсүң! Кайдан келген жан болсоң, Чыныңды айткын сен өзүң!” — Деп, Кызыл дөө айтканда, Кара күчкө Керимбай, Көзүнүн жашын агызып, Буурчактатып тамызып. Тура калып ордунан, Көк тутун чыгып оозунан. Кайкайа түшүп бүгүлүп, Катындарча жүгүнүп. Аптыгып жүрөк туралбай, Керимбай айтты момундай: “Жерге киши жаралып, Жер бетине таралып. Адам атка конгону, Алтын шаар Бейжинди, Алган киши болбоду. Жакыптын уулу жаш Манас, Кыргыздын уулу жойлоду. Бейжин эмес ал Манас, Ооган, Маңгыт, Коконду, Өз ордуна койбоду. Черченден алып Ташкенди, Темселетти баары элди. Анжу, манжу, калмактан, Айрып салды казакты. Бейжиндеги урушта, Казакка салды азапты! Манас өлсө уулу бар, Анын аты Семетей. Бүтүн жерде бендени, Көзүнө илбейт кенедей. Кишинин баарын чөп ойлойт, Бучкагына теңебей! Кордук салды баарыга, Кол салып киши баралбай, Коркуп калды барууга. Калмактан Коңур козголду, Эл тааныган эренден, Отуз эки алп болду, Санаты жүз лөк кол болду. Коркпой туруп Семетей, Көмөрүп алды ошону. Качып барган кытайдан, Сорандыктын Алмамбет. Жалгыз уулу Гүлчоро, Бели катуу чоросу, Беттешип кирип чорого, Жеңген киши болбоду. Каңгайдан алды алмаңды, Кайгыны элге бир салды. Ырайы жок, боору таш, Мал, пулуна карабай, Баарынан кесип баш алды. Орто Асийа, Түркистан, Кан ичме жинди атанды. Оозуна кирет эң мурун, Калдайдын уулу Коңурду, Жеңгенмин — деп — айтарды! Чыдай албай кордукка, Чын кыйналып зордукка. Чакырып келдим алдыңа, Көчүрүп келдим казакты, Амурдун агын бойуна. Куру келбей, Кызыл дөө, Кырк миң алтын тартуум бар. Кыйналыптыр эл десең, Кымбат баалуу өзүң бар. Кызыталак кыргызды, Кыйратып таштап баарысын, Алдыңа келген Керимбай, Хан көтөрүп мени сал! Арзыбасаң алтынга, Атагы казак журтумдун, Төрт түлүктүү малы бар, Болушунча айдап ал. Кыргыз, казак бир тууган, Как ошондой сыйагы, Болойун сага бир тууган!” — Деп, Керимбай айтканда, Кыйа карап Кызыл дөө, Кыйалданып ошондо: “Кыргыз Манас баатырың, Келгени анын Бейжинге, Жалганы жок ыраспы? Кылымга салса чуулган, Кызыталак Алмамбет, Ал кытайдан туулса, Алмамбет, Манас биригип, Бейжинге келип кол салса, Аны кайдан мен туйдум, Эсен хан кабар кылбаса? Ал экөөнүн балдары, Семетей менен Гүлчоро, Калгандын баарын жалмаса. Таласына барбасам, Таптакыр талап албасам. Тоо текедей тарп кылып, Талаада ичин жарбасам! Кызыл дөө атым курусун, Миң батман күрзү тайагым, Такымга кысып алайын. Таш талканын чыгарып, Көмө чаап салайын!” “Эки күн жаткын, Керимбай, Кырк миң аскер колум бар, Чакыртып келе калайын. Орто Асийа, Туркистан, Бүтүн баарын чабайын. Алтының калсын бул жерде, Кыйратып кызыталакты, Төрт түлүктүү малыңды, Андан кийин алайын!” — Деп, ошентип Кызыл дөө, Эки күнү камынып, Минерине пил алып, Жыгачтан кылган желкенин, Сан санаксыз көп алып. Кырк миң аскер кол менен, Күн батышка бет алып. Деңиздеги жол менен, Токтобой жүрүп олтуруп, Суудан чыкты кургакка. Амырдын суусун жээктеп, Күрпүлдөктүн бойуна, Үмүтөйдүн айлына, Келип түштү Кызыл дөө. Көргөндүн баары диркиреп, Сийдиги чыгып бүркүрөп. “Алда кандай адам — деп, Муну менен беттешкен, Балаага башын салар — деп. Бул чочкону чакырып, Үмүтөй менен Керимбай, Пайданы кайдан табар” — деп. Күдүңдөшүп турганда, Коноктун камын кылдырды, Эр Үмүтөй камына, Семизин тандап ириктин, Жалгыз Кызыл дөө үчүн, Сексен койду сойдурду. Чала-була бышыртып, Он койдун эти бир чара, Сегиз чара жанаша, Аш жегени капырдын, Албан түрдүү тамаша! Сөөгү менен иши жок, Ирик койдун жилиги, Кекиртекке такалып, Токтоп калган жери жок. Сегиз салды оозуна, Тойбой калды жутуна. Сексен кара нан жеди, Андан кийин чай эди. Жылуу менен муздактын, Ортосунда мелүүндөн, Сегиз чара суу ичти. Оңолуп чочко кырданды, Узатып бутун суналды. Кор-шар этсе кой үркүп, Коңуруктап уктады. Муну койо туралы, Эл бүлүнтүп журт бузган, Керимбайдан угалы. Жыгач келген сал менен, Суудан чыгып Керимбай, Кызыл дөөгө кош айтып, Кичи-Инген көздөй жол тартып, Төрт жигитин котчу алып. Бир укмушка жолукту, Тоо аралап келатып.