Кулжадай башы кылтылдап, Арам өлгөн сойулгур, Анын кундуздай жүзү жылтылдап. Баладай жалы былкылдап, Арандай оозу ачылып, Жолум үйдөй көбүктөр, Катуу жолдо жүргөндө, Жол бойуна чачылып. Чарадай болгон чоң туйак, Жерди басып тартканда, Кемегедей казылып. Ээси эмес, аты да, Калган окшойт ачынып. Эшиктен чыга бергенде, Алты жашар баладай, Кызыл бала жылаңач, Чылбырына асылып, Эки түгөй сур бөжөк, Үзөңгүгө жабышып. Кара чаар кабылан, Ат колтукта кабышып. Көсөө куйрук көк даңгыт, Көт жагында жарышып. Он бештен кулжа калдаңдап, Эки жакта чаң салып. Жалгыз Буурул табышы, Алтымыштай даң салып. Боз ала чаар чоң жылан, Семетейдин белине, Үч айланып курчалып. Оң айланып, сол болуп. Сол айланып оң болуп Найзадай тили эки ача, Кулагынан артылып. Бермети жерге төгүлгөн, Шөкүлөсү көрүнгөн. Кара тору кызыл кыз, Калктан ашкан узун кыз, Анын колдоочусу ушул кыз. Эки ийнин басып тайанып, Арка жагын калкалап, Ат сооруга жабышып, Учкаша минип жанашып, Учкашса да сулуу кыз Семетейге жарашып. Колдоочунун баарысы, Кошо чыкты жанашып. Алдындагы Буурулдун, Көкүлүндө шам күйүп. Төрө жолборс Семеңдин, Төбөсүндө от күйүп. Тайбуурулду чуратып, Коргондон чыкты чубалтып. Жалгыз Коңур көргөн жок, Баарысы көрүп чуулашып. Коңурдун өңү бузулуп, Заманасы куурулуп. Келгенине бушман жеп, Мында кайдан келдим — деп. Калкына карап кеп кылды: “Бээжинге жанып кеткин — деп. Алгара минип чуу койду, Азыр өзүм кеттим” — деп. Анын жаралуу болгон жай бар. Жаман сынган кар жилик, Бүтө элек абдан чагы бар. Коңурдун үнүн укканда, Ачуусу келип Семетей, Күңгүрөндү ченебей: “Азыраак кыргыз эл — деди, Артынан кууба сен — деди. Ашмура башы жети бел, Душман ашса бул белди, Кара аскерде кебим жок, Калк башкарган бегинин, Башын алам мен” — деди. Айтканга сабыр кылчубу, Карап булар турчубу? Качкан жоону кубалап, Калбай эли чубурду. Жоону алса ким алды, Жоболоңдуу каңгайды Сайып кыргыз эл алды, Душманды алса ким алды, Согушкан кыргыз эл алды. “Семетей сайып алган” — деп, Түпкү атагы аа калды! Алактаган Коңурду, Азгашып келген доңузду, Өзүнчө келип баштаган, Өрүштө жаткан бул элге, Опсуз жаман согушту. Каңкордун уулу Семетей, Качырып жоону курутту. Сайып алды кыргыздар, Калмак, кытай көп журтту. Алактап Коңур качыптыр, Арстан төрө Семеңдин, Арбагы андан ашыптыр. Суусамырдан Ач-Белес, Кубалап Семең алыптыр. Качып барат Коңурбай, Калганына карабай Кууп барат Семетей, Аркасынан чаадалай. Гүлчоро туруп толгонуп, Көөнүндө акыл ойлонуп: “Анжунун ханы Нескара, Калды белем мага — деп? Тирүү бойдон кетирбей, Сойойунчу аны — деп. Таарынып жүрөт Канчоро, Тору айгырды олжо алып, Кылайын тартуу ага” — деп. Бура тартып жалт койуп, Бу да түштү артынан. Бээжинди көздөй бет албай, Коңурбайдын дартынан. Ооганды көздөй бет алып, Үргөнчтү көздөй чет алып. Кетип барат Нескара, Колуна кылыч карманып. Такаат кылар айла жок, Токтолуп уруш ал салып. Алдында минген Тору айгыр, Учуп барат закымдап. Адырмактуу жер келсе, Арстан туулган Гүлчоро, Анда жетет жакындап. Кара жаак айбалта, Күнгө келсе жалтылдап. Атактуу баатыр Нескара, Качып барат шалкылдап. Нуркаптын суусун кылаалап, Алдындагы Тору айгыр, Баскан сайын жубаңдап. Кайра тартып оролуп, Дөбөттү көздөй толгонуп. Киргит Түтөк бел ашып, Каргалык көздөй бет алып. Кара жанды калкалап, Качып барат чаңдатып. Кууп барат Гүлчоро, Көргөн элди таңдантып. Жеркендин кечки суусунан, Куйундай болгон Суркоен, Жете келди ушунда. “Эми айлам кетти — деп, Эр Гүлчоро жетти — деп. Сайрамдын кезип сайына, Кум куржунду жарайын. Ажалым жетсе көрөйүн, Азапты мындан артканча, Жыгылып аттан өлөйүн”. Санаага бул жеткени, Шашканы эмей неткени? Чын акылы кеткени, Канжарды албай колуна, Карбаластан Нескара, Кылычты колго алганы. Эп келбей узун кылычы, Куржунду жара албады. Кылычты кынга салгыча, Канжарын сууруп алгыча. Кандуу жолборс Гүлчоро, Карууга кагып кеткени. Колу сынып шалк эттип, Эси ооп эндиреп, “Эми өлдүм белем” — деп, Эр чырагы эки көз, Маңдайында алаңдап, Эки жагын каранып, Алактады кайран эр. Күчү ташкан Гүлчоро, Кара жаак балталап, Катуу чапты жапшырып. Аманат жанын чочконун, Баруучу жерге тапшырып. Тору айгырды жетелеп, Олжого алып кетем — деп, Жетелесе баспады, Канжарласа жылбады, Ат соорусу олжо — деп, Тору айгырды сойду эми. Шиш кебек кылып эт кактап, Айабай чороң тойду эми. “Аттанып жолго салам — деп, Абамды издеп табам — деп, Суркоен оозун койду эми. Артынан чаңын чубатып, Марал башы тумшуктан, Аттын изин чалам” — деп. Өлбөй тирүү болгондо, Абакемдин ошондон, Бир кабарын алам” — деп. Тумшуктан келип Гүлчоро, Сурамжылап кеп алып, Улуу жолду караса, Тайбуурул менен Алгара, Катар изи кетиптир, Эми чороң нетиптир? Андан-мындан жетем — деп, Аралады аралды, Таба албай буларды. Башегиндин бел ашып, Аркадан чаңын чубалтып, Суркойонду суналтып. Карашаар, Көрлүдөн, Кабаттап мындай жол басып. Уланбайдын эшиктен, Бешбалыкка кирди эле, Карааны жок алардын. Изин кууп жол менен, Арсайган кара тоо менен. Кумулдун Көкжар жеринде, Калың чийдин жээгинде, Ошондон көрдү караанын, Алгара менен койгулап, Алдында барат Коңурбай. Аркасында салпактап, Жетпей барат Семетей. “Өөрчүп турган Тайбуурул, Өрү калган Алгара, Кандайлыктан жетпейт” — деп, Сынчы Гүлүс чунагың, Атты карап калды да. Оор бойлуу түгөнгүр, Өпкөгө катуу теминип, Дем кысылып калыптыр. Дем өткөрбөй Семетей, Далпактап кууп алыптыр. Аттын жайын көргөндө, Атырылтып аргытып, Гүлчоро жолго салыптыр. Көрө элек Семетей, Көрө салып чорону, “Гүлчоролоп чакырды. Чакырганга болобу, Чаап барат түгөнгүр. Ачуусу келип Семетей, Түбү душман немедей, Атадан калган Аккелте, Жулуп колго алыптыр. Такандашаар айла жок, Турду чоро аргасыз. Кара кумга жөлөнүп, Ал Коңурбай бел ашты. Арбак урган Семетей, Намысына талашты. Жете барып Гүлчоро, Урматтуу күлүк Буурулдун, Чылбырынан кармады, Чырмалып тура калганы, Чыркырап бала ыйлады! “Айланайын, абаке, Нары барчу жер эмес, Мындан нары барганда, Тирүү келчү эл эмес! Атам Манас кабылан, Аман келген жер эмес, Белди ашыш оң эмес! Эби келсе, абаке, Кайта жолго салалы. Учураган калмакты, Такыр айдап алалы. Кең-Аралга барганда, Жери малга жай экен. Чөбү калың жер экен, Кат токтотуп чечели, Алманкеч болуп турушка, Мөөр алып кетели”. — Деп, ошентип Гүлчоро, Кармап туруп алды эле. “Макул, бала, болот” — деп, Булар жолго салды эле. Учураган чоңдорун, Эл башкарган зорлорун, Айдап алып аралга, Элчиликке келишти. Эп келишип калың журт, Ар жылына бир сапар, Жыйырма чейрек алтынга. Жай кат кылып беришти. Калдайып мөөр басышты, Катты алып жанышты. Кайра келип Таласка, Түлөө чырак кылышты. Арбагына Манастын, Кол куушуруп бата окуп, Сыйынышты баарысы, Үч күндөн кийин Канчоро, Калдайып жетип барышы. “Кайда барып келдиң” — деп, Калгандар сурап калышты. Канчоро анда кеп айтат: “Кагылайын, абаке, Барып келдим казанга, Кырмызы шаанын Мурадил. Салып келдим бушманга. Катуу карап күн салып, Өлтүрүп келдим душманды. Өзүңүз Коңур баатырга, Кубалап түштүк ушунда. Гүлчоро кетти энтелеп, Нескарага бет алып. Мага калды дедим да, Мурадил жалгыз чет алып. Мурадилди беттедим, Аталар канын кектедим. Кууп жүрүп капырды, Казандын жазы талаада, Артынан араң жеткеним. Чакчырылып ошондо, Кырмуз шаанын Мурадил, Колуна алды найзасын. Кетиремин — деп, — ойлоп, Жалгыз келген чоронун, Ушул жерде айласын. Найзалаштык бир далай, Кармашып калдык айанбай. Качып берди Мурадил, Кармашка бардаш бере албай. Жеткизбей бара жатканда, Көк чыбыкты колго алдым, Сүмбө уруп, ок салдым. Ээрчип аттым шыкаалап, Аткан мылтык жаңылды, Жанымды тирүү койгун — деп, Мурадил мага жалынды. Койгунуң — деп — жанымды. Башын кестим баатырдын, Канын ичтим капырдын Кайра жанып келишим, Койгунуң — деп — жанымды. Башын кестим баатырдын, Канын ичтим капырдын Кайра жанып келишим, Бүтүрүп келген бул ишим”. Муну мындай таштайлы, Керимбайдын чыккынчы, Кесиринен баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей». Элдик эпос. Басмага даярдаган М. Эрги. Булак: bizdin.kg.