← Семетей 4/4

Сурнайды тартып, үн койуп, Эл бөлүнүп чыкканы, Таамай жети күн болду. Түнүн кошуп санаса, Дагы он төрт күн болду. Күндү эсепке алганда, Он төрт күнгө нак толду. Жарым айлык аламан, Жаман кыргын эл болду! Азууларын аркайтып, Аргымак жатат ар кайда. Туйактары чарадай, Тобурчак жатат көп жайда. Кара чобур жылкылар, Калкып жүрөт кандарда. Кандай адам кезиккен, Как ушундай чаңдарга? Уккан айран калгыдай, Ошондогу жаңжалга. Мынчалык кыргын болгон жок, Бейжинге кыргыз барганда! Чоң баатырлар жулкунуп, Болгон экен мамыңдай. Бир чапканда кулатып, Кырк-элүүнү сулатып, Нескара жүрдү кыйратып. Калмак Уушаң баатыры, Калктан канча кыйратты. Кардын жарып нечендин, Ичегисин чубалтып, Кырмызы шаанын Мурадил, Кызыл атын чуратып. Каруулуудан неченин, Кара жерге сулатып. Эленкыр деген бир баатыр, Болжолу жок чоң капыр. Үйдөй чокмор колго алып, Үйүлгөн жыйын топ болсо, Ошону көздөй чуратып. Жете барып чапканда, Жетимиш, сексен адамды, Жер жаздантып сулатып. Келген экен алп Коңур, Баатырларын дуулатып. Калмактын көрдү казабын, Манжунун тартты азабын. Андан башка эрлердин, Кара калмак каңгайдын, Калкындагы шерлердин, Кайсы бирин айтайын? Элөөрүгөн Гүлчоро, Элкин баатыр Канчоро, Кошойдун уулу Жалгызек, Коркпой турган Байтайлак, Короолуу койду бөрү айдап, Ээн талаага баргандай, Сай бойлотуп кыргандай, Кытай, калмак журттарын, Кырып салды ушундай. Нөшөрлөп жааган жаандай, Ителги тийген таандай, Имерип айдап чогултуп, Чогууларын суйултуп. Кылычты тартып алганда, Шорголоп канын куйултуп. Болжолсуз баатыр Эленкыр, Учурады ошондо, Олуйа Кошой уулуна. Күрзүсүн булгап кезгерди, Жалгызекке ушунда. Жалгызек кайдан айанды, Чокморун колго кармады. Кеңеш сөзүн салышты, Кезектешип калышты. Эр Эленкыр баатырың, Кезекти мурун алышы. Кара зоодой Эленкыр, Чачырап көздөн от күйүп, Жалгызекке барышы. Үйдөй болгон күрзүнү, Опколжуп келип салышы. Быркырады калканы, Туулганын чыкты талканы. Сынып кетти ошондо, Алдында темир саптары. Жайнады жерге жалын чок, Жанына барган киши жок. Быркырап кийген туулгасы, Жер жүзүнө жабылды. Бир чапканда тоздурган, Ким көргөн мындай баатырды? Колундагы күрзүнү, Түкүрүнүп карманып, Келе жатат Эленкыр, Чабууга кайра айланып. Жалгызек анда кеп айтат: “Абалкы кезек сеники, Эмики кезек меники. Эрдигиңди танбасаң., Туруп бериш сеники!” Шартын булар буза албайт, Эленкырга окшогон, Башына кармап калканды, Арка кылып туулганы. Ат үстүндө калдайып, Майданда мунун турганы. Эр Жалгызек жаш бала, Күчүнө жок эч дабаа. Качырып келип салды эми, Калкан менен туулгадан, Кымындай неме калбады. Түкүрүнүп колуна, Тунжур куштай айланып, Орой төбө как башка, Катуу чаап түгөнгүр, Каар менен өткөндө, Калкандын баары быркырап, Үйдөй болгон кызыл чок, Учуп көккө чыркырап. Кызыл буурул минген ат, Тизеден жерге батканы. Теминип көрсө Эленкыр, Түгөнгүр бутун тартпады. Козголо берип кеткиче, Кошойдун уулу Жалгызек, Кош колдоп дагы чапканы. Чаап чокмор тартканда, Кара зоодой капырды, Кара жерге жаздады. Көрүп туруп Кыз Сайкал, Көмүскө көздөй качканы. Көтүнөн кууп Жалгызек, Ал канчыкты таппады. Кайраттанган Жалгызек, Кандай адам беттешет? Каарданып кылыч шилтесе, Так сексенден баш кесет! Кытайды сойуп кыйратып, Калмактын калкын какшатып. Өлтүрүп элди сулатып, Сурнайдын үнүн укканда, Чогуудан чыкты чуратып. Гүлүстөн менен Канчоро, Күжүрлүү күчтүү эр чоро. Бет алган жакты коркутуп, Күйгүзүп өттү жалынды. Утуру келген буларга, Өлүмдүн үйү табылар, Каршы келсе маңдайга, Мындан качып кетчү ким? Баатырлар жүрсө моминтип, Кытай, кыргыз эки журт, Каны агып чубурар. Так он төрт күн болгондо, Бөлүнүп чыкты ушулар. Кара байрак, алтын туу, Айчыгы алтын кызыл туу. Эки элге чеп болгон, Баш ийдирген ушу туу. Желектерин көтөрүп, Жеринен хандар козголду. “Туусун жыксам белем” — деп, Жалгызек муну ойлонду. Бөлүнүп баса бергенде, Кара байрак, алтын туу, Ал Нескара баатырда, Ошону көздөй ат койду. Жетер жетпес болгондо, Пейилин көрдү капырлар. Калмак, кытай элинде, Белдүү канча баатырлар. Каршы алдында кездешип, Калмак Уушаң учурар. Камгактай сайып Уушаңды, Ат үстүнөн учурду. Оңолуп кобо бергиче, Оңдонуп атка мингиче, Аркасында Байтайлак, Башын кесип салганы. Эленкыр менен Уушанды, Болумдуу баатыр дөөлөрүн, Куткарбай муну жайлады. Кабылан Кошой баласы, Жалгызек сындуу балбаны, Ороккырды өлтүргүн, Байтайлакты карачы! Эрдик кылып бул жолу, Эки хандын баласы. Ажырашып бөлүнүп, Арылды элдин санаасы. Элчилешип сүйлөштү, Тил алышып тарашып. Өлүк жыйнап, көөмп алмак, Беш күн болду карасы. Капырлар жыйып өлүгүн, Сары жон кылып үйүштү. Сары кыр саны отуз бир, Айтып элге угузду. Кыргыздардын өлүгү, Он сары кыр болуптур. Өлгөн жандын эсебин, Ортого булар койуптур. Ор каздырып көөлөтүп, Кыргыз жыйып өлүгүн, Жоолуу күнү болгондо, Өлүк көммөк жайы ушул. Шейит деп атын аташты, Жаназа намаз кепинсиз, Жарма көргө жайлашты. Калмак, кытай эки журт, Угузган элге өлүктү. Өжөрлүгүн көрүнттү, Дары төгүп, май чачып, Өрттөп ийди өлүктү. Кең-Колдун дайра сууларын, Адам эмес айбан мал, Ичпей калды ошону. Карга, кузгун жол бербей, Кызыл канга чогулуп, Кызык болду Кеңколго, Ортого дары төгүштү, Эки тарап ошондо, Сасык туман кетсин — деп, Карга, кузгун жоголуп, Жер ордуна келсин — деп, Отту койуп ийишти. Күйүп кетти кыпкызыл, Көгөрүп чыккан кийе жок, Күйүп Кенкол арыды, Кызыл күлгө айланды, Кетирем — деп сасыкты, Кыргыз кайдан пайда алды? Эртеңки күнү уруш — деп, Эл билгендин баарысы, Эми башы айланды. Муну мындай таштайлы, Кыргыздардын кытайды, Жеңгенинен баштайлы.