← Семетей 1/4

Кеңколдогу кызыл кыргын

Асаба таштап, туу тигип, Эр сайышар чагы эле. Алып келди ортого, Кабылан Бакай, Нескара, Башкарчу уруш хандары, Катар койгон тактага, Жумшак мамык пахтага. Хандар келип олтурду, Баштоочу уруш кернейди, Бир тарапка койдурду. Токтотчу уруш сурнайды, Бир тарапка койдурду. Илгертен бери хандардын, Кыла турган жолу ушу. Манастын кызыл желегин, Бир азамат көтөрдү. Кара байрак, алтын туу, Алп Коңурбай туусу бу, Бир азамат көтөрдү. Мурункунун наркы экен, Абалтан берки шарт экен. Туу сайган мыкты жигитти, Аңдып мерген эр чыгып, Атып кетчү салты экен, Муну “туу каңдамай” — дешчү экен. Каңгайдан чыккан мергендин, Аты экен Эртике. Кыргыздан чыкты Гүлчоро, Туу тутканды мээлешке. Кылдат мерген Гүлчоро, Жаага кыйын, колу шок. Сарыдан кийим шымданып, Ак калпак кийип кырданып. Сан кыргыздын ичинен, Баатыр чыгып ылганып, Туусун тигип жатканда, Мелжиген кыйын мергенин, Белдүү кыйын эренин, Экөөнү катар бир атып, Жер жаздантып сулатып. Келгенде баатыр Гүлчоро, Оң экен — деп — ишибиз, Алаштын болгон баласы, Кубанды катар чуу тартып. Как ошондон калган шарт, Туу сайган ким — деп жыгылса, Алдында жеке ал чыгат. Ал Кеңколдун ичинде, Бир көпкөк дөбө келатат. Ойноп жүргөн Кеңколдун, Учуучу тоосу жок эле. Балакеттүү бир тоосу, Пайда болуп калганы. Тообу десе, дөбөдөй, Дөбөбү — деп караса, Каңгайдан чыккан төрөдөй. Казактардын Бердике, Кылгара атты кындыйтып, Салып кирип келди эле. Элчиге өлүм жок экен, Жекеге чыккан баатырдан, Айтып кабар берди эле. Алоокенин чоң, уулу, Атактуу баатыр чоң Коңур, Алтымыштын кенжеси, Жаңы баатыр Ороккыр, Ал Ороккыр деген эр экен. Өзү алгыр шер экен, Он сегиз менен он тогуз, Ортосунда неме экен. Ат көтөрбөй, керки жок, Пил минүүчү эр экен. Алты кабат темир тон, Демейде муну кийинген, Үч жүз кез найза колунда, Жети кабат калканы, Мүрүсүнө илинген, Алты кабат туулга, Алмадай башка кийилген, Үйдөй болгон чойунбаш, Оң далыга асылуу. Жаңыдан чыккан Ороккыр, Жабдыктын жайы мына ушу Жыйырма беш кез бойу бар, Жер жүзүнүн баарысын, Жутамын деген ойу бар. Согушкан пенде соо калбай, Соолгон жандан ажыраар, Бердике айтып жиберди, Эл жыйылган көпчүлүк, Чуркурашып калышты, Ким экенин ким билет, Бирөөнүн айтып салышы: “Жоо кадырын, жоо билет, Гүлчоро менен Канчоро, Ал экөөнөн башкадан Буга беттеп ким кирет?” Айтып сөзүн болгуча, Ачкан оозун жумганча, Корккон эмес чын ушул, Коржоңдогон Канчоро Оолугуп сүйлөп жиберип, Алдындагы Каралат, Ооздук тиштеп нидерип, Ачууланса Канчоро, Чөйчөктөй болуп көз жайнап, Көпчүлүккө карата, Күпүлдөп баатыр сөз баштап: “Барыбыздын башчыбыз, Баатырын турса коргондо. Те, калдайдын уулу чоң, Коңур Анжунун ханы Нескара, Кырмыз шаанын Мурадил, Чыгып калса кокустан, Гүлчоро менен Канчоро, Ал экөөнөн башка адам, Ким беттешет ошого? Тоо экен — деп, — жазганбай, Чоң экен — деп, — апкаарбай, Кыргыздан бирөөң бар — деди! Кызыталак намыссыз, Кылычташып кал — деди! Жети кыраан журтуна, Алптык аты жетелек, Дептерге аты түшө элек. Сүлкүлдөп бойу чоң экен, Не тосуласың мындан — деп Канчоро турду күүлөнүп, Айтканга карап сүйлөнүп. Канчоро кебин укканы, Калгандар карап турбады. Уларбоз атын аргытып, Ак сакалын жаркытып. Жүз жыйырма төрт жашы бар. Эр Жамгырчы келгени: “Курбалдашым, Бакай хан, Өмүрүмдүн акыры, Мындай уруш мага жок, Бир беттешип көрөйүн, Муну мага бер деди!” “Ушунча кыргыз чогуудан, Чыкпайт бекен бир адам?” — Деп, хан Бакай болбоду. Кошойдун уулу Жалгызек, Жалманбоз минген аты бар, Тартынбас жоодон салты бар, Коңурбайга чыксам — деп, Ойлонуп жүргөн дарты бар. Жамгырчыны көргөндө, Кантип токтоп тартынар?! Жалманбозду чуратып, Кабылан Бакай алдына, Камчысын сүйрөп чубалтып, Келип түшө калды эле, Уруксат сурап барды эле, Кабылан Бакай муну айтты, “Койгун балам — деп айтты. Сенин атаң эр Кошой, Саноору алтын, жез эле, Тун ичинде уктабас, Ал кең пейил киши эле. Ошондон калган тукумсуң, Кийин барчы” — деди эле! Ал аңгыча болбоду, Айагынан кеп колдун, Бозжорго минип чеп болгон, Бакайдын уулу Байтайлак, Жаны мыкты эр эле. Алдында атын камчылап, Салып жетип келди эле. Камчысын салып мойнуна, Атакесин айланып: “Уруксат бергин — деди эле. Сенин балаң менмин — деп, Алоокенин кичи уулу, Алтымыштын кенжеси, Ороккырга теңмин — деп. Өз теңтушум табылды, Уруксат мага бергин — деп, Кыргыздан чыккан сиз да хан, Калмактан чыккан Алооке, Ал экөөңөр окшош хан. Ошого чыгып алсам — деп, Уруксат сурап мен жатам”. Баланын жайы мамыңдай, Бата берип ийе албай, Токтолуп калды эр Бакай. Көпчүлүк карап турабы, Ылайык келген убагы. “Омийин, балам, баргын — деп, Кол көтөрүп чуулады. Ошондо Бакай: — токто, — деп, Чечип берди чепкенин, Кийип чыксаң окшойт” — деп. Өзү төөнүн жүнүнөн, Өз үйүндө тигилген. Жыл он эки ай күндөрдө, Өмүр көрсө Бакай хан, Алты айын үйдө өткөргөн. Алты ай күнүн жан көрбөй, Акка кулдук кылам — деп, Атикепте өткөргөн. Ошондо кийген чапанын, Чечип берген чагы бар. Гүлүстөн тууган Гүлчоро, Бозжоргону мингизип, Күрөкө менен олпокту, Кабаттап ага кийгизип. Ээрчитип алып бастырып, Насыйатын тапшырып: “Сен кыйгактуу найза ала элек, Кыйкырып жоого тийе элек. Жабдыктуу найза ала элек, Качырып жоого тийе элек, Жарактын жайын биле элек, Сенин баруучу жагың, эңкейиш, Анын келер жагы өр тартат. Өзүнөн мурун камынып, Минген пили оп тартат. Эң алдына сен баргын, Мурдун шылый чапкының. Амал кылып урушсаң, Айла кылып турушсаң, Ажыратып ийем — деп, Амал менен жетемин, Анын, эсебин таап кетемин”. — Деп, ошентип Гүлчоро, Узатып койо берди эле. Казак, кыргыз салты экен, Атадан калган нарк экен. Жүрөгү жалын от экен, Эчтемеден жанбаган, Кайраты бар шер экен. Урушка мурун кире элек, Оолукма чунак бала экен, Каныкпаган чала экен. Жекеге мурун чыкканга, Көпкөлөң чалган чагы экен. Эми эле айтса Гүлчоро, Унутуп калып тим эле, Алыска таштап караанды, Тай жарышкан балдардай, Тайы кул ук болгондор, Жеткирбей кетип калгандай. Улак тартчу немедей, Жабдыгы жок колунда, Найзасын жанга сүйрөтүп, Жорго менен жойпутуп, Кетип барат ченебей. Күйгөндөн баары буркурап, Жаш агып көздөн дыркырап. Кайгы жеп турат баарысы, “Найзасына капырдын, Илинип калар бекен” — деп. Ал Бакайдын уулу Байтайлак, Өзү баатыр неме эле. Самаркандын сыртында, Алты жылдан бер жакка, Атакеси Бакай хан, Мингизип алып боз тайга, Маш үйрөтүп жүрчү эле. Ал кезекте эрлердин, Салтанаты бир башка. Эки колдо кош балта, Найза кагар кол балта, Башка чабар чоң балта. Шамдагай бала эн, шылуун, Кол балтаны имерип, Бар келтирип уңгусун, Найзаны кагып жиберип. Найзага балта тийгенде, Белинен кетти үзүлүп. Күчтүү экен Ороккыр, Койо бербей түк сабын, Койбоду жерге түшүрүп. Машы чыккан түгөнгүр, Укуруктай найзаны, Ондоп карман алганы. “Табарсыктын башы — деп, Алдында ээрдин кашы — деп. Чарайнанын чети — деп, Буга окшогон калмактын, Өлөр жери ушу” — деп. Болжоп найза имерип, Алдындагы Бозжорго, Ооздук тиштеп нидерип. Аккаңкыга бек такап, Ат күүсү менен койду эле. Көргөнгө кызык дүмөктүр, Кийинкиге жомоктур. Тоодой болгон Ороккыр, Жыгылып пилден сойлоптур. Алдындагы Бозжорго, Уруштуу күнү көп минип, Машык болгон маш жорго. Чылбырын ийе тарттырбай, Тизгинин силкип кактырбай. Ээси түшүп калгандай, О куранып кишенеп, Бута атым ыраак өтө албай.