Идиштерин жыйганда, Хандык жолун кылганда, Алымбайдын Бердике, Катты сунду ушунда. Хандан келген чоң катты, Элчиден Коңур алышы. Алты табак алтынды, Ошол замат Коңурбай, Садага кылып салышы. Каптап койгон тышынан, Калтасын жыртып айрышы. Каттын кебин укканы, Айагына чыкканы. Гүлүстөн чоро кат жазган, Көп жазбаган аз жазган: “Жулмалашып, чукушпай, Эр сайышып, беттешип, Урушалы — деп жазган. Мурун Кеңкол биздеги, Камоодо турат төрөбүз, Бүгүн Кеңкол сиздики. Калың кыргыз балдары, Кырда калдык барыбыз, Эп келсе жерден бериңиз, Түзгө түшсүн элибиз. Семетейди алам — деп, Чоң Бейжинден келдиңиз. Берсең дагы бербесең, Калганын өзүң билиңиз. Зарыктырып таштабай, Катка жооп бериңиз”. Жазган катты укканда, Айагына чыкканда, Одурайган чоң Коңур, Ой жүгүртүп оңбогур: “Ажалы айдап келгенби? Бурутту бурхун бергенби? Өз жерине ээ болбой, Жер сурап менден келгенби? Кырда жатса кыргыздар, Кыйын эле эмгеги. Семетейи жок болсо, Калган кыргыз чекчейип, Түзгө түшүп топтолсо, Карыган Бакай чал болсо, Гүлчоро менен Канчоро, Машыкпаган жан болсо. Эбине келген кеп экен, Жер беришим эп экен. Өзүнчө келип кыргыздар, Колума түшөр жер экен. Гүлчородон шегим бар, Отуз эки алпым бар. Бир кишиге тең келер, Эми эмнеден кемим бар?” Башканы ойлоп турбастан, Бакайдан күмөн кылбастан, Анда Коңур кат жазды, Айалдабай бат жазды. Сүйлөп ооз ачпады, Элчилерди атказды: “Сүйлөчү ушул кат — деди, Элиңе жеткин бат” — деди. Жандырып жообу келгенге, Садага бериш наркта жок. Калтасын жыртып кагазын, Бейлеп баатыр окуду. Эр Коңурбай кат жазган: “Ырас сөзүң деп жазган, Мурун Кеңкол сеники, Бүгүн Кеңкол меники, Мунуңда төгүн буруу жок. Үч түрлүү шартты мен койом, Койуучу шартым мына ушул. Эртең менен болгондо, Найзалар жерге сайылат. Асабалар жыгылат. Мылтыктын баарын бай тигип, Аркасына жыйылат. Он төрт хандын элисиң, Чубап өтүп бересиң. Сынап калам элиңди, Санап калам бегиңди. Семетейден башкаңды, Бенде экен — деп, бейлебейм, Адамбы — деп — элебейм, Бучкагыма теңебейм! Тескейине өтөсүң, Күңгөйгө кайра кечпейсиң! Экинчиси бул экен. Курдашым Манас салдырган, Ташынан чаап там кылган, Кеңколдун күңгөй жагында, Сыр коргонуң ал экен. Ал коргондун ичинде, Канкор Семең бар экен. Күңгөй жагын бербеймин, Үчүнчүсү бул экен”. Катты окуп алышты, Айабай кепке канышты. Ошо күнү кечкече, Түн ортосу өткүчө, Калбай келди баары хан, Кат жазып булар чакырган. Эртең менен эртерээк, Эл турбастан эртелеп. Эр Гүлчоро баатырың, Кайкыга чыкса энтелеп. Найзалар жерге сайылган, Туунун баары жыгылган, Бай тигип мылтык жыйылган. Он төрт жерден коо койгон, Он төрт ханга жол койгон. Айтканынан Коңурдун, Эр Гүлчоро жөн койгон. «Айалдап аскер турба — деп, Аттанып баарың чуба — деп. Козголбой колум турба — деп, Дуу койуп баарың чуба» — деп. Айдап алып жөнөдү, “Буруттун колу келет” — деп, Алп Коңурбай көргөнү. Сынчысы экен Нескара, Чакырып алды жанына. Мунардын чыкты башына, Он төрт жерден коо койгон, Чатырдын наркы астына. Кыргыздын эли чубуруп, Өтүп жатат ушунда. Чубап аскер өткөн соң, Өтүп такыр бүткөн соң, Алды чыгып аскердин, Чатырларын тиккен соң, Алп Коңурбай кеп сурайт: “Э, Нескара, — деп сурайт. Не көрүндү көзүңө? Не билинди өзүңө? Жашырбастан, баатырым, Байан кылчы өзүмө. Кара кыргыз калкында, Каш кайтарчу бар бекен? Кыргыз, казак журтунда, Баш кайтарчу бар бекен? Баатыры анын ким экен? Балбандары канча экен?! Баарын айтчы деди эле”, — Нескара туруп кеп сүйлөп, Кеп сүйлөсө деп сүйлөп: “Кечээ, Көкөтөйдүн ашында, Көп жыйындын кашында, Алпты сынап өткөрдүм, Кабылан Манас баатырды, Алты хандан тең көрдүм. Ал өңдөнгөн жумушту, Андан кийин көрбөдүм. Ушу бүгүн кыргыздан, Андай ишти бир көрдүм! Эр Гүлчоро жалгызбы? Көп чоробу, бириби? Коңурбай жооп бергин” — деп, Коңурбайдан сурады. Мына ушуну укканда, Калдайдын уулу капырдын, Калк башкарган баатырдын, Боконо сөөгү болк этип, Ыргып кете жаздады, Үзүлүп жүрөк болк этип: “Э, капырай, Нескара, Кечээ, Көкөтөйдүн ашында, Көкжал төрө Манасты, Алты хандын элинен, Алты сапар көрдүм — деп, Айттың эле ошондо. Тең келе албай баарыбыз, Теңдикти бердик ошого. Бул да шумдук бир кеп го, Бир Гүлчоро көп десең, Он төрт жерден көрүнүп, Өттү бирдей төп десең! Экөө эмес бир эле, Алмамбеттин уулу эле. Алмамбеттей сээрчиби? Же эл айланар ченчиби?! Асили кытай уругу, Абайласаң тегини!” — Деп, ошентип Коңурбай, Нескара баатыр сынчысы, Айтканына кошулбай, “Жалгыз десем, көп болсо, Көп эле десем, бир болсо. Алмамбет уулу Гүлчоро, Киши билбес шер го ошо! Алда кандай болот — деп, Нескара жаза карабайт, Көрүнгөнү ырас” — деп, Кала берди о жерде, Өзүнчө Коңур күнгүрөп. Тескейге чыгып калың журт, Чатырларын тигишти. Гүлүстөн көкжал баатырың Эркечтей Сурду миниши. Кыдыра басып хандарды, Калтырбай кабар ал салды. “Бир кудайдан тилеймин, Карды калың жаадырып, Камалтып койуп каңгайды, Айдап сүрүп ийейин”. Салакалуу түгөнгүр, Аккан сууга барды эле. Атакеси Алмамбет, Койдон алган кызыл чаар, Жай ташы анын бар эле. Санжыргалуу Гүлчоро, Салты башка жай ташты, Салып сууга байлады. Жерди төрт бурч ойдуруп, Көмдү ошо орого, Талкалатып тезекти, Ободогу булутту, Байлап ага бекитти. Касийдени канча окуп, Калмакча дуба нече окуп, Айагынан куранды, Өйдө карай терс окуп. Түн ортосу мезгилге, Булутту болжоп чакырып, Ушалаган тезекти, Бекем көмүп жаткызып. Салган бойдон жай ташты, Гүлчоро кетти бастырып: “Ушу бүгүн өтөр түн, Чатырыңды үч күбүн. Эки күбүп калганда, Эңкейип чатыр жыгылат, Карга башын тыгылат! Экөө болсо жуурканың, Бирөөн атка жапкының. Чидер салып бутуна, Чылбырын байлап казыкка, Азыр болуп жаткының!” Оор эл жатар мезгилде, Ободон зыркаар жел жүрүп, Өзөн ылдый зыркырап, Басылып шамал кеткинче, Жамгырлап кирди шыбырап, Ок өтпөс олпок тон кийип, Ээликкен Сурду ал минип. Он төрт хандын ордодон, Кабар алып турду эле. Айдап келген булуттар, Борошолоп буркурап, Айабай жаап куйду эле. Алдында камын кылгандар, Чатырды эки күбүгөн, Эрте менен тик турган, Бир күбүгөн чатырлар, Кар астында көмүлгөн. Кызыл айаз дүрүлдөп, Шамал жүрүп күрүлдөп. Таңга жакын болгондо, Кардын ишин басам — деп, Кара нөшөр койдурат. Таң саргарып атарда, Тараза жылдыз батарда Ойрон болгон Гүлчоро, Отуз эки дубаны, Отуруп төптөп чечти эле. Ободогу көп булут Оодарылып кетти эле. Буркурап шамал айдады, Булуттан неме калбады. Аркырап шамал айдады, Асманда неме калбады. Күн көрүндү жарк этип, Кар өлчөөсүн билем — деп, Бастырды Гүлүс шарт этип. Чобур эмес тулпарды, Жоого минчү байагы, Жылкыдан чыккан бууданды. Карга салып бастырса, Колоңсодон тыгылып, Үзөңгү карга чийилип. Үч чыйыр болуп көрүнүп, Бура тарта бергенде. Төрт эли жери муз болгон, Жайдын күнү кыш болгон. Астынан эрип жааган кар, Ат жүрө алгыс иш болгон. Бура тартса тулпарды, Чөлдүн кара шорундай, Казандай болгон ак муздар, Каңтарылып баса албай. Ал аңгыча болбоду, Жердин жүзү ачыла, Күндүн нуру чачыла, Каңгайга кылдым деп туруп, Байкап көрсө Гүлчоро, Башкача шумдук баштады. Кыйналып келген кыргызды, Кырып койо жаздады!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей». Элдик эпос. Басмага даярдаган М. Эрги. Булак: bizdin.kg.