← Сейтек 2/3

Ажыбайдын уулуна, Катчылыкты бергени, Падышалык алтын мөөр, Керменбайга тийди эми, Оболбек менен Сетертай, Таласта эки бий деди. Каргалдайды сен балам, Ордонун башы бол деди, Кутубай менен Торсолдой, Балдардын көрүп урматын, Үйүңдө жыргап жат, деди, Ушундай кеңеш кеп болсо, Ички сырды айт, — деди. Каныкей айаш, Айчүрөк, Айрылып барат кай жерге? Сейтек менен бир жүрөт. Кыңк эткен бенде болбоду, Бакай айткан болгону, Эшикке чыгып Керменбай, Элге угузуп койгону, Эки күнү той болду, Күн саны үчкө жеткенде, Канчорого ой болду. Канчоро менен Чачыкей, Алдырып келди коргонго, Элүү миң ашуун эл турду, Тегеректеп ошондо. Чачыкейди караса, Мас болгондой шалкылдап, Шилекей агып шалпылдап, Өлчүдөй көзү тиктенип, Тиштерин чайнап качырап, Жоолук салбай жылаңбаш, Чачтары түйдөк саксаңдап, Күлүп калат ырсайып, Тили чыгып бултайып, Асманды тиктеп чакчайып, Бир жакка мойну кыйшайып, Аркасын карап кылчайып, “Акыр-чикир келгин!” деп, Айкырып калат үн салып. Туруп калып шылыйып, Өзүнчө күлүп мылыйып, Көйнөгүн чечип ыргытып, Жыпжылаңач бул бетпак, Жана болду тырмалап. Анда Бакай кеп айтат: — Эрежеде экиге Сурак жок, балдар, билгиле, Жаш бала менен жиндиге. Бул каапырды талаага, Айдап муну ийгиле. Айдалып чыккан Чачыкей, Камышка барат мааналап, Көлөкө бербей камыштар, Эттерин тилет чапкылап. Шиберге келсе жүгүрүп, Тикен болуп шиберлер, Таманын тилип тепчилип, Сууга келет акактап, Тили карыш салаңдап, Суунун бетин көрсөтпөй, Күн тумандап далдаалап, Үңкүргө кирсе ачылбай, Ичине муну жаткырбай, Таштар кулап калдырап, Качып чыгат алдырап, Айылга келет жылаңач, Иттер келет такымдап, “Ой, Айчүрөк, Айчүрөк, Катыны элек бир эрдин, Мени карап койгун”, деп, Сүйлөп кетет какылдап. Чыга калса Айчүрөк, “Атанын кокуй наалат!” деп, Жүрүп кетет лакылдап. Жайытта уйдун богунан, Томолоктоп кургатып, Кылга тизип тагынат, Ошентип жүрүп ар кайда, Көрүнүп элге далайга, Түбү жок зандим бир жерге, Түшүп өлдү жеркуйга. Канчорону келтирип, Колу-бутун чечтирип, Ичкиниң деп аш берип, Бакай айтат бир кепти: — Кызыталак, арам ит, Атаң Чубак эр эле, Эр уулу менен тең эле, Атадан айлан, чунак ит, Эмне болдуң сен эле?! Мен билгенде сеники, Көөн оорур жериң жок эле. Семетей сага не кылды? Канчоро менен Гүлчоро, Көтөрүп жүрүп чоңойтуп, Өзүнө окшош эр кылды! Душманга барса аттанып, Сен экөөңдү бел кылды, Жети хан аргын ногойго, Сен экөөңдү хан кылды, Душманыңды кем кылды, Тууганыңа бел кылды, Семетей сага, Канчоро, Кай жеринен тайгылды?! Колуң тийип баатырга, Найза менен сайыпсың, Кыйазга балта чаптырдың, Сары мойун койондой, Бирге өстүң сен экөөң, Курдаштыкка карабай, Кечирин кесип алдырдың, Ыйыгы эле адамдын, Эбегейсиз кар кылдың! Өлгөнүн көрбөй баатырдын, Же көмгөнүн көрбөй баатырдын, Катынын кантип сен алдың?! Олутун бастың титинбей, Ордуна жаттың эчкирбей, Кай жоругуң каапыр ит, Айдай болгон Чүрөктү, Кыйазга олжо беришиң?! Не үчүн алып калбадың, Ата журту Таласка? Арбагына чет болдуң, Айкөл бааша Манаска! Эмчегин берген Каныкей, Торпокко салып кардадың, Эмип кетсе бир торпок, Какжаңдатып сабадың, Ыраспы жалган иштериң, Кантип тузаа табасың?! Төө кайтарттың мени сен, Унаа бербей баскын, деп, Жөө кайтарттың мени сен, Эмне кылган кишимин, Ой, арамкор, сага мен?! Колумдан келип турганда, Чубактан калган чунак деп, Казы кесип жегиздим, Жетимдигиң билгизип, Качан башка дегиздим?! Кызылдан кылдап кийгиздим, Желбестен жорго мингиздим, Манастын уулу деп жүрдүм, Качан башка дегиздим?! Айылың башка болголу, Алаңды качан мен алдым?! Кулаңды качан кууп алдым?! Кам орбодум буудайын, Сындырбадым куурайың, Ак куржунуң ачпадым, Ак теңге пулуң чачпадым, Жакшы-жаман экен деп, Артыңдан сени айтпадым. Айрыкча турат эсимде, Кармагының буура, деп, Чуркагының турба, деп, Чакчаңдап камчы чапканың, Өз ордума жаткырбай, Ороого айдап таштадың. Не кылгамын мен сага, Жүйөөлүү кебиң айтканың! Антип Бакай токтолду. Гүлчоро айтат мындай деп: — Шариаттын кеби бар, Тобо кылса кечет деп, Тозок оту өчөт деп, Жалганы жок ырас кеп. Көөн ооруңдун баарын айт, Жик-жигинен айрып айт, Болгон иштин дайнын айт, Көр оозунда турасың, Ушунчаңда кайра кайт! Чыныңда айтсаң жашырбай, Бул олтурган көпчүлүк, Өткөн ишке кайгырбайт. Каныкей айтат: - Канчоро, Жерге түшкөн кезиңде, Жерден алган мен элем, Эмчегим эмген сен элең. Сүт чыкпай кызыл кан чыкты, Өлтүрүп салбай ошондо, Багып жүрүп курган жан, Сенден көрдүм кардыкты! Семетей уулум эр эле, Кең пейилдүү эме эле, Кан чыккан деп кеп салсам, Койчу, энеке, деди эле, Сенден көрдү жамандык, Ырас болду дегеле! Алмамбет, Чубак – эки шер, Акылман Бакай кеменгер, Арстандан бери карата, Айтылып келген кеп эле, Алмамбет, Манас, Чубактын, Оорагы окшош тең эле. Чубактан калган сен элең, Алмамбеттен бул эле, (Гүлчорону көрсөтүп), Эмне кылган сага эле?! Мени кандай кардадың? Бакайды кандай кардадың? Гүлүстү кандай зарланттың? Намысы жок жаман ит, Айдай болгон Чүрөктү, Олжого кандай карматтың?! Олжого кеткен Чүрөгүм, Бойунда бала барлыгын, Ошондо билип жүргөмүн, Эркек тууса болду деп, Жылдарды санап күйгөмүн, Үмүтүм болуп Чүрөктөн, Ан үчүн өлбөй жүргөмүн. Оодарылып шум дүйнө, Ордуна турбайт бул дүйнө, Колума бүгүн тийгениң, Тирүүлөй этиң кескилеп, Талатып итке ийейин, Оозун жыйбай Каныкей,, Кийиз кындан кыңырак, Сууруп алды зыңгырап, Кой, энеке, койгун, деп, Кармай албай Гүлүстөн, Айт, Канчоро, айткын, деп, Шилиледи Керменбай. Унчукпай туруп алганда: — Ой Канчоро курдашым, Мен Гүлчоро сырдашың, Ишенгиниң нээтиңде, Саа жамандык кылбасым. Жашырбай айт чыныңды, Зарыктырып турбагын. Капаланып Канчоро, Акыйа тиктеп ошондо: — Кабаган канчык, дөбөттөр, Келипсиңер короого, Ийиле турган жерим жок, Ийне-жипче мен болсо. Жуукурлук кылсаң өзүң кыл, Маа сүйлөбө,Гүлчоро! Суракчы Бакай болуптур, Колдон келген чагымда, Баарыңды сойуп койбогон, Мага да куп болуптур. Зарылып мага наалыба, Жаагыңды талытпа, Иттен илгер жан болуп, Кишиден кийин кар болуп, Антип тирүү жүргөнчө, Өлүм жакшы чын мага. Куу сакал Бакай, Каныкей, Жылма катын Айчүрөк, Ой Гүлчоро, жуукур кул, Жетим бала Сейитек, Эми мени айаба! Кебиңерди албайым, Чычып койгон майакка... Деп Канчоро айтканда, Токтоно албай Керменбай, Кылычын кындан суурганда, Көкжалыңдын Сейитек: — Кылычты кындан тартышың, Кой, Керменбай кеп эмес, Мен курбалдаш киши деп, Гүлүстөн абам алдында, Айтпады беле далай кеп. Жана айтса жана кеп, Канчородон сураса, Байакы айткан ошо кеп, Элдер турат чуркурап, Атынан айтпай Бакайды, Олуйам бизге бергин, деп, Кетели деп кескилеп, Өлтүрүп ийсек экен дейт, Боор сыртка тепкилеп. Анда Бакай кеп айтат: — Акылга айбан болбоду, Айтканды алып оңбоду, Хан Сейитек жолборсту, Өз нээтиндей ойлоду, Алдын алып тосоттоп, Эр Гүлүсүм торгоду, Сүйлөр киши жок болсо, Мага бергин суракты. Токтолуп Бакай калды эле, Унчуккан киши болбоду. Темирден кадаа орнотту, Шуудурдун чылгый терисин, Эки бутка төрт жерге, Табарсык менен колтукка, Эки колдун карыга, Кокойгон ичке мойунга – Тогуз жерге салдырды, Башына каптап таңдырды. Салдырып бутка кең кишен, Кынжылатып мойнунан, Андан кийин Бакайдын, Мабу кеп чыкты оозунан: