Сейтектин Таласка келип хан болушу
Түн бойунча жөнөдү, Ай төбөгө келгенде, Айчүрөк, Гүлүс, Сейтек, Кутубайды кошо алып, Жети суудан аттанып, Керменбай менен болжошкон, Колунда кагаз катталып, Таласты бетке алышып, Түзөнгө келсе жарышып, Жүрөктөрү жарылып, Мээрин жутуп абанын, Бүткөн бойу балкышып, Темир тоонун кырына, Тарашанын сыртына, Салып чыгып барышып, Турнабай алып колуна, Кең колду көздөй салышып, Көрүнгөн жерин карынын, Сейтекке танытып, Көздөрүнөн жаш кетип, Тамшанып ыйлап наалышып, Бөксөдө жолго салыптыр, Бармак болуп күмбөзгө, Булар жөнөп калыптыр, Сары бөксө дегенде, Арыгынан Куу тайган, Козголбой жатып алыптыр. Тайганды таанып эр Гүлүс, Сур аттан ыргый туйүлүп, Аңгычакты Айчүрөк, Ал дагы түшүп жүгүрүп, Башын жөлөп караса, Көзүнүн жеги ириңдеп, Тиштери чыгып ырсайып, Тумшугу менен жер сайып, Комдонуп жаткан бойунча, Кобо албай жаткан чагы экен, Семетейди сагынып, Он эки жыл зарыгып, Эмне үчүн келбейт, деп, Жаткан экен тарынып, Эски жүнүн түшүрбөй, Каш кулак басып суур жебей, Айбан да болсо жаны бар, Жабырды тартып ченебей. Айчүрөк келип тайганды, Жазганбастан кармады, Ала жүргөн жанына, Чыгарып алган каргыны, Мойнуна тага калганы. — Ээң келди, жаны бар, Эми кандай арман бар? Деп кебин айта салганы. Эси оганга эс берген, Шай кеткенге дем берген, Эбептеген немеден, Эптүү жеңен Айчүрөк, Эки талды жедирген, Шилисин тартып сун алып, Куу тайган көзү тунарып, Эсине келип көз ачса, Айчүрөк турган бур алып, Чүрөктү көрүп кыңшылап, Куйругун шыйпап кылчактап, Аңгыча көрүп Гүлүстү, Кишиден бетер кучактап, Көзүнүн жашы он талаа, Токтобостон бурчактап, Тиши тишке шакылдап, Эки-үч үнүн чыгарып, Үрүп ийди арсылдап, Чө бөрү менен көк бөрү, Үнүн угуп калганы, Эси чыкты калтылдап. Сейтекке ошондо, Айчүрөк кебин салганы: — Ушул турган Куу тайган, Атаңдын салган тайганы, Адамы тургай Таластын, Кор болуптур айбаны! Асталай басып Сейтек, Атамдан калган тайган, деп, Желкесинен алганы, Тайгандын жүнүн сылады, Канча жылдык эски жүн, Дегеле неме калбады. Сейтекти бир тиктеп, Семетей келген экен, деп, Улуганда заңгырап, Тоо кабышып зыңгырап, Тарашанын тоосунан, Таш кулады кылдырап. Эки буттун ортодон, Эки айланып өткөнү, Ала салып нары оонап, Аңтарылып бери оонап, Ар жагында кашаттан, Кире берди кыңшылап, Кудай бетин салбасын, Ээмдин көөнүн ачам, деп, Кетип барат жымылдап. Кең колоттун курбусу, Кулжа жатчу жер эле, Ачып көздү жумгуча, Куу тайган салып келди эле, Кулжадан бөлүп айдады, Алдына бешти салганы, Сейтек салган бөктөргө, Кууп келе калганы, Атка кирип келгенде, Бирөөн тиштеп жарганы, Ай, жаныбар, болду, деп, Гүлчоро барып кармады. Мойнуна каргы илгенде, Үчөөнүн колу тийгенде, Эркелеп ойноп кайкаңдап, Кадимкидей акактап, Семирип тайган толуптур, Семетей бардай болуптур, Куу тайган жарган кулжаны, Эр Гүлүстөн сойуптур, Кулжа эки-кой эти, Төртөө мыктап тойуптур. Аттанып жөнөп алышты, Куйушуна Чаткалдын, Күн бата жетип барышты, Аттары Кеңкол чөбүн жеп Өздөрү көнүк сууну ичип, Ал жерге конуп калышты. Жатардан тартып бир неме, Кар-кар этип кар этет, Суу төккөндөй шар этет, Кайсы экен билинбей, Бир немеси кириндейт. Таң агарып атканда, Атактуу Талас жерим, деп. Ак калпак кыргыз элим деп, Тура калып Сейтек, Өөдөлөй басып караса, Сымбаты төөдөй кейпи бар, Онтоп жатат бир жандар. Жанына келип караса, Сөөгү турат эти жок, Көзү көрбөй кал басып, Эки өркөчү шылпыйып, Төрт айагы тарбайып, Өтө арык тартайып. Карап туруп жанында, Ойуна алды Сейтек: “Эжекем айтып жүрчү эле, Куу ингени атаңдын, Алдыңан, балам, тосот деп” Ургаачыбы, эркекпи, Абдан байкап караса, Өзү иңген төө экен. Куу иңген ошо экен, деп Жаш Сейтек кезенди, Айбанды мындай кардаган, Канчоро кулду жесем, деп. Жаны барым куу иңген, Агытып Чүрөк ийгели, Кайыпчынын ойунда, Жан жүрбөс кумда жүрүчү, Ар качандан бир качан, Түшүнө Чүрөк кирүчү. Үч күн удаа түш көрүп, Жолго чыккан куу иңген, Келе жатып буу чөлдө, Жолдон азган бул иңген, Так токсон күн жол таппай, Жер издеген бул иңген. Эки күндүн алдында, Таң ата келген бу жерге, Барайын деп төрт көлгө. Чөккөн бойдон кобо албай, Өзөгү ооруп зыркырап, Кызыл өңгөч каркырап, Жел тартып керней шаркырап, Кокосу кээде кор этип, Жатып калган кези экен. Карап турат Сейтек, Айра таанып биле албай, Же таштап кете бере албай, Аркасынан Гүлчоро, Басып келди тура албай. Гүлчоро жыты киргенде, Каңгырап боздоп ийди эле, Куу иңген үнүн укканда, Айчүрөк чуркап келди эле, Дартка дарман медеттен, Иңгенге бешти берди эле. Көзү ачылып жарк этип, Айчүрөктү көргөндө, Боздоп ийди каңк этип, Кобойун десе өркөчү, Эки кат тери шалп этип, Эки буттун коборуп, Эки колу кобо албай, Жыгылып калды талп этип. Эр Гүлүстөн, Сейтек, Бүлдүргөн деген чөп терип, Алып келип бергени, Айчүрөк, Гүлүс экенин, Анык иңген билди эми. Сейтекти жалдырап, Карап калат бул иңген, Ким экенин биле албай, Тилсиз айбан канетсиз, Сурап деги ала албай, Тумшугу менен Гүлүстү, Колтуктан ары бир түртүп, Сейтекти карады, Тааныбай сурап жатат, деп, Гүлчоро билип калганы: — Жаныбарым Куу иңген, Он эки жыл болуптур, Бөлүнгөнү сен менен, Көрүшбөй азыр кеткени, Таластагы эр менен. Тиги Чүрөк, мен Гүлүс, Сага жүктөгөн ак күмүш. Бүгүн коппой калыпсың, Кара жанга күч келип, Семейтеден Сейтек, Бой тартып калды серейип, Сейтекти туу кылып, Таласка келдиң сенделип. Гүлүстөн угуп Куу иңген, Олуйа энең Каныкей, Тойго минген бул иңген, Сейтекти бет алып, Жылып жөнөп алыптыр, Кыйналбай деп жаныбар, Сейтек жетип барыптыр. Мойнун созуп Куу иңген, Сейтекти бир жыттап, Гүлчорону бир жыттап, Айчүрөктү жалт карап, Токтобой мойну кылжыңдап, Ээси берген көктү жеп, Бүлдүргөн деген чөптү жеп, Аш кайнамдын ичинде, Каркайып иңген семирет. Куу тайган келип иңдендин, Алдынан өттү арсылдап, Куу тайган менен Куу иңген – Экөө ойноп кылтыңдап, Секирип тайган кыңшылап, Койкоңдойт иңген буркулдап. Муну койо туралы, Ажыбайдын Керменбай, Ошондон сөздү угалы. Арстан Гүлүс кеткени, Ажыбайдын Керменбай, Эл аралап кеткени, Торсолдойдун каргалдай, Как өзүнө жеткени. Жеткен жерде шашырбай, Как ушундай кеп деди: — Оозуңду бас кеп кылбай, Ордо баккан элдерди, Сен байкагын туйдурбай. Сейтекти эңсеген, Сагынганы бар бекен? Жоголсун келбей бизге, деп, Күбүр кылган бар бекен? Аз күндө келет эр Гүлүс, Ал күнү болот көп жумуш. Карасы ак болбосун, Агы кара болбосун, Ак кишилер жоголуп, Каралардан калбасын.- Деп тапшырып Керменбай, Үйүнө барып жай албай, Ай аркандап, Күн күрмөп, Келер күндү болжолдоп, Жети төрдө элдерге, Айылбашы эрлерге, Атайлап өзү келди эле. Эминеге, келген, деп, Таңдаңганы дагы бар, Кебин уксак экен, деп, Зарланганы дагы бар. Аксакалдын баарысы, Акыл – эстүү карысы: Бекер келбейт Керменбай, Бир жумушу, бар дешип, Керменбайдын ордуна, Бий болгон кишим Сетертай: — Керменбай ага, келгин, деп, Тору тай менен түн катып, Кабар бергин менмин, деп, Бекер минтип жүрбөйсүз, Бир жумушка келдиң, деп, Бойунда Чүрөк кетти деп, Мен айттым эле күмөн кеп, Эл бузулуп качарда, Сиз токтотуп койгон кеп. Алыска кеткен арстандан, Атайлап кабар болдубу? Ачылып көөнүң толдубу, Уккан кабар менде бар, Кулак түрүш элде бар.