Сүрөтү адам кара баш, Кийими жок жылаңач, Эңкейсе тизе бүгүлүп, Кызарып эти бөлүнүп, Өөдө болуп түзөлсө, Курсагы турат көрүнүп. Чуркап жетип Айчөрүк, Баш уруп турду жүгүнүп, Башка кеп келбей оозуна, Байкуш энең Каныкей: “Эмизбедим торпок “ деп, Колун башка калкалап, Кетенчиктейт бүгүлүп. Айдай жеңең ошондо, Эки бутун кучактап, Уулуң эмген эмчек, деп, Шур-шур тартып он жыттап: — Торпогуң менен тозуп кал, Кагылайын энеке, Айтканыма кулак сал. Мен Айчүрөк келиниң, Сени издеп келгенмин, Жашырган менен болобу, Жараткандын бергенин? Эркек туудум, энеке, Уулуңан калган жалгызың- Сейтек келди, мен келдим, Гүлүстөн уулуң ал келди, Мына менин жанымда, Кутубайың да келди. Деп Айчүрөк айтканда, Каныкей айтат солк улдап: — Сейтек деген ким эле? Айчүрөк деген ким эле? Гүлчоро деген ким эле? Кутубай деген ким эле? Канчоро бизге хан эле, Чачыкей ичи заар эле, Жөөлүтпөчү сен зайып, Кайдан келдиң бул жерге, Токмок жеймин кечинде, Торпок эмсе, — деди эле. Эси оогандай эндирейт, Токтоно албай сендирейт, Арыбы күчтүү Айчүрөк, Апы менен сапыдан, Эбеп менен себептен, Ичирсе кубат кылуучу, Эл табалбас медеттен, Тузу бар ага татыткан, Сүтү бар кошуп катырган, Жети жүз сексен уруудан, Момунжан өзү жасаган, Каныкей, Бакай ичсин, деп, Айчүрөккө тапшырган. Санаты жети томолок, Экини катар ичирсе, Муундун баары ажырап, Шалдыр сөөк болуп жоголот. Бир томолок жарымын, Дагы эки бөлүптүр, Оозуна сала бериптир, Каныкей аны билген жок, Алкымында эриптир, Аш кайнамда Каныкей, Акылына келиптир. Байкап туруп Айчүрөк: — Ак байбиче, энеке, Алдыңа келсем, мен Чүрөк, Укпай койдуң сөзүмдү, Торпок эмсе кантем, деп, Күлчоро менен Сейтек, Алар да келди сени издеп, Ата конуш - чоң Талас, Атактуу Кеңкол жер издеп, Жиберген болчу уулдарың, Энеме кийим кийгиз деп. Айчүрөктөн Каныкей, Түш көргөндөй кеп угуп, Үнү чыкпай буулугуп: — Үнүң Чүрөк кептенет, Көрүнбөйсүң көзүмө, Кебиңди айтсаң болбойбу. Көрүнүп койуп өзүмө, Сейтек деген ким болот? Бойуңда кеткен Чүрөгүм, Ойлонсом санаам миң болот, Айчүрөк болсоң ырас-чын, Тилиң менен жалап көр, Эки көзүм ачылсын. Көздөрүн жалап Айчүрөк, Чылпактарын кетирди, Байагы берген дарысы, Күч-кубатын келтирди, Чүрөктү көрүп энеңиз, Э дей албай эси ооп, А дей албай ал кетип, Өңүмбү,түшүм кандай, деп, Тил байланып шай кетип, Оозунан агып шалдары, Кирпиктери тиктелип, Абдан эси жыйылды, Бүткөн бойго күч келип. Эсин жыйып энеңиз, Эми айтты бар кебин: — Канчоро каман, Чачыкей, Күн береби Айчүрөк? Мында, балам, не келдиң? Элимди Кыйаз чапканда, Бойумда бар дегенсиң, Бойумда бар дебесең, Ошол күн жаным жемекмин. Он эки жыл күй дедиң, Так он эки жыл эмес, Эки жүз жыл өттү бейим. Эркекпи,кыз тууганың, Эмне болду, Айчүрөк? Айчүрөк анда мындай деп, Айтып өттү далай кеп: — Ырысыңа, энеке, Эркек бала төрөдүм, Ат жалын тартып мингинче, Далай кордук мен көрдүм. Уулуңдун аты Сейитек, Он экиге чыкканда, Күлчоро экөө биригип, Мында келди, энеке, Ак калпак кыргыз элди деп, Жылгындуу Кеңкол жерди издеп, Абакем менен сени издеп. — Гүлүсүм кайда, көрөйүн, Ак сүтүм берген баламдын, Алкымын жыттап өлөйүн, Сейтек кайда, медерим? Тунжурдан калган белегим, Ак калпак кыргыз элине, Тийиптир бүгүн керегиң, Баштап бар балам, мени сен, Бакайга айтып берейин, - Кутубайды бир карап, — Мынабу турган кишиң ким? Мунун дайнын билейин. — Мурун Талас эли экен, Жетисууну жердеген. Кутубай деген киши экен, Гүлчоро менен Сейтекке, Көп жакшылык келтирген, Көр Кыйазды Гүлүстөн, Көп ичинде сойгону, Кутубай уулу Карадөө, Жез кемпирдин жети уулу, Жетисуунун элине, Аны баштык койгону. Алдында келип Күлчоро, Бүгүнкү күнү кыргызды, Атакемдин күмбөзгө, Ошол жерге болжоду. Канчоронун алтымыш, Сейитегиң сойлоттту, Канчоро менен Гүлүсүң, Кармашып жатат не болду? Иши оңолгон Гүлүсүн, Канчорону койобу? Каныкейди Айчүрөк, Атыр менен жакшы жууп, Кулпунтуп кийим кийгизип, Кырмызы менен белин бууп, Желбеске баса мингизип, Бакайды карай жөнөдү, Чыга калып батуудан, Абаң Бакай, Сейитек, Шер Гүлүс менен Керменбай, Бир турганын көргөнү. Бакайды көрүп Айчүрөк, Ак саамай болгон кезинде, Баш урунган келинчек. Күлчоро айтып жиберди: — Каныкей энем келет, — деп, Энекемди жетелеп, Жеңем бирге жүрөт, — деп. Арыштап Гүлүс түйүлүп, Аа кошулуп Сейитек, Алдынан утур жүгүрүп, Желбести мыктап жетелеп, Айчүрөк келет жүгүнүп, Кундактай бели бүгүлүп. Караанын көрүп Бакайдын, Күлчоро менен Сейитек, Үнүн угуп балдардын, Тил байланып балдырап, Каныкей тиктеп жалдырап, Эмчеги тээп зыркырап, Сүт куйулат балбырап, Күлчоро менен Сейитек, Чуркап жетти алдырап. Кудайдын көргөн кубатын, Каныкейдин ак сүтү, Экөөнү тең кандырат, Дарбыздай эмчек тоголок, Эми калды салбырап. Сейитек менен Гүлчоро, Суусуну канып магдырап, Андан кийин Каныкей, Оролто кармап мойундан, Ар экөөнү шур жыттап, Сейитекти жыттаса, Семетейдин жыты бар, Каныкей аңсап буркурап, Аңгычакты зор Бакай, Келип калды чукулдап. Бакай менен Каныкей, Кучакташып көрүшүп, Колдун учун өбүшүп, Баш кошуп жетөө турган жер, Талдар чырпык байлады, Булбулдар муңдуу сайрады, Бачымдап турбай аттанып, Сарайга жетип барганы, Абаң Бакай акырып, Акыреттик досум, деп, Манасты айтып бакырып, Бакайдын үнүн укканда, Баатыр Манас күмбөзү, Каалгасы кетти ачылып. Абаң Бакай ошондо, Түшө чуркап атынан, Жаш баладай шашылып, Кирип кетип күмбөзгө, Гүлчоро менен Сейтекти, - Экөөнү алды чакырып. Үчөө кире бергенде, Сарайдын оозу жабылып, Көрүп турган көпчүлүк, Айкөл шерге жалынып, Айдатып келген койлордон, Түлөөгө бирден чалынып, Бир мезгилде үн чыгып, Жер титиреп сүр чыгып, Күмбөздүн оозу ачылды, Айдай жаркып нур чыгып. Сейтек менен Гүлүстү, Ээрчитип Бакай зор чыгып, Жердин бети мемиреп, Гүлдөр жайнап мелтиреп, Көпөлөк учуп делдеңдеп, Жан-жаныбар калбастан, Таластын ээси келди, деп, Жайылып чыкты сербеңдеп, Көз илешпей нечеси, Жүгүрүп жүрөт эрбеңдеп. Керилип талдай бой жасап, Чырпыгы кыздын чачындай, Жерди карап салаңдап, Караанын көрсөк дегенсип, Бүркүттөр учуп калдаңдап, Кыргыйек учуп кыпылдап, Карчыга учуп зыпылдап. Кажырлар учуп салпылдап, Канаттуу калбай чогулуп, Күн жүзүн бербей калкылдап, Адам эмес канаттуу, Бойу эрип балкылдап. Бугулар чыгып төш-төшкө, Маралдар чыгып өрдөшкө, Аркарлар жатпай адырда, Кулжалар чыгып кайкыга, Эчкилер чыгып кыйыкка, Текелер чыгып бийикке, Сүйүнчү келди Кеңколдо, Талаада жүргөн кийикке. Токойдо жолборс суналып, Тоолордо илбирс чубалып, Түлкүлөр ойноп секирип, Канча түрдүү жүн алып, Мен да көрдүм дегенсип, Каркылдап каздар үн салып, Өрдөк-чүрөк, сонолор, Каракуназ, жогжоктор, Аккуу баштап түр салып: Сууда жүргөн ушулар – Балык менен кумурчак, Бака менен чөмүчбаш, Суунун чыгып үстүнө, Мойнун созуп карашат, Ээси келип чоң Талас, Эбегейсиз жарашат. Мурункудай сагызган, Үн сала албай шоктонуп, Кузгун учпай жок болуп, Баса албай бөрү токтолуп, Жыландар жылбай жыйрылып, Жырткычтын баары тыйылып, Келарыс менен чөөбөрү, Кемерден чыкпай кылыйып, Кас кылчунун баарысы, Калды түгөл тыйылып. Каркыра-турна сап болуп, Желе тартып асманда, Адамдар чыдап тура албай, Тегеренип үн салса, Кара суудан үн чыгып, Өркөчтөнүп шарылдап, Мааналайт жардын бетине.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.