← Сейтек 2/6

Торсолдойдун каргалдай, Чакырып кетти сизди деп, Уккан кебим жана бар, Жашырбай айт абаке, Абалтан бери карата, Менде жакшы санаа бар. Төрт күндөн бери таңды алдым, Жүрөгүм балкып уктабай, Эр Гүлүстөн, Айчүрөк, Санамдан койду түк чыкпай. Каныкей энем, Бакай хан – Алардын көрүп азабын, Ордого барбай мен качам, Келип кетпей неттиң, деп, Канчородон тил угам, Керменбай анда кеп айтат: — Эки бий Талас элисиң, Сетертай, бийдин бирисиң, (Сары хандын ордуна Чоң ордого кирипсиң), Акылы жетик чунагым, Менин келгенимди билипсиң., Кеткендер келер бекен, деп, Сен да эңсеп жүрүпсүң. Саламат келсе Сейтек, Ал күнү чыгат далай кеп. Гүлүстөн келди, көрүштүм, Колдун учун өбүштүм. Кырк күндү болжоп кетти эле, Как ошондо келем, деп, Көкжал Семей төрөнү, Оодарган тактан Канчоро, Нак жазасын берем, деп. Ак калпак кыргыз бүт калбай, Күмбөзгө барсын такыр, деп, Мен укканым ушул кеп. Оболбек бийдин үйүнө, Мен барайын, Сетертай, Өз элине ээ болуп, Дайарлангын унутпай. Сетертайдын үйүнөн, Кысыртады жеп алып, Бал чайкаган кымыздан, Кол чаначка байланып, Керменбай кетти аттанып, Күн болжолун жатка алып. Башка жакка бурулбай, Оболбек бийди үйүнө, Барып түштү Керменбай, Эсиң менен болгун, деп, Эки катар айтты эле, Оболбекке Сетертай, Канчородон Оболбек, Алты сапар тайак жеп, Көөнү калган жайы бар, Керменбай келип түшкөндө, Жетине албай Оболбек: — Керменбай келип калыптыр, Мындан чыгаар далай кеп, - Малайларын шаштырып, - Кысыртай болсо карма, — деп, Кысырак таңдап сойдуруп, Байандозду чойдуруп, Сулуу келин Суксурга, Кымыз арак куйдуруп, Тура калып Оболбек, Кош колдоп сунуп турду эле, Алдына келген аракты, Жандырбай чечен урду эле. Керменбай уктап жай жатып, Оболбекке Керменбай, Койгон жок бир ооз кеп айтып. Бийлик кылчу үйүнө, Барып кирди Оболбек, Керменбайды жанына, Алып кирди Оболбек. — Керменбай ага сен элең, Аркаңда иниң мен элем, Дасторконду туз насип, Бирге болсом дээр элем. Баш коштум бүгүн сиз менен, Сырга келиң биз менен, Кармашып жүрүп картайдым, Канчоро деген ит менен. Кандай келип калдыңыз, Он эки жылдан бер жака, Эл аралап келбеген? Жашырбай айткын, кермеке, Эби келсе менден сен. Ойлобоймун артымды, Оргу-баргы жашымды, Канчоро алты токмоктоп, Бойоду ханга башымды. Далай күн түшсө башыма, Ошондо бирөө келген жок, Не болдуң деп кашыма. Кадырым качты калкымда. Баркым калбай башкага, Бий болгон киши сен элең, Семетей мында барында, Ойноо бала мен элем, Короолош жүрдүм айлыңда, Жаман кептин кыйыгы, Тийгени жок эч сага, Жаман кеп жанды секиртип, Ачылбай көөнүм мен капа, Керменбайга Оболбек, Сырын айтты барынча, Арамдык ойу билинбейт, Керменбай агаң байкаса. Кеп баштады кеменбай: — Оболбек, болсун көөнүң жай, Элиңди ичтен туйунтуп, Балан күнү бейшемби, Күмбөзгө баргын сен турбай. Кары менен жашынан, Эркеги менен катындан, Анда жакшы болбойсуң Бир кишини калтырсаң. Эр Гүлүстөн, Айчүрөк, Көкжалдан калган Сейтек, Кантип таштап жиберсин, Алдынан тосуп сен барсаң. Кыскасын айтам жашырбай, Менден кепти сурасаң, Бөрү жесе малды жейт, Канчоро жесе жанды жейт. “Ачкан курсак тойунат, Жыртылган кийим бүтөлөт, Мундуу эрдин6 башынан, Бузуку заман куулсун”- Деп, байыркылар айткан кеп. Сетертай менен сүйлөштүм, Баш оонанын он беши, Барлык элиң дүрбөсүңн Каадалуу киши кептентип, Канчоронун айылына, Бирөө барып жүрбөсүн. Керменбай айтып жаныптыр, Сетертай менен Оболбек, Элине кабар айтыптыр. Бийлеринен кеп угуп, Эр Сейтеңк, Гүлүстөн, Айчүрөк келет, деп угуп, Болжолдуу күнү жан калбай, Баары жүрдү чубуруп. Кулунга ноктоо салбады, Музоону кошо таштады, Козуу-улакты агытып, Аттуусу өтүп бээченден, Тайлуусу өтүп төөчөндөн, Ала бука – уй минип, Унаасы жогу жөө жүрүп, Тирүү бенде жан калбай, Сапырылып жөнөдү, Бешикте бала ыйлабай, Кулундуу бээлер туйлабай, Кетип барат эл мындай. Бозулан барат жарышып, Тамашасын салышып, Абышка келет саксаңдап, Мас болгон келет чакчаңдап, Бели эңкейип бөкчөйүп, Кемпир келет жөтөлүп, Жөө келет нечен катындар, Бешигин жонго көтөрүп. Алек-далек жүгүрүп, Чарчаган менен иши жок, Эмне минтип келдим, деп, Кейиген бир да киши жок, Сейтек, Гүлүс, Чүрөктү, Көрсөк экен дегенде, Ичи жалын боору чок. Кызыл жалын өрт болсо, Жайнаган кызыл чок болсо, Алдынан чыгып жоо келип, Мылтык менен октосо, Бура тартар пейли жок, Сапырылып жер чандап, Чакчелекей – будуң чаң, Такыр жөнөп алыптыр, Каранын көрүп бул элдин, Канчоронун жигиттен, Бир канчасы барыптыр: — Барасыңар кайда, деп, Алардан сурай салыптыр. Булар менен иши жок, Жооп берген киши жок, Далайга жолун торгоду, Тосорго айла болбоду, Кайта келип баргандар, Канчорого жолгошту: — Башка жактан киши жок, Бардыгы биздин эл экен, Барасыңар кайда деп, Кеп сурасак, кылчайып, Жооп берген киши жок; Байларың жүрөт чардаңдап, Көөдөктөр жүрөт дардаңтап, Ары–бери чапкылап, Чаңданы жүрөт салбаңдап. Кемпири жүрөт какчайып, Абышка жүрөт саксайып, Мырзалар жүрөт керилип, Келиндер кетип баратат, Кеп сүйлөөдөн эринип. Катындар бешик көтөрүп, Кеселдери жөтөлүп, Өпкө оорусу көгөрүп Опсуз жөнөп алыптыр, Өлүүчүдөй көшөрүп. Жабырап айтып барыптыр, Жалдырап туруп Канчоро, Буларды айтып калыптыр: — Эки – үчөөң бачымдап, Элге жете баргыла, Четинен кармап иттерден, Толук кабар алгыла, Кечикпей келе калгыла! Беш киши кетти кеп угуп, Канчоро хандын алдына, Артынан чаңы бурулгуп, Бара жаткан топ элге, Булар калды жолугуп. Барасыңар кайда, деп, Кеп сурашты олугуп, Унчукпай эл басканда, Кармап алды бир киши, Бешөө туруп чогулуп. Кармалган киши кеп айтты, Кеп айтканда бек айты: — Айкөл Манас баатырдын, Күмбөзүнө барабыз, Тобо-томук кылабыз, Ачкалык келди Таласка, Арыкчылык бар малда, Атайлап бара жатабыз, Арстанга абал айтканга. Канча жылдан бер жакка, Айкөл Манас баатырга, Тобо-томук кылбадык, Арбакка арнап берүүгө, Бир кенжени кыйбадык. Күмбөзгө барбай койгону, Кыш жерге токоч болбоду, Жайдын күнү болгондо, Акка карын тойбоду. Ан үчүн бара жатабыз, Алакан жайып, кол ачып, Күмбөзгө барып кайтабыз! Жөрөгөлөк деген бар эле, Чогоол өскөн жан эле, Жаңкы айткан кишиге, Мына мындай деди эле: — Алакан жайып кол ачсаң, Катып калган Манасың, Кара жердин түбүнө, Батып калган Манасың, Каптап токоч береби?! Чөп чыгабы жериңе? Сүт толобу желинге? Канчоро жанга баргын! – деп, Төбөдөн ары салды эле. Аңгычакты ал жерге, Каргалдай келип калды эле: — Ой, Жөргөлөк, Жөргөлөк! Канча жетер күчүң бар, Кой кенедей жөрмөлөп?! Салганды менден көрүп ал, Андай эмес мындай! – деп, Жөргөлөктү Каргалдай, Тогуз-он койуп жиберет, Өлтүрөбү муну, деп, Төртө кирди тебелеп, Бердек менен Каргалдай, Канчоронун беш кулу, Салышып кирди айанбай. Бердек белдүү тың экен, Белүү катуу уул экен, Жөргөлөк баштап бешөөнү, Беш жерге жыгып таштады, Аттарын алып жетелеп, Күмбөздү карай басканы, Жөөлөп бешөө демигип, Канчорого айтканы. Чачыкей бар жанында, Куурдак, чайы алдында, Анталаңдап беш дөбөт, Көргөнүн айтып барганда: — Алтымыш балбан эрлерим, Тие турган кезеги, Бүгүн болду керегиң. Бачымдап экөөң баргыла, Бейбаштык кылган ким болсо, Байлап келе калгыла, Андан башка калганын, Айдап жолго салгыла! Деп айтканда Канчоро, Чачекей айтат ал мындай: — Алтымыш эриң бүт алып, Өзүң баргын Канчоро, Оболбек менен Сетертай, Ошол жерде бар болсо, Башын алгын кулдардын, Кутуруп кеткен турбайбы, Кур семирип кулдарың!