Хан Бакайды көргөндө, Жаш ордуна кан агып, Мунажат кылат теңирге: “Кудай берсе талапты, Хан абама кылдырсам, Сен экөөңө суракты!” Күн кечкирип аңгыча, Көз байланган убакты, Торсолдойдун Каргалдай, Жетелеп тайын энтелей, Үйүнө келип катынын: — Казан аскын эртелеп, Мейман келет бул үйгө, Ардык алсын эртерээк. Бол, катыным, тилим ал, Жаткырып койуп конокту, Сааның менен сүтүңдү, Майда-чүйдө ишиңди, Андан кийин кылып ал. Катындын аты Акмаңдай, Айткан сөзү ал мындай: — Ээрчитип келген кишиң жок, Ашыгасың болгун деп, Ашыкпай жатса коногуң, Атама болор жакшы кеп. Ачык болсо коногуң, Анда абдан болгонуң, Мейман келсе тээ мурун, Эчтемени элебей, Олтурчу элең дүңкүйүп, Бүгүн кантип калгансың, Алек-далек жүгүрүп? Деги мейман кана, кишиң ким? Айтып анан желгиниң, Малдан сойуп бергиниң. Калдалаңдап Каргалдай, Алкынып деги тура албай: — Алдында куурдак куура сал, Андан кийин сойулат, Ал конокко да бир мал. Келүүчү конок дубана, Кызыгап калдым мен ага, Учурап калдым капыстан, Тарашанын кырында. Кобурашып биз турсак, Аркар келди алдыма, Байлап койгон немедей, Туруп берди жаныма, Атып алып аркарды, Артып алдым тайыма, Түшүп келдик экөөбүз, Тармалсаздын жаынан. Канчоронун коргонун, Кимдики деп сурады, Мазар сууну карады, Көзү ооттой жайнады, Кыжыр менен тиштерин, Качыратып чайнады. Муунума кирип калтырак, Коркуп жаным таз калды. “Көрсөтүп кой үйүңдү, Мен барамын күүгүмдө, Жуунуп сууга аламын, Бүткөн бойум кир эле”, Деп ошентип ал киши, Калып калды ал жерде, “Атаң барбы? Атың ким?” Сурады баса берерде. Түз басып кирбей мен үйгө, Чыгып тиги дөбөгө, Ал кишини карадым, Каныкейдин жанына, Көрүп турдум барганын. Мазар сууга киринди, Соо киши эмес билдиңби? Карасуу бойлоп кыдырды, Төө тосуп жүргөн Бакайды, Карап аны көп турду. Карап турсам дөбөдө, Жакасын бурап кармады, Өзүнчө туруп каарданды, Көрүнүп турду дөбөгө, Эки көздөн от жанды, Ана бура басты бер жакка, Келерине аз калды. Акмаңдайга Каргалдай, Айтып кебин салганы, Төрдө жаткан Торсолдой, Баарын угуп алганы: — Каргалдай балам, айтканың, Ыраспы, же жалганбы? Ырас болсо айтканың, Кудай берип салганбы? Акжолтой тууган эр эле, Алмамбет уулу шер Гүлүс, Мында келип калганбы? Баштап кел, балам, бачымдап, Мен олтурайын жакындап. Анык болсо Гүлчоро, Ашканын ичсем колунан, Бир жыттасам боорунан, Кырк күндөн кийин сак болом, Айыгып сокур оорудан. Жалынамын, жалбарам, Сыркоргондун топодон, Бир чымчымды алдырам, Көзүмө сүртсөм үч бөлүп, Ошону менен айыгам, Ачылган багың турбайбы, Арстан чыгып жолуңан! Азамат Гүлүс кеткели, Келиним кеште тикпеди, Же сага нөөмөт жетпеди, Ажыбайдын айлы деп, Канчоро хан жектеди. Элге кызмат кылдырбай, Керменбайды четтетти, Чачыкей менен Канчоро, Бүткүл элге кектетти. Торсолдой айтып салганы, Аңгычакты карсылдап, Иттер үрүп калганы, Каргалдай бала жүгүрүп, Алдынан тосуп барганы, Үргөн менен дөбөттөр Камап бара албады, Каргалдай бала делдестеп, Баштап кире калганы, Эшиктен кирип Гүлүстөн, Торсолдой сунду карыга, Салам айта салганы, Алик алып абышка, Колун сунуп калганы, Колунан Гүлүс кармады. Торсолдой колду ушалай, Айткан кеби ушул ай: — Арстансыңбы, шерсиңби? Көзүм көрбөйт меники, Колуң колго жыпжылуу, Күнүм Гүлүс сенсиңби? Күндөй бетиң көрө албай, Көр болгон сокур менминби?! Жытың жыпар буркурап, Бүткөн бойдон тер агып, Кетип барам жымырап! Гүлүстөн анда кеп айтат: — Гүлүс деген ким эле? Гүлүс деген кеп укса, Канчоро хандын казабы, Катуу келет деди эле. Жай таба албай кыдырып, Жата албай жүрүп турган жан, Өлүмгө келген экенмин, Атыңыз ким карыйа? Мунтип берсең айылың, Мен жата албайт экенмин. Торсолдой кары кеп айтат: — Уулу менен келини, Ашкерелеп койот деп, Деги ойлобо кебимди. Сен Гүлчоро болбосоң, Гүлчоро сени жиберди, Жүргөнүңдөн билинди. Семетей кайып болголу, Гүлүстөн майып болголу, Айчүрөк олжо болголу, Көрбөдү көзүм уктум мен, Алтын булак мазар суу, Барган киши болбоду, Каныкейдин жанына, Өткөн киши болбоду, Кыйналганын Бакайдын, Көргөн киши болбоду. Булакка бардың кириндиң, Каныкей алын сен билдиң. Бакайдын алын байкадың, Канчоронун коргонун, Караанын көрүп укканда, Башыңды неге чайкадың? Ошолорду мен угуп, Гүлүстөн деп турамын, Жалгыз балам Каргалдай, Мен Торсолдой сокурду, Багып жатат кар кылбай, Бакайга берет аш-тамак, Калгандарга туйдурбай, Сурап турат ал жайын, Каргалар барып ар күнү, Куруп калган зор Бакай, Төө кайтарат ар күнү, Карыганда зор Бакай, Жөө кайтарат төөлөрдү, Тирүү бенде көрбөгөн, Кордукту Бакай көргөнү, Кайран киши кар болду, Кең дүйнөсү тар болду, Каныкей күнү андан тар, Жаман каардап Чачыкей, Бир жутум сууга кылат зар. Тезек терип, мал тосуп, Барып калса Каныкей, Катын менен балалар, Көрбөй калса айла жок, Көрүп угуп калса эле, Кордук салат Чачыкей, Бир үйгө башын каттырбайт, Бирөөгө кебин айттырбайт, Башкадан даам таттырбайт. Жайдын күнү болгондо, Эти күнгө күйсүн деп, Узун көйнөк кийгизбейт. Кыштын күнү болгондо, Үшүк алып молойуп, Кол-буту чолок болсун деп, Калың чапан кийгизбейт. Жай айранды чак берет, Кыш сорпону аз берет, Каныкей менен Бакайдын, Кардыгын угуп калганда, Ичимен мөжүк кан кетет! Айтып болуп Торсолдой, Эсинен танды эндиреп, Каргалдай менен акмаңдай, Куурдак кууруп жатышат, Казанына энтелеп. Куурдагын берип бышырып, Жетелеп келип козусун, Конокко бата кылдырды, Атакелеп кычырып. Ачуу ичеги ашырбай, Этин такыр салышты, Атасы менен Гүлүскө, Чоң табакка тартышты. Байкап турса Гүлүстөн, Катынан күдүңдөп, Каргалдай бала кеп айтты: — Мына бу эки жамбашты, Хан атам менен энеме, Эбин таап астыртан, Берели, катын, — деп айтты. Ушинтишип бул экөө, Алып койду эттерин, Байкап туруп Гүлүстөн, Баарын укту кептерин. Сынына Гүлүс толтурду, Жаман-жакшы иш билген, Жайы бар бала экен деп, Жатар мезгил болгондо, Каргалдай менен Акмаңдай, Короо кезүү бизде, деп, Салынарын, жабарын, Ташып чыгып аларын, Атасы менен конокко, Төрүнө салып кең төшөк, Короого чыгып кетишти, Алмак болуп кабарын. Эл айагы басылып, Баарын уйку алыптыр, Уктабай жатып ошондо, Торсолдой кебин салыптыр: — Айланайын коногум, Мени уктатпай койду, деп, Дегеле капа болбогун. Колуң менен Жытыңдан, Эр Гүлүс деп ойлойум, Кыймыл этсең жер солкуйт, Шер Гүлүс деп ойлойум, Сыр алдырсам бирөөгө, Мындан бетер оңбойун! Сен келгени бул үйгө, Жүрөгүм балкып толгону, Өзүнчө бейлим тойгону, Жанаша жатсам сен менен, Толкундап жүрөк сүйүнүп, Көз жумулбай койгону, Эр Гүлүстөн муну айтат: — Көп жашаган карыйа, Көңүлүң жетик баарыга, Азгашып жүрүп темтейип, Келип калдым айлыңа. Гүлүстөн деп ат койуп, Жакындадың сен мага, Жалганды жамап айта албай, Кыжаалат болдум мен сага. Мага бериң уруксат, Дем алыңыз сиз уктап, Арбагына айкөлдүн, Барып ыйлап келейин, Айагынан кучактап. Дубана барат мазарга, Сыркоргондун топосун, Ала келем мен сага, Дагы келип эки күн, Мен турамын ушунда, Аста туруп ордунан, Арстан жүрө берерде, Торсолдой кармап колунан: — Бир жыттаткын коногум, Төшүңдү ачып, бооруңан, Кудай урган абышка, Койбой турган болду деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.