Ошол кыргыз тегиби? Түштүктүн эли деги эмес, Атасы бай жарды эмес, Сүрөттө турган сымбаты, Хан баласы сыйагы. Кандай чыккан ушу? — деп, Эр Төштүктүн Кенжеке, Эки сапар көргөмүн, Кенжекеге түспөлдөш, Мында турат бир элес. Угушумча Орус хан, Он эки кызы бар деген, Кичүүсү Гүлнар дегени, Ошол эмей кандай?” деп, Эр Гүлүстүн билгени. — Жүрү, Сейтек кетели, Чыкканы далай күн болду, Элге кайта жетели, Ошондо туруп Сейтек: — Макул, аба, кетели, Кырк бир жолдун оозуна, Он күндө бирден келели, Мынабу турган кыздардын, Ким экенин билели, Гүлчоро анда кеп айтат: — Атаа, Сейтек, — деп айтат, Кырк бир жолдун оозуна, Он күндө бирден келсек, деп, Бул айтканың кандай кеп? Эр убалын кантебиз, Кыз издесек кеңгиреп, Кары убалын кантебиз, Жар издесек зеңгиреп, Эл убалын кантебиз, Жүрө берсек деңгиреп? - Бастырып кетти Гүлүстөн, - Жүрү, Сейтек, жүрү, — деп, Кайыпчынын ичинен, Канча түрдүү айбандан, Ошол жерде бар жандан, Бук болуп калган жаа тартпай, Учурап калган немесин, Баарын атты куткарбай. Кулжасын атып кулатып, Текесин атып сулатып, Илбирс менен чөө атып, Жолборс менен шер атып, Түлкү менен бөрү атып, Марал менен бугу атып, Көлүнөн өрдөк-куу атып, Сексен төөгө жүк артып, Төөлөрдү чиркеп чубатып, Колуна бербей кат жазып, Жуурда көрсүн жеңем, деп, Жакасына бек катып, Барып келгин үйгө, деп, Сейтекти атказып: — Ылдам келгин Сейтек, Сен келгенде түз мындан, Таласка барам элди издеп,- Деп Гүлчоро калыптыр, Төөлөрдү алып колбутуп, Сейтек үйгө барыптыр. Көрүп Кыйаз көз тойуп. Өзүнчө басып оштонуп, Бара жатып токтолуп: “Бул Сейтек жашынан, Келе жатат от болуп, Алда кандай болоор?” деп, Кыйаз калды кайгыда, Нечен акыл ойлонуп. Кирдеп келди балам, деп, Көйнөгүн алып Айчүрөк, Чылап сууга салам деп, Жакасын Чүрөк кармады, Тигиши колго башкача, Эмне деп шек алды, Аңтара кармап Айчүрөк, Жазган катты таап алды: “Акылман жеңем Айчүрөк, Гүлчородон уксаң кеп, Сейтек келип жөнөдү, Кырк бир жолдун оозуна - Капчыгайга барам, деп. Мен да бардым темтиреп, Сансыз кыздын сүрөтү, Асылыптыр мелтиреп. Абайласам Сейтек, Бир кызды калды көп тиктеп, Элди айтып, жерди айтып, Алып келди жүрү деп. Сүрөттү байкап карасам, Кенжекеге түспөлдөш, (Карапайым кыз эмес) Таласты таштап унутуп, Сейтек кетип жүрбөсүн, Мелтиреген кызды издеп. Өз ойумда баа бердим, Урумдуктун кызы деп. Менин бир уккан кебим бар: Орус хан кызы он эки, Эң кичүүсү Гүлнар деп, Ошол жакта шегим бар, Сейтек кайтан келгенче, Кенжекеден кабар ал, Ошол болсо айткандай, Куш тилинче кабар сал. Ачык болсо кабары, Кызды мурда алалы, Кийин Талас баралы. Кимдердин келбейт башына, Кош кыйал кылбай баланы,” Катты окуп алыптыр, Купуйа учуп Айчүрөк, Кенжекеге барыптыр, Эмне үчүн келгенин, Кебин айта салыптыр, Акылман катын Кенжеке, Мына мындай деди эле: — Мен ыраазы болгомун, Мурун келип кеткенде, Туйдурбай туруп жоодарга, Жардам берип өткөндө, Биз он эки атадан, Бир эркек жок карасаң, Акылдан танып баратат, Карылыктан Орус хан. Кичи сиңдим Гүлнардын, Дал он үчтө жашы бар, Сүрөтү менде тартылуу, Эп келсе, Чүрөк, алып бар. Көрсөтүп көр балаңа, Көргөн кызы Сейтектин, Ушул болсо непаада, Кат жазып берем колуңа, Мен баралбайм Урумга, Өзүмдөй катым иш кылат, Чүрөк, ишен сен ага. Өлүгүнө өк болгон, Тиригине тик турган, Эр Төштүк айкөл Манаска. Семетей келип эки жол, Жесир менен жетимден, Жеткире алым сурады. Колумдан келген иш болсо, Айансам кудай урбайбы. Сейтек Гүлнар кааласа, Бара бергин Урумга, Орус хан менин өз атам, Мен жазган катты алпбарсаң,, Эми карып калдым деп, Энчисине кызынын, Элин кошуп береби, Кудай билет хан атам, Же жерин кошуп береби, Батыш, чыгыш кыргызы, Биргелешип кетеби. Кенжеке менен коштошуп, Айчүрөк кайра кеткени, Сейтек муну билбеди, Көп тургузбай Айчүрөк, Сейтекти жиберди, Абаңа алып баргын, деп, Тигип көйнөк бергени. Ачса көйнөк Гүлчоро, Арасында сүрөт бар, Сүрөткө кошкон каты бар, Айчүрөктүн аты бар, Баарын көрүп Гүлүстөн, Сейтек жаткан бир үйгө, Таштап койуп сүрөттү, Билмексен болуп Гүлчоро, Байкап тыштан күзөттү. Көзүн ачып ойгонуп, Имерилип толгонуп, Сүрөттү көрүп Сейтек, Тиктеп калды ормойуп. Карап туруп жалдырап, Кырк бир жолдон көргөмүн, Кайдан келип калды? — деп, Ала койду алдырап. Сүйгөнү ушул экен, деп, Ойуна алып Гүлүстөн, Жарым ай туруп токтолуп, Мунун айтты Сейтекке, Куткармак болуп күйүттөн: — Кыйазга барып айткын кеп, Кабарын уктум алыстан, Орус хан кызы Гүлнарды, Мага алып бергин, деп, Урумга Кыйаз бара албайт, Урумдун жолун биле албайт, Менден бөлөк билер жок, Ырас-чынын айтканда, Баштап сени жүрөр жок, Барбасаң, ата, калгын, де, Чолок колду кошуп бер, Баштап мени барсын, де, Айчүрөктү ала бар, Тооторуну мине бар, Тоотору мине барбасаң, Кылган иште чала бар. Алып келем дебегин, Кудалашып келем, де, Бербес болсо Орус хан, Сенин уулуң болгон соң, Бекер кантип келейин, Жудаалашып келем, де. Гүлүстөндөн кеп угуп, Канык болуп акылга, Жана келсе айылга, Эминеге келди? — деп, Кыйаз калды кайгыга. Кутубай эле жолдошу, Салам айтып киришти, Эсендикти билишти. Анда Кыйаз кеп айтат: — Кечээ кетип Сейтек, Келипсиң бүгүн энтелеп, Кеткен күнүң бир айга, Азыр таамай толо элек, Кыйаздан угуп бул кепти, Чыга берди Сейтек. Кутубай анда кеп айтат: — Ханым Кыйаз, — деп айтат, Өткөндөгү сапарда, Кайыпчыга барганда, Кырк бир жолдун оозунан, Көзү түшүп сүрөткө, Көңүлү түшкөн бир кызга. Унутуп калбай Сейтек, Уламалап сураса, Урумдан чыккан узу дейт, Орус хандын кызы дейт, Гүлнар деген ушу дейт. Ошол кызды алам, дейт, Атам Кыйаз барында, Албай кантип калам, дейт. Жүр, Кутубай, баргын, дейт, Кантип айтам атама, Сен барып кабар салгын, дейт, Кечээ кетип Сейитек, Бүгүн келиш ушул кеп. Ошол үчүн келгемин, Айтканыңды жашырбай, Уулуңа айтып беремин. Тиктеп Кыйаз алайып, Эки жагын каранып, Бузулуп өңү карарып: — Сүйлөшүп келет Урумга, Ушундан ага ким барып? Сейтек аны не кылат, Быштактай сары кызды алып? Угуп жүргөн кабар да, Ногойбайдын эки уулу, Көчкөн экен айрыла, Энчиге малын бөлгөндө, Бирине бири таарына. Ногойбайдын чоң уулу, Карасур жигит ал экен, Кичи уулу Ногойдун, Өңү сары көзү көк, Бири андай бала экен, Өз аттары айтылбай, Кара, сары ногой деп, Айтылган кеби ал экен. Ортоктун көчүп тоосунан, Кара ногой бөлүнүп, Энесайга келиптир, Сары ногой самсаалап, Урумга көчүп кириптир. “Эки ногой айрылыш”, Эмгичекти унутпай, Комузчулар чертиптир, Сары ногой Орусхан, Бул дагы кыргыз уруудан, Убара болуп ушундан. Урумга кайдан мен барам?! Жолун билген бар болсо, Кутубай ага жумшасаң, Береби кызын, бербейби, Орусхандан угушсаң... Аңгычакты эшиктен, Тамак дайар болду деп, Айтып кирди бир шыгай, Айчүрөктүн үйүнө, Басып келип калышты, Кыйаз менен Кутубай. Басып турат Сейитек, Тизе бүгүп олтурбай. Дасторкону ачылды, Жайнатты Чүрөк асылды. Күркүрөп Кыйаз кеп айтат: — Ой, Сейитек! – деп айтат, Орусхан кызы Гүлнарды, Алабыз депсиң ар кимге, Көргөн адам болбосо, Ким барат экен ал жерге?! Береби кызын Орусхан, Калыңы жок бекерге?! Көрбөгөн кызды алам деп, Күйүгөсүң сен эмне?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.