← Сейтек 3/5

Сейтек анда кеп айтат: — Атаке Кыйаз, — деп айтат, Урумдан уулуң кыз алса, Атагы сизге жарашат, Жедигер сындуу элиң бар, Сенин эминеден кемиң бар? Канчоро баатыр досуң бар, Каралды болот ушулар, Албай койбойт Гүлнарды, Аман болсо уулуңар. Төгөрөктүн төрт бурчун, Баарын койбой кыдырган, Гүлчородой кулуң бар, Асмандап учкан канаттуу, Айчүрөктөй апам бар, Албай кантип каламын, Оорактуу Кыйаз атам бар, Тоотору минем токунуп, Отуз күндө барамын, Угуп жүргөн Урумга, Эрикпей жүрүп олтуруп, Атадан калат балага, Аркасында мал-мүлүк. Бир кулун Сейитек жүгүрттү, Алып келип току, деп, Тоотору сындуу күлүктү. Тоотору аты чыкканда, Аңтарылып жер асман, Борошо болуп ызылдап, Жамгыр куйуп жаткандай, Сасык туман көргөзбөй, Каптап жерди баскандай, Коморулуп дүңгүрөп, Алатоо кулап аткандай, Шамал чыгып дүрүлдөп, Жыгачтын баары күрүлдөп. Бороон болгон немедей, Көр Кыйаздын көзүнө, Токсон канча кубулду, Ошол кезде ченебей, Аңгычакты Айчүрөк: — Ай, ай, балам Сейитек, Менден уккун акыл кеп, Атаң Кыйаз ат бербейт, Ат берсе да бат бербейт. Атаң туруп Сейитек, Армандуу жетим сен болдуң, Алганым Кыйаз бар туруп, Туу келген жесир мен болдум. Артыңда жок такоолуң, Койгун десем Гүлнарды, Аламын деп болбодуң. Койчабдар минип жолго сал, Кол куржунга азык ал, Таластан келген мурагың - Чолок кулду кошуп ал. Кызын берсе Орусхан, Жетисуу келип нетесиң? Атаңдын кейпи бул болсо, Кай муратка жетесиң? Ошол жерде туруп кал! Атынын күчүн бербеген, Калыңга малын береби? Мен казанчы болойун, Сен болуп ага күч күйөө, Калыңын төлөп келели, Дене кул кылып Оруска, Күлчоро кулду берели. Семетейдин барында, Суркойон минип элирип, Гүлчоро жүргөн чагында, Урумга барып кол салып, Өткөргөн ыдык аларга, Көөнү ачылат Орусхан, Гүлчоро кулду алганда, Бура тартып Айчүрөк, Бузулуп өңү кумсарып, Ачуусу келип сумсайып, Аккуу кебин колго алып, Аптырага кол салып: — Күдөөрүң үзбө, сен Кыйаз, Көрбөймүн деп сен калба, Өлбөй тирүү болгондо, Үч жылда келем мен мында. Ошо кезде Кыйазды, Карап турса Кутубай, Кара жанга күч келип, Тер тамчылап тыпылдап, Сүйлөйүн десе тил келбей, Ыйлачудай кыңкылдап, Айчүрөк учуп кетет деп, Токтоно албай кыпылдап: — Ой, Кутубай курбалдаш, Калыссың, айтчы, сөздү ылгап. Тооторуну минбе деп, Айткан жерим болдубу? Ачууланып оолугуп, Айдай Чүрөк не болду? Мен өлсөм калат уулума, Тооторуну Сейтек, Арнап минсе болгону, Кулакка сөйкө келинге Жай кеңешип олтуруп, Алып барсаң болбойбу, Адашып жолдон каласың, Күлчоро кулду артыңа, Салып барсаң болбойбу, Кебез байлап башына, Төөчү минчү Көктокол, Алып барсаң болбойбу, Куру алпарбай көк атты, Кол куржунга алтынды, Артып барсаң болбойбу, Туудан тандап кырк жылкы, Айдап барсаң болбойбу, Кутубайды баш кылып, Аз болгондо алтымыш, Жардап барсаң болбойбу?! Сейтек анда муну айтат: — Өзүн көрбөй Гүлнардын, Сүрөтүнө жолуктум, Сүрөттөн сулуу кыз көрүп, Аламын деп оолуктум. Орусхандын кызыбы, Же башка элдин кызыбы? Береби Орус, бербейби, Тийеби кыз, тийбейби? Билип келип түп-жайын, Анан барсак болбойбу? Алтын алып, ат алып, Кыз бергиниң мага деп, Кимге барам жалбарып?! Кыз жараса көңүлгө, Дайнымды айтып барармын, Атам менин Кыйаз деп, Жедигер менин элим деп. Айлымды айтып барамын. Сүйлөшүп сулуу аламын, Бербей мин деген ким болсо, Шаарын бузуп чабамын, Казынасын чачамын, Абийирин антип ачамын. Төрө Кыйаз деп айткан, Сенин барда атагың, Башымды кантип катамын? Алтын ал деп, ат ал деп, Айтканыңа капамын? Тур, Кутубай, атка мин, Бүгүндөн калбай басамын, Ушуну айтып Сейтек, Тоотору минип болкойуп, Бастырып кетти карабай, Айласы түгөп көр Кыйаз, Туруп калды томсоруп, Кирин жууп канымдын, Эртең жете барам, деп, Кирпигин карап Кыйаздын, Айчүрөк жатат оштонуп. Албарстыга Айчүрөк: — Сөзгө көңүл бур, — деди, Чайчы болуп Кыйазга, Кызмат кылып тур, — деди. Күндүзү көөнүн кирдеткин, Түнкүсүн катуу уктаткын, Так ушундай баккын, — деп, Бара албай жылкыга, Накайыл болуп жатсын, — деп, Болжолдуу күнү Айчүрөк, Канаты күнгө жаркылдап, Учуп кетти калкылдап, Сейтек менен Гүлчоро, Кетип барат балкылдап, Тоотору менен Суркойон, Алоолонуп алкылдап, Отуз күнү жол жүрүп, Урумдуктун шаарына, Кирип келди жакындап. Күзөтчүсү Урумдун, Орусханга барыптыр, Минтип кебин салыптыр: — Асмандап учкан бирөө бар, Бири тору бири боз, Атчан киши экөө бар, Келип калды үч адам. Сен Орусхан болголу, Кароолго мени койголу, Бул өңдөнгөн адамды, Көргөнүм жок бир жолу. Асмандап учуп алган Ал бир нурдан тамганбы? Өзү ургаачы кийими, Адамзат эмес, өр кызы, Адашып жолдон калганбы? Тору атчаны бала экен, Он үч-он төрт чагы экен, Кара баштуу бендеден, Адамдан сулуу ал экен. Жанында боз атчаны, Кырктан ашкан чамасы, Болсо болор анчалык, Адамзаттын баласы. Бенде эмес бардыгы, Периште келип калганбы? Кароолчу айтып барганы, Орусхан угуп алганы. Узун кулак Орусхан, Укмуштан улап кеп уккан: Кастык кылып Канчоро, Эр Семетей төрөнү Кыйаз жеңди деп уккан. Айчүрөктү олжого, Кыйаз алып кетти, деп, Гүлчоронун кечирин, Кесип салды деп, уккан, Айчүрөктүн бойунда, Бала калды деп уккан. “Эр Семетей уулу чоңойуп, Мүчөлүнө жеткенби, Таласты кайра тапсам деп, Гүлчоро менен Чүрөктү, Ээрчитип качып келгенби? Боз атчаны Гүлчоро, Торуну минген бала го, Учканы анын Айчүрөк, Чүрөктөн башка бендеден, Учуштун жайын ким билет? Келген бейм бул жерге, Бизге жардам бергин, деп. Жалгыз көз дөө Мадыкөл, Жандын баарын соргондо, Семетей келип сойгондо, Бараңдын элин куткарып, Башы ачык кылып койгондо, Урумдун элин урматтап, Орусханга баргын, деп, Бир узарткан колумду, Эркин кылып жолумду. Кызылкыйа сабаада, Коңурбайды алганда, Каңгайга калба салганда, Арстан тууган Гүлчоро, Катышпа кыргыз элине, Батышта кыргыз эли бар, Орусхан деген шери бар, Деп атагын чыгарып, Айткан экен ар кайда”, Муну ойлоп Орусхан: — Тору атчан боз атчан, Ат минбеген бир адам, Түшүрүп алып келгин, — деп, Асыл наапа жиберет. Аа вазири барыптыр, Олтургузуп Чүрөктү, Алып келе калыптыр. Хан сарайда көрүшүп, Колдун учун өбүшүп, Эсен-соосун сурашып, Олтуруп калды дуулашып. Үч күн болгон Гүлнарга, Уйку көрбөй жаткалы, Укмуш кулак кабарда, Ушундай экен айтканы: — Кер эсептер санаса, Сейтек сүрөт көргөн күн, Түш көргөн Гүлнар башында, Түн ичинде түш көрсө, Сейтек жүргөн кашында. Түшүндө көргөн бир элес, Гүлнар менен Сейтек, Үч айлык кылган кеп-кеңеш. Ойгонуп кетип Гүлнар кыз, Ошондон бери карата Болуп калган сүйлөбөс. Энеси кирсе Зулпуке, Гүлнар кооп калыптыр, (Мурун жатчу сулк эле), — Айланайын кулунум, Баш көтөрүп тургунуң, Үстүңө кире албаймын, Камын кылам коноктун. Үйгө келди үч киши – Эки эркек, бир катын, Кыйын көрдүм катындын, Ургаачыдан сымбатын, Аттары ким укпадым. Он үч-он төрт жаштарда, Арасында бир бала, Бардасы бар башында, Кебетеси-кепшири, Көп кишиден башкача. Баштан акыр бар кепти, Гүлнар турган байкастап, Башында барда дегенде, Токтобой акты көздөн жаш. Түшүндө башы бардалуу, Ашкере ага көрүнгөн, Сейтек аты аталып, Орун алган көңүлдөн. Кызынын күлүп ийгенин, Туйуп калды Зулпуке: “Ким экен кайта барайын, Атын угуп алайын, Шек алдырбай кызымдын, Сырын тартып алайын”,- Деген мындай ой менен, Кайта басып Зулпуке, Олтуруп калды үйүндө, Каадасынча хан менен.