← Сейтек 4/5

Келгендерден Орусхан, Жайын сурап кирди эле: — Бириң бала, бириң чоң, Бириң катын экенсиң, Кайсы жактан келесиң, “Кеп чынынан бузулбайт”, Жериң менен элиңди, Эл башкарган кишиңди, Баарын айткын ишиңди. Азаматың карасам, Арстандык түрүң бар, Ач жолборстой сүрүң бар, Жаш баланы карасам, Падышанын уулундай, Баласы болсо ар кимдин, Болду го деймин ушундай. Мынабу турган жубанды, Сөйкөгө таккан жүрөкпү,? Көрбөгөнмүн укканмын, Акундун кызы Чүрөкпү? Чүрөк болсо бул жерге, Кыйаз кантип жиберди? Мен уккамын кабарды: “Кулалы эргип куу алды, Семетейдин олутун, Канчоро деген кул алды, Талаадан душман кол салды, Жедигердин Кыйазы, Айчүрөктү олжо алды, Алмамбет уулу Гүлчоро, Эки колу сөгүлдү, Керекке келгис болду, деп, Көз өткөнчө өмүрү. Семетейдин чоң зайбы, Канчорого тийди, деп, Шаатемирдин кызы эле, Атактуу кыргыз көп элдин, Атагына сийди” деп. Укканмын кабар кулактап, Айчүрөктүн бойунда, Күмөн курсак кетти, деп, Кыйаз тойго чакырган, Айчүрөктү алам, деп, Мен да мындан жөнөгөм, Ошол тойго барам, деп. Тогуз жолдун тоомунда, Чылпылдактын сазында, Барбайлы деп ал тойго, Таркатып ийген Жалгызек, Ошол тойдон укканмын, Мына ушул айткан кеп, Күмөндөнүп турамын, Келгендер кандай мейман деп. Орусхан айтып токтолду, Эр Гүлүстөн шаңк этип, Каалгадай тиши жарк этип, Ителгидей барк этип, Манастан кепти баштады, Жакшылык менен жамандык, Кылайтып бирөөн катпады, Орусхандын үйүнө, Сөз айагын таштады: — Баш калкалап алыстан, Бир келбедиң, Орусхан, Кайыпчынын тоосунда, Кырк бир жолдун оозунда, Сүрөтүн асып койуптур, Сүрөттө көргөн бир кызга, Сейтектин көзү тойуптур. Сүрөттөн сүрөт карадык, Ар кайдан издеп сурадык. Улуу кызың Кенжеке, Андан дайнын укканбыз, Ошол кызбы, башкабы, Аны сурап басканбыз. Сиздин бала он эки, Биз издеген Гүлнар кыз Он экинин кенжеси, Аллам сүйүп жараткан, Бир кудайдын бендеси. Кыз менен уул көрүштү, Жүрөктөрү сүйүшсө, Жана кепти айтарбыз, Андан кийин биз сизге. Орусхан айтат: - Оо, балдар, Көрүшсө алар жарашар, Сейтектей баладан, Кандай кыз шекшип баш тартар? Гүлнарды көрсө Сейтек, Акылынан чын шашар, Жаратып калса бир бирин, Кенжеке келбей бул жерге, Гүлнарды ким узатар? Гүлнарды берген Кенжеке, Өзүң бил деп, энчиге, Али алжый элекмин, Убада сөздү унутар. Айчүрөк кебин баштады, Өзү кылган иштерди, Баарысын койбой айтканы, Кенжеке жазган кагазды, Орусхандын алдына, Айтып болуп таштады. Орусхан ачып кагазды, Окуду мындай ал катты: “Убара кылып хан ата, Жумшаба киши сен мага, Көзүң ачык киши элең,, Сейтек толсо сыныңа, Элиң менен шаарыңды, Энчисине кызыңдын, Кошуп бергин баарыңды – Айабагын малыңды, Алтын, күмүш, зарыңды, Торгун, тубар, дуудунду, Суусар, булгун, буулумду, Сүлөөсүн менен кундузду, Колуңан келсе кошуп бер, Асмандагы жылдызды, Айкөл шердин тукуму, Айабагын бир кызды”. Кенжекеден Орусхан, Көрбөй туруп кеп угуп, Көп кеңешти ал угуп, Зулпукеге шыбырайт: — Балдар кандай көрүшөт? Таанышып кандай билишет? Абышка, кемпир шыбырын, Айчүрөк туйуп алыптыр: — Жүр, байбиче экөөбүз, Талаага чыгып кирели, Деп Айчүрөк кемпирди, Талааны көздөй салыптыр, Ашкана үйгө баратып, Гүлнарды көрө калыптыр. Момунжандан келатып, Көргөн кызы ал экен, Гүлчоро берип көрсөткөн, Сүрөттө кыз дагы экен, Жөтөлүп койду Айчүрөк, Гүлнар өтө сак экен, Баш көтөрүп Гүлнар кыз, Чүрөктүн көрүп караанын, Эсине алды ошондо, Бакчадан көрүп калганын. Шашыла туруп ордунан, Басып келип жанына, Тура калды алдына. Колунан кармап Айчүрөк, — Аксаргыл болгон алтын кыз, Айдай бети жаркын кыз, Кимдин кызы болосуз? Муну угуп Гүлнар кыз, Жооп берди токтоосуз: — Бир жылдын алды жагында, Атамдын сайган багында, Сейилдеп ойноп жүргөнмүн, Ошондо сизди көргөнмүн, Акунхандын кызы деп, Ошол күнү билгемин. Туз буйуруп мында келипсиз, Эжеке, кимде кебиңиз? Ат арытып алыстан, Не жумуштап келдиңиз? Атам Орусхан эле, Адам менен кээри жок, Кара мүртөз жан эле, Үч киши келди деп уктук, Элпең-желпең жүгүрүп, Кызмат кылат сиздерге, Караанды болуп мынчалык, кантип калды бул кезде? Айтыңыз, эже, не укмуш? — Атым ырас, Айчүрөк, Сүрөттөн көрүп кыз издеп, Тентек чыкты Сейитек, Көргөн кыз сага түспөлдөш, Ан үчүн келдик сени издеп. Муну угуп Гүлнар ойлонот, Санаага батып толгонот: “Түшүмдө көргөн Сейитек Келген болсо мени издеп, Жүзүн көрсөм тынч алып, Калар беле эт-жүрөк? Жерди туман каптаса, Караңгылашат тийген күн, Айы четтен кашкайса, Жарык болот кара түн. Жар издеген жаш жигит, Жанашып келип көрүнсө, Түшүмдө көргөн Сейитек, Өз көзүмө көрүнсө, Караңгы түндө жарк этип, Ай тийгендей көрөрмүн, Ай тургай ага кошулуп, Күн тийгендей көрөрмүн, Күн менен айга биригип, Шам күйгөндөй көрөрмүн: Сейтек эмес жат болсо, Же түштөгүмөн пас болсо, Туман каптап баскандай, Түнөрүп асман жаткандай, Жүрөгүмө кан уйуп, Жүрбөй калып өлөрмүн!” Токтоно албай Сейитек, Эшикке чыгып элбиреп, Сүрөттө кызды көрсөм деп, Эт жүрөгү элжиреп, Зулпуке, Чүрөк, Гулнарга, Жакын келди темтиреп, Зулпуке, Чүрөк көрүштү, Бура басып кылт берип, Буруу үйгө киришти, Гүлнардын ойго түшкөнүн, Зулпуке менен Айчүрөк – Кыраакылар билишти. Кеткенин Гүлнар билбеди, Сейитек басып киргени, Гүлнарды көрдү Сейитек, Көңүлдө болбой эч бир шек, “Кырк бир жолдун оозунда, Көргөн сүрөт ушул”, деп, Туруп калды бек тиктеп, Ойго батып Гүлнар кыз, Зулпуке менен Айчүрөк – Ал экөөнү карады, Зулпуке менен Чүрөк жок, Көрүнө түштү көзүнө, Жаш Сейитек карааны, “Түшүмдө көргөн баланы, Өңүмдө кандай ай көрдүм?” Жалдырап-жайнап карады, Айчүрөк менен Зулпуке, Байкап турат аларды. Байагы сүрөт ой менен, Бетин сылап көрөм, деп, Колун сунуп Сейитек, Саамай чачтан кармады, Өңүм деп кетпей ойунда, Дагы көргөн түшүм, деп, Кулачын жайып Гүлнар кыз, Арта салды оң колун, Сейитектин мойнуна, Кырк бир жолдун оозу дейт, Сейитектин ойунда, Анткен менен саамай чач, Кармалуу бар колунда: Түндө көргөн түшүм, дейт, Гүлнар кыздын ойунда, Анткен менен оң колу, Сейитектин мойнунда. Таң сүрөө мезгил болгону, Асмандагы жылдыздар, Кыбыла көздөй таралып, Ойгонгондой түшүнөн, Кирпик ирмеп Гүлнар кыз, Жан-жагына каранып, Өңүм болуп калды, деп, Өз түшүнө таң калып, Имерилип Гүлнар кыз, Кыры менен жанашып, Күн чыккандай жарк этип, Жел жүргөндөй шаңк этип, Кирпикке кирпик жетишип, Эми чындап Сейитек, Саамайды кармайт бекитип, Дагы сүрөт - кур кагаз Болуп калат дегенсип, Шамал чыгып куулдап, Жыгачтын баары шуулдап, Кут болсун тойуң, дегенсип, Түнөөдөгү канаттуу, Үн салышып чуулдап, Корооздун баары чакырып, Булбулдар сайрап такшынып, Көлдөгү суулар чайпалып, Шамдай күйүп жылдыздар, Жердин бети жапжарык, Эчтеме менен кээри жок, Тим жүргөндөр ар кайда, Айланып башы маң болду, Кубулушка таң калып. Орусханга Зулпуке, Баарын айтты түз барып, Угуп турат Айчүрөк, Маңдайында суйккайып, Сакалын кармап Орусхан, Олтуруп кетти сумсайып. Орусханга Зулпуке: — Сен, боз улан жаш чакта, Мен беш көкүл кыз чакта, Мен баскан изди сен көрсөң, Турчусуң тиктеп күнү-түн, Сен ойногон жыгачты, Тамак ичпей, наар сызбай, Кучактагам үч күн-түн, Өзүңдөй көр ар ишти, Эч ким тосуп койо албайт, Оңой эле бул ишти. Сейтек – айкөл тукуму, Бозала кылба ушуну.