Жетимдик баскан шилисин, Айкөлдүн мууну Сейитек, Сүрөтүн көрүп өзү эмес, Келиши мында кыз издеп, Ойлочу, арзан иш эмес. Акундун кызы Чүрөк деп, Айтылуу пери кызы экен, Тиги олтурган азамат – Алмамбет уулу Гүлүстөн, Атактуу эрдин бири экен. Өнөгү кетип колунан, Өзүнүн азып тобунан, Өздөрү келген кез экен. Кенжекеге эп келип, Өзүңүзгө кат берип, Анан келген турбайбы. Бар жумушуң бүткөрүп, Санаасын тындыр буларды, Самаган ойго жеткирип, Кызың ээрчип кетпесин, Сен ойлоно берип кечкирип. Зулпукеден кеп угуп, Сурданып турган Орусхан, Бошоду белем эми алда: — Андай болсо, Зулпуке, Күйөө-кызга үй камда, Келин камда, жеңелик, Кыз дайарда балдызга, Кабар салып угузгун, Урумдагы бар журтка! Орусхандын бул кебин, Аңдап турган Гүлчоро, Кулдук ура калганы, Гүлнар кыздын жанына, Айчүрөк басып барганы, Кулакка иймек салганы. Он күн Орус той берип, Айанбастан мол берип, Келген элге эт берип, Абышка уча кармашып, Кемпирлер куйрук чайнашып, Жар көрүшмөй ойношуп, Жаштардын көөнү жай болуп, Бет алган жери Сейтектин, Ачык жолу шар болуп, Тилеги болду ижабат, А дүйнө кеткен айкөлдүн, Арбагы ага жар болуп. Орусхандын алдында, Он вазир менен отуз бай, Алтымыш бий, кырк балбан – Бүткүл Урум элинин, Жакшылары сыйланган: Сексен адам дагы бар, Жакшы чыгып келаткан, Жаңы өспүрүм жаштардан: Эки кары бар эле, Жүз отуздан жашаган: Аларды кошо алдырып, Дасторконун жайдырып, Аш-тамагын жам кылып, Сейтек менен Гүлнарды, Ошол үйгө алдырып, Капшытына Орусхан, Көшөгөсүн тарттырып, Угуп турсун кызым, деп, Көшөгөгө киргизип, Бере турган дүйнөсүн, Элине айтты билгизип: — Мен Орусхан Урумда, Бере турган энчим бар, Бул Сейитек уулума. Он эки кыз менде бар, Баарың көрүп жүрөсүң, Эркек балам кайда бар? Улуусу кыздын Кенжеке, Эр Төштүктүн зайбы эле, Эң кичүүсү бул эле. А дүйнө кеткен Манастын, Тукумуна туш болду, Бактысы артык баламдын, Ойдогудай иш болду. Баш көтөрүп Бадыкөл, Алты урукту басканда, Коркунчу анда бир болду, Алты урукту айкөл шер, Куткарып Манас койгону, Орусхан-Кыргыз теги, деп, Баш көтөрбөй мааналап, Баары мышык болгону. Айкөлдүн көзү өткөндө, Бадыкөлдүн Мадыкүл, Алты урукту чогултуп, Баш көтөртпөй торгоду, Өлөрүн качан ойлоду? Карманаптын катыны, Мага бер деп зордоду. Семетейге Кардыгач, Кабар кылып койгону, Кабыландын баласы, Катуу салып Ойронду, Касташып чыккан душмандын, Каргадай башын толгоду, Карманапты куткарып, Бараң, шаңкай элдердин, Эркин кылып койгону, Ирандыктын ойунда, Кастык кылуу бар болчу, Ошондон кийин ирандык, Көтүн кысып тим болду, Мен Орусхан болголу, Мынаке сексен алты жыл толду, Менин мындай жүрүшүм, Манас, Төштүк, Семетей – Ошолордон болгону. Келиптир бүгүн Сейитек, Жетим калган бала деп, Кыз бербесем болобу? А дүйнө кеткен Манастын, Арбагы мени койобу?! Наамы кыргыз болгонду, Баатыр Манас коргоду, Кызылкыйа сагаада, Коңурбай алдап чакырып, Семетей кетип калганда, Кайнап жаткан Каңгайга, Эр Семетей, Гүлчоро, Канчоро – үчөө барганда, Алдап туруп Коңурбай, Кунга баалап жер алып, Семетейден мөөр алып, Алгара менен качканда, Тегеректеп калмактар, Барабанын какканда, Түтүн кылып майданды, Токтобой мылтык атканда, Аккелтеге тайанып, Семетей жалгыз жатканда, Мына бу турган Гүлчоро, Айбандан күлүк сур атка, Катыр камчы чапканда, Коңурбай калча калтаңдап, Сууга кире качканда, Боолук салып Гүлчоро, Аты менен кармаган, Эки күндүк арттагы, Эр Семенин алдына, Сүйрөткөн бойдон алпарган, Жооп алып баатырдан, Башын кесип таштаган, Бүгүн да бар каңгайда, Башы жок денин каңгайлык, Кудай кылып сактаган. Ошондо айткан Гүлчоро: “Батыштан бар Орусхан, Бу да кыргыз уруудан, Ким катышса мен барам!” Бүткүл угуп күн батыш, Ошол жаткан ушул чак, Киши келе албаган. Эп келеби эл-журтум, Эңкейип кетип баратам, Ээңди таанып алсаңар, Сейитекке карматсам? Элим менен жеримди, Тагым менен шаарымды, Бердим сага баарымды, Кудай айтсын багыңды! Эки ногой айрылып, Ырчыларга ыр болгон, Комузчуга күү болгон, Кыргыздын ногой уруусу, Эми кара бир болсоң, Баарын бердим мен болсом, Жашырбай айткын, жакшылар, Көөнүңөрдө кир болсо, Орусхан айтып токтолду, Аш кайнамча ал жерде, Кыңк эткен киши жок болду. Таталбек деген бар эле, Жүз отузда кары эле, — Ханым сага эп келсе, Калган элдин кеби жок, Айтат эле жабырап, Көңүлүндө кири жок. Семетей өлбөй тирүү бар, Өлтүрдү Кыйаз дейсиңер, Ишенбейим көөнүм ток. Көкөтөйдүн ашында, Көп жыйындын кашында, Акылман туулган Каныкей, Алагар көзү чолпондой, Ай кулагы калкандай, Батасы журтту байыткан, Батасын алган Кошойдун. Олуйзаада Кошойдун, Батасынан бүттү эле, Мусулманга теңелип, Каапыр колун көтөрүп, Катасынан бүттү эле, Айкөл Манас баатырдай, Атасынан бүттү эле Үйдө угам мен кары: “Өлтүрүп Кыйаз, Канчоро, Өлүгүн көмө албады”, Айкөл Манас жолборстун, Колдоочусу көп эле, Ошонун бирөө баргандыр, Алып кетип калгандыр, Айыктырып салгандыр, Ал өлгөнү жалгандыр, Элге келет Семетей, Бүткүл дүйнө бириксе, Бучкагына теңебей. Чынмачын, какан, каңгайлык Кошулган Кеден калдайып, Манжулар келген жаланып, Уушаң келген калмакты, Калтырбай такыр бүт алып, Анжулдардын мурадил, Ал дагы келген шаңданып, Ороккыр келген кошулуп, Пилге минип далбайып. Элөөөсүз жатып Семетей, Коргонго калган камалып, Эки чоро жанда жок, Тоого кеткен мал багып, Буурул ат колго тийгенде, Арстандын уулу Семетей, Коргондон чыккан аттанып. Коңур калча баш болуп, Качып берген калдаңдап, Кара жанын куткарып. Мурадил, Уушаң, Нескара, Ороккыр – төртөө тең өлгөн, Бул өңдүү душман майтарып, Жоо алганды ким көргөн? Келин алдың, эр Гүлүс, Элдүү болдуң, Айчүрөк, Ээриңди жыйдың, Сейитек, Эртеңден калбай кеткиле, Кыйазды тактан кулатып, Таласка көчүп жеткиле, Канчорону сойгондо, Сыркоргон конуш болгондо, Ошондо келип Гүлнарды, Көчүрүп алып кеткиле. Таталбектен кеп келди, Орусхан баштап урумдук – Баарысына эп келди, Карынын айткан бул сөзүн, Айчүрөк, Гүлүс эп көрдү, Дагы өргүп эки күн, Аттанып булар жөнөдү. Сейтек менен Айчүрөк, Кыйазга келди ордого, Гүлчоро кетти жапжалгыз, Кеңколдогу коргонго, Ак калпак кыргыз алашка, Айкөлдөн калган борборго, Муну мындай таштайлы, Олободой Кыйаздын, Өлгөнүнөн баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.