← Сейтек 2/4

Деп Кенжеке жүгүрүп, Айчүрөк турду жүгүнүп. — Эл болсун, Чүрөк талабың, Урматын көргүн балаңын. Оозунда айтып Кенжеке, Көзүнүн жашы төгүлүп, Бирөө кары, бирөө жаш, Кучакташып көрүшүп, Эсендигин сурашып, Колдун учун өбүшүп, Кенжеке үйгө баштады, Жүрү, балам, үйгө, деп. — Келбегем мурун бул жерге, Кирбегенмин чоң үйгө, Учураша бурулдум, Мен кирбейин энеке. Ушуну айтып Айчүрөк, Болбогондо Кенжеке, Үйдүн тышкы тушуна, Салып койгон көлдөлөң, Жазып койгон дасторкон, Олтургузду ал жерге, Тамагын ичип олтуруп, Таластан тартып бар ишти, Айтып Чүрөк койду эле, “Күйгөндүн жашы так катат, Сүйүнсө жашы токтобой, Талаа-талаа тамчылайт” Кенжеке ошол болду эле. — Андай болсо Айчүрөк, Айаш атаң Момунжан, Айкөл менен дос эле, Момунжанды алп Төштүк, Улукмандын тукуму - Саркындысы, дечү эле. Айкөл уул эр эле, Эр турмайлык шер эле, Жамандык кылбайт эч кимге, Жакшылык кылган көп элге. Аркасы тийип алашка, Калка болуп кыргызга, Оорагы кетип ар кайда, Тирүүлүктө жүрдү эле, Ак калпак кыргыз улуу журт, Арбагына сыйынып, Тилек тилейт эмгиче. Айланайын Чүрөгүм, Кайда барып келесиң? Кайнатаңдын каадасы, Семетейдин адаты, Нарк-нускасын унутпай, Асмандан түшүп келипсиң. — Артыштан келдим бул жерге, Учураша бурулдум, Урматуу, эне мен сизге, Төрө атамдын жалгызы, Үйдө жокпу, энеке? Ошондо айтат Кенжеке: — Төрө атасын азгырып, Жер түбүнө түшүргөн, Желмогуздун Уулжан, Далайдан бери балама, Болжосуз салды чуулган, Уулжанды сойлотту, Кылгараны ойнотту. Кангайдагы Таталаң, Так миң киши жумшаптыр, Кашкарды калмак алыптыр, Алдырып шаарды Алакун, Анан кабар салыптыр, Мага айтпай кабарсыз, Жоодарбешим барыптыр, Таталаңдын миң колун, Кыйратыптыр Жоодарым. Башчысы качып калмактын. Кай кеткени билинбей, Баш кишисин албасам, Бир күнү бүлүк салат, деп, Артынан кетти деп угам. Түндүккө качпай ал калмак, Түштүктү карай качыптыр, Акынек белин ашыптыр, Түмөнбайдын шаарына, Түндө калмак кирет, деп, Жоодар ага шашыптыр. Кенжекеден кеп угуп, Качкан калмак жөн качпай, Акынек ашты деп угуп, Айчүрөк учмак болду эле, Анда Кенжеке айты турду эле: — Семейден калган жалгызды, Жакшылап баккын, Айчүрөк, Өз-жат дебей чынын айт, Ашырып айтпа Айчүрөк, Алмамбеттин Гүлчоро, Арстандын көөнүн оорутпа, Тилинен чыкпай жүргүн, деп, Көп тапшыргын уулуңа. Айкөлдүн айкөл болгону - Аксакал Бакай кеменгер, Сыргак, Чубак-эгиз эр, Адамдан башка айлакер, Алмамбет менен болуучу. Семетей элге таанылып, Семетей атка конгону, Гүлчоро менен болуучу, Сейтек атка конушу, Гүлүстөн болот дагы ушу. Семетей мында келгенде, Гүлчоро анда бирге эле, Жүзү сүйкүм нур балкып, Сөзү жагым бал татып, Баатырдык сынын көргөмүн. Өлүмдөн коркпос баш тартып, Ээ кылат элди Таласка, Момунжан койсо сакайтып, Суркойон кармап мине алса, Тизгин кармап, жал тартып, Көк наакы теппей бут артып. Батадан бүткөн Семетей, Бир күн келет деп турам, Ушул бойдон өлөт деп, Көмөнүм жок кылайтып. Үйүндө калды Кенжеке, Айчүрөккө кош айтып, Айчүрөк учуп жөнөдү, Жуп канатын калдайтып. Өйдөлөп барып асманга, Эңиш тартып учту эле, Үч аралдын кыркууда, Качкан калмак Куталак, Алдынан утур чыкты эле. Куталакты караса, Кара бойу тоо экен, Эки беттин жалкыны, Бүркүт туучу зоо экен, Төбөй деген белеске, Чыгып келип Куталак, Чаар бараң мылтыгын, Айабай мыктап октоду, Аркасын карап токтоду. Айчүрөк алдын караса, Жалама кызыл тараша, Кылгара менен чуратып, Чыгып келет жаш бала, Төө тынымы угулчу, “Төө тынышка келгенде, Куталак беттейт куушту, Куталак капыр атат, — деп, Бу куу туйак жаш чырпык, Жер кучактап жатат, — деп, Куурап калган Кенжектин, Тилеги таштай катат” деп, Жаш баланын жолуна, Түшө калып Айчүрөк, Ак чапанчан, ак атчан, Боло калды бир адам. Караанын көрүп жаш бала: “Менден качкан Куталак, Кара кийим кара атчан, Кайдан келип кез болду, Ак кийимчен, ак атчан?” Муну ойлоп болгунча, Көмүскөгө кирди эле, Байагы ак кийимчен, ак атчан. Жана ойлоду Жоодарың, Байкап албай аны абдан: “Айкөл Манас баатырдын, Чоросунун бири окшойт, Атам менен угушта, Ары тууган ары дос, Жиберген экен бирөөнү, Мен жетимге баргын деп, Баскан жолун басайын, Ашкан белин ашайын” Ойунда ушул чунагың, Кылгара менен шашыптыр, Ач белести ашыптыр, Чыга калса кайкаңдан, Алдында калмак жатыптыр. Аркан бойу алыстан, Чыга калды капыстан. Ат дабыртын укканда, Очоңдогон Куталак, Мылтыгын оңдоп алганча, Жоодар бешим турабы, Калмак карап аңгыча, Толгонуп бери болгончо, Найза менен калмакты, Бакалоорго бир койду, Тийактагы кулактан, Найзанын учу жылтырап, Үч карышча коройду, Жер кучактап Куталак, Ал төбөдө жоголду. Бута атым өйдө жагында, Карап турат Айчүрөк, Жанагы киши кайда деп, Жоодар бала элеңдеп, Чын ишенди ниетинде, Бир чоросун маа бар деп, Жиберген экен Манас деп. Бура тартса жаш бала, Ак ат менен ак чапан, Айчүрөк турат алдында. — Ак чапанчан, ак атчан, Ашкере мага дайының айт, Жик-жигинен айрып айт. Атымды Жоодар койгону, Жашым мынча болгону, Бүгүнкүдөй ашкере, Мага белги болбоду. Анда Чүрөк муну айтты: — Таластан билгин айлымды, Энеңен уккун дайнымды. Айтып койуп жок болду. “Белдүү бала бул экен, Азыркысын жаш бала, Атылып турган ок экен, Күйүп турган чок экен, Өзү теңдүү балдардын, Далайынан шок экен” Асманда жүрүп ой ойлоп, Көрбөгөн, уккан Айчүрөк, Жүрүп кетти калкайып, Багдаттын жолун болжолдоп, Таласта Чүрөк кеп уккан: “Айаш ата Момунжан, Эшигинин алдында, Ак байрак-желек” деп уккам, Элден эркин бир жерде, Суу бойунда ээн жерде, Ак желек турган желбиреп, Ак сакал адам олтурган, Кебездей бети мелтиреп. Асманда жүрүп Айчүрөк, Ушул эмей кайсы, деп, Суу бойуна конгону, Кадимки Чүрөк болгону. Учуп жүрүп тер болгон, Бети чаңдап кир болгон, Агын сууга жуунуп, Орто бойлуу узун чач. Кумар көздүү кара каш, Мурду кырдач, тиши аппак, Кыргый мүчө, ичке бел, Сыртына кайкы келишкен, “Атка бергис кунан, — деп, Кызга бергис жубан” деп, Ошол жерде Айчүрөк, Тура калды мелтиреп. Карай калса Момунжан, Каадасынча Айчүрөк, Эки колу боорунда, Жүгүнүп салам кылды эле, Не да болсо бу киши, Мурункунун бири, деп. Кайдан келген келин? — деп, Салам кылган мага, деп, Сурап дайынын билейин, Ким экенин жана, деп, Момунжан айтат мындай кеп: — Көргөнгө сүйкүм жаш келин, Кайсыл жактан келесиң? Чоң үйдө туулуп өскөндөй. Байкасам сенин элесиң. Таазим кылып турасың? Бар беле сенин бир кебиң? Билгеним болсо айтамын, Билбегеним жашырбай, Чынын айтам мен, балам, Ачык мындай бар кебим. Ачылып кабак жарк этип, Айчүрөк турду шаңк этип: — Атамдын аты Акун хан, Өзүмдүн атым Айчүрөк, Келген жерим кең экен, Арбагы бийик кайнатам, Теңдеши жок пенде экен, Атагын айкөл дээр экен. Эримдин аты Семетей, Эмгектүү болдум ченебей, Он жылдан бери карата, Санаам тынбай кенедей, Саргарып өңүм оңгон чак, Сары жез болуп турган чак, Ким болосуз өзүңүз, Айтып болбос сурасак? Айтып Чүрөк токтолду, Момунжан ичи чок болду, Узун бойлуу, ак жүздүү, Кер чекир, өзү кой көздүү, Момунжан айтты бул сөздү: — Айтып эмес угуп ал, Менин атым Момунжан, “Жедигердин Кыйазы, Семетейди өлтүрүп, Катынын алып никелеп, Жетисуу кетти көчүрүп” Деген сөз бизге угулган.