← Сейтек 1/4

Айчүрөктүн Момунжанды келтирип, Гүлчорону айыктырышы

Айчүрөк менен Сейтек, Калганда үйдө ээндеп, Энесинен баласы, Сурады эле мындай кеп: — Айтканың кана байагы, Ээ, эжеке Айчүрөк? Артыштагы Токтосарт, Багдаттагы Момунжан, Ошол экөө барат, деп, Далай күнү дегдедим, Аларды келип калат деп. — Андай эмес, Сейтек, Карылардын кеби бар: “Камдабай саан алдында, Дайардап саба алгын” деп, “Кызылдабай кырманды, Ороңду казып салгын” деп, Чынында, балам, ушул кеп. Алике менен Сатике. Күмүшбулак керүүдөн, Айырганың аларды,- Камдаганың сабааны; Таластык менен жедигер, Бөлүнткөнүң ошону - Ойгонуң болот орону. Сарамжалың бүтүптүр, Токтосарт менен Момунду, Эми таппай Чүрөк койобу? Он күн туруп бу жерде, Жайың айтып Кыйазга. Жана малга кетип кал, Калганды жайлап жеткирчү, Катын да болсом эжең бар, Энеңмин деп айтпаймын, Сен үчүн жүргөн зар болуп, Кең таласта энең бар. Эртеси күнгө бейшемби, Акундун кызы Айчүрөк, Бүткөн бойун жуунуп, Белин бекем буунуп, Артышты алып ниетине, Аккуу кебин кийинип, Учуп чыкты кубулуп. Албарсты сасык чоң эмчек, Кыйаздын калды кашында, Айчүрөк болуп кубулжуп. Жетисуу сындуу жер калып, Күн чыгышты тууралап, Түштүк карай кыйшайып, Жетип келди Артышка. Кеч бешимде суйкайып, Асмандап келип Айчүрөк, Жерге көзүн салыптыр, Эшигинин алдында, Дутарын кармап олтурган, Токоңду көрүп алыптыр. Канатынын элесин, Токтосартка көрсөтүп, Учуп өттү жарк этип. Канатын көрүп караанын, Кыраакы турган Токоңдун, Кыраандыгын карагын; “Аңыр келчү алдында, Келгин маалы эмес, — деп. Куунун көрдүм канатын, Бул бир болгон шумдук” деп. Кереге сакал байпайып, Өтө көркөм сарт эле, Басып чыкты чайкалып. Аңгычакты Айчүрөк, Токтосартты үч айча, Баккандагы түр менен, Турган экен суйкайып, Айчүрөктү көргөндө, Токтосарт кетти уйалып, Жалдырап көзү күүгүмдөн. Байланып тили бурулуп, Шашып калды Токтосарт. Заманасы куурулуп. Алдыраган Токтосарт, Кандыргалап бүгүлүп, Катындарча жүгүнүп, Кендир келет бүгүлүп, Келиндерче жүгүнүп, Коркуп турат калчылдап. Кайран жандан түңүлүп. Капсалаңдап калп эле, Калдалаңдап жүгүрүп, Жасап алган сарайын, Ичи-тышын бордотуп, Мейман келди болгун, деп, Үйүнүн ичин оңдотуп, Үй-бүлөсүн шаштырып, Дасторконун жаздырып, Дүр-дүнүйө, жер-жемиш, Алып келип чачтырып; Сары кантын чактырып, Зардек менен мейизди, Ыгы менен салдырып, Палоосун мыктап бастырып, Бор койуна Токтосарт, Кошо бата кылдырып, Керчөөсүн кебеп бышырып, Боору менен куйругун, Майлуу боор кылып кесиптир, Күмүштөн соккон бешилик, Алып келип бердирип, Коону менен дарбызын, Торгоч, шабдоол, анжирин, Алма менен анарын, Алмурт, нашпут - аларын, Бийе менен жүзүмүн, Жангак менен пистесин, Алтын сары жийдесин, Түктүү курттай үжмөсүн - Баарын койду Токто абаң. Чачтай кескен жайган аш, Манту менен чүчбара, Чойгон камыр чубалган, Самса менен катырма, Кирде менен ак токоч, Андай аштын түрү кеп, Чайнекке салган балы бар, Демдеген кызыл чайы бар, Кара мурч, кажо, калемпир, Тамагында дагы бар, Кашкардын кызыл мыйазы, Бар тамакта даамы бар, Дасторконго койгон аш, Алтымыш түрчө чагы бар. Дутарын алып колуна, Койкоңдотуп Токто бай. Обон кошуп, күү кайрып, Айткан сөзү момундай: — Арбагына чет болдум, Айкөл баатыр Манастын, Коңурбайга алданып, Кордук кылып уулуна, Өмүрлүк сөзгө калганым! Уйаттан өлүп кала албай, Таласка бара албадым, Жеңилип качты Коңурбай, Кайраттуу баатыр Семетей, Коркуп уктай албадым. Кулагым угуп жүрөмүн, Гүлчоро аман калганын, Күмөн кылат Кыйаз дейт, Чүрөктүн тууган баласын. Жүзүн көрсөм арман жок, Эми кайра Таластын. Карылыгын угам Каныштын, Зарлыгын угам Бакайдын, Жүрөгүм таш, жүзүм эт, Бастырып бара албадым, Семетейге арналуу, Эми калган бар малым. Дайра болуп кечир деп, Дабан болуп ашыр деп, Кылмышым сурап мен турам, Дасторкондо бир турган, Ак никелеп алганын! Эминеге келди экен, Айдай Чүрөк бул жерге, Уксам жоктур арманым! Күлүмсүрөп шаңк этпей, Кабагын ачып жарк этпей: — Айаш ата Токтобай, Эрликтин эрче жолу бар, Жамандык келген кишиден, Жакшылык келер чагы бар. Өлгөнү жок Семетей, Ордунда Сейтек уулу бар, Ага өлсө, ини бар, Эр Гүлчоро тирүү бар, Онго чыкты Сейитек, Айаш ата, уулуңар. Таластагы карылар, Мурунга жыт, муунга күч, Кайрат кылар жөнү бар, Алмамбет уулу Гүлчоро, Эки кечир кесилген, Багар киши табылбай, Багар киши табылса, Айаш ата Момунжан, Ал дагы келип кабылаар. Ошол үчүн айчүрөк, Алдыңа келген жайы ал, Айчүрөктөн кеп угуп, Ыйлап ийди Токтосарт, Кайрат кылып тура албай: — Айтканың чын, сөзүң ак, Акундун кызы Айчүрөк, Семейден тукум бар дедиң, Эзилип барат эт жүрөк, Багып алмак Гүлчоро, Эч канчалык иш эмес. Дайра болуп кечирсек, Ниетим эми ак сүттөй, Дабан болуп ашырсаң, Жетисуу жете барайын, Жеринен орун алайын, Жеткилең тууган Гүлчоро, Ал келгенче багайын, Керек десе Момунжан, Куландын сүтүн табайын, Куунун этин кааласа, Айанып кантип калайын? Ээрчип Гүлүс арстанга, Эр Сейтек балага, Олуйа тирүү Бакайга, Каныкей сындуу айашка, Жүзүм жарык барайын, - Айчүрөк көрсүн дегенсип. Кербен башын чакырып, - Дайар болгон үч күндө, Жол керегин жабдынып. Санаты төрт жүз сексен төө, Жетисуу карай чубасын, Кыскасы, татым туз үчүн, Тим эле башын аламын! Төө таманын ойултуп, Күн-түнү жок тарттырып, Жетисуу жете барамын, Таластыктын жылкысы, Жүнсүз баары тобурчак, Түрөгөй чалыш аргымак, Бардыгы күлүк, түрс айак, Семетейден ала албай, Мен келгемин ушул жак. Ошол малдын баарысы, Жетисууга барыптыр, Кадырын билген киши жок, Көп бедөөлөр карыптыр. Күн-түнү жок желбесем, Аз болгондо жети миң, Бедөөдөн алып келбесем. Лопнур, Жеркен, Котенге, Бир таратып бербесем! Жаңы көпкүр жаштарды, Жетинтип атка салбасам, Лопнур, Жеркен, Хотендин, Жибегин койбой албасам. Индистандан чай алып, Атан төөгө артпасам, Багдат, Мисир, Ыстамбул, Кудус, Кенан, Иракка, Ошолорго барбасам! Акак, жакут, шуруну, Лайил, көөхар - бурууну, Марваит менен заваржат, Ушунун баары асыл таш, Артып кайра тартпасам, Алып кирип Каканга, Чын элине сатпасам! Шириден күптү жасатып, Көмүр менен кебекти, Аралаша тундуруп, Алтын менен күмүштү, Арасына койдуруп, Дат алдырбай катпасам, Санаама жетип бай болбой, Үйдө кантип мен жатам? Жети кыраан элине, Жетет го менин даңазам! Деп ошентип күүлөнүп, Өзүнчө кыйын түрлөнүп, Ар уруудан Токтосарт, Чүрөккө койду сарыпай, Жакшы сөз менен жандырды, Чүрөк андан бирди албай. Артыштан чыгып Айчүрөк, Асман менен калкылдап. Ак куу болуп жаркылдап, Көкөлөп учуп баратып, Эр Төштүктүн ордого Келип калды жакындап: “Кашкарга келип кеткеним, Кенжекеге угулат. Беттешип калсам бир күнү, Какшык кеби урулат, Таарынчы сөзүна кылат. Учураша кетейин, Жоодар бешим атадан, Жетим калып чоң болду, Бар болсо көрүп өтөйүн”- Деп Айчүрөк бурулат, Канатын Чүрөк жымырып, Теректин башын сыдырып. Отузда жубан уз болуп, Оолжуп Чүрөк барыптыр. Аккуу кебин катыптыр, Кенжеке көрө салыптыр. Таласка келген тарлыкты, Билип жүргөн Кенжеке, Айчүрөк олжо кеткенин, Угуп жүргөн Кенжеке, Эркек бала тууду, деп, Кызыл бала дубана, Сейтек атын койду, деп, Баарын уккан Кенжеке, Кыйаздан эмес бул бала, Семетейден экенин, Билип жүргөн Кенжеке, Айды эсептеп жаңылбай, Сүрүп жүргөн Кенжеке: “Акырет кеткен айкөл шер, Бейжинден кайра тартканда, Таласка барбай үйүнө, Биздикине келди эле, Керээз кебин калтырбай, Төштүккө айтып берди эле, Кенжеке жесир, Жоодар жаш, Туш-тушумдун баары кашс Жесир катын маанай бас, Кыйналып жүргөн кезимде, Алымды сурап Семетей, Эки сапар келди эле, Изин издеп эринин, Келиптир айаш келиним.