— Ой, ой Кыйаз, ой Кыйаз! Келтирбе үйгө кулуңду, Киргизбеймин мунуңду, Кан менен ириң канчалык, Олтурган жерге куйулду! Алар антип жатканда, Сөз баштады Кутубай: — Күмүшбулак, Түзкерүү, Жылкы малга жай эле, Былтыр быйыл күн жаабай, Чөп чыкпады деги эле. Адырлар куурап чөбү жок, Тоолор кургап, суусу жок, Кыйын болду жылкыга. Челек менен чарында, Илебиндин кырында, Текестин тескей сыртында, Чөп калың дейт ушунда. Ошол жердин сырларын, Билген жан жок чынында, Конуш таап бербесең, Кыйын болду жылкыңа. Жол билген киши баштаса, Иш билгени башкарса, Төөгө жүктөп үй алса. Кутубай мындай айтканда: — Андай болсо жылкыга, Кыйын заман болбоптур, Арык болсо баккан мал, Малчыга мүшкүл толуптур. Жол билген киши бар болсо, Жол баштатып көчкүлө, Жол билген киши болбосо, Жол чардатып көргүлө, Кайда болсо жылкыга, Каралды болчу ээси ал- Кошо барсын Кара дөө. Айтып баргын Кутубай, Таталаң калмак Каңгайда, Иле бойлоп түшпөсүн, Жылкыны алып кетпесин, Тыңдуулап алып балдардан, Кара дөө жолду күзөтсүн. Уккандыр Кангай кабарым, Тең келбеген кылымда, Семетейди алганым, Кыйаздын малы деп укса, Батынып Кангай келе албайт, Ал оорагым бар дайын, Жылкычыга айтып бар, Күн алаар жерге жылкыны, Барышың менен айдасын, Кутубай айтат: -ээ Кыйаз, Эп келеби саа, Кыйаз? Ачык билчү жерлерин, Анык билчү белдерин, Иле, Текес турмайлык, Кара кырым Кангайдын, Ар кайдагы элдерин, Уйчу кулуң, — деп айтат, Анда кыйаз муну айтат: — Уйчу мында келсин, — деп, Гүлчорону кычыртат, Гүлчорону көргөндө, — Көптү көргөн кул элең, Кеп сураймын сенден мен, Челек менен чарыңды, Илебиндин кырында, Кең Текестин сыртында, Чөп калың дейт ушунда, Өтө кыйын болуптур, Чөп чыкпай койуп жылкыга, Жолун билген киши жок, Ошол жерге барууга. Билесиңби белдерин? Көргөнсүңбү жерлерин? Гүлчоро туруп муну айтат: — Жүрбөгөн менин жерим жок, Көрбөгөн менин элим жок. Кара кырым Каңгайды, Таталаң дөөсү башкарган, Санагы миң Калдайдын, Жердеген жери Турмайлык, Атын билем алардын, Алгы-берги кылышкан, Катын билем алардын, Калдыр-кулдур сүйлөшкөн, Тилин билем далайдын, Семетей абам барында, Мен көргөмүн чанданын, Анда Кыйаз муну айтат: — Эби келсе, Айчүрөк, Кутубайга бул кулду, Кошуп берип жылкыга, Кандай болор жиберсек? — Кандай кылсаң андай кыл, Жибере бер кулуңду, Эмне кылсаң кылгының, Маа көрсөтпөй мунуңду! Анда Кыйаз муну айтат: — Ой, Гүлчоро баргының, Акырда ат алтымыш, Бирди тандап алгының, Бир акырда алты ат бар, Ал аттарга тийбегин, Ээр-токум токуп кел, Кечигип калбай бачым кел. Гүлчоро чыга бергенде, Айчүрөккө чоң Кыйаз, Мына мындай деди эле: — Ат оонаса түк кылат, Аш төгүлсө жук калат, Ушундай барса самтырап, Сага жаман ат калат, Кийимин бүтөп жолго сал. Угуп тургун Кутубай, Көчүргөндө жылкыны, Кеңеш кебиң элге бер, Ошол элге бу кулду, Башчы кылып койо бер, Жолду билет, иш билет, Бул билгенди ким билет? Бүгүн болуп мусапыр, Минтип жүрөт темселеп. Өтүп жаткан иштерди, Көзү менен нак көрүп, Болуп жаткан кептерди, Кулагы угуп олтуруп, Жалдырап-жайнап жаш Сейтек, Акылына толтуруп, Болуп турган иштерди, Айчүрөктөн суроого, Шашыла кетет жаш бала, Ээн болсо аз гана. Ордунан туруп Айчүрөк, Эскиси жок ал үйдө, Бир сыйра кийим алганы, Момундай кебин салганы: — Кийип кетсин муну кул, Көөнөнү кайдан табалы? Сейтектин башынан, Биз садага кылалы. Кутубай, мына бир сарпай, Хан үйүнөн кур чыкпай, Кармай кеткин Кутубай. Гүлчорону котчу алып, Кутубай кетти аттанып, — Кутулдум кулдан ырас, — деп, Куткардың мени, Кыйаз, — деп, Айчүрөк турду “эркелеп”, Үйү ээн болгондо, Кеп сурады Сейтек: — Угайын сенден, эжеке, Айтпасаң болбойт дегеле, Далысы жара кишини, Жемелейсиң көп эле, Киши жок ээн жер болсо, Желпеңдейсиң жөн эле. Киши жокто эң жакшы, Киши барда эң жаман, Кайсы ишиң бул, эже? Бир күнү экөөң сүйлөшүп, Кудай берип биздерге, Чоңойуп калды бала, деп, Айтыштыңар далай кеп, Аныңар кайсы бала эле? Жапмалабай сырыңды, Жана эже, айтчы чыныңды. Эки күндөн бер жакка, Кутубайды карасаң, Жылмаң этип күлөсүң, Атама карап негедир, Кабагыңды түйөсүң. Жаш чырымтал балапан, Кайсыныңды билемин? Сенин далай кебиңден, Атам башка окшойт деп, Күмөнсүнүп мен да жүрөмүн, Далайдан бери опколжуп, Токтобой калды жүрөгүм, Жашырбай айтчы балаңдан, Түп жайын иштин билейин, Балалык кылып бирөөгө, Айтып койот экен, деп, Болбосун менде күмөнүң, Ичиңде мүдөөң жүргөнүн, Мен да билип жүрөмүн. Кыйаз кирип келет деп, Жарадар киши экөөңдүн, Жайыңды толук билет деп, Мен сага кабар бергеним, Жаамды алып бергин деп. Эшикте туруп мен айтсам, Үйдө туруп билгесиң, Сенде бир ойдун барлыгын, Мен ошол күнү билгемин. Баштан-айак эжеке, Байаныңды сүйлөгүн, Атам Кыйаз бул болсо, Минтип басып жүрбөйүн... Атам Кыйаз дегенде, Айчүрөк айтты мындай кеп: — Кыйаз сенден айлансын, Ала көөдөн акмагым, Көзү жокто Кыйазды, Ата-мата дебегин, Бүгүн-эртең сабыр кыл, Кыйазды ууга жиберип, Анан айтып беремин. Жааңды алып бергенде, Кыйаз үйгө киргенде, Кандай кылды ал сага? Эмне дедиң сен ага? — Ал кишини көргөндө, Сүйүнүп жүрөк күлгөмүн, Мени карап ал киши, Ээрдин тиштеп баш чайкап, Көзүнөн чолок жаш кетип, Байкадым анын күйгөнүн, Ушул иштен мен анын, Дарты барын билгемин, Ошондон бери карата, Эжемен сурап билем деп, Ушул ойдо жүргөмүн, Баштан-айак калтырбай, Такыр айткын билгениң. Деп Сейтек турганда, Оозун ачып эстенип, Көзүнө чолок жаш келип, Муңайып жүрөк үшкүрүп: — Айтпасам, чунак, болбодуң, Айтпас ойго койбодуң, Он экиге чыкканда, Айтсамбы деп ойлодум. Жериң Талас Кеңколдо, Элиң алаш кыргыз го, Курсакта келдиң чунагым, Көтөрө албай үч жылы, Байкуш эжең куурадым! Кеңколдо салган тамың бар, Төрткөлгө сайган багың бар, Айта албаймын атынан, Түп атаң элге дайын ал. Кеңколдо бүгүн кеңгиреп, Жүргөн Бакай абаң бар, Жакшыбы, жаман күндөбү, Чоң энең сенин анда бар, Далысы жок чолок кул, Гүлчоро деген абаң ал. Тиригиңе тик болгон, Өлүгүңө өк болгон, Өз кезинде Гүлчоро, Алтымыш уруу алашка, Ала тоодой чеп болгон, Далысы жок, кол чолок, Бүгүн мындай кор болгон! Атаңдын аты Семетей, Жыгылганын эл көргөн, Көмүлгөнүн көрбөгөн, Атаңдын кулу Канчоро, Кыйаз менен биригип, Абаңдын кесип далысын. Каныкей менен Бакайды, Кардады элдин карысын.... Айчүрөк айтты калтырбай, Болгон иштин баарысын. Сейтек угуп селейип, Тиктеп калып делейип, Азуулары качырап, Айнектей көзү чачырап: — Андай болсо эжеке, Атанын уулу мен туруп, Чыдаймын кантип бул кепке?! Канчоро менен Кыйаздын, Кылбаганы калбаптыр, Укканда муну балаңыз, Муз капташты жүрөккө! Анда Чүрөк кеп айтат: — Андай эмес, каралдым, Алы-жайын карагын, Эжең менен абаңдын. Жылкыга барып келсем деп, Сен Кыйаздан сурангын, Сурап алып малга бар, Кутубайды колго ал, Гүлүстөн абаң анда бар, Жакшылап аны багынпал, Момунжанды таап келчү, Курган Чүрөк апаң бар, Айыкса колу Гүлүстүн, Өчөгүшкөн доңуздун, Канын чачып башын ал! Гүлчоронун атасы, Бейжинден келген киши экен, Эки айактуу пендеде, Теңдеши жок эр экен, Алмамбет атын дээр экен. Алмамбет уулу Гүлчоро, Адал нээт аппак көөн, Эмчекти бирге эмишкен, Ишенимдүү эр эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.