← Сейтек 5/5

— Жез кемпирдин жети уулу, Жетөөң жети хан элең, Алыке менен Сатыке, Хандардан качан кем элең? Жээн экенсиң Кутубай, Ала келдим Таластан, Сени таштап ат албай, Ырысыңа Кутубай, Карадөө уулуң дөө чыкты, Эки жылдын алдында, Эр оодарыш, күрөштө, Кырк сегиз эрди бир жыкты. Белиме таңуу болот, деп, Он эки жолдун оозу экен, Бөрү-койдун чаркы экен, Урунуштуу жер экен, Күмүш булак керүүсү, Малга өтө жай экен. Жолду кара, жатпа, деп Элдин четин сакта, деп, Карадөөгө жол койдум. Ушу бүгүн мен өзүм, Теңдешип душман жеңгисиз Темир коргон чеп болдум, Семетейди жеңгени, Бүткүл элге кеп болдум. Айчүрөк тууган балага, Күмөн кылып силерге, Эки жерден чек койдум: Акыл жеткис мал сойдум, Ааламга анык той болсун, Андан кийин ат койгун: Ат койо албай токтолдуң, Дубана ат койгонун, Айрыкча шек ойлодум. Аты окшобойт болжолу, Сейитек деп койгону, Ойлоп көрчө баарыңар, Ушул иш жакшы болбоду, Түпкүлүгүн ойлойлу, Баланы тирүү койбойлу! Акылман жеңең Айчүрөк, Бир кишини койуптур, Болуп жаткан кептердин, Баарын угуп болуптур. Кыйаз мындай айтканда, Жез кемпирдин жети уулу, Эстүү киши Кутубай, Алыке менен Сатыке: “Өз уулунан бул Кыйаз, Неге күмөн кылат? – деп, Чечекейдей бала экен, Муну кантип кыйат? – деп, Кылым жердин бети укса, Кыймыл эткен эл укса, Баарыбызга уйат!” – деп, Куйкалары курушуп, Мурундары тырышып, Кириштери бырышып, Кеп айта албай турганда, Баласын колдон жетелеп, Айчүрөк кирди залкайып, Айтып турду бул сөздү, Айдай жеңең кашкайып, Күзгүдөй бети тастайып: — Эрди сайып, эл алып, Ханды сайып, калаа алып, Катарда киши сен болдуң, Хандар менен тең болдуң. Кызматың кетип талаага, Күмөнүң болуп балаңа, Жаман катын мен болдум. Элден калган макал бар – “Ээгиңе чыккан сакал бар”, Эрим Кыйаз, угуп ал! Балаң мына багып ал, Мейлиң, канын ичип ал! Аксакалың Кутубай, Алыке менен Сатыке, Жедигердин жети уулу – Баарың тыңшап угуп ал! Аккуу кебим кийбесем, Эл кыдырып кирбесем, Олуйа Кошой уулуна, Өзүм барып тийбесем, Алачыктай Кыйаздын, Тузуна бүгүн сийбесем! Жалгызекти баш кылып, Баштап келип алашты, Бул олтурган онуңду, Как бооруңан тилбесем, Бириңди салбай бириңе, Көк менен сызып учпасам, Көгүчкөн болуп сызбасам, Көкөлөп учуп чыкпасам, Кара Кырым, Каңгайга, Каталаң деген калдайга, Барып кабар айтпасам, Калкайтып кара кошуунун, Алып келип бул жерге, Уугуңду шиш кылып, Унуткусуз иш кылып, Катыныңды тул кылып, Ханыңды кул кылып, Хан башыңды кул кылып, Кыздарыңды күң кылып, Боз уланың кар кылып, Түшүңө кирсе кубантып, Жетисууга зар кылып, Кылгылыкты кылбасам, Айчүрөк атым курусун! Семетейден айрылдым, Кызмат кылып Кыйазга, Кызматым менен жакпадым, Бала туусам Кыйаздан, Жетисууга батпадым, Никелеп алган сен туруп, Карага кандай чачтадың?! “Койунда жатып билинбейт, катиындан башка душман жок: Колдо туруп билинбейт, Камчыдан башка курал жок,” Ушул сөздү байкагын, Карылардын айтканын! Деп ушинтип Айчүрөк, Колундагы Сейитек, Кыйазды карай бир түртүп, Кош эмесе, хандар деп, Бура тарта берерде, Кыйаз жетти жүгүрүп, Коркуп кетти Кутубай, Айчүрөктөн түңүлүп, Кыйаздын колу тийгенде, Чүрөк калды былк этип, Чөйчөктө суудай кылт этип, Жер бетинде жылт этип, Кыйаздын маңдай жагында, Күлүп турду шыңк этип. Анда Кыйаз кеп айтат: — О, Айчүрөк, нетесиң? Кыйазды баштап бозортуп, Кайсы жакка кетесиң? Перидей Чүрөк деп жүрсөм, Бейпай катын белемсиң?! Кутубай анда бакырып, Оозунан көбүк чачылып: — Тоодой Кыйаз деп жүрсөм, Бечел Кыйаз экенсиң, Чечен Кыйаз деп жүрсөм, Кече Кыйаз экенсиң, Айчүрөктү байкасам, Жаман кыйал, пейли жок, Көңүлүндө кири жок, Ак көңүл келин турбайбы, Ар өнөрү бар экен. Эмне кылса, кылбайбы? Айчүрөктү ким болсо, Тийем десе албайбы? Жалгызек келсе бул жерге, Канчоро, Кыйаз турмайлык, Канчоро келсең чогулуп, Ташыңды талкан кылбайбы?! Койгун, балам, Айчүрөк, Ит Кыйазга өчөшүп, Бизге кылба андайды, Битке өчөшүп, көйнөктү, Көрбөдүм отко салганды, Бейпайга салба карындаш, Карып калган чагымда, Жалгыз уулум Карадөө, Атка минген чагында, Жергеңде турат жети хан, Жеткиликтүү өз агаң – Алыке менен Сатыке, Жедигерде акылман: Өзүң асыл, кол үзбө, Ушунча журттун баарынан, Анда Чүрөк муну айтат, Агартып тишин кылайтат, Төкмө чачы шөкүлө, Берметин жерге чубалтат: — Аксакал ага Кутубай, Алыке менен Сатыке, Жетисууда жети хан – Бул олтурган он адам, Ич дартымды саа айтам, Силерге айтпай кимге айтам? Мен келгели Таластан, Тетири алат баарысын, Тоодой төрө Кыйазга, Билгенимди мен айтсам! Келерин көрсөм бир иштин, Кетерин көрүп бир иштин, Келечегин дагы айтам. Айтканды кабыл албаса, Кыйамы келген чактарда, Кыл дегенди кылбаса, Койунда жаткан катындан, Арылып күмөн чыкпаса, Эл ичинде дубана, Ат койду деп балага, Журт баштыгы силерди, Мына минтип жыйнаса, Күмөнү турса өзүндө, Чалгырты турса сөзүндө, Чаары турса ичинде, Кыйгачы турса көзүндө, Эримди ушак кылбастан, Чаппай айтам өзүнө. Санаасы бир чоң сырдаш, Жаш тарапта болбосо, Менсебинде курбалдаш, Ортоңордо сөзүмдү, Айтып туруп ашкере, Бошотмок элем өзүмдү. Бей туйук кетсем сыр айтып, Ургаачы деген ушул – деп, Уккан кулак эл айтар, Баштады деп Кыйазды, Тетиги катын көмүскө, Кылмыштуу кылып мени айтар. Бул олтурган онуңар, Кулагың угуп жүрдүңөр, Көз менен бүгүн көрдүңөр, Өз оозу менен айтканда, Аныгын эми билдиңер. Калк башкарган хандары, Эл арыткан карысы, Төрөсү Кыйаз баш болуп, Чогулушту баарысы, Айтып алса бук чыгып, Жүрөктүн болор дарысы, Кантип адам таба алат, Так силердей калысты? Жылмалап айтып Айчүрөк, Кутубайга кеп берип, Жалгызекке барам деп, Төрө Кыйаз баштаган, Он пилине шек берип, Айчүрөк антип турганда, Каапыр Кыйаз кеп айтат: — Э, капырай Айчүрөк, Бул айтканың кандай кеп? Мойнума артып таштадың, Арамзада Кыйаз деп, Кутубай баштап бул онун, Ишендирдиң ырас деп, Шек келтирип балага, Оозуман чыгып кетти кеп. Бир жастыкка баш кошкон, Эриш-аркак өрмөкпүз, Болбос бекен Айчүрөк, Ушундай жүрсөң кээкерлеп? Былк эттирбей коркутуп, Асмандап учуп кетем деп, Эми миндиң мойнума, Он кишинин алдында, Ээр токубай бекемдеп. Ойума албай жүрүпмүн, Сени минтпес бекен – деп, Карсылдап күлүп калп эле, Сыр алдырбай эч кимге, - Аңдабай айткан оорубай, Онтоо кирет дечү эле, Ошол Кыйаз болдум мен, Алган жарым Чүрөктүн, Айтканын макул алайын, Аңдоосуз жерден мен дагы, Ашөпкө күмөн кылбайын. Келе бери баламды, Как төшүнөн жыттайын. — Бар атаңа, баргын, — деп, Алпаратып Айчүрөк, Сейитекти жетелеп, Кутуга көз шилтеди, Кыйазды байкап тургун, деп. Колунан тартып баланы, Жыты башка адамдан, Алда эмне жыттанып, Мурдунун суусун шор тартып, Кайра Кыйаз жыттаса, Байагы жыт өзгөрдү, Куйкум кийиз жыттанып, Чочуп кеткен немедей, Кыйаз кетти баш тартып, Эрдин тиштеп Кутубай, Айчүрөктү жалт карап, Тура берди билгизбей, Сакалын сылап жайкалтып. Алыке менен Сатыке, Ала көөдөн ит эле, Эчтемени билген жок, Элебестен деги эле. Жез кемпирдин жети улуу, Жетөө тең жетик болуучу, Биринен бири карашып, Оңдойлу деп конушту, Ашкере билди бул жетөө, Сейитекке Кыйаздын, Агарып көөнү койбосту, Анан алар минтип болжошту: “Бүгүн Кыйаз багыптыр, Ачыгып калган жолборсту, Жүрөгү туйуп жатыптыр, Түбүндө жакшы болбосту. Ээрдин тиштеп Кутубай, Сакалын сылап байкады, Айчүрөк менен Кутубай, Экөө бирге турбайбы, Үч жылдан кийин Айчүрөк, Уулун малга чыгарып, Жолдун камын кылбайбы. Угабыз эми аз калды. Күлчорону Айчүрөк, Жылкыны карай куубайбы, Ошол кезде Суркойон, Сыргакта түшүп суубайбы, Амалы көп Айчүрөк, Гүлчоронун кечирин, Айыктырат турбайбы. Алмамбеттин Гүлчоро, Бирге басып бир жүрдүк, Адамзаттын шери эле, Айры төштүү эр эле, Эми кайра ат минсе, Жумуру баш адамдан, Тең келбейт буга дегеле. Шектендик деп Кыйазга, Өтө калсак тыйакка, Сейтек менен Гүлүстү, Көрсөтпөй элге кубултуп, Алып кетет Айчүрөк, Кыйамы келген кез эле. Кезеги келген күнү эле, Баарыбызды кемсинтет, Жылкыдай жылма жүн менен, Койдой коңур үн менен, Билбей туйбай эч неме, Көрбөгөн болуп биз кетсек, Эми үч жылда булкунтуп, Тоотору менен Сейтек, Ал күндө бизде кемитпес; Кемитем десе Сейтек, Айчүрөк ага жол бербес. Кыйаздын кылып каркытын, Бүгүн буга тийишсек, Ооздо айткан Жалгызек, Келчү киши ал эмес. Шумдуктуу катын Айчүрөк, Кангайдагы Таталаң, Ошого салат Капсалаң. Арбын кошуун кол менен, Бук болгон нечен чоң менен, Айчүрөктү алам деп, Келе калат Таталаң, Отузга жетпес өзү жаш, Бүт Каңгайга жалгыз баш, Таталаң тартып жүрөт деп, Коңурбайдын жыңзы таш, Көрүп келген эл айтат. Теңдешер киши болбосо, Канчоро, Кыйаз кол айдап, Калктын баары сойлосо, Аңгычакты Сейтек, Баш көтөрүп чоңойсо, Алаш, каңгай - эки баш, Болуша албай ал күнү, Канчоро менен Кыйазга, Келип бербейт бир киши, Артын ойлоп карайлы, Ашыра ойлоп бул ишти.” Жылкыдан жылма жүн менен, Койдой коңур үн менен, Кутубай менен жети хан, Жумур сырын чечишти, Көрбөгөн да билбеген, Жөн киши болуп кетишти. Ошол болот Кыйаздын, Чүрөк менен беттешип, Кеңеш кепке келиши. Мунун мындай таштайлы, Сейтектин тек жайын, Билгенинен баштайлы.