Семетейден шек болсо, Сөөгүн сөйөп талкалап, Кутулбайт белем эмгече, Жанына чыкпай Кыйаздын, Буластай басып эркелеп, Кутурбайт белем эмгече. Үч жылдан кийин төрөлсө, Күмөн салып Кыйазга, Семетей буга каргаша, Кардап койсом бейитти, Кыйаздын сөөгү кардалса, Жашы үчкө чыкканча, Же балам деп сүйүнүп атасы, Бешик тойун кылбаса, Өзү берген чунакты, Же өзү кудай албаса! Сүйлөнүп жатат Айчүрөк, Шекшиз келип чоң Кыйаз, Үй тушунан тыңшаса. Ойуна алып чоң Кыйаз: “Баласын кыйын каргады, Каргышын буга арнады, Атасыз бала сендей, деп, Тыйактын кебин кылбады, Тукумсуз Кыйаз калат, деп, Менин атым айтканы, Акчыланып айткандай, Келгенимди туйбады” Кетенчиктеп арамза, Нарылап кетти ыраактап, Үй ичинде Айчүрөк, Баарын билип олтурат. Тура калып Айчүрөк, Оң колу менен сол колун, Шак дегиче бирди чаап, Жердеп алып баланы, Мурдунан чымчып алганы, Чыркырап бала калганы, Күрсө-күрсө жөтөлүп, Кыйаз кирип барганы: — Ээ, капырай Айчүрөк, Ыйлаттың неге баланы? Чолоң тийбей иш менен, Курсагы ачып жатабы? Күлө тиктеп жылмайып, Күйгүзүп Чүрөк муну айтты: — Атанын ээрди тийбеген, Энеден эмчек эйбеген, Эчен бала элде бар, Ошонун бири бул бала, Бешик той бербей ат койбой, Үчкө чыкты бул маалда, Кыжалат болуп уйалам, Аты ким деп сураса! Элден бата албадың, Балага көзүң салбадың, Атым Чүрөк болсо да, Ургаачы болуп калыпмын, Менин канча амалым, Тынчыбайт басып темтелеп, Тентек болду чунагың, Бешик тойго жоголду, Чочок той берер убагың, Кара мүртөз кылбасын, Бендесин сендей кудайым! Таластан келген далай бар, Той берип жатат айанбай, Чакырткан экен атайын, Мен калдым го баралбай, Жаман атты болдум бейм, Балдарын жентенк кылалбай, Бит сыгып канын жалаган, Таш чеңгелдин бири экен, Айчүрөктү койчу деп, Кантип Кыйаз айасын, Үйдү катын билет деп, Айтып жүрөт катындар, Артыман менин арбын кеп. Күн-түн кетпей айылымдан, Шектүүлөрдү көргөндө, Эшикке чыкпай айбыгам. Болду Кыйаз жообуң бер, Кырк чырпыгын кыйдырып, Сен эркексиң койо бер! Эмчектен чыкты эрбейип, Буту чыкты темтейип, Балаңды өзүң багып ал! Анда Кыйаз алайып, Эки жагын каранып: — Балаңды багып ал дейсин, Жыттайын десем бербейсиң, Мен кетемин жериме, Жоботуңду бер дейсиң, Кандайча айткан кебиң бул? Түбүнө жете билбедим, Тойдун кеби Чүрөктөн, Качан болор экен деп, Сени карап жүргөмүн. Той берем деп элге айтсам, Бер десе анан берермин, Болбой койсоң Айчүрөк, Анда элге не деймин? Кирпигиң карап кыңк этпей, Сени карап жүргөмүн, Күнөөм ушул билбепмин! Кабагың бүркөп, өң бузбай, Кашкайып туруп жооп бер, Тойду качан берейин? Жетисууда жедигер, Баарына кабар салалы, Салтанат кылып бул тойдо, Ат койдуруп алалы. Эмгичекти ат койбой, Эмне кылып жүрдүң деп, Бирөө айта алабы? Кыйаздан Чүрөк кеп угуп, Өзүң билгин деп угуп, Басып бара жатканда, Жанашып Кыйаз артынан, Кубулмалуу Чүрөктүн, Койнуна колун салыптыр, Албарсты сасык билдирбей, Чүрөк болуп моймолжуп, Бой жасап тура калыптыр. Жаш баладай балпактап, Этектери салпактап, Көздөрүн Кыйаз тунартып, Ичинде ойлоп муну айтып: “Баш ийиптир Чүрөк, — деп, Кай чакта болсо керек деп, Макул болгон турбайбы.” Эшикке чыгып дердейип, Сураккана үйүнө, Басып келип деңкейип, Теги кыйын шашылып, Жигиттерин чакырып: — Жети жигит чабарман, Жетисууда элге бар, Жезкемпир уулу жети хан, Жетип ага кабар сал, Үйдө эркек калбастан, Тойго келсин бары адам! Кабар укпай бейтуйук, Калган киши болбосун, Карылар төрдө олтуруш, Атадан калган жол-жосун. Кеп табуучу чечени, Куйуп айтчу меселчи, Укмуш кулак калбасын, Бул иретки тойума, Баары келип жардасын. Үчкө чыкты жалгыз уул, Той бербедим ат койбой, Азыркача келгемин, Бешик тойу, чочок той, Баары бирге беремин, Ат койдуруп аламын, Жүзүн көрсүн калайык, Менин жалгыз баламын. Көз тийерби кокус деп, Көрсөтпөй элге баккамын, Жети киши камынып, Азыр эле атка мин! Күмүшбулак, түз керүү, Биздин малга барыңар, Туу бээден ылгап жетимиш, Асый төөдөн жетини, Инек уйдан кыркты, Койдон тандап миң ирик, Айдап жолго салыңар. Жылкычы менен койчулар, Төөчү менен уйчулар, Тойго келсин айтыңар, Малчылар тойдон баргыча, Кабар алсын малынан, Кутубайдын баласы, Кара дөөдөй алпыңар. Белге таңуу баатыр деп, Кара дөөгө ишенип, Үч жылдан бери барбадым, Айактан кабар албадым. Кабарчылар барыптыр, Баарына кабар салыптыр, Сапырылып жер чаңдап, Жетисууда жедигер, Калбай жөнөп алыптыр. Кара дөөгө Кутубай: — Ой, чунагым бери кел, Сага айтар кебим бар, Той берген менен Кыйаздын, Баласынан шеги бар, Үчкө бала чыккынча, Той бербей да ат койбой, Жүргөнүнүн теги бар, Бул иштердин жөн-жайын, Менден угуп билип ал. Төрөөрүндө Айчүрөк, Он эки бузук катынды, Кыйаз үйгө киргизген, Акундун кызы Айчүрөк, Кыйындыгын билгизген. Орону мага каздырган, Топосун Гүлүс жашырган, Он эки бузук катындын, Шорун Чүрөк катырган. Сөөгүм ногой кыргыздан, Туулгамын сен уксаң, Жедигерде бир кыздан, Ат койот дейт балага, Буруп койуп салабы? Бузулуп аты калабы? Тартынбай айтып ат койуп, Ажалым жетсе өлсөмбү? Азабым болсо көрсөмбү? Эп келсе уулум саа кеңеш, Мен дагы барып келсемби? Кара бойу бир дөбө, Үстүндө соот күрөөкө,, Карай калып Кара дөө: — Үч жылдан бери той бербей, Шектенип жүрөт дедиңиз, Түбү кандай кеп эле, Терип айтып тегинен, Айра сүйлөп жигинен, Түшүнүктүү бериңиз. — Эмесе уккун, балам, — деп, Кутубай айтты, мындай кеп: Биз олжого келгенбиз, Талас болот жерибиз, Семетей болот элибиз, Семеңден калган ал бала, Биздин болот демибиз. — Андай болсо, атаке, Сурчабар токуп берейин, Толугураак угуп кел, Айчүрөктүн бар кебин, Таап эптеп шылтоону, Гүлчорону жиберсин. Ал Алмамбет баласы, Арстандын бири турбайбы, Колдон келип турганда, Эркинирээк бакбасак, Бизди арбак урбайбы?! Ата-бала кеңешип, Малчылардын башчыга, Бир Таластык тандады, Сурчабар минип Кутубай, Уулу мыкты көөнү жай, Тойго кетип калганы. Эр Багыштын ордосу, Бүркүт деген шаар экен, Элүү алты Курбучак, Бир мунары бар экен, Ошол жерди ээлеген, Эр Кыйаз капыр хан экен. Келген элге эр Кыйаз, Эки бара бир табак, Этин мыктап тарттырып, Ат, кунанын чаптырып, Балбандары күрөшүп, Баатырлары сайышып, Чыккан кунан, чыккан ат, Чыккан балбан, сайган эр, Мөөрөйлөрүн алышып, Көк бөрү тартып дуулдап, Баш аламан чуулдап, Бабырашып турганда, Кернейдин үнү угулуп, Ызы-чуу болуп калың журт, Келип калды чогулуп, Мунаранын башына, Чыкты Кыйаз чойулуп: — Баласын алып Айчүрөк, Менин келсин жаныма, Торко тондон бирди ылгап, Ала келсин колуна, Биз акына берели, Ким ат койсо балага. Жиберген киши барыптыр, Кыйаздын кебин Чүрөккө, Түгөл айтып салыптыр. “Мындан мурун бул Кыйаз, Баланын жүзүн көрө элек, Семетейден баламдын, Бир жери артык кем эмес, Бүгүн көрсө баланы, Колуман түшүп кетти, деп Мунардан таштап жиберет, Ого бетер мен күңдүң, Жашы агат себелеп” Деп ойлонуп Айчүрөк, Жалтылдаган алтындан, Жарашкан тонду алыптыр, Ороп алып баласын, Көтөргөн бойдон барыптыр. Баласы кучак боорунда, Тинтеси жалаң колунда, Айласы кетип жеңеңдин, Алтымыш акыл ойунда, Кыйаз айтат ушунда:
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.