— Келе Чүрөк баламды, Алаканга салайын, Айлантып элге көрсөтүп, Ак батасын алайын, Кандай атты койушат, Элден сурап багайын. Угуп Чүрөк жымыйып, Капканга түшкөн суусардай, Астыртан тиктеп кылыйып: — Эрлиги артык төрөсүң, Кээ кездерде кебиңди, Кайтарып койсом өткөрбөй, Айтканыңды биле албай, Аны кимден көрөсүң? Арбагы ашкан кыргыздан, Кыргыз түгүл көп журттан, А дүйнөгө кеткен кайнатам, Акылы тунук төрөнүн, Бейжинге жөнөп жатканда, Семетейди кайненем, Алып барып көрсөтсө, Чын ачуусу келгенсип, Алпар ары деп айткан. Атактуу Кыйаз сен турсаң, Алганың Чүрөк мен турсам, Ушунча журтка уйат го, Баланы алып сен сунсаң, Көңүлүң ооруйт ар качан, Ушундайды мен айтсам. Ашкере айткын элиңе, Кеп билүүчү бегиңе, Бар кебиңди каркылдап, Мен жаныңда буластап, Басып турсам жаркылдап, Ойноп турса чунагың, Үн чыгарып баркылдап, Эрибейби жедигер, Коргошундай балкылдап. Колун сунуп балага, Чүрөктөн тартып алалбай, Чыгып алып мунарга, Же тим олтуруп калалбай, Кыйаз айтат момунтип: — Жетисуу толгон жедигер, Жети хан эли келдиңер, Той берди Кыйаз зоруңар, Тойдун жайын билиңер. Акундун кызы Айчүрөк, Чынкожо, Толтой талашып, Семетейден алсак деп, Алы келбей эр өлдү, Чынкожо, Толтой тең өлдү. Канчоро менен сүйлөштүм, Көмөкөйдө күрмөштүм, Семетейди сойлоттум, Гүлчорону кул кылып, Отунга салып боздоттум. Каныкей менен Бакайды, Жатар үйгө зар кылдым, Канчорону Таласка, Семетейдей хан кылдым, Чачыкейин Семеңдин, Канчорого жан кылдым. Алганыма жараша, Чүрөк эркек төрөдү, Үч жыл өттү жедигер, Малымды айап калбадым, Бирок уккун бул ишти, Бешик той берип салбадым, Келген-кеткен көп болсо, Көз тийет деп айадым. Тил тийет деп балама, Ат койбодум балага, Чаптырдым айда садага, Бир баланын айы үчүн, Артык-кеми бар болсо, Ыраазы болгун ага да. Өзүмө уйкаш ат койгун, Айалдабай бат койгун, Атын уксам экен деп, Мен ошого зар болдум. Алтын чырай нур бетин, Көрсөтүп кой баланын, Болгун, Чүрөк болгунуң! Акактай жеңең Айчүрөк, Орогон алтын дейилда, Ороосун алып колтуктап, Мунарда туруп баланы, Тегерете каратты, Ал баланы көргөндөр, Акылынан адашты, Так Семетей экен, деп, Көргөндөр айтып баалашты. Көрүнүшү баланын, Булуттан чыккан күн болгон, Орчундуу эрдин бириндей, Ал балага сүр конгон, Кайкыга чыккан шаңдагы, Ак жолборстой түр болгон. Баркылдап бала үн салды, Чыгып турган мунары, Кулап кетер таз калды, Элдин баары элейип, Э, дерин Кыйаз биле албай, Эсинен танды делейип. Шамал улуп күркүрөп, Чайкалып суулар дүркүрөп, Жыгачтын баары шуудурап, Күн чагылып жаркырап, Түшүп кетчү кептенип, Кара жер түбү дүп этип, Ачып көздү жумгуча, Мындай нечен шумдуктар, Өтүп кетти шып этип. Айдай Чүрөк жеңекең, Бардасын тартып башына, Баласын ороп чапанга, Үйүнө кетти суйкайып, Жан алчуудай Кыйаздын, Бузулуп өңү кумсарып, Өрттөнүп өлүп акырып: — Кулагың сал! – деп бакырып, Кетип калган Чүрөктү, Алып кел, — деп, - чакырып! Колундагы баласын, Колкосун сууруп алайын, Ушул келген көп элге, Садага чаап тынайын, Өлтүрүп таштап баланы, Тынчыраак уктап турайын! Бала үчкө чыкканча, Арыптанып Айчүрөк, Көрсөтпөптүр карачы! Тынып жаткан турбайбы, Чоңойгон сайын санаасы, Ачыгын айт көрдүңөр, Ушул кимдин баласы? Күүлөнүп Кыйаз токтолду, Кыңк эткен киши жок болду, Кутубай агаң ошондо, Баш көтөрүп козголду, Айткан кеби бу болду: — Ханым Кыйаз, не болдуң, Акылың кайда жоголдуң?: Калк бийлеген хан болсоң, Өзүң байкап ойлогун. Атажуртка зор элең, Акылда чалкар көл элең, Саа келгели Айчүрөк, Алты жыл болду болжолу, Семетейден бойуна, Келген болсо бу бала, Кара башты үч жылы, Карында сактап болобу? Болжолу келсе дааратың, Тыйганыңа койобу? Акылың жетик Сара элең., Арткы жагын ойлойлу, Чүрөк келип үч жылда, Бойуна болуп төрөсө, Башка десең болобу? Өзүңдөй нурдуу бала экен, Көз тийип кетер бекен деп, Көрсөтпөй койгон болбойбу? Күмөнкор болбо сен, Кыйаз, Элүүдөн аштың такымдап, Эңкейип белден барасың, Карылыкка жакындап, Ажал чиркин ар кимди, Кууп жүрөт закымдап, Адам уулу эрсинет, Тимчилекте такылдап, Жан сактоонун, камы үчүн, Эртеден кечке лакылдап, Ажал алса жакадан, Койгунуң деп айта албай, Коштошоруң дүйнөдөн, Эки көзүң жаркылдап. Укмуш кулак эл айтат, Көптү көрүп билгендер, Катын-эркек тең айтат: “Энеси жорго байталдан, Куйбу кулун” – деп айтат. Сениң жарың жоргого, Өзүнө окшош уулуңду, Нурлуу төрөп койгонго. Менин бойум карагын, Орто-карта турамын, Менин уулум кара дөө, Сенин белиңе таңуу уланың, Мен тай тайлак, уулум нар, Сага дайым абалым. Күмөнсүз бала сеники, Үч жылдан кийин төрөсө, Кандай болот элдики? Андай эмес, хан Кыйаз, Айтканга кулак сал, Кыйаз, Так өзүңдөй уулуңду, Эрке кылып алалы, Эл баштатып жол жүрсөң, Серке кылып алалы. Берекелүү бек айбат, Белдүүнүн уулу эле деп, Медет кылып алалы, Таманын жерге тийгизбей, Белек кылып алалы, Баралына келгенде, Сен картайган кездерде, Хан көтөрүп алалы, Күмөн кылбай багып ал, Өзүңдүн жалгыз балаңды! Деп Кутубай токтолду. Анда Кыйаз кеп айтат: — Андай болсо көпчүлүк, Ат койгуңуң, — деп айтат, Уйкаштырып өзүмө, Бат койгуңуң! – деп айтта. Көзү көргөн баланы: “Семетейдин өзү экен, Атты кайдан табалы?” Тиктешип алар бир-бирин, Тойго келген коноктор, Жалдырашып калыптыр, Айтаарга тили байланып, Алдырашып калыптыр. Жаалы катуу чоң Кыйаз: — Тойго келген жедигер, Тойгуча этти жедиңер, Чүрөк тууган баланы, Ал сеники дедиңер, Айткамын абал башында, Атын койуп бериңер, Ат койгон акы бир асый, Алууга ылдам келиңер! Күркүрөп Кыйаз турганда, Эп келтирип ат таппай, Эл көңүлү жай таппай: — Тойго эмне келдик деп, Этти кайдан жедик деп, Ойдогу атын таппасак, Кыйаздан кордук көрдук, деп, Кызылдай өлдүк эми! – деп, Эстүүнүн баары күбүрөп, Эстери чыгып бүжүрөп, Турушканда эл чети, Сүр-сүр болуп дүбүрөп, Жаш балдары түртүшүп, Биринен бири өтүшүп, Мойнун созуп жүгүрөт, Элеңдеп мойнун созушуп, Эмне болуп кетти деп, Карап элдер калганы. Жылаңайлак жылаң баш, Кулакты баскан чыккан чач, Сегизден жашы ашпаган, Жетиден төмөн түшпөгөн, Көзүнөн жалын жайнаган, Алмадай бети албырган, Периштеби, бендеби? Же көйкаптагы периден, Учуп мунда келгенби? Асынган көлбөр жонунда, Шалдыркан аса колунда, Кирип келди аралап, Кызыл бала дубана. Ачылса тиши жарк этип, Сүйлөгөндө таңдайы, Жез комуздай шаңк этип, Обон салып баркылдап, Баштады сөзүн шартылдап: — Улук Кыйаз –- пилиң ук, Эл бийлеген бийиң ук, Малың батпай короого, Маалкаган байың ук, Мал таба албай тартактап, Басып жүргөн жардың ук, Уул менен кызың ук, Эриң менен катын ук, Жашың менен карың ук, Жумурай журт баарың ук, Баланын аты Сейитек, Ырысы толук немеден, Кандай киши кемитет?! Каардуу Кыйаз ханыңар, Калжырай берет бокту жеп! Баарың болгун саламат, Балага Кыйаз аманат, Кандабаса атасын, Балага калат жаман ат! Ушуну айтып дубана, Бурулуп баса бергенде: — Кайда кетти календер? Кармагыла, элим! – деп, Кыйаз жардык кылды эле. Кайып болуп жоголду, Кызыл бала дубана, Өзү тургай изи жок, Көзү көргөн киши жок. Тоодой болгон Кыйазың, Көк букадай өкүрүп, Таба албай аны өкүнүп, Үкүдөй көзү акыйып, Жез кемпирдин жети уулун, алыке менен Сатыке, Кутубай – онун чакырып, Калган элди тара! – деп, Мунардан түштү бакырып, Опсуз чоңдон он киши, Кыйаз менен он бири, Кеңеш үйгө киришти, Эмне дээр эми Кыйаз, — деп, Кирпигин карап турушса, Кыйаз айтар бул ишти:
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.