Өзү кесип киндигин, Айчүрөк ороп алганы, Бул үйдө болгон иштерди, Киши туйбай калганы, Сүйүнчүлөп Кыйазга, Бирөө басып барбады. Экинчи күнү болгондо, Айсалкынды айткын, деп, Айчүрөк өзү жумшады: — Чүрөк тууду эркек деп, Кыйаздын түрүн байкачы, Айсалкын жетип барыптыр: — Төрөдү уул Чүрөк, — деп, Кыйазга айта салыптыр, Кантер экен Кыйаз деп, Байкап карап калыптыр. Сыр алдырбай чоң Кыйаз, Жашыгансып солкулдап, Ыйлап ийчү кептенип, Тамагы кетти болкулдап. Анткени менен байкаса, Муруту тал-тал тиктелип, Билгизип койду шек берип. Муну байкап Айсалкын, Чүрөккө келип кеп айтты, Кекерлеп өтө бек айтты: — Эриң менен куруп кал! Кыйазың менен чирип кал! Мындай эрге тийгенче, Эжеке Чүрөк, өлүп кал! Барып айтсам, эжеке, Ыйламыш болуп калп эле, Сакал-мурут бириндеп, Ачуусу келди канча эле. Байкап турса эриңди, Көзүнөн чаары көбөйдү, Бетинин оту көгөрдү, Азайбады көбөйдү. Көрүп келдим эриңди, Көп эстедим элимди, Пейли өтө башкача, Уктуңбу эже кебимди? Айчүрөк аңдап алганы, Айсалкындын айтканын, Жараткандын эрки экен, Жакшы–жаман күн көрмөк, Алла салса башына, Амирине ким көнбөйт? Атакеси Акун хан, Алтымыш тай, миң нарга, Алып берген Чүрөккө, Сур жылан бедер боосу бар, Боосун салып билекке, Кыйаздын кылган иштерин, Муз кылып түйүп жүрөккө, Кайратын жыйып мостойуп, Эрибес тоңдун музундай, Кыйаздын кеби көкөйдө, Кеберлүү шордун тузундай, Камдап турат Айчүрөк, Болорун ойлоп ушундай? “Кыйаз эми келер, — деп, Баланы берчи көрөм деп, Бербей койсом болбойт ко? Берсем бала оңбойт ко? Тайар болуп турайын, Көтөрсө өөдө баланы, Келе деп колум сунайын, ага болбой баратса, Как жүрөккө урайын, Өлсөм кийин өлөйүн, Өлбөсөм күндү көрөрмүн. Канын ичи тынайын.” Деп Айчүрөк баласын, Жанына жакын жаткырып, Үстүнө жабуу жаптырып, Тайарланып турду эле, Коомайлап бетин ачтырып. Ал аңгыча болбоду, Кара нээт зор Кыйаз, Канчалык акыл ойлоду: “Асталай басып барайын, Баланы бер деп сурайын, Алдап алып колума, Бир амалды кылайын, Боорун эзе бек кысып, Өлтүрүп муну тынайын.” Акырын жүрүп алыптыр, Үйгө кирип барыптыр, Кара күчкө калп эле, Каткырыгын салыптыр: — Жаман атты болосуң, Жолобогун мага, деп, Төрөдүңбү Айчүрөк, Көрөйүн балам кана? – деп, Кумдакка ороп жанына, Бош жаткырган баланы, Эңкейип Кыйаз аларда, Өтө шашып Айчүрөк, Көтөрө койуп колуна: — Көрсөң балаң мына, — деп, Айта салса Айчүрөк, Колуна албай арамза, Этегин тосо бергенде, Этегине салды эле, Салмагынан баланын, Ийилип бели Кыйаздын, Бакалчагы майышып, Күүгүмдөп көзү түнөрүп, Жүрөгү жалын күйгөнсүп, Салмагы барча тоо болду. Бурдап кармап этегин, Эми өөдө кыларда, Колтукка жетсе баланы, Кыса кармап тынарда, Тура калып Айчүрөк: — Баланы алып багууга, Эби келбейт эркектин, Айрыкча Кыйаз сен өзүң, Өтө эпсең экенсиң, Ачылып калган турбайбы, Суук тийип жөтөлүп, Азабын тартат экемин. Деп айтканча Айчүрөк, Ороп чулгап баланы, Эмчегин салып оозуна, Алдына Чүрөк алганы, Арамзада Кыйаздын, Амалы кетип калганы, Кейимиш болуп калп эле, Бул кепти айта салганы: — Ой Айчүрөк кантесиң, Баласак катын экенсиң, Өзүмдүн жалгыз баламды, Үшүтүп ийет бекенмин? Сылык Чүрөк деп жүрсөм, Осол Чүрөк белемсиң? Шагымды кыйын сындырып, Булкуп алдың баланы, Мен ыргытып ийчүдөй, Жулкуп алдың баланы! Абийир менен калыпмын, Ушул үйдүн ичинде, Киши жогун карачы! Көрсө киши кокустан, Күпүр кылмак турбайбы! Көзүм көрсө болбойбу, Айдай бетин баланын? Чочогун жыттап алайын, Келе бери баланы, Кумарым жаза канайын! — Баласаак катын болдуң, деп, Жемелейсин сен Кыйаз, Өз балаңды колуңа, Бербегеним бул ырас. Он ай муну көтөрүп, Омуртка сөөгүм зыркырап, Айрыкча толгоо тартканда, Ушаланып устукан, Кайран жаным чыркырап, Азап тартып жатканда, Каралашып койгун, деп, Жибербейсиң бир киши, Бүгүн бала керекби? Ошонуңду ойлосом, Сага бала беремби? Жергелүү киши сен болдуң, Азып келип элимден, Амалсыз Чүрөк мен болдум, Билгиздиң, Кыйаз сен мага, Олжо катын болгонум, Таластан келген Айсалкын, Жалгыз ошол тырмаңдап, Өзүм кестим киндигин, Ошондо анык билинди, Менин элде кемдигим! Эсимен кетпейт эч убак, Элимден азып келгеним, Колумдан тарткан киши жок, Мен менен элдин иши жок, Ушундай экен турбайбы, Атаңдын көрү дүйнө шок, Азарланып Айчүрөк, Кабагын түйүп сумсайып, Шамал чыкчу булуттай, Бузулуп өңү кумсарып, Алдындагы жууркандын, Катмарына кол салып, Кадимки шамшар – ак тимте, Сууруп чыкты чунайтып: — Каратып туруп балаңды, Канжар менен жарбасам, Андан кийин өзүмдүн, Жүрөгүмө малбасам! Ургаачыда эки өлүм, Бирөө төрөт билгенге, Төрөөтүмдүн үстүнө, Бир катын басып кирбесе, Өлгөн жакшы турбайбы, Мындай тирүү жүргөнчө! Ошол учур эр Кыйаз: “Жарынып өлсө Айчүрөк, Элдер укса уйат, — деп, Ачуусу менен баланы, Өлтүрсө мейли анда, — деп, Өзүм бирге өлөм, дейт Бул айтканы жаман кеп.” Деп ошентип ой кечип, Шашып калды эр Кыйаз, Кармай к алып тимтени, Айтып калды эр Кыйаз: — Кашайып Чүрөк кантесиң? Турайын десем жаныңда, Кетип калгын сен дейсиң, Эми мага таарынып, Баланы мурда өлтүрүп, Өзүм өлөм мен дейсиң! Бакшы бүбү катындан, Он экини тандатып, Чакыртып келдим ар кайдан, Карап тур деп Чүрөктү, Жибербедим беле мен, Кайда кеткен катындар, Келбеди катын дедиң сен? Каргыштарды таппасам, Баштарын кыйа чаппасам! Ушуну айтып зор Кыйаз, Чыгып кетти күпүлдөп, Кобурап ичте күдүңдөп, Жолдо бара ой ойлойт, Ой ойлосо муну ойлойт: “Ал он эки катынды, Өлтүрүп койуп аларды, Күмөн кылып шектенип, Мага бербей баланы, Камынып калган окшонот, Бир калбаны салгалы. Келе бери Чүрөк, деп, Баланы алсам колума, Өзүмө салам дегени, Колундагы тинтени, Менин салмак боорума. Мындан катуу кеп кылса, Канаты бар бул катын, Калкылдап учуп жөнөсө, Ээрчип алат артынан, Айдай бетин ким көрсө. Кимге жетет абалым, Жалпы алаш бир келсе, Кошойдун уулу Жалгызбек, Тойума киши келтирбей, Кайтарып жолдон жиберсе, Койоналы жаш чунак, Чабалы деп күүлөнсө, Музбурчактын Аккубак, Жаачу күндөй бүркөлсө, Эки хан эли бир болгон, Семетей ага болбогон, Үмүтөйдүн Медетбек, Агеркеч менен Каныкей, Эмгичекти өлбөсө, Биринен бири кечеби, Канчоро менен ал менин, Алыбыз көпкө жетеби? Билмексен болуп байкайын, Кыйыгы чыкса да бир күн, Канын суудай чайкайын.” Ушинтип Кыйаз кетиптир, Шек алдырбай Айчүрөк, Чек чыгарбай күмөн кеп, Бала үчкө жетиптир. Той бербеди балага, Ат койбоду дагы ага, Ачып көздү жумгуча, Үч жыл өттү арада, Үчкө чыгып баспады, Бечел калып бу бала, Бутунун жок дарманы, Көтөрүп бойун басарга, Алты жашар баладай, Көргөн элдер караса, Айтса-айтпаса бу бала, Үч жыл жатты курсакта, Үч жыл болду туулгалы, Алты жашта убагы. Эшикке качып темселеп, Бала ушинтип турганда, Угуп калды Айчүрөк, Кыйаз келет дүпүлдөп, Салмагынан капырдын, Кара жер турат сүлкүлдөп, Айчүрөк калды кантем деп, Айласын таппай бүлкүлдөп, Эч айласын таба албай, Оозуна кирди ушул кеп: — Атасы Кыйаз кептенип, Жүрө албайт буту эп келип, Өз баласын биле албай, Атасы жүрөт шектенип, Кой десе уулу болбосо, Же атасы багып койбосо, Ата-бала – экөөлөп, Күйдүрдү жаным тозокто!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.