Жашырбай айтып келиптир, Кыйаздын кеби ырас кеп, Ишенбейим дегеле, Семетейди өлөт, деп. Дөө Кошойдун Жалгызек, Айчүрөктүн тойу, деп, Не келесиң темселеп? Олуйа Манас олуту, Кур калар маалы боло элек. Каңгайлардын молдосу, Баш койгон элдин кожосу, Айтканы калет болбогон, Азезил болгон жолдошу, Ыраңкүдүк молдосу, Күдүктүн уул Жөргөлөк, Өткөн жылы жайында, үйүмө конгон жөргөлөп. Атасындай молдо экен. Каңгайларга кожо экен, Айткан кеби шар экен, Атасынча бар экен, Китебин ачып карады, Айткан кеби мына бу: “Жети-сегиз атага, Манастын бардык тукуму, Адам жеңбейт ошону. Жан бүткөндө жаралган, Жаналгыч сарык аталган, Азыр дагы туула элек, Ат жетер жерге жан койбой, Жалгыз алат тебээлеп, Батыштагы жети дөө, Ат көтөргүс нечен жөө, Каны суудай агат, — деп, Азырынча Таластын, Шыгы качып турат, — деп, Сырттан киши бара албай, Чыккынчы ичтен чыгат” деп, Жөргөлөк айткан ушул кеп. “Кыйаз менен Канчоро, Гүлчородон өлөт, — деп, Жыл он төрткө толгондо, Семетей элге келет” деп, Мен уккамын ушул кеп. Тилимди алсаң, Жалгызек, Далыдан сени көргөмүн, Үйүмө келип конот, деп, Атаңдын сыйлап арбагын, Коногуңа тайлак төө, Мен сойгонум ушул кеп. Тогуз жолдун тоому дейт, Чылпылдакын сазы дейт, Ушул жерде үч күн тур, Тойго келген элдерди, Эл ээрчиген эрлерди, Айтып кепке кандыргын, Ушул тойго баргызбай, Баарын кайра жандыргын, Туйгузбай туруп Кыйазды, Чыгынтып элден кар кылгын. Семетей келсе элди издеп, Кең Таластай жерди издеп, Ошолорго бел болгун, Аркасы менен алардын, Алашка даңктуу сен болгун. Айтканын угуп карынын, Жаткан алып баарысын, Жалгызек кабыл алыптыр, Кашкабай үйү-жатагы, Үч күн туруп калыптыр. Ал үч күндүн ичинде, Музбурчактын Аккубак, Хан Үрбүнүн элинен, Атагы казак көп элден, Үмүтөйдүн Медетбек, Көкбөрүнүн жалгызы, Койоналы жаш чунак, Дабытайдын Татаке, Мырзакматтын Мураты, Кашкар, Хотен Жеркенден, Лопнур, Турпан дегенден, Атагы бар эрлерден, Мен алашмын дегенден, Хан балдары, бай уулу, Калкалап жоодон калат, деп, Медет кылган эл муну, Баш-айагы кырк алты, Ушул жерге чогулду. Музбурчактын Аккубак, Толгон кези ошол чак: — Олуйа Кошой жалгызы, Жалгызек ага бул жерде, Не турасын жол сактап? Оозго түшүп аш келди, Оңой айтар кеп келди, Оозуна сала бергенде, Жалгызек айтат бул кепти: — Бул олтурган канча жан, Бириң баатыр, бириң хан, Аз болгондо бештен шаар, Элдин ишин башкарган, Түштүк, Чыгыш, Кашкардан, Жеркен, Хотен, Турпандан, Аа кошулуп Камбылдан, Бу жерге келдиң далай жан. Батыштан келген бир канча, Түндүктөн келген бир канча, Барасыңар бүт кайда? Атайлап келдим элимден, Атбашы, Аксай жеримден, Айчүрөк алам, той берем, Тойго келип берсин, деп, Кыйаз киши жиберген. Баргым келбей Кыйазга, Үч күндөн бери турдум мен. “Жоого кирсең элиңче, Сууга кирсең белиңче” Элден калган кеп менен, Көрүшүп жансам белем деп, Тойго келген көп менен, Кеңешим айтып силерге, Кетер бейлим менин бар, Тойго барбай бул жерден. Көргөнүң бар, уккан бар, Ойрон Манас кабарын, Жалгыз уулу Семетей, Олутун басып калганын. Жаш да болсо Семетей, Арка болду алашка, Калка болду кыргызга, Караан болду калганга, Чычканга кебек алдырбай, Суук колду салдырбай, Ээрчиткени эки уул, Барып жүрдү ар кайда, Жалгызмын деп кайгырбай. Манастын көзү өткөндө, Туш-туш жактан душмандар, Баш көтөрдү көпкөчө, Теңдигин бербей алаштын, Өчүрбөй атын Манастын, Сактап келди эмгече, Алыска барам сапарга, Жардамың барбы мага, деп, Айтпастан мына эч кимге, Кийик атып, аң уулап. Карасуу бойлоп куш салып, Жалпылар ойноп күлчү элең, Аркасы менен кайсы эрдин, Эркин ойноп, ээн сүйлөп, Түпкү ээсин билчү элең? Чыккынчы болуп Канчоро, Баштап келип Кыйазды, Кеңколдогу коргонго, Алдоого түшүп кайран шер, Көмгөнүн көргөн киши жок, Көздөн кайым болгондо, Алмамбет уулу Гүлчоро, Далыдан кечир кестирип, Ашкере майып болгондо, Олжолоп барып Чүрөктү, Кыйаз алмак болгонго? Элебей келип калыпмын, Эмгегин ээрдин эстебей, Кыйаздан кабар болгондо, Барбай кетсем деп турам, Ушул жерден бул тойго. Тойго барып тойгончо, Кыйазга конок болгончо, Топурак тиштеп жатайын, Сиздерге айтып кайтайын, Деген ойдо жаткамын. Жалгызектен кеп угуп, Кырк алтоо баары тең угуп, Музбурчактын Аккубак, Бу да турду оолугуп: — Кыйаздын жүзү курусун! Айкөл Манас баатырдын, Аркасында жалгызын Ак калпак кыргыз алаштын, Маңдайында бактысын, Асмандагы жылдызын, Алдындагы ырысын, Түп тамырын кыркышын! Мен да кетем бул жерден, Кыйаздын тойу курусун, А дүйнө кеткен атакем, Музбурчактын арбагы, Билбепмин мени урушун! Көкбөрүнү баласы, Койоналы жаш чунак, Ачуусу келип арбайып, Тегеле кыйын каарданып: — Чогулупбуз кырк алты, Жыпжылма талап алалы, Жедигерден Кыйазды, Канчорону сойолу, Ээлеп жаткан Таласты, Тобо-томук кылалы, Арбагы бийик Манасты! Жалгызек анда муну айтат: — Кыйазды талап алганда, Таласка талоон салганда, Атың кетет ар кайда, Алашты салып бересиң,, Амалсыз жүргөн жаттарга. Тойуна барбай кетели, Кыйазга барып нетели! Тү! капырай, жүрү, деп, Калгандар жерге түкүрүп, Тойуна барбай Кыйаздын, Тарап кетип калышты, Ат куйругун шарт түйүп. Хандар келет баары, деп, Калдаңдап Кыйаз камын жеп, Сүт бото тайлак алдырып, Бээ семизин жыктырып, Казы-карта, жайа-жал, Ирети менен бышырып, Дайардык кылып күтүнүп, Элүүдөн ашуун сарай бар, Хандарды алмак түшүрүп. Ат аларын дайарлап, Самоорунда чай кайнап, Дүр-дүнүйө, аш-тамак, Дасторкондо бүт жайнап, Бүгүн-эртең келет, деп, Айтып кетсин келгендер, Жетик экен Кыйаз деп. Жетисууда жедигер, Калбай баары келсин, деп, Карысы тамак жесин, деп, Жаштары келип конокко, Каралашып берсин, деп, Чакырды бизди Кыйаз, деп, Эрчитип кулун бээ минип, Ала бука, төө минип, Аты жогу жөө жүрүп, Калбай бири жедигер, Сапырылып эл келди, Багыш барда салдырган, Элүү алты курбулуу, Мунары бар болучу, Курчалып эл толуптур. Аңгычакты Кыйазга, Тогуз жолдун тоомунан, Чылпылдактын бойунан, Хандар кайра кетти, деп, Байагы Шаакур Кашкадан, Айтылып кабар болуптур. Кашкабай кары барганы, Угуп Кыйаз алданды: — Семетейдей сойобу, Деп ойлонуп бул хандар, Коркуп келбей койгонбу? Же Чүрөктү алам деп, Той бергениң кыргызга, Кылым алаш бу журтка, Орунсуз жумуш болгонбу? Ойрон Кыйаз укканда, Отуз эки толгонду, Көөдөнгө канча ой толду, Кашка байга Кыйаздын, Айткан кеби бу болду: — Көптү көрүп көп жашап, Жаш өткөргөн киши элең, Мындай нечен түркүмдөн, Иш өткөргөн киши элең, Эмине деп кеткенин, Биле алдыңбы, уктуңбу? Билгениңди айта сал! Ошондо айтат Кашка чал: — Ой, ой, Кыйаз, ой, Кыйаз, Билдиңби же уктуң, деп, Турасың менден сен сурап. Кеңеш кебин уккамын, Жанында карап тургамын, Кандай айтат булар деп, Сөзгө көңүл бургамын. Кара кыргыз Жалгызек, “Бекер келген экемин, Ушул тойго темтеңдеп. Айкөл баатыр Манастын, Арбагына чет болуп, Ай-ааламга кеп болуп, Айчүрөктү алам, деп, Берген тойго не келдим, Калгандар барып келгиле, Бу жерден кайра кетемин.” Жалгызек кебин укканда, Музбурчактын Аккубак, Оолуга кетти ошол чак, Андан бетер күүлөндү, Койоналы жаш чубак, Жалгызек тосуп койбосо, Сени келип чаап алмак! Таласты талап алмакчы, Канчоро Кыйаз – экөөңдү, Катарың менен кулатып, Ушинтип кетип калмакчы!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.