← Сейтек 2/6

Күлдүрдүн уулу Алыбай, Манастан бери дайны бар, Алыбайдын Акшербет, Ажыбайдын Суусарбек, Мажыктин кызы Акбермет, Сыргактын кызы Алымкан, Көбөштүн кызы Көрпөке, Эри менен бешөөнү, Көчүрүп такыр берели. Эркелеп келген эмгече, Баш бербеген эч кимге, Буларды олжо берели, Беш үйдө киши он жети, Жергеси менен береги, Кыйаздын өттү эмгеги, Арзан эмес биздерге, Көп алды бизден дебейли, Оорунчу болсо көөнүндө, Дагы кошуп берели, Канчородон муну угуп, Калың журт турат буулугуп: “Хан болбой кара жерге кир, Кишиден берсе жүз жыйырма, Нардан берсе саны жүз, Артылганы нарларга, Алтын, күмүш, сарпай – жүк, Жоргодон берсе толук миң, Чорого акыл үйрөткөн. Тултуңдаган тиги күң! Карылар айткан бу бир кеп, Жамандын мурда малы өлүп, Анан өзү өлөт, деп, Айтканы ушул турбайбы! Жүргөндө Семең коргондо, Гүлүстөн бирге болгондо, Жону туйук ылгал нар, Алтын, күмүш, буйумдар, Атагы чыккан тулпарлар, Илгирден кыраан шумкарлар, Алгырдан кыйын тайгандар, Баарысы келген Таласка, Бүгүн Семей, Гүлүс жок, Ээ болбой жаман Канчоро, Эми түштү талаанга!” Деп күбүрөп калайык, Кабагын ачкан киши жок, Калың журт калды санаада. Чакырып келип Кыйазды, Канчоро айтат жана да: — Бүгүн күнгө шаршемби, Эр Кыйаздын кетишке, Эки күн калды арада, Ишемби күнү таң менен, Ушул турган баарың кел, Үйдө жаткан карың кел! Кутулдуң баарың туткундан, Өмүрүн тилеп Кыйаздын, Улуу-кичүүң батаң бер! Агытып ийбей жайытка, Аттарыңды мине кел, Карабуура, Чаткалдан, Өткөрүп койуп кайра кел! Угуп эли тарашты, Кап, кудайдын иши! деп, Сакалдарын сылашты. Жигиттерге Канчоро, Нарларды айдап карматты, Санатын билет Айчүрөк, Болжолдо нардан кырк ашты. Алыке менен Сатыке, Экөөң менин кайнимсиң, Айдап келгин нарды, — деп, Ал кыркын Чүрөк карматты, Өзү тиккен ак үйдүн, Тутууларын бүктөттү. Араңдан зорго батырып, Кырк бир нарга жүктөттү. Карап турган Гүлчоро: — Жедигерди мен кошо, Чүрөк менен кетем, — деп, Түшмөк болду жолуна, Алдыңкы нарды жетелеп, Сыр билгизбей сумсайып, Айчүрөк турду жемелеп: — Ой, Гүлчоро колуң тарт, Жолобой нарга кайта бас! Жедигердин элинде, Табылбайт сага бекер аш, Билесиңби кылмышың, Ойлонуп эми көзүңдү ач! Талабым тийди колума, Тааныбаймын мен сени, Тамтаңдабай Гүлчоро. Таласыңда кал, — деди. Оозу менен жемелей, Кошо алып кетем, деп, Нишарат белги бергени, Аңгычакты Канчоро, Жанына басып келгени: — Ой Айчүрөк байбиче, Бу кулду ала кет, — деди. Анда Чүрөк кеп айтат: — Эркектен чыккан баатырсын, Эптеп жумшап сен алгын, Мен Гүлчоро албаймын. Күлүп туруп көзү заар, Агарбаган ичи чаар, Эти кыргыз сөөк кытай, Мына мындай иши бар. Кыйгачы тийсе көзүнүн, Кыйпачы тийсе сөзүнүн, Жаман кеп укпай чоңойгон, Оор кетер Кыйазга, Эмне алып келдиң деп, Сөзү тийет Кыйаздын, Жашырбай чынын мен айтам, Качан да болсо туурасын. Анда Кыйаз кеп айтат: — Койгун, Чүрөк, койгунуң, Канчоро койбойт бу жерге, Жайын уккан болчумун. Бара берсин көч менен, Кыйазын көрүп туралы. Кыйа басса көз менен, Кыйаз мындай дегенде, Чүрөк айтат ал кезде: — Жарыта аштан куйбайым, Жакшылык буга кылбайым, Ошол күнү сен Кыйаз, Арачы болуп турбагын. Чачыкей келип кеп айтат: — Муну албасаң Айчүрөк, Кайненеңди ала кет, Батпадай калсын бу жерге, Сага салбай балакет. — Катүгүн Чачы, не дейсин. Кемпирди ала кет дейсиң, Какжаңдатып куу башты, Кантип алып жүрөйүн? Батар жериң калбаптыр, Барсаң барчы ой шүмшүк! Деп ошентип айтканда, Билгендер калды сүйүнүп, Билбегендин баарысы, Катын деген ушу! — деп, Айтып калды жаман кеп, Кара жерге түкүрүп. Нарларды катар чиркетип, Жоргону айдап дүрбөтүп, Айчүрөк менен Гүлчоро, Канчородон чоң Кыйаз, Сурап алган Кутубай, Үчөө менен жүз жыйырма, Чындап түштү чоң жолго, Ханы калбай кел деген, Тегеректеп эл келген, Чогулуп келип эл толду, Уй мүйүз тартып олтурду, Орто жерде чокчойуп, Канчоро кеби бул болду: — Хан болдум сага калың журт, Калбай баарың кебим ук. Салтанаттуу хан болом, Ар түлүгүм шай болом, Окшош боздон бээ ылгап, Өтө кары болбосун, Алды болсун эки асый, Аркасы бышты бар болсун, Энеси менен баласы, Окшош болуп өң жагы, Санаты сексен ал болсун! Кээ кезинде чачыга, Жайы-кышы саарына, Саны анын кырк болсун, Үч күнгө чейин чогулуп, Эшигиме жан болсун! Керкеңдеп кылсаң кежирлик, Анда жакшы болбойсун, Тирүүлүктөн үмүт үз, Жер кучактап сойлойсун! Айтып болду Канчоро, Кыңк эткен киши болбоду, Жооп айтып ошого. — Укпайсынбы кебимди, Унчукпайсың мулуйуп, Такыр табам эбиңди! Карабадым көрдүңөр, Семетей менен Гүлүскө, Билесиңер пейлимди! Деп ошентип Канчоро, Дегеле жаман бакырды, Чөк түшө калып тепеңдеп, Тебетей менен жер сабап, Топуракты сапырды. Аңгыча келди бир бала, Чачыкей келсин деди деп, Канчорону чакырып, Албаң-салбаң далдаңдап, Канчоро кетти шашылып, Олтурган элдер кеп айтат: — Манас атка конголу, Таласка кыргыз толголу, Мындай кордук болбоду, Хан ушундай болобу? Мында туруп нетели? Жогололу кетели? Кайрылбай жүрүп олтуруп, Жеткайтка жетели, Кебибиз токтом ант болсун, Талаасына Таластын, Жерге чоро хан болсун! Абыке, Көбөш тушунда, Өз малына ээ болду, Эл менен иши болбоду, Жардысы жарды, байы бар, Өз эркине жөн койду, Бөз, кенже алым албады, Элге чыгым салбады. Семетейдин тушунда, Кермеге күлүк байладык, Эркин көчүп жайладык, Ар кимдики өзүндө, Бирөөгө басып барбадык, Жетиштик эле бул күндө, Жарды киши калбадык, Каарына калып чочконун, Кыйналып бүгүн зарладык! Деп муңун айтып буркурап, Элдер турду чуркурап, Өзөгүнөн зыркырап, Сынбай сөөгү быркырап. Мал деген жаман адамга, Бир учу анын билекте, Бир учу болот жүрөктө. Каргабаган адам жок, Баарынын болуп оозу шок Кан чоро барып бүт кебин, Чачыкейге салыптыр, Чачыкей киши жиберип, Чакыртып бийин алыптыр, Канчорону караштуу, Агадилдер кеткенде, Ажыбайдын Керменбай, Элге айтып калыптыр: — Бул олтурган барыңар, Көптү көргөн карыңар, Мен айтайын бир кепти, Кепке кулак салыңар. Канчоро болуп ханыбыз, Керек болду малыбыз, Такыр алсын чогултуп, Биз берели баарыбыз. Жеткайтка барып нетебиз? Не муратка жетебиз? Манас атка мингели, Алтайдан көчүп арбыны, Таласка келип жыйналды, Ар кайдан көчүп калганы. Ошондон бери карата, Бир киши алым албады, Алым алат экен, деп, Жеткайтка барбайлы, Таласын таштап аңырып, Кыргыз бозуп жүрөт, деп, Жаман атка калбайлы, Жарды болсок, бай болсок, Жакшы болсок, кор болсок, Биз Таластан тайбайлы. Барбайт эле Айчүрөк, Олжо болуп бул жерден, Менде турат бир күмөн, Бойунда бар кептенет, Ошондон кылам чоң күмөн. Көрүп турган көзүм бул, Гүлчорону Айчүрөк, Кекеткен болуп бул жерде, Айыктырат окшонот, Алып барып ал жерде, Бул экинчи күмөнүм, Далысы бүтүп кайран шер, Бир кайрылып келгенче, Мен он жылы күйөмүн. Семетейди өлдү дейт, Өлүгүн көргөн киши жок, Батадан бүткөн дечү эле, Бейажал абам теги өлбөйт. Арбагы бийик айкөлдү, Пери менен дос деген, Перилер алып кеттиби? Бир күнү кайра келеби? Бизге кудай береби? Же болбосо Айчүрөк, Эркек төрөп салабы? Каркыттап жеңем багабы? Ал баланы ээрчитип, Гүлчоро келип калабы? Сөзүмдүн жоктур күмөнү, Үчөөнү сактап күйөлү, Болбой көчүп өчөшүп, Кара ниет капырдан, Бөөдө өлүп жүрбөйлү.