“Жедигерди чаап алсаң, Таласты барып камасаң, Араң турган жат душман, Колун салат туш-туштан. Семетей менен Гүлчоро, Эл ичинде жок турат, Каңгайлык келсе чубуруп, Атынын башын ким бурат? Атышып ага ким чыгат?” Жалгызектен муну угуп, Тойуң менен куру, деп, Тү! деп жерге түкүрүп, Кайра кетти хандарың, Ат куйругун түйүшүп. Байатан бери сен Кыйаз, Менден коркуп кетти, деп, Бул айтканың кандай кеп? Сураган кепке жоопту, Ушундай берди Кашкабай, Хан Кыйазды жемелеп. Эл чогулуп эт жешти, Кыйазга мындай кеп дешти: — Маарек болсун тойуңуз, Акундун кызы Чүрөктү, Алабыз деп талашып, Эл кырылып кан агып, Эми келдиң сен алып. Көргөзгүн элге Чүрөктү, Көзүбүз менен Көрөлү. Кыйаз элден кеп угуп, Мунаранын башына, Алдырып чыкты Чүрөктү, Бардасын алып башынан, Барлык элге көрсөттү. Жедигердин барысы, Жашы менен карысы, Жаркынын көрү Чүрөктүн, Алдырашып калышты, Көзү көргөн көпчүлүк, Эстеринен танышты! Ичкен ашы Чүрөктүн, Алкымынан көрүнөт, Чүрөктүн нуру жанында, Күзгү таштын бети кир, Андан тунук Чүрөк, бил! Бойун көрчү Чүрөктүн, Кырчын талдай буралган, Чачын көрчү Чүрөктүн, Суу кундуздай карарган. Эчтемени элебей, Көзүн көргөн көпчүлүк, Эси калбай кенедей, Таластан келген бул жерге, Шум дүйнөнү каргашып, Баары калды жемелей: — Кууну алды кулаалы, Семетейдин жанында, Кулаалы Кыйаз турбайбы? Кетерби дүйнө ушундай, Же түбүндө кудай ылгарбы? Окуткалы никесин, Үйүнө Кыйаз чакырып, Айчүрөктүн үстүнө, Асылдан кийим жаптырып, Алдырып келди молдосун, Бир күндүк жерден таптырып. Молдо кыйын шум экен, Далы билчүү куу экен, “Төшөгүнө Чүрөктүн, Тизеси тийбейт Кыйаздын, Мындай нике кыйайын, Көөнүндөгү ишин таап, Айдай болгон Чүрөктүн, Алтынын ала турайын” Деп ойлонуп молдонун, Окуганы бу болду: — Антак, мынтак эки түп жантак, Эрен Кыйаз, сен жат, Эл көрбөстү жыттап. Айтканын Чүрөк билди эми, Нике акы бир каймал, Бир сарыпай берди эми. Кечиндеси Айчүрөк, Алтымыш эки айланы, Жетимиш эки дубаны, Баарын жатка бүт билет, Ал билгенди ким билет? Киши көрбөс кайыптан, Бир албарсты Чүрөктүн, Жанына келди бүжүрөп. — Албарсты атың сен, – деди, Айтылуу Чүрөк мен, — деди, Мендей Чүрөк бол! — деди, Эмне десе Кыйаздын, Айтканын кылып бер! – деди, Эмчегиң артпай, чачың арт, Аз ойготуп, көп уктат! Шек алдырсаң кокустан, Жер бетинен баарыңды, Жашы менен карыңды, Азыткы менен албарсты, Бош кыламын шаарыңды, Деп коркутуп Айчүрөк, Падышасын алдырып, Буйрук берип тапшыртып, Ал Кыйаздын койнуна, Албарстыны жаткыртып, Мына мунтип Кыйаздын, Азабын берди колуна. Курсакта калган куу тумшук, Күндөн күнгө чоңойуп, Батпай барат бооруна, Айлакер Чүрөк жеңебиз, Буларды алды ойуна: “Күмөн кор Кыйаз арамза, Асили жакшы кылбайт, — деп, Карыларды талаага, Какшатып таштап Таласка, Элебей туруп балага, Кас кылдырсам Кыйазга, Мен каламын уйатка!” Агызма деген дары жеп, Эти агып, сөөк калып, Сөөгүн сактап ичимде, Бир жылдан ашты узарып. Эбеп-себеп дары деп, Катырган сары барты жеп, Куну чөптүн тамырын, Күндү күнгө улап жеп, Түндү-түнгө улап жеп, Ырым кылып Айчүрөк, Миң үйдөн селбик сурап жеп, Чөкмөлөп майга буудай жеп, Карта кертип жалды жеп, Казыга кошуп балды жеп, Куурдак менен жайа жеп, Аркар оту, мамыры, Кайнатып ичип дабаа деп, Жан кирип талгак болгондо, Тоодой болгон Кыйаздын, Баса олтуруп тизесин: — Керекпи бала, сага? – деп, Ар сыйыңа саа, Кыйаз, Арзан киши теңелбес, Семетейдин тушунда, Ургаачы белги аз көрдүм, Төрөп түшүп көнбөдүм, Чыкканда жашым кыйлага, Сенден бала көргөнүм. Пилдин этин бербесең, Бир кесим андан жебесем, Сары зил агып суу кусуп, Саргарып жатып мен өлөм. Талгак болгон пил эти, Уктасам кетпейт түшүмөн, Ойгонсом кетпейт эсимен. Айчүрөк мындай дегенде, Селт дей түшүп бул Кыйаз: “Чүрөк тууп берерби, Мага бала бул ырас? Же Семетейден бойуна, Кошо келген немеби? Арптуу канык Айчүрөк, Агызып этин, сөөк сактап, Өстүрүп кайта баласын, Билдирбей мага чарасын, Пилдин этин тапкын, деп, Сыр тартабы кыйшактап? Пилдин этин мында деп, Ташбака этин берейин, Түшүрүп таштап бойунан, Күмөнү жок жүрөйүн. Же болбосо тим койуп, Төрөгөнүн көрөйүн, Кыз төрөсө Айчүрөк, Бешик той берип бөлөйүн, Төрөсө уул Айчүрөк, Үрүстөм дастан болсо да, Өлтүрүп жерге көмөйүн, Пилдин этин жейм, дейт, Бул белгилүү күмөнүм” Алтымыш айла, кырк кыйал, Баарын ойлоп чоң Кыйаз: — Аташкан жарың Чүрөгүм, Сен бойумда бар десең, Оттой ысыйт жүрөгүм, Пил табылбайт бул жерден, Пилдин этин табууга, Индистанга жөнөйүн, Бар десең өзүм барайын, Барбай үйдө тур десең, Киши жумшап багайын. Анда Чүрөк муну айтат: — Пил өзүңдө болбосо, Индистага барарсың, Кайдан издеп табарсың? Сен бир жылда барып келгинче, Мен бала төрөп багармын. Сен болгун мага ыраазы, Чылап туруп ныл ичип, Катырып аны салайын, Өмүр бойу ооруймун, Сен барсың го багарым. Уруксат бер сен мага, Болжол болсун бир айга, Багдаттагы Момунжан, Өткүр табып деп угам, Өзөгүмөн жардырып, Алдырып муну салайын, Бар болсо анда пил эти, Жеп талгактан канайын. Баргының деп айта албай, Же барба деп мизин кайтарбай, Угуп Кыйаз жөнөдү, Чүрөктү карап кылчайбай. Эшиктен чыга берерде: — Тура тур, Кыйаз тура тур! Олжо катын мен болсом, Эр өлтүрүп олжолоп, Алган эрим сен болсоң, Олжо катын болгончо, Өлгөн жакшы турбайбы? Мындай тирүү болгончо, Эл чогулуп, ый ыйлап, Көмгөн жакшы турбайбы? Талгак канбай, зил кусуп, Кыйналган жаным турбайбы? Ажалым жетсе өлөрмүн, Кудайдан буйрук болбосо, Кыйналып жүрүп төрөрмүн! Балаңды берип колуңа, Аккуу кебим жонумда, Көйкапты карай жөнөйүн, Көйкаптан келип бул жерге, Акылдуусу сен болсоң, Адам уулун көрбөйүн! Угуп Кыйаз арамза, Корккон болуп кылыйып: — Ай, ай, Чүрөк, ай, Чүрөк, Бул айтканың кандай кеп? Оозуман чыккан жерим жок, Олжо катын алдым деп. Олжо катын болдум, деп, Күнүмдү тумтак түгөтүп, Бул айтканың жакшы эмес! Унчукпай болдуң ыраазы, Барсаң баргын Багдатка, Тооторуга айтайын, Бир айчылык Багдатка, Бир күндө жете баргын, деп, Өрүүн болуп үч күнү, Чүрөктүн иши бүткөнү, Күнүн жете келгин, деп. Эшикке чыгып баратсам, Токтой тургун бери, деп, Бул айтканың кайсы кеп? Ошондо билди Айчүрөк: “Арамзада бул дөбөт, Тоо торудан атайын, Кеп сурайт экен менден” деп, Ал аңгыча болбоду, Гүлчоро кирди эшиктен: — Тамак бергин, жеңе, — деп, Шек алдырбай Кыйазга, Гүлчоро тиктенип, Айчүрөк калды жемелеп: — Ашаткы кылган челекте, Ачыткан айран жарма бар, Күндө эле сага бергидей, Бышырган нан кайда бар? Ашкананын түбүндө, Соку таппай түктөөргө, Кууруп койгон арпа бар, Баарын жебей ченеп же, Эси оогандай жөөлүбө, Сага болот ким жеңе? Айрылбай бүттүң маңдайга, Бешенеме сен эле, Ак айакта арпа бар, Салып берип тоорпокко, Анан келип тамак же, Батыраак кел отундан, Жүрө бербей кечкече! Ойунда ойлойт Гүлчоро: “Чүрөктү кудай урганбы? Түбөлүккө арылбай, Маңдайда шорум курганбы? Бирге жүрүп, бир өскөн, Канчоро кести колумду, Айчүрөктү бел кылсам, Ашаткы берип аш бербей, Катырабы шорумду?” Ушул ойдо турганда, “Тоорпок” деп айткан бир кеби, Кулагына киргени. “Кыйар катын Чүрөктүн, Торпокко тили келбейби? Тоорпок деп созо айтканы, Тоо торуга батыраак, Жедиргиниң дегени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.