Каары катуу Канчоро, Кайраттуунун бири ошол, Беттешип чыгар баатыр жок, Бекерче кырып салат го! Керменбай кебин угушуп, Кеңешке тыным турушуп: — Керменбай бий чын айтат, Канчоро алса мал алат, Каалаганын берели, Чымын жанды калкалап, Арстандардан айрылдык, Биз жатычу чалкалап. Деп жайыла басышып, Кетишти эл бүт тарап. Канчоро менен Чачыкей, Бийлери менен Кеңешип: — Кырк инекке кырк инек, Туу калгандан алалы, Аны согум кылалы, Сексен бээге сексен бээ, Дагы кошуп алалы, Аны да согум кылалы, Кендирин кесип байлардын, Күндө жыйнап алалы, Айда алман салалы, Айда жыйнап алалы, Алман менен коркутуп, Байды мышык кылалы, Кетменден колун бошотпой, Кедейди мүңкүр кылалы. Кара коргон салалы, Балбандан тандап жыйалы, “Алтымыш балбан” ат койуп, Ордону сактап туралы. Наманген, Ташкен, Самаркан, Анжыйан, Кокон, Маргалан, Семетейден коркуучу, Бизге алман кылабы? Алтай, Капал, Алматы, Үчкаркыра, кош Кемин, Ысыккөл, Текес, Иле эли, Бизге мойун сунабы? Чамбыл бел, Букар, Бадакшан, Дүйшөмбү, Үркөнч – булардан, Баш ийбейт эми бир адам. Баш-айагым жыйганда, Алтымыш балбан чогултуп, Даңаза элге кылганда, Эки жыл койуп эркине, Чекесинен бир бирден, Алды-алдынан чаап алам, Алым келбей баратса, Жедигерден кол алам! Канчоро буга келгенде, Сетертай айткан кеп эле: — Кадырлуу улуу ханыбыз, Аңкарып кепти салыңыз, Чакырган менен жедигер, Келип бербейт аныңыз, Чекесинен чабам, — деп, Элге бүлүк салам, деп, Эч кимге келбейт алыбыз. Таластан башка элдерге, Кеңеши жок иш кылып, Душмандашып калдыңыз, Көңүлүн элдин оорутпай. Сылап-сыйпап багыңыз, Кара кыргыз элинде, Хандык атак алыңыз. Көөнү ооруса кыргыздар, Чыгыш каңгай-кытайга, Батышы Урум, Иранга, Тарап кетсе ар кайда, Чамбыл бел, Бурак – буларга, Бадакшан, Балык, Коросон, Сиз болосуз ошондо, Кой жоготкон короодон! Дүйшөмбү, Үркөнч, Ооганга, Аралап кетсе ар кайда, Жерген, Хотен, Кашкарга, Кимге жетет чагыбыз? Ачуусу келсе чогулуп, Талап алса жок кылат, Арналуу Талас шаарыбыз! Бүгүн эле кыргызга, Опсуз алман салдыңыз, Эртең көчүп тарайбы, Ээ кылбастан калкыңыз, Журт бузулуп жөнөсө, Журтта жалгыз калдыңыз! Угуп сөздү Канчоро, Үшкүрүгү таш жарып, Кеп айта албай тамшанып, Акылсыз жаман тамтайып: — Айтканды эки кылбайлы, Андан кийин албайлы. Деп убада ал кылды, Алдынкысын бир сапар, Алууга кеңеш айтылды, Экинчи кошуп салганды. Албас болуп ал чыкты. Керменбай кеби болбосо, Сетертай тосуп койбосо, Талоонго калган кыргыздар, Таластан качып ар кайда, Кетип кала таз калды, Кан ичме каапыр кара нээт, Кара коргон там салды. Алтымыш балбан ылгады, Антип-мунтип бул каапыр, Согум менен саанды, Ар жылы элден жыйнады: Байы байдай убара, Жардысы жалгыз убара, Бир күнү жаны тынбады, Ушундай кылып Канчоро, Көчүгүнөн чыгарды, Көп жылдан берки жыргалды. Жедигердин эр Кыйаз, Кокусунан эрди алып, Айтылуу Талас жерди алып, Атактуу Семей шерди алып, Айчүрөктөй узду алып, Нардан бир жүз кыркты алып, Тышын кызыл сырдаган, Ичин аппак бордогон, Аппак ордо үйдү алып, Желбестен жорго миңди алып, Жүз жыйырма киши алып, Жедигерге жеткенде, Ар тарапка кат жазып, Отуз беш киши атказып: “Катышып тойго бериңер, Айчүрөк алам, — деп жазып, Семетей кайып кетирдим, Гүлчоронун далысын, Карматып туруп кестирдим, Канчорону хан кылып, Талабына жеткирдим. Алашка бүгүн ээ болдум, Айкөлүң менен тең болдум, Айчүрөк алам хандыгым, Экөөнө берген тойлугум, Болжолдуу күнү баарыңар, Жетисууда болгунуң” Деп ошентип чоң Кыйаз, Кабар салып ар жерге, Алаш уулу бар жерге, Күнү болжоп, ай атап, Айтып Кыйаз кат жазат, Мындай кабар таратат, Көрөлү деп тойлугун, Далай элдер баратат. Хан Кошойдун Жалгызек: “Кандай чалгырт бул бир кеп? Атайын барып көрөм, деп, Ар ким менен сүйлөшүп, Абыдан жайын билем” деп, Атбашыдан аттанып, Отузча киши котчу алып, Жоо жарагын бүт алып, Ээрчитип тайган ит алып, Колуна алгыр күш алып, Жалманбоз минип жайланып, Кынсыз кылыч байланып, Түйүн жол деген жер эле, Сырткы элдин баарысы, Чылпылдак бойу дээр эле, Ошол жерди ээлеген, Жети атадан бери жакка, Кетпей муну жердеген, Шаакур деген эл эле, Шаакурдун айыл башчысы, Кашка деген неме эле, Жалгызек анда конуптур, Жай аңгеме куруптур. Кашка өзү бай экен, Төрт түлүгү шай экен, Ошол кезде Кашкабай, Сексенден ашкан чагы экен, Алкыса да сексенден, Айткан кеби шар экен, Көкөтөйдүн ашында, Ал чогууда бар экен, Түбү жайын сурашып, Кепке кепти улашып, Жалгызек турду муну айтып: — Учурап калдым, Кашкабай, Тойго кетип баратып, Кат жазыптыр хан Кыйаз, Айчүрөктү алам, деп, Өзүм кетип баратам, Айчүрөктү алдырбай, Бир чатакты салам деп. Мен Кошойдун уулу элем, Атым менин Жалгызек, Ошого кетип барам, деп. Угуп Кашка каркылдап, Ителгидей баркылдап: — Жалгызек болбой жерге кир, Айткан кебин тамтаңдап, Жетисууга сен андан, Не каласың талпылдап? Тойго барат элем деп, Көч ээрчиген жолбун ит, Так ошондой салпылдап! Оолугуп катуу сүйлөдү, Кашка бай кары таркылдап: — Кечээ Көкөтөйдүн ашында, Көп жыйындын кашында, Менин толуп турган жашымда, Баатыр Манас башында, Абам Кошой кашында, Кошой менен Оронгу, Жөө күрөшкөн чагында, Атаңдын кийер шымы жок, (Энеңдин окшойт бели бош) Кысталып Кошой турганда, Эки көзүн ирмебей, Мен тургамын маңдайда. Айкөл Манас артык шер, Көрпөчөнүн бүгүштөн, Камдагай алып бергенде, Хан Кошой аны кийгенде, Атаң адам чоңу эле, Ал Манастын кандагай, Кыска келип калганда, Нары чойуп тарткылап, Бери чойуп аткылап, Алып келип кийгизсе, Чак келип гана калды эле. Ошондо Кошой олуйа, Түп жайын сурап билгенде, Хан Манастын зайыбы, Каныкей деген сулууга: “Туубас болчу неме экен, Тигилип тилек тилейин, Чындап бата берейин” Деп ошентип олуйа, Кол көтөргөн чагында, Эр Манас анда неткени, Камчысын салып мойнуна, Буркурап ыйлап кеткени. Чылбырлуусу чылбырын, Кээ бири чубап бел курун, Мойнуна баары салганда, Көкө теңир колдо, деп, Кудайың куйган кол менен, Капыр да туурап калганда, Батага баары кол ачкан, Ошонун бири мен элем. Бата тийип Манаска, Ээ болсун деп алашка, Туулган бала Семетей, Бейажал өлбөйт дегеле, Семетейдин катынын, Кыйаз алат экен деп, Не келесиң бу жерге, Кашкар, Хотен, Жеркенден, Лопкөл, Турпан дегенден, Тойго келбейт ал элден. Каңгай жакын аларга, Ашып түшөт Турпанга, Семетей өлдү деп укса, Чаап алат эми эле. Казактан чыккан бузуктар, Күрпүлдөктүн куйушта, Жалгыз көздүү Мадыкан, Көкбука минген доңуздан, Жапандан келген кызыл дөө, Жеңдиргенде бул экөө, Атагы чыккан Семетей, Айрыкчасы Гүлчоро, Таанылып калган ченебей. Чубатай менен Каратай, Калмактардын уусанген, Таласка барып кол салган, Тирүү келбейт а бирөө, Түгөл өлүп жок калган, Баштагыдан беш бетер, Анда чындап таанылган! Бакайдын уулу Байтайлак, Окко учуп кеткенде, Унутуп уулун таштаган. Элин сактап душмандан, Жолду Бакай баштаган. Коңурбай келип Тааласка, Колун сунуп алашка, Кабылан Бакай баш болуп, Эр Семетей жаш болуп, Гүлчоро турган шоктонуп, Мурадил, Уушаң, Нескара, Ороккыр – төртөө жок болуп, Алдаймын деп Коңурбай, Кызылкыйа сага да, Кытай, каңгай – беш урук, Кыргыз менен топ болуп, Дүйнөнү алган буй кылып, Коңурбай кетти жок болуп. Чыккынчынын иши го, Балтадан майып болду, дейт, Көмө албадык көр казып, Көрүнбөй кайып болду, дейт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.