Канчоронун хан болушу
Кан жуткан чоро, кан Кыйаз, Коргонду карай жөнөдү. Байагы бала – Сетертай, Дарбаза ачып жүгүрүп, Ичи жалын, чок болуп, Калп эле күлүп сүйүнүп. Куйун тайдын чылбырын, Мойнуна салып бүгүлүп, Канчоро менен Кыйазга, Карап турду жүгүнүп. Бабыраган Канчоро, Бакылдап сүйлөп ошондо: — Алдыман чыгып жүгүнүп, Жетелеп атың жүгүрүп, Жетине албай сүйүнүп, Келген чоро сен болдуң. Бүгүндөн баштап коргонго, Сарытаздын ордуна, Дарбазачы сен болгун! Мансапдар болуп Сетертай, Айткан сөзү мамыңдай: — Бир кебим бар айтарга, Уруксат берсең чабайын, Чачыкейге алдында, Кабар айтып барайын, Каныкей, Бакай, Айчүрөк, Аларга айтып кабарды, Сырын тартып багайын, Бүрсүгүнү кечинде, Сизге келе калайын, Отуз нөөкөр кырк шыгай, Ортосунда абаке, Оозуңан чыкса ушул кеп, Ошондо мансап алайын. Канчоронун нээтинде, Арамдык жок, адал деп, Каадалуу Сетер экен, деп, Кадырыма жетер, деп, Барсаң барып кел, деди. Бүрсүгүндөн калбастан, Кайра келгин сен, деди. Канчородон кеп угуп, Жана иш бар деп угуп, Жөнөп кетти Сетертай, Куйун тайды токунуп, Коргонго кирип чоң Кыйаз, Семетейдин ордуна, Олтурду чыгып локуйуп. Ордо баккан эрлердин, Катын менен баласы, Мурдун чүйрүп толгошот, Канчоро менен Кыяздын, Көрүнүп калса карасы. Карылар чыкпай эшикке, Чечилбей балдар бешикте. Катын-эркек, кары-жаш, Баарысы калган кейиште. Кең колдун ичин карасаң, Кулпурган гүлдөр солгонсуп, Кубарып чөбү оңгонсуп. Шылдырап суудан үн чыкпай, Каймактап чети тоңгонсуп, Таңшанып булбул сайрабайт, Тилин сууруп койгонсуп. Мыдыраган жандар жок, Чээнге кирип болгонсуп. Кайберен оттоп жайылбай, Таштан башын чыгарбай, Чабалакей, учкул куш, Адамга сүйкүм ушул куш, Баласына жем берип, Курт-кумурска жутпады. Менин эрдигим билер ээси жок, Ээн калды Талас, деп, Канаттуунун баатыры, Ачуу тырмак өткүр көз, Бүркүттүн баары учпады. Жайылбай аркар адырда, Козголбой кулжа курбуда, Текелер түшпөй ташг-ташта, Эчкилер түшпөй аскада, Бугунун баары бурууда, Маралдын баары аралда, Басып чыкпай талаага, Камалып турат бадалда, Куландар ойноп кумдарда, Бурулкуган чаң чыкпайт, Үч күндөн бери дүмпүйүп, Жаркырап тийип күн чыкпайт. Түндөсү жылдыз күдүңдөп, Жаркыны жок бүлбүлдөп: “Семетей, Гүлүс мында жок, Жымыңдайын кимге? — деп, Айчүрөк мойнун бурбаса, Каныкей карап турбаса, Жылт этемин кимге?!” – деп. Күн тутулуп карарып: “Жаркырайым неге? – деп, Хан Бакай, Гүлүс кайгыда, Хан Семетей ал кайда? Жаркырайым кимге?” — деп. Жайылып жаткан жандар жок, Жаркырап чыккан күн да жок, Кеңкол ата Таласта, Адам, айбан, жер-сууда, Кадимкидей абал жок! Кабылан Бакай, Каныкей, Айдай жеңең Айчүрөк: — Күмбөзгө баатыр кеткели, Үч күн болду келбеди, Алда эмне болду? деп, Жатса уйку келбеди. Опколжуп жүрөк желдеди, Оор-кайгы түшкөнсүп, Колдорго иш барбады, Үч күндөн бери бүркөлөт, Жаркырап тийген күнү жок, Эмне болду дүйнө шок? Деп муну ойго алганы. Жети төрдө жаткан эл, Бул шумдукту айтышып, Турушканда биле албай, Ажыбайдын Керменбай, Айтып калды мамындай: — Үч күн болду, капырай, Сабада кымыз ачыбайт, Казанда айран уйубайт, Катындардан сурасам, Саан малдан сүт чыкпайт, Элдики кандай билбеймин, Биздин үйдө эт бышпайт!” Олтурган адам бир далай, Баары кетти чуркурап: — Ырас айтат Керменбай, Ачыган кымыз жутпадык, Уйуган айран татпадык, Бышкан эт жеп жатпадык. Чымырап казан турганы, Үч күндөн бери бул дүйнө, Өзгөрө баштап калганбы? Кишилердин өңү жок, Жердеги чөптүн гүлү жок, Деп ушинтип бабырып, Кеп салышып жатышты. Айылдагы бары-жок, Айчүрөктүн үйүнө, Адырдан куу инген, Атасы Манас баатырдын, Мурас кылган бул Инген, Жаздан бери бош жүрүп, Үйлөгөндөй семирген. Түш кынтайган мезгилде, Башын жерге салыптыр, Баласын бөрү жегендей, Каңгырап боздоп алыптыр, Кыбыланы бетке алып, Босогону жастанып, Коппой чөгүп калыптыр. Эр Семеңдин куу тайган, Бөрүдөн бир күн онду алган, Топ-топ кайып кез келсе, Качанда бирөөн куткарган? Жан жүрбөстүн чөлүндө, Жолуккан шерден бирди алган, Короого тийген илбирстен, Козголгуча үчтү алган, Мастан айуу дегенден, Жетини тиштеп дагы алган, Жаныбарым куу тайган, Ээси колун серппесе, Качып жаткан кайберен, Качан карап кылчайган? Карасаң эми ал тайган, Куйругун кыпчып такымга, Айлана басып ак үйдү, Улуп-уңшуп, кыңшылап, Үрүп кээде арсылдап, Оозунда тиши шакылдап, Кабуучудай карсылдап, Айчүрөктүн тушуна, Келе калып кыңшылап, Эки-үч күндүн ичинде, Ийне жеген немедей, Арыктады ченебей. Арстаныңдын Акшумкар, Азамат эрге бап шумкар, Он күндө жүнү түшүүчү, Он күндө чалгын чыгуучу, Он беш күндө катучу, Жыйырма күндө учучу, Абалтан сыры мына ушул, Алтымыш күн болгондо, Алып чыгып салучу, Шилтегенин куткарбай, Качырганын алучу. Табылгы чечек салганда, Олтургузган Акшумкар, Кем-керчи жок жетилип, Эригип турган чак шумкар, Үч күндөн бери ким билди, Үрпөйүп жемин жебеди. Асманды тиктеп баркылдап, Канатын далбып каккылап, Боосун чокуп тарткылап, Түнүндө мойнун кайырбай. Улам –улам чыртылдап, Калдап көзүн бүлбүлдөп, Туурда туруп ак шумкар, Күйпүйүп кетти бек жүдөп. Кандай болуп жатат, деп, Айчүрөк турса кайгы жеп, Каныкей келди ошол кез: — Э,Кулунум Чүрөк, — деп, Мага болду кыйын кеп. Үч күн болду кеткели, Семетей үйгө келбеди, Ичсем тамак өтпөдү, Келбей уйку тынч алып, Бирден арам бербеди. Барба десем Семетей, Менин тилим албады, Айтты белем саа, балам, Кайда кеткен баргалы? — Айланайын энеке, Акылың журтка береке, Аа дүйнө кеткен атамдын, Күмбөзүнө барам, деп, Айткан кеби ал эле, Барбагын деп көп айтсам, Канчоро болбойт деги эле. Кечинде кайра келем, деп, Жооп берген бир эле. Уулуң кетип түш менен, Куу инген үйгө келди эле, Ошондон бери жаныбар, Коппой жатат тигине, Улуп-уңшуп Куу тайган, Тамак ичпейт деги эле. Уулуң салган ак шумкар, Уйалаш үнүн укканбы, Асманды карап баркылдап, Боосун чокуп тарткылап, Түнөбөйт туурга, — деди эле. — Айланайын Айчүрөк, Көкөтөйдүн ашында, Көп жыйындын кашында, Сынаганда олуйа: “Желке чачы жүн экен, Жакшы күндө жаман күн, Жаштайынан мол экен, Арка чачы жүн экен, Асылынан азабы, Ашып кеткен көп экен” Деп айтканы төп экен! Арстан көзү өткөн соң, Азапты тарттык чынында, Эми эле кайра тартканда. Семетейдин кабарсыз, Кеткени өтө кыйында! Буларды койо туралы, Байакы кеткен Сетертай, Ошого көңүл буралы. Мингени анын Куйунтай, Коргондон чыкты Сетертай, Кеңкол өөдө жөнөдү, Чачыкей айлын көргөнү, Көргөндө көңүл бөлгөнү, Катындардан кепи уккан, Канчоро менен Чачыкей, Как ушундай деп уккан. “Бура тартып барайын, Жалганбы, чын уккан кеп, Жайын билип алайын, Анда өйдө чуу койуп, Дарттууларды табайын”, Деп ойлонуп Сетертай, Чоң жолдон туура бурулуп, Куйунтайга камчы уруп, Чачыкейдин айлына, Келип жетти чуу койуп. Байыркы өткөн элдерде, Аңгеменин кени бар, Чачыкейге Сетертай, Камдап келген кеби бар, Аттуу туруп Секемдин, Айткан кеби мамындай: — Шаатемир кызы Чачыке, Эрке жеңем барсыңбы, Алдыңа келип турамын, Менде болсун кулагың. Сыр коргон көчүп кулады, Соолдуу какшып булагы, Семетей өлүп сулады, Майып болуп тирүүлөй, Гүлчоро кайниң куурады, Чогултуп келип баарысын, Канчоро кайниң сурады. Сетертай кебин угуптур, Чайпала басып күлгөнсүп, Чачыкей тышка чыгыптыр, Кепти мындай уруптур: