— Ай, Сетертай чунагым, Оттой күйгөн убагың, Ойлонуп сүйлө куурагыр! Семетей өлсө өлгөндүр, Ээсиз эмес кыргыздар. Гүлчоро майып кор болсо, Эрсиз эмес кыргыздар, Семетей өлсө Канчоро, Элин сурап калбайбы? Майып болсо Гүлчоро, Канчоро эрлик кылбайбы? Чачыкей мындай дегенде, Кайран бала Сетертай: — Качан болсо өлөмүн, Мунун айтып турган сөзүн көр, Чачынан сүйрөп жөнөйүн! Деп ызырынып баратып, Өзүнө акыл кеп айтып: “Карыйа Бакай, Каныкей, Айчүрөккө барайын, Алардын кебин угайын, Кайра келе жатканда, Анан эбин табайын” Деп ойлонуп Сетертай, Айткан кеби мамындай: — Эрке жеңем Чачыкей, Мен ыраазы кебиңе, Семетейдин ордуна, Канчоро бар дедиң э? Сарытазды сойгондо, Канчоро абам ордуна, Мени болгун деди эле, Унутуп калса абакем, Сен унутпа деди эле. Чачыкей анда кеп сүйлөйт, Кеп сүйлөсө деп сүйлөйт: — Сүйүнчүлөп келипсиң, Канчоро берсе коргонду. Ажыбайды Керменбай, Калың элдин бийи эле, Семетей менен Гүлчоро, Чеченден калган тукум, деп Көкөлөтүп жүрчү эле, Бийлигин кошуп сен алгын, Бердим сага, — деди эле, Ушул жерден кайтып бар, Менин айткан сөзүмдү, Канчорого айтып бар. Сетертай анда муну айтты: — Эрке жеңе Чачыкей, Кебиң жүрөк кубантты. Бий кылганың чын болсо, Кеңколго кайра барбайын. Каныкей, Бакай, Чүрөктүн, Айлына бачым барайын, Жашырбай айтып күйгүзүп, Каран түндү салайын, Өрт койобу үйүнө, Жок болобу дүнүйө, Аларды сактап калайын! Анда туруп Чачыкей: — Алдыма келген Сетертай, Арамдык жок кенедей, Акылман бала болупсуң, Айлансактуу ченебей, Алар антип атканда, Абалдашып жатканда, Ат арманы Алыке, Чабарманы Сатике, Чачыкейди түн бойу, Көчүрүп алып келгин, деп, Жиберген экен бул жерге. Эки жүз киши далактап, Ат дабырты тартактап, Канчоро, Кыйаз кулдары, Кирип келди салпактап. Айылга келе калышып, Аттан түшүп алышып, Боорго колу жабышып, Чачыкейдин алдына, Кабар айтып барышып, Тоңкучуктап жатканда, Төбөсү жетип асманга, Келберсип кыйын шаттанып, Келген элге мактанып, Ал долу катын Чачыкей, Жыйылуу жүктө сарпайдан, Бешти каттай кармады. Ханышка келген кур кетпейт, Сүйүнчүгө алгын, — деп, Сетертайга карматты. “Бийликти” алып карк толуп, “Сарпайды” алып зар толуп, Санаада жогу бар болуп, Боз секи карай Сетертай, Куйунтайды салдырып, Курбуну артта калдырып, Чыга калса кашаттан, Каныкей менен Чүрөктүн, Жанына Бакай эми эле, Келген экен бүжүрөп. Бул үчөөнү көргөндө, Эзилип кетти кан болуп, Сетертайдын эт жүрөк! А деген үнүн жыйа албай, Аккан жашын тыйа албай, Семетей өлдү дегенге, Батынып оозу баралбай, Сетертай айтты мамындай: — Акылман эне Каныкей, Олуйа Бакай карыбыз, Айдай жеңе Айчүрөк, Чогултуштук баарыбыз. Кара жер куурап калат деп, Көктөн жамгыр төгүлдү, Көбөйсө жерге батпайт деп, Жараткан бизге өлүмдү, Арстандан калган алтын так, Амалсыз жерге көмүлдү, Ок өтпөс буулум – ак тонум, Капшытынан сөгүлдү, Карегим агып кашайып, Кандуу жаш акты көрдүңбү, Айкыйадан жашынды, Кайсап салды Канчоро, Арстандан калган асылды, Күн төбөдөн батканда, Алмамбет уулу Гүлүстөн, Тирүүлөй колу сөгүлүп, Түйшүктү мунтип тартканы! Ичкен тузум актарга, Келдим эле айткалы.... Хан Бакай турду саргарып, Каныкей турду какшанып, Айчүрөк турду делейип, Катып калды бул үчөө, Карачкыдай селейип. Сетертай артын караса, Чачыкейди жөнөтүп, (Буйругу окшойт хандардын) Эки жүздөй кол алып, Алыке менен Сатыке, Келе жатат чубашып, Ашыгып кетип Сетертай, Айтты кебин мамындай: — Талагалы келайтат, Кутурган иттер айлыңды, Селейип туруп нетесиң, Таппайсыңбы дайныңды! Алдастап анда Каныкей: — Кана балам Айчүрөк, Кара болот Жойкума? Кармата кой колума, Канчоронун кулдарын, Канча болсо ошончо, Мен салайын жолуна! Бакай турду бакырып, Манастын атын чакырып: — Кайраным бала жатпадың, Кара жерге батырып.... Айчүрөк анда кеп айтат, Каныкей менен Бакайды, Катары менен муңайтат: — Үзүлгөндү улаган, Жыртылганды жамаган, Кыркылганды жалгаган, Кылымга ишин арнаган, Курама темир курч кылган, Куранды жыйып журт кылган, Акыл ээси карылар, Айтканга кулак салыңар. Ушул бүгүн беттешсем, Канчоро, Кыйаз турмайлык, Неченге татыр алым бар, Башымда туулган күрөөкө, Кийерге соотум дагы бар. Атам Акун хан эле, Бөлөкбайды чакырткан, Алты миң тай миң нарга, Ак тинте кылыч жасаткан. Белсенип кирсем киремин, Эми эле боорун тилемин, Айрылыпбыз баатырдан, Эки иште турат күмөнүм: Далысын ойуп как кылып, Унутулгус сай кылып, Таштаган окшойт бул иттер, Эр Гүлүстү кар кылып. Кекенишип киргенде, Кесип башын аларбы, Келбес жерге кетирип, Муну да күмжан кыларбы. Айчүрөк айтып жатканда, Сетертай деди жанагы: — Ушул турган баарыңар, Бир кепти угуп калыңар, Чапканын билет абамды, Өлгөнүн билбейт абамдын, “Токмок жалдан чыкканбыз, Бейажал өлбөйт деди эле, Өлгөнүнө Семеңдин, Менин бар, — деп, - күмөнүм” Кыйаз айткан кеп эле. Айчүрөк кебин улады: — Жылда жылма жүрчү элем, Быйыл жылгыс оор болдум. Ошондо сүйлөйт эр Бакай: — Андай болсо ханыштар, Айтканын бүтөп берели, Кол куушуруп унчукпай, Быйыл жылгыс оор болсо, Беренден белги турбайбы? Бир жыл сактап көрөлү, Бербесе кудай тилекти, Биз өңдөнгөн карылар, Салгылашып иттерден, Ажал жетсе баарыбыз, Андан кийин өлөлү. Каныкей айтат бул кепти: — Мен салайын дүмөктү, Сактап калсам болду го, Садагасы Чүрөктү! Айчүрөк айтат бул кепти: — Күйгүздүң эне жүрөктү, Кантебиз анда Гүлүстү? Алтынды жезге теңейби, Ал Семең менен Гүлчоро, Айрымы жок дебейби? Көңүлгө кубат иш турат, Сетертайдын бир кеби, Жыкканын жыгып эки арам, Жалгыз уулуң көкжалды, Көмө албадык дегени, Көммөк тургай өлүгүн, Көрө албадык дегеле, Акылдын кени энемсин, Атамдын көзү барында, Бардык жумуш билгенсиң, Атамдын көзү өткөндө, Жалгыз уулуң айынан, Эки байтал күч менен, Эки чанач сүт менен, Үч айлык сапар жүргөнсүң. Олуйа айаш атам бар, Адамды басат кайгы-зар. Кол кармашып экөөңөр, Бата кылып туруңар. Каныкей ыйлап каңгырап, Хан Бакай турат жалдырап, Эл келгенче кетсем, деп, Сетертай турат алдырап. Каныкей айтат Чүрөккө — Айткан кебиң чын болсо, Байладым кубат жүрөккө, Замана түбү соо болуп, Жетсек болду тилекке. Айчүрөк анда кеп айтат, Кеп айтканда нени айтат: — Айланайын карылар, Айлаңар көп, амал көп, Айланышып туруңар, Курсакка турбай кара баш, Айтканыбыз оң болор, Жакшы-жаман аралаш. Муунга кубат болорбу, Же ургандын уруп үстүнө, Уйат кылып койобу? Уйат кылар иш болсо, Ошондо өлүп алалы, Дартка дарман иш болсо, Жайынча жумуш кылалы, Он эки жыл оолукпай, Ошону сактап туралы. Жаным бала Сетертай, Жаңытан өттү далай кеп, Жашырбай айттым ортого, Өз кишинин бири деп, Өзүң угуп бир турдуң, Айак-башы жаңкы кеп, Куру кетпей куттуу үйдөн, Мына муну ала кет, Эр Семетей абаңдын, Тер кийими эле, — деп, Алып чыкты Айчүрөк, Күрмө желек суптарды, Көрө койуп Сетертай, Ашып-шашып кийинип, Ал-жаны калбай сүйүнүп: — Жыртбай, бузбай көрсөтөм, Ошол күнү абама, Абамдан калган белекти, Унутушуп калбайлы, Берсе теңир тилекти, Кош эмесе – дегенде, Көзүнөн селдей жаш кетти, Каныкей, Бакай, Айчүрөк, Жайыла басып ал кетти. Куйунтай минип Сетертай, Гүлчоронун айлына, Буйдалбай жетти бачымдай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.